presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№18, 03.06.08-ж.
  Бешене

Ээн талаадагы
жазыксыз ыйлар
Бала кезимде коюу караңгы түндөн эмнегедир коркоор элем. Кары таенем ар качан: "Кагылайын, көөдөй түндөн да коркунучтуу жандыктар бар!" деп айтса, балапан сезимде ал сөздүн терең маанисин билбечүмүн. Көрсө, караңгы түнгө жамынып, ыплас иштерди жасаган, караан түндөн да жаман нерсе адам тура!..

Күтүлбөгөн түнкү коноктор
Үйүбүз шаардын четиндеги жаңы конушта. Жолдошум чиедей үч баламды таштап, муун оорусунан каза болгонуна мына быйылкы жыл менен төрт жыл болот. Эл сыяктуу чет жакага барбасам да жолдошумдун жылдыгы өткөндөн кийин балдарымды багуу үчүн колго илешкен ар кандай майда-барат жумуштарды жасоого борборго келгенмин. Алгач ачка-ток жүрүп, Аллахтын көмөгү мененби тапкан акчамды чогултуп, жаңы чек түшкөн жерден эки бөлмөлүү там сатып алдым. Ал жер жаңы түшкөн үйлөр болгондуктан электр жарыгы да бериле элек. Мен сыяктуу айласы кеткендер гана жашабаса, там тургузулганы менен көпчүлүк үйлөр аңгырап ээн. Үч балам менен караңгы кирди дегиче эрте жатуу биздин адатыбыз эле. Бала деген бала эмеспи, кечке ойноп жаздыкка башы тиери менен уйкуга киришет. Айылыбыз кан жолдун четине жакын болгондуктан күрүлдөгөн камаздын, кыйчылдаган жеңил автоунаалардын үнү түн бир оокумуна чейин угулуп турчу. Кээде аянычтуу чөөлөрдүн үндөрүнөн, мен алгач коркчумун. Уйкум качып таң аттырган түндөр да болгон. Бүгүн базардан чарчап келгенге жаздыкка башым тиери менен уктап кетиптирмин. Уйку соонун арасында жалбарган аялдын үнүн кулагым чалгандай болду. Катуу онтогон бирөөсү:
- Бирөө барбы? Уйкудан көзүм чайыттай ачылып, түн каткан адамдардын дабышын тыңшоо менен коркконумдан оордумдан козголо албай жаттым. Кайрадан эле жанагы үн:
- Бул жерде бирөө жашайбы?.. бирөөсү ыйлап жаткандай. Калчылдап коркуп турсам экинчи класста окуган уулум мага карап:
- Апа, кимдер? Сиз менен чогуу чыгайын, -деди мага дем бере. Шам жагып сыртка чыксак, обочороокто турган бирөөсү:
- Кечиресиз, эже түн уйкуңарды бузганыбыз үчүн. Бизди жолго таштап, тоноп кетишти. Эптеп жолго чыгалы десек, жол таба албай, мукактана түштү.
- Келгиле. Үйгө киргиле, таң атканда жолду көргөзүп берээрмин. Мага кайрылган келин менен төрт аял экен. Бирөөсү чыдабай кетти окшойт дагы бир жолу катуу онтоп алды.
- Ээ, деги дени-кардыңар сообу? Артыңардан куугун барбы? -дедим, жаагынан кан сызылып агып жаткан келинди жаткызып жатып. Мага биринчи кайрылган келин,
- Соо болсо ушинтмек белек эже, мобу жаш келинди сыйыртмакка салып акча деп үзүлүшүп көп кыйнап койду окшойт. Сыйрылып кеткен ээгиндеги каны дале токтобой жатат...
Ажал торунан куткарган кош
бойлуу келин
- Эч ким үн катпай баарыбыз аны тигиле карап калдык. Ал чымыркана:
- Мен жакшы элемин, йод менен марли болсо таңып койсоңор таң атканча чыдайм го... деди көгөрүп бараткан эриндерин кыбыратып. Кудай жалгап үйдө марли болбосо да йод бар экен. Пахта жоолугум менен ээгин таңдык. Саатты карасам төрттөн он мүнөт өтүптүр. "Эки саат чыдаса бейтапканага жеткиребиз" дедим, сыртымдан күбүрөнүп. Ошондо жабалактап олтурган аялдардын бирөөсү сөз баштады:
- Биз баарыбыз Россиядан келе жатабыз. Менин атым Айжан, ал жакта иштегениме эки жыл болду. А мунуку жанында олтурганын көрсөтүп, Бурулай экөөбүз бир айылдан, Карасуудан болобуз. Биз ошол жактан жолугушканбыз. Тиги кош бойлуу келин, бизди ажал торунан куткарган, Салкын, төрөтү жакындап кайненесиникине бараткан экен. Бул Жалалабаттан болот. Тиги кансырап да калды окшойт, Самара Өзгөндүк, шордуу атасы катуу ооруп жатканынан үйүндөгүлөрү чакырткан экен. Жолдошу бизге дайындап коштошкон. Поезден түшкөнүбүздө он бирлерге чукулдап калган, текшерүүдөн өткөнчө түн жарымы болуп калды. Ошко кетчү такси карасак көрүнбөдү, Самара айтып калды:
"Акбосогодо таекем бар ошол жерге түнөпсү эртең менен кетебиз" дегенинен макулдашып турганыбызда жаныбызга орто бойлуу, мойну жоон бала келип:
- "Эжекелер, кайда жеткирейин келиңиз жүгүңөр да оор тура!" деп шыпылдап эле калды. Жылмайган Бурулай: Өз жердештериңден кагылсаң болот", - деди кубана. Самара толук айта электе, " А жакын эле экен, бат эле жеткирип коемун!" - деди. Жүктөр салынгандан кийин артына төртөөбүз олтурдук. Алдыңкы орунга жүк ташышкан күржүйгөн кара бала кошо олтурду. Машине кайсыл маркада экенин деле аңдабаппыз. Шуулдаган автоунаа бир топ жолду артка калтырды, жарым сааттай жол жүргөндө, Самара тигилерге кайрылды:
Башка жолго салып алдыңар, оң тарапка бурсаңыз дегенде күржүйгөнү:
"Азыр мобу жерде бир иним бар эле, бурулуп ала кетейли" деди эч нерседен камырабай. Оюбузда жамандык жок, ал сунушуна да макул болдук. Уюлдук телефон менен бат чыккыла деп бирөөлөргө кыйкырып да алды. Көп өтпөй жол боюнда олбурлуу эки жигит, кол көтөрүп калышты. Ал экөөнү машинеге олтургузгандан кийин тигилердин жүзү ал тургай сөздөрү да өзгөрө баштады.
- Россиядан көп эле акча таап келген чыгаарсыңар, баарыңардыкы рублбы же долларга айлантканга үлгүрдүңөрбү? Самара ачууланып, айдоочуга кайрылды:
"Бизди кайда алып баратасыз, Ак босогону эмне билбейт белеңиз?" - Тигилер салондун ичин жарып ийчүдөй каткырып, машинени камыштуу ээн талаага токтотушуп:
"Эжелер, бизди кечирип койгула биздин ишибиз айдоочулук эмес тоноочулук! Заманың бөрү болсо бөрү болот экенсиң." Чөнтөктөрүнөн жалаңдаган бычактарын алып, акчаларыбызды, чемодандарыбызды бизден тартып алышты. Алкымга такалган аш бычактан коркконубуздан эч нерсени калтырбай бердик. Ырасында, Самаранын жүгү да топтогон акчасы да жок эле, анын жол киреге ылайык орус акчасын аз көрүп, катуу кысымга алышты. Айласы кеткенде мойнундагы чынжыр сөйкөлөрүн түгөл берди. Дале, "Сен куулук кылып жатасың, акчаңды кай жериңе каттың, өзүң эле бересиң акыры!" деп машиненин троссу менен бууп кирди. Муунтуп салаарда эки колу менен мойнунда оролгон троссту жогору көтөрүп жибергенде ээги менен жаагын сыйрып кетти. Бирөөсү саатын карай, "Болгула, эртелетели!" деди үнүн өктөм чыгарып.
"Силерди өлтүрүп койбосок, эртең эле артыбызга түшөсүңөр!" "Айланайындар, өлтүрө көрбөгүлө!.. " - дедик чурулдап. Жалбарган сөзүбүздү угуп деле койгон жок. Үчөөбүздү койчо колу-бутубузду бириктирип, жип менен катуу байлап салышты. Салкын кош бойлуу болгондуктан тигилердин кыска жиби жетпей койду. Айласы кеткен колун байлап коюп, бир жарагын издеп жаткандай улам бири-бирине сөгүнүшүп урушкандары угулуп турду. Бир убакта машинеге олтурушуп кайдадыр жөнөп кетишти. Салкын колундагы жипти тиши менен бат эле чечип алды. Үн салып, караңгыда бизди ар кай жерден таап чырмалган жиптен бошотту. Ортодон жыйырма мүнөтчө өткөндө баарыбыздын колубуз бошоду. Жолго чыгалы деп турганда тиги машине кайрадан келди. Машине токтоору менен төртөөбүз төрт жакка качтык. Бирөөбүз камышты аралап экинчибиз талааны беттеп, байлаган ордубуздан кол чырактары менен таба албай калды. Тигилер бат эле кетишти. Кайрадан үн салышып чогулуп, жол издеп жүрүп сиздин үйгө туш келдик... деп оозун жыйды Айжар эже.
Жер агарып калганда Самараны бейтапканага жеткирип, агасына байланыштык. Айжан, Бурулай, Салкын үчөө эртеси жолго чыгышты. Ал эми Самара оор акыбалда дарыгердин көзөмөлүндө жаткан. Бул окуя мындан төрт ай мурун болгон эле. Кайрадан Самара экөөбүз капысынан Дордой базарынан жолугушуп калдык. Ал бейтапканадан бир айдан өтүп айыгып чыгыптыр. Бирок, ээгиндеги шрам өткөн коркунучтан так калгандай элес берип тургандай. Ал өз өмүрү менен болуп, атасына да топурак сала албай калганын өкүнүү менен эскерип, кайрадан Россияга баратканын айтып коштошту...




- Сага эмне керек? - Жанагы аял ачкычын таппай улам бир ачкыч салып көрүп араң ачты.
- Тигил аял кыйналып жатат. Тилин чайнап жутуп алат го. - Аял акылы бар экен дегендей таң кала карады да медиктерди чакырганы кетти. Тигил оорулуу аял бирдеме деп сүйлөп жатат, бирок мен сөзүнө түшүнбөдүм. Ал эми ээрчише келген врачтар кан басымын текшерди да, анын сөзүнө кулак салып койбостон, жатаар менен эки укол сайды да кетип калышты. Бул көрүнүштөн мен бир гана нерсени түшүндүм, ал медиктерге өзүңдүн кыймыл-аракетиң менен акыл-эсиң ордунда экенин далилдөө…
Эртеси Мамыт аяш атамды ээрчип топ врачтар келди. Мен кантип ооруп калганымды болгонун болгондой айтып бердим.
Бирок эч кимди ишендире албадым. Дубаланган курма, Бахид бул жөн эле кыялымдан ойлоп тапкан көрүнүштөй, оорунун кесепетинен улам ушундай жомоктор боло бере турганын кайра мага эскертип, айткандарыма эч ким ишенбеди. Бул жерден да чындыкты айтам деп жаңылганымды баамдадым. Андан көрө "каным азайып кетиптир, ошонуку болсо керек" десем, бул жерден эртерээк чыкмак экенмин, муну да кеч сезип калдым.
Менин баскан-турганым "кичине акылы бар" кишидей көрүнгөндүктөн, башка палатага которушту. Ошентсе да өзүмчө психооруканада жатканыма жүдөп жүрдүм. Күнүгө врачтар келип ден соолугумду сурап, күндөн-күнгө жакшы болуп баратканымды "далилдеди". Мен айыгып баратканыма сүйүнгөн кишидей түр көрсөтөм. Берген таблеткаларын ыргытып жибергеним менен белгиленген уколдорун айлам жок сайдырат элем. Кичине каршылык көрсөтсөң катуу көзөмөлгө түшөөрүмдү билем. Ошентип, ооруканада бир айга жакын жаттым "дарыланып".
**
Апамдын менден катуу көңүлү калганбы, ооруканага бир да басып келген жок. Бирок тамагын даярдап берип атамды жөнөтүп турганын сезип эле турдум. Анткени анын колунан чыккан тааныш тамак баары бир ким жасаганын билдирип коюп жатты. Атам ооруканага тынбай келип турду. Мага келгени менен мени менен сүйлөшкөнгө караганда врачтар менен көбүрөөк сүйлөшүп, алардын "кеп-кеңешин" угуп, алып келген тамактарын берип коюп менин жанымда бир аз отурат да кайра кайтат. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле кескин солгундап кеткенин ушул жердеги көрүнүш да далилдеп турат. Оорулуулар менен өзүм сүйлөшкөндөн коркуп оолактасам, врачтар менен медсестралар болсо менин сөзүмдү угуп да коюшпайт. Эркелик менен эч нерсеге жетпей турганымды, өзүмдү-өзүм тил алчаак кылсам гана бул жерде ийгиликке жетээримди билип, ошол багытта "тарбияланышым" керектигин түшүндүм. Ушул жол мага туура экендигин билдим да, аны толук жана түздөн-түз аткаруу чечимин кабыл алдым.
Врачтар бир айга жакын камап дарылашканы менен баягы башымдын айланышы баары бир калбады. Ал кармагандан мурда Бахид эсиме келет да, анын элеси кадим көрүнчүдөй жандуу көрүнүп, улам алыстап, чоңоюп отуруп анан өзүмдү кармай албай кулап түшөм. Врачтарга мунун себебин, мындай болушун да айткан жокмун, болгону туруп-туруп башым айланаарын билдирдим. Каның аз ошондон деп коюшту.
Дарылоо курсу бүткөнбү, же Мамыт аяш атам, айтор мени башкалардан кыйла эрте чыгарды. Үйгө баргандан кийин атамдын достору келди башымды куттуктап, ар кимиси мүмкүнчүлүгүнө жараша белек тартуулашты. Ошондо дагы бир нерсени байкадым, ушундай абалымды сурай турган досторум жок экендигин…
Дасторкондун үстү дүйүм тамак. Чынында апам конок күткөндү жакшы көрөт. Мени төргө отургузуп, бардык тосттор мага айтылганы менен эч бир сөз көңүлүмдү көтөрө албады. Мындай учурда чыртылдап туруп кетип калчу элем, ооруканадан чыкканы мындай адатым калыптыр, байкамаксан болуп отура бердим. Өзүмө-өзүм таң калам, турмуш ушинтип тарбиялай баштайт тура көрсө.
Мен башкы тема болгондуктан, кептин баары оорулар тууралуу болду. Негизгиси каны аз болгондорду кантип тарбиялоо керектигин, анын ар түрдүү дарылары саналып өтүп, ошол дарылардын практикада берген ийгилигин айтышып,акыры эң башкы дары бээнин сүтү экендигине токтолушту. Жайлоого чыгаруу сунушу киргизилди. Эгер бээнин сүтү жага турган болсо эртең эле жайлоого жеткирээрин абдан баса белгиледи атам. Баары бул ойдун туура экендигине баш ийкеп макул болушуп мени карашты. Алардын мени минтип тиктеши, сен кандай чечимге келдиң деген суроолуу көз караш эле. Мындай сунушка шар макул болдум. Жайлоону, кооз жерлерди көргүм келди, жаңы адамдар менен таанышып, дос күтүүгө ашыктым. Антпесем сабак башталганга чейин бул үйдө көңүлсүз жашоо болоорун сездим.
Эртең жолго чыгаарымды атам шаңдуу эскертти, мен ага шылтоолоп эрте жаттым. Атамдар достору менен түн бир оокумга чейин ырдап, бийлеп отурушту. Кыялымда ушундай шайыр, мени түшүнгөн досторумдун болушун Кудайдан тиледим. Мындан башка ар кайсы ойлорду ойлоп жатып уктап калыптырмын, эртең менен таң ата атам ойготту. Түндөгү сөзүн мен анча терең кабыл алган эмесмин, жөн гана сөз арасында айтылган кеп го деп ойлогом. Алар качан турушканын билбейм, эчак жолго камданып коюшуптур. Кыялым кайрадан тоолорду аралап кеткендиктен алардын мындай аракети мени аябай кубандырды. Атам машинасын айдап келип ага түшө берээрде апам үйдө калаарын сездим. Ал мага салкын мамиле кылгандан улам, мен да чечиле албай, унчукпастан баш ийкешип коштоштук. Апам мени, мен апамды коркутуп жаттыкпы, же сүйлөшкөндөн экөөбүз тең качып, бир ооз сөз айта албадык окшойт. Качан машине ордунан жылганда гана апам колун булгалап кала берди. Мен анын ыйлап турганын сездим.










??.??