presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
  Шумдугуң кур

Өзгөчө мурастар
Адам баласы эртели кеч оо дүйнөгө узаганда колунда бар байлыгын мураска таштап, керээзин айтып кетет эмеспи. Айрым белгилүү инсандардын жакындарына калтырган өзгөчө мурастары жөнүндө билгиңиз келсе анда төмөнкү макалага назар салыңыз.

Эң пайдалуу мурас
Тарыхта изи калган инсан Вильям Шекспир эң пайдалуу мурас калтырган. Тактап айтсак кандайдыр бир деңгээлде майдачылык кылып, үйүндөгү бут кийиминен баштап эмеректерине чейин туугандарын таарынтпай текши бөлүштүрүп, тууган-туушкандарынын көңүлүн бирдей алган. Таңкалыштуусу бул жазылган мурасында ал эмнегедир аялын эске албаптыр. Мунун себеби бүгүнкү күнгө чейин табышмак болуп келүүдө.

Николай Гродековдун мурасы
Аскер кызматында эмгектенген Гродеков өмүрү менен кош айтышаардан мурда Хабаров шаарына өмүр боюнча чогулткан китептерин, этнографиялык эстеликтерин, бриллианттан жасалган шахматын мураска калтырып, мураскорлору тарабынан жылуу кабыл алынган. Андан да таңкалыштуусу 100 миң рублин өзүнүн кол астында иштеген кызматкеринин аялына калтырган. Түркестандан ал бийкечти көрүп акыл-эсин жоготуп сүйүп калган. Бирок Николайдын мындай чечимине анын жалгыз жээни каршы чыгат. Себеби миллионердин жападан жалгыз мураскору жээни болмок. Ошентсе да Гродеков мыйзамдын тартиби менен эмес, жүрөгүнөн үндөөсү менен чечим чыгарган. Өзүнүн энчисин алууга жээни жакшы эле урунуп-берингени менен максатына жетпей Германиядан кайтыш болот.

50 миң алтын марка
XX кылымдын башында немис инженери Дарм шаарынан чыккан профессор Пауль Вольфскель (1856-1906) өзгөчө мурас калтырат. Анда Ферманын акыркы теоремасын ким толугу менен талкууга алса 50 000 алтын марка берилмек. Тилекке каршы, Пауль Вольфскелдин алтындарына бүгүнкү күнгө чейин эч кимдин колу тие элек. 97 жылдан бери эч ким бул ири өлчөмдөгү акчага ээ боло албагандан кийин эми үч жыл мөөнөт берилет, эгерде эч кандай жыйынтык чыкпаса ал мурас мыйзамдуу түрдө Германиядагы Илимдер Академиясына өткөрүлүп берилет. Азыркы учурда окумуштуулар дурус эле баштарын оорутуп белгилүү теореманы далилдөөнүн аракетин кылып жатышканы менен эч кандай жыйынтык бере элек.


Гарри Гудинин тамашалуу тартуусу
Табиятынан тамашакөй Гарри Гудин өлөөр алдында да жөн жүрбөй жакын туугандарын тамашага салган, тагыраак айтсак мурасты жазып сейфке салып койгонун туугандарына кулак кагыш кылып коёт да аны өлөөр күнү ачууга уруксаат берет. Гарри өмүрү менен кош айтышкандан кийин туугандары эң биринчи эле барып сейфти ачышса ичинде эч кандай мурас жазылган кагаз жок болуп чыккан.

Эң узун мурас
Дүйнө жүзүндөгү эң узун көп сөздөн турган мурасты америкалык үй кожейке Эвелин Кук 1925-жылы калтырган. Ал мурастын көлөмү 95940 сөздөн туруп, аны эч ким деле аягына чыгара окуган эмес. Куктун анчалык деле көп байлыгы жок болгону менен бул бир китептин көлөмүнө барабар мурастын үстүндө ал туура 20 жыл эмгектенген, аны көргөн кошуналары эмнегедир роман жазып жатса керек деп ойлошкон экен.

Эң ызалуу мурас
Ал эми эң ызалуу мурасты Кари Тауша 1967-жылы 25-декабрда жазып, болгон мүлкүн туугандарына, кол астында иштеген малайларына кайрымдуулук мекемелерине таштап, аягында аялына, кийимине жана трамвайга гана акча калтырып, акырында көлдүн жээгине барып, мойнуна таш байлап, сууга чөгүп өлсүн деген буйрук берген.

Итке мурас калтырган миллионер
Дал ушундай жол менен миллионер жана кинопродюсер Роджер Доркас эң жакын адамын таарынткан. Башкача айтканда болгон мүлкүн 65 млн. долларын ити Максимилианга калтырган да, өзүнүн аялына 1 гана центти ыраа көргөн. Мындай чечимди мыйзам тарабынан кабыл алышканы менен аялдан амал качып кутулбашы анык окшойт. Бир цент мураска ээ болгон Доркастын аялы дароо эле ал итке турмушка чыгып алат. Албетте ит мыйзамдуу түрдө мурасты өткөрүп бергенге билими жетишпегендиктен анын көзү өткөндөн кийин амалдуу аял Максимилианга күйөөсү калтырган 65 млн.долларга толугу менен ээ болгон.

Кумар артындагы мурас
72 жаштагы Рольф Эдендерди Берлиндин тургундары анчалык жактыра беришпейт. Анткени анын өзүнүн бий клубу бар болгондуктан көзү түшүп, көңүлү жактырган бийкечти тузагына түшүрмөйүн жаны тынч алчу эмес экен. Бирок бара-бара айымдар аны айланып өтүп калышкандыктан аларга жакындоонун башка жолун ойлоп табат. Ал 224 миң долларды кайсы айымдын кучагында көз жумса ошого калтырам деген мурас жазат. Албетте, мындай аз эмес өлчөмдөгү акчага айымдар кызыгып башташат. Бирок, Рольфтун койгон талабы боюнча ал бийкечтин жашы 30дан ашпашы керек. Айтымында ал өлөөрдүн алдында татынакай жаш бийкеч менен кумарын кандырып анан көз жумса арманы болбойт.


Эң адилеттүү бөлүштүрүлгөн мурас
Альфред Нобель ар бир тууганына жарым миллиондон кром таштап, калган отуз миңин атайын илимдүү адамдарга таштаган. Анын өз колу менен жазган мурастын мазмуну төмөндөгүдөй: "Мен жашоом өткөнчө кашыктап чогулткан байлыгымды кимдир бирөө чөмүчтөп чачышын каалабайм. Ошондуктан менин мүлкүмдү адам баласына пайдасын тийгизип, химия тармагында ачылыш жасагандарга алтыдан бир бөлүгүн, физика тармагында жакшы натыйжа көрсөтө алгандарга дагы бир бөлүгүн, ал эми медицина тармагында чоң ачылыш жасагандарга калган мүлкүм берилсин"-деген. Андан тышкары ошол жазылган мурасынын башында анын сөөгүн жерге берээр алдында эки колунун тамырын кыйып коюсун да баса белгилеген.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??