presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
  Обон күлкү

Шайырлар шакабасынан
03 Маданиятыбызга белгилүү залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Кароолчу
Мидин мончодон чыгып, бети-башына атыр септиргени чачтарачка кирет. Чачтарач мурунтан тааныш, азил тамашага шыктуу, сакал-муруту бакжайган казак жигит эле. Ал Мидиндин шымынын топчуланбаганын көрө коюп:
- Ой, бай Мидин коопторчуңдун эсигин бекитпей, неге ашык тастап койгонсуң? -деди. Анда Мидин:
- Коркпой эле кой туускан. Ичинде өзүңө окшош сакал-муруту өскөн кароолчусу отурат,-деп жооп бериптир.


Баш ооруга башка дары
Жазуучулардын пленуму болуп жатканда Салижан Жигитовдун башы ооруп Майрамкан Абылкасымовадан анальгин сурайт. Ал сумкасынан анальгин алып берет. Ортодон Аман Токтогулов Салижанга шыбырайт:
- Сизге анальгиндин ордуна аялдарды боюна болтурбай турган дары берип коюптур, тезинене 50 грамм коньяк ичишиңиз керек.
Аңгыча танапис болот. Кызыраңдаган Салижан Майрамканга бир тиет:
- Сен аны эмнеге алып жүрөсүң?
- Кереги тиеби деп…
- Жок, айтчы, эмнеге салып жүрөсүң аны, эриң бар, сага эмне кереги бар, ыя?
Майрамкан күнөөлүүдөй унчукпайт. Тиги ого бетер жини кашаят.
Анан чогуу чыгышып танаписте манты жеп, бир бөтөлкө коньяк ичишет.
Кийин тамак ичип бүткөндөн соң "Сизге чын эле анальгин бергенбиз, тамашалап коньяк алдырып ичели дегенбиз" деген Амандын сөзүнө Сакем такыр ишенбей коюптур жарыктык.


Касиеттүү каттын сыры
(шакаба)
Кат Элдиярга келиптир. Мага бир кыз ашык болуп калган го деген үмүт анын сезимин дароо ээлеп алды. Жүрөгү элеп-желеп. Ал апкаарып катты шаша-буша ачты.
- Биссмилла рахман рахим! деп башталыптыр кат. Осуятка көңүл бур! Түркстанда Асирет пайгамбарым минтип айткан:
- Оо, пендем, Кудай де. Арак ичпе. Уурулук кылба. Тил алчаак бол. Атаңдын айтканын эки кылбай жүр. Ушул катты башка барактарга көчүрүп жазып, жети адамга таратсаң бак - таалайга кабыласың. Антпесең бир шорго малынасың. Оомийин!
Шаабайы сууп, бир сөгүнүп алды да катты жаңы баракка аз-маз өзгөртүү менен көчүрүп жазып, атасына багыштады:
- Биссмила рахман рахим! Осуятка көңүл бур! Асирет пайгамбардын айтканын мээңе түй! Оо, пендем, өз балаңдан эч нерсе аяба. Баланы көп жумшаба. Анча-мынча иштерди өзүң жаса, өлбөйсүң. Уулуңа магнитофон, джынсы шым сатып бергин. Ушуну аткарсаң бакытка маарыйсың. Антпесең, эрте карыйсың. Оомийин!
Бирок каттын ээси ким экендигин атасы дароо эле билип койду. Көрсө мурунку катты өзү жазган экен.

Кош-ок жеген жигит
Күйөөлөп келген жигитти жактыра бербеген кыз атайылап "тарс-тарс" эттирип, коё берип жиберет.

Анда жигит:
- Өрдөк бекен, каз бекен атканыңыз,
Кош ооз окшойт ишенген мылтыгыңыз.
Чочуп кеттим күтүүсүз чыккан үндөн,
Айтып туруп жарашмак атканыңыз-десе,

Анда кыз:
- Бала кезден үйрөнгөн адатыбыз,
Ата берип ар саатта жадатабыз.
Жаксам алың, жакпасам кете бериң,
Куралымдын коош оозун байкадыңыз-деген экен.


Азамат экен, азамат
Кыдыр акенин кызыктарынан
Алатоолуктарга аттын кашкасындай таанымал, акпадышадан полковник деген наам алып, орус менен кыргыздын ортосун жакындаштырып ынтымакта алып жүргөндүктөн, 1916-жылкы үркүндө тилин алган бүтүн Арык тукумун чекеге черттирбей кыргындан сактап калган Кыдыр аке бир жолу казак кыргыздардын мыктылары менен бир жерге чогулушуп, үлпөт курушат. Эртеден кечке кой союлуп, тай союлуп, кымыздын күлүнөн күпүлдөтө ичишип, күлкүгө чалынышып, бири-бирине сөз менен чалма салышып, тамаша куруп көпкө отурушат. Шылдыңдаша келгенде кыргыздардын сөздөрү таамай айтылып, көп жолу тигилерди жеңип коюшат.
Акыры жат-жатка келгенде конок каадасын кылышып, сыртка чыгышат. Кыдыр аке обочороок барып зара жасап жатып үндүүрөөк жел чыгарып коёт. Нарыраак турган казактын бир манабы шылтоого шыноонун оңой табылганына кубанып, ошол жерден эле "айбайлап" жарыялай баштайт. Араң турган казактар кудай мындай бербеспи дешип кудуңдашып, куру каткырыктарды аралаштырып жаалап киришет. Кыргыздар болсо каап күчөнбөй эле акырыныраак коё берсе эмне болот эле дешип сөзгө сынгансып, дымый түшүшөт. Казак туугандар ого бетер от беришип:
- Ой- бай, Кыдыр аке, оса кызметиңиз кызык болды гой, Осыны калай деп түсинсек болот, -деп жаалашат.
Кыдыр аке, бир кезде жай гана:
- Ой, анын эмнесин түшүнбөйсүңөр? Эмнесин билбейсиңер? - дейт
- Осынын несин билемиз,-дешет.
- Билбесеңер: "желелүү короодон мал чыгат, жел чыкпаса жан чыгат". "Казак осы демейинче сүйлөбөйт. Кыргыз осурмайынча сийбейт, эмдигиче ушуну билбей эл башкарып, атка минип жүргөнүңөргө жол болсун мырзалар,-дептир.
- Бу сөзүңөргө да алдырдык, койдык. Кыдыр аке, -дешип казак туугандар колдорун берген экен.
Мергенбай Касыров




 "Үйүнө" кирген акын

Жан достору менен чечиле сырдашып, четинен жүз грамм уурташып отуруп мас болуп калган белгилүү сатирик акын, раматылык Жапаркул Алыбаев үйүнө кетиш үчүн акырын басып, аялдамага келет. Кош зымдарын ыргалтып бир кезде троллейбус келип токтойт. Кош каалга шарак ачылаары менен эки батинкесин сыртка чечип таштап, троллейбуска кирген Жапыке:
- Ой, үйгө эмнеге толуп алгансыңар? -деп чочуп коёт дейт.


Отун терген Борончу
Кадимки куудул жакын санаалаштары менен тоого эс алганы барышып, топ ойношот, ичишет. Эл арасы кызуу болуп калгандан пайдаланып Борончу көөнү жакын бир кызды бөлүп, токой ичине кирип кетет да, жашырынышып алып келген шампанын ортолукка коюп, дасторконун жайнатып джентельмендик кылып отурса, бейтааныш келин ээрчиткен жакын кайнагасы үстүнөн чыгып калыптыр:
- Отун терип келгиле дешкенинен келдик эле-дептир ордунан тура калган Борончу кекечтенип.
- Отур ээ, биз да отун терип жүрөбүз-дептир шаша түшкөн кайнагасы чоң-чоң аттап ары кетип баратып.

"Бишкекке токтоп, тамактангыла…"
Кезектеги гастролдун маршрутун кызуу талкуулаган артисттердин тобу Абдылда Иманкуловдун үйүн үч көтөрө бакылдап олтурушат. Акчасы жок, бирок, жүн менен эти көп Нарынга, жаңгактуу Арсланбапка, долларлуу Ысыккөлгө, жер - жемиштүү Ошко концерт койсо болот деп, талашып-тартышып жатышып, "Тамакка карагыла" -деген үй ээсинин аялы Ырыстын сөзүн кулактын сыртынан кетиришет. Бир туруп Таласка, бир туруп Жалалабатка, анан Караколго жетип барып жатышкан артисттерге боору ооруган Ырыс:
- Бишкекке токтоп, тамактанып алгыла, -дептир муздай баштаган камыр палоону көрсөтүп.


Эшек дептер
Жаңыдан куда болушуп күпүлдөтө той беришип, көңүлдөрү жайланыша түшкөн эки куданын бири экинчисин издеп үйүнө келсе, кудагыйы гана бар экен "Кел ханкуда"-деп кичипейил тосуп алып, төргө төшөк жаят. Түркүн тамак-аш жайнатат. Ысык чай демдеп келип, гүлдүү чыны менен чай сунат. Ошол учурда жүндөрү сапсайган кудагыйдын чоң мышыгы мыёлоп ошол бөлмөгө кирет. Мышыкты жакшы көргөн куданын кызыгуусу күчөй түшөт:
- Кудагый котуңуз чоң экен ээ? - дейт жылмайып,
Этегин куруштура тарткан кудагый ичинен: "Ээ, кокуй кантип көрө койду?"-деп кысынып кымтынып калат.
- Ээ, кудагый котуңуздун жүндөрү узун турбайбы?
Өлөт алгыр куда го, кайсыл тешиктен көрүнүп калып жатат -деген кудагый ого бетер бетин үзө тартып, сол жамбашынан оң жамбашына оодарылып олтурат.
- Эми кудагый куда жок экен, болбосо мен андан сурайт болчумун ушу котуңузду бүгүндөн баштап мага бериңиз-дейт кылгыра караган куда гүлдүү чынысын узатып жатып. "Уяты жок, кандай куда, ботом" деп таарынган кудагый эшике чыга качыптыр

Адашкандын айыбы жок

"Колокольчик мой"
Аялы базардан көтөрүнүп келген азык-түлүктөрүн ашканага таштап чыгып баратып, душтагы суунун куюлуп жатканын угуп, ии, күйөөм жуунуп жаткан турбайбы деген кыязда душка кирип барып, башы-көзү самындан көрүнбөй турган эркектин жан жерин черткилеп, "колокольчик мой, колокольчик мой"-деп эркелетип коюп сыртка чыгып, өздөрү эс алчу бөлмөгө кирсе күйөөсү отурган болот. "Жуунуп жаткан ким?"-деп сураса, "Атам"-деп коёт имиш кебелбей. Ошондо байкуш келиндин өлбөгөн төрт шыйрагы калып, бетин аткый чымчып кирээрге жер таппай, төркүнүнө уятына чыдабай качып кетип, көпкө чейин келбей коёт. Бир топ убакыт өткөн соң иштин чоо жайын түшүнүшүп, араң үйүнө келтиришкен экен.


Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар жана калем акыңыздарды почта аркылуу дарегиңиздерге жөнөтүп турмакчыбыз.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.









??.??