№18, 03.06.08-ж.
  Бегимай Карабаева:

"Ырчы болбосом хиджаб кийип калмакмын"
Жаңы чыккан жаштардын шары менен кыргыз сахнасында дагы бир жаңы ысым пайда болду. Анын канчалык деңгээлде таланттуу ырчы экенин убагы келгенде эл өзү талдап, таразалап алат. Эң негизгиси бу ыр дүйнөсүнө баш багып, кадам таштаган адам жөн жерден келе бербейт. Андыктан репертуарындагы "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" аттуу ырлары менен бүгүнкү жаңы муундун катарын толуктап турган Бегимай Карабаева тууралуу төмөндө сөз болмокчу.


Блиц-Анкета
Туулган жылы-1988-жыл, 19-январь
Туулган жери-Баткен облусунун Бужум айылы
Зодиак белгиси-Текечер
Хоббиси-Бий
Эңсеп жеген тамагы-Лагман
Жактырган түсү-Жашыл
Сүйүнгөнү- Замандын тынчтыгы
Күйүнгөнү-Кыргыздардын орусча сүйлөгөнү
Ыйык туткан адамы-Ата-энеси
Баалаган саясатчысы-А. Мадумаров
Турмуштук девизи-"Ар бир кылган жакшылыгың өзүң үчүн!"

- Бегимай, алгачкы сөздү жашоонун башаты болгон балалык чагыңды эскерүү менен баштасак…
- Жакшы болот. Артта калган алтын балалыгымды өмүрүмдөгү эң таттуу, кайталангыс бактылуу күндөрүмдөгү баалуу мезгил деп айтаар элем. Негизи азыр деле баламын, ошентсе да бал тилдүү баёо сезимдерим алыста калды. Апамдын айтуусунда бала кезимде шок, таарынчаак, жаагым басылбаган ыйлаак кыз болгон экенмин. Туугандарым апаңдан башка эч кимге барчу эмессиң деп калышат. Ыйлааактыгымдын айынан эч ким деле баладай жакшы көрчү эмес экен. Кыскасы, боз ала чаң топуракта чоңойгон кызмын. 10-класска чейин Баткен шаарындагы "Мээрим" Эл аралык фондунда тарбия алдым. Учурда ОШМУнун юридикалык факультетинде окуп жатам.
- А эмнеге музыка жаатында билим алган жоксуң?
- Ага ата-энем макул болбой койду. Анткени алар башынан эле менин ырчы болушума каршы чыккан. Жогорку окуу жайына тапшыраарда ата-энем менен көп талаштым. "Кыз баланын орду сахна эмес, эртең эне боло турган адамсың, биз тандаган окууга тапшырасың" дешип, ата-энемдин кыстоосу менен аталган окуу жайдын студенти болуп калдым. Айтор, көөдөнүмдүн талабы башка болгондон кийин аны деле кыйратып окуган жокмун. Жүрөгүмдөгү албууттаган сезимим мени ушул ыр дүйнөсүнө жетелей берди. Акыры ата-энемдин алдында көзүмдүн жашын көлдөтүп атып өзүм каалаган багытка кадам таштадым. Кудайга шүгүр, эмнеси болсо да жан дүйнөмдүн буйругу аткарылып жатат.
- Продюсериң Асыл Апасовага кантип жолугуп калдың?
- Мен мурда эле Асыл эженин колунда кыз жок экенин байкап, ушул эже менен иштешсем деп кыялданып жүрчүмүн.Көп өтпөй көктөн тилегеним жерден табылгансып, Асыл Апасова кыздар үчүн конкурс жарыялап жатканын угуп, эже менен байланыштым. Тилекке каршы Асыл эжеге жолугуу мен үчүн оңой болгон жок. Анда күн суук, кыш мезгили болчу. Өзүм да Бишкекке жаңы келип, шаарды жакшы билчү эмесмин. Асыл эжеге байланышсам "эртең саат 8.00 го телевидениеге кел" деди. Түшкү саат 12ге чейин керилип уктаган жаным ошол күнү таң атпай койду. Улам селт этип ойгонуп саатты карайм. Андайда убакыт да өтпөйт экен. Ошентип саат 6 да туруп алып, болжошкон жерге келдим. Ал күнү эженин колу бошобой эртең кел деди. Эртеси барсам дагы эртеңки күнгө жылдырды. Анан үчүнчү күн дегенде намаз окуп, "Асыл эже мени менен иштешип калса экен" деп таң атканча Кудайдан тилеп чыктым. Оюма ар нерсе келди. Ушунча убара болуп Баткенден келип өтпөй калсам кантем деп аябай ойлондум. Анан эгерде өтпөй калсам мечитке барып ислам динине баш-отум менен кирип, айылга хиджаб кийип барам деген чечимге келдим. Кудайга шүгүр,андай болгон жок. Төртүнчү күн дегенде Асыл эжеге жолугуп, ырларымды аткарып бердим. Кыязы купулуна толдум окшойт, бирге иштешип калдык. Азыр продюсерим экөөбүз кагаз жүзүндөгү келишимдин негизинде иш алып барып жатбыз.
-Жаш ырчы катары кыргыз эстрадасына кандай жаңылыктарды кошоюн деген оюң бар?
- Чынын айтканда азыр кыргыз ырчыларында коёндой окшоштук бар.Баары бири-бирин туурамай, өз алдынча оригиналдуулук жаратайын дегендер аз. Мен деле бүгүн эле келе калып "тигиндей кыла коём" деп төш каккылагандан алысмын. Болгону жаңы идеялар менен өз жүзүмдү таап алсам деген эле ниет.
- Акыркы чыгып келаткан кээ бир ырчылар заматта эле эл оозуна алынып жатат. Сенин ошолор сыяктуу популярдуулукка жетише албай жүргөнүңө эмне себеп?
- Эл үчүн эч кандай кызмат кылбай туруп эле 2-3 ыры менен популярдуу болуу менимче күнүмдүк нерсе деп ойлойм. Бүгүн эле баш бага калып, 20-30 жыл эмгек кылган өнөр адамдарын артка калтырып популярдуулукту колго алам дегенден уялам. Качан гана эмгегим сиңип эл үчүн, музыка чөйрөсү үчүн тырмактын карасындай болсо да салым кошо алсам мына ушуну популярдуулук деп айта алам. Андыктан ал учур али алдыда.
- Ырчылар базарлардан арзан кийим кийгенден уялышат экен. Сен кайсы магазиндерден кийинесиң?
- Чынын айтсам, мен мода кууп, кымбат кийимдердин артынан түшпөйм. Эң негизгиси өзүмө жарашыктуу болсо болду. Эл катары эле Дордой базарынан кийинем. Апам айтып калчу эле "Балам сени кийимиңден эмес атыңдан атап чакырат" деп. Аны сыңарындай кийимден мурда өзүбүздүн ким экенибизди билип алышыбыз керек да.
- Намаз окуйсуңбу?
- Баткенде жүргөндө апам менен кошулуп окучумун. Азыр болсо орозо убагында гана окуйм.
- Жүрөгүңдө "жарк" этип жарык берген адамың барбы?
- Жок. Буга чейин да болгон эмес. (Күлүп) Кудай буюрса учуру келгенде бир жерден жарк этип чыга калаттыр.
- Эгер сен ишенип, сүйүп жүргөн жигитиң башка бирөөнүн колун кармап кетсе эмне кылмаксың?
- Менин колумдан эмне келмек эле. Жараткандан экинчи жолу мындай жигитке жолукпайын деп суранмакмын. Андан башка айла жок да. Кудай сактасын, өзүм сүйүп көрбөсөм да сүйүү азабы кандай болоорун туя билем.
- Жигиттердин артынан чуркаган кыздарга болгон көз карашың?
- Кыздардын мындай жоругу мага такыр жакпайт. Кыз деген кол жеткис бийиктикте туруш керек. Бекеринен "Бейиш эненин таман астында" деп айтылбагандыр. Илгери кыздын колуна колу тийип кетсе жигиттер аябай бактылуу болчу экен. Азырчы, бир көрүп эле анын кандай адам экенин байкабай туруп катуу айтканда "жатып алышат". Мен муну менен бардык кыздарды күнөөлөгөндөн алысмын. Бирок коомубузда мындай жагдай көп эле болуп жатат. Ошондуктан айымдардан суранат элем. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей айрым селкилердин айынан шылкыйбай башка кыздар да баш көтөрүп жүргөндөй бололу.
- Сени дагы эмне ирээнжитет?
- Кыргыздардын "киргиз" болуп алганы. Өз эне тилин билбей туруп, башка тилдин балекетин алабызбы. Бизде "эл-жерим, эне тилим" деп күйгөн патриот жаштар аз. "Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм ким күйөт?!" дегендей кыргыз тилин кыргыздар сүйлөбөсө ким сүйлөп, барктап, баалай алат. Мен башка тилди билүүгө каршы эмесмин. Болгону өзүңдүн каның-жаның менен жаралган улуулукту тепселебешибиз керек да. Төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун "Кыргыз болуп төрөлүп, кыргыз бойдон өлөлүк" деген ыр саптарын ураан катары ар бир кыргыз жараны колдонуп, колго алса жакшы болот эле. Мени түйшөлтүп, ойлондурган орчундуу маселе улутубуздун көрөңгөсү болгон өз эне тилибиз.