presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№18, 03.06.08-ж.
  Чачыла

Султан Садыралиев:
"Комуз менен домбрада кол ойнотом…"
- Жакында боло турган концертиң тууралуу айтсаң? Концертиң кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмокчу?
- Жеке чыгармачылык концертим Кожомкул атындагы Cпорт ордосунда 12-13-июнда өтөт. Жыл сайын отчёттук концертимди элге тартуулап, күйөрмандарымды кубантсам дейм.
Концертте эстрадалык жаңы ырларым менен катар комуздун, домбранын коштоосундагы жагымдуу ырлар да аткарылат. Элдик ырларды да ырдап чыгам. Сахнанын декорациясы мурдагыга салыштырмалуу башкача болот. Концертимде мени куттуктап, бир-эки сахналаш досторум гана катышат. Жеке концертим болуп жаткан соң, эки саат бою өзүм ырдап, ыр ышкыбоздоруна жагымдуу маанай тартууласам деген аракеттемин. Ырлардын элүү пайызы жандуу аткарылат. Домбра, комуз менен ырдап чыккандыктан улуттук формаларды да кийип чыгам.
Андан тышкары концертте жаңы альбомумдун бет ачаары болот.
- Концертти барып-келип эле акча табуунун максатында коёсуздар да?
- Продюсеримдин эмгегин, ишеничин актап, эл көңүлүнөн орун ала турган жалындаган ырларды ырдап чыгуу башкы максатым деп билем. Жарым жылдан бери чыгармачылыгыма кошкон жемиштүү ийгиликтерди, жетишкендиктерди эл алдына жеткилең ачып бере алсак-ошол биздин жеңишибиз болмокчу.
- Күчтүү атаандаштарыңдан чочулабайсыңбы? Дегеним, убакыттын өтүшү менен алардын чаңында, көмүскөдө калбайсыңбы?
- Жок… Атаандаштыктан коркпойм. Ар бир өнөрлүү адамдын өзүнүн күйөрманы, сүйөрманы болот. Мен өзүмдүн ордумду, күчүмдү жакшы билем.
Албетте, ар бир нерсенин бирде өчүп, бирде жанып, күйө турган учуру болот. Бирок, чыныгы талантты канчалык бассаң да ал өчпөйт. Тескерисинче, ага суу сепсең да өчмөк тургай жалындап, жалбырттап күйөт да, айланасындагыларга укмуштуудай кайталангыс бир жылуулугун арнап турат.
- Концертиңде башка имидж менен чыкканыңды көрө алабызбы?
- Чынын айтсам, имиджимди өзгөрткөнгө анчейин кызыкпайм. Мен "жөнөкөй" жигит эмессминби…
- Сахнага чыгаар алдында тумар же көз мончок тагынып чыгасыңбы?
- Ишенсеңиз, мен андай ырым-жырымдарга таптакыр маани бербейм. Мен аруулугубузду арттырган, ырайымдуу Жаратканга гана ишенем. Анткени, Куранда да: "Аллахтан башка ишенишке татыктуу эч нерсе жок" деп жазылган. Мен дал ушул улуу сөздү туу тутуп жашайм.
- Турмушта болуучу кыйынчылыктар чыгармачылыгыңа тоскоол болбойбу?
- Баарыбызда эле түгөнбөгөн толгон-токой түйшүктөр бар эмеспи. Түркүн-түстүү тосколдуктарга кабылганыңда алсыздык кылсаң, айыккыс арман сазына батасың. Андан соң, туңгуюкка малынасың.
Андыктан, күчтүү кайрат менен алдыга умтулуп, ар нерсеге терең көз карашта карап, жашоо менен күрөшө билүү абзел.
- Ушул концертиңде жүрөгүңдү жаралап, сезимиңди козгогон бийкечиңди көрө алабызбы?
- Мм… Билсеңиз, жашоодо кыздар менен көп эле сүйлөшөм. Бирок, кимдир бирөөсүн катуу сүйүп калып, от болуп күйүп, ага арнап ыр жазып, махабаттан бактымды таба да элекмин…
НУР-КЫЯЛ




Обон - шоу
times
Шайыр Касымалиева неберелүү болду
Бармактайынан баш кошушкан актёрлор Шайыр Касымалиева менен Абдумалик Шерматовдун жалгыз кызы Мээрим турмушка чыккан эле. Апасы үчүн дагы деле секелек кыз болгон менен Мээрим эне болуу бактысына ээ болду. Учурда Шайыр Касымалиева Темирлан аттуу небересинин жытын искеп, кубанычы тоодой болуп турган кези.

Мажиттин май айындагы
ийгиликтери
Уккан адамга эргүү алып келген, кыргыз эстрадасындагы кичинекей ырчы, пародист жигитибиз Мажит да көпчүлүктүн шарданы менен сахналаш байкелеринен кем калышпай чыгармачылыгында үзүрлүү эмгектенип, 24-25-майда акыркы коңгуроону баарыбыздын эсибизге салып, жаңы эле мектеп партасын аяктап, 5, 10, 20 жылдык өткөрүп жаткандарды куттуктап, оригиналдуу концерт берген. Мына ошол концертте элдин көңүлүн өзүнө бурдурган кичинекей карындашы Сайкал менен Мажит, Сема менен Кундуз ырдаган "90 60 90" аттуу ырына породия ырдап чыгышып, элдин жүрөгүнөн түнөк табышты. Учурда Мажит братаны Ильяз Абдыразаков менен Ысыккөл жергесинде гастролдоп жүргөн чагы.

Эски ырлар ырдалат
Өзүнүн оригиналдуу үнү менен таанылып келаткан ырчы Макс Бегалиев "Түшүмдө", "Сүйүү элеси", "Эне тилеги" аттуу элдик ырларды жаңы вариантта ырдап чыгып, ага клип тарттырууну пландаштырып жатат жана альбом чыгарууга эң мыкты сапаттагы сүрөткө түшүү үчүн акыркы кездеги модалуу формаларды тиктирип, кызуу даярдык көрүп, күйөрмандарына тартуулоонун алдында туру.

Даярдаган Мээрим Сатарова










??.??