presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№18, 03.06.08-ж.
  Шырмаек

"Сүйүүгө кана да, тажай да элекмин"
Ооба. Буга чейин элибизден бир топ таланттуу куудулдар чыккан. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал, тубаса өнөрлүү куудулдар Куйручук, Шаршен, Бекназар, Асанкул өңдүү улуу инсандарыбыздын таланты улуу бойдон, өлбөс-өчпөс болуп түбөлүккө сакталып келет. Ал эми азыркы куудулдар дүйнөсүн "Шорпо" деген ат менен кеңири таанымал Жаныбек Алыкуловсуз элестетүү кыйын. Сүйлөгөн сөзү, турган турпаты же жөн гана жүзү менен күйөрмандарынын күлкү безин ойготкон, алп куудулдардын бири Жаныбек куудул бүгүн бизде конокто.
- Жаныбек аке, айтыңызчы Жаныбек куудул өзгөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
- Баштаганда эле өзүң жөнүндө ташта дедиң окшойт ээ. Эми мен башка куудулдардан өзгөчөлөнүп өзүмдү бөлгүм келбейт. Анткени менин кесиптештеримдин баардыгы өзгөчө адамдар. Ар биринин бири-бирине окшобогон кайталангыс таланттары бар. Бир гана жагы мен интермедия, сатираларда командалык оюндарга көп катыша бербейм. Меники көбүнчө жеке номер болуп эсептелет. Сиз сураган өзгөчөлүк ушул болуш керек.
- Талант дегенибиз деле тапталбаса талаада калчу нерсе. Дегеним талантты кантип багасыз?
- Сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып жатканда эч кимге көрсөтпөй кызганып тартат го. Ошол сыяктуу биз да көшөгө артында эмне болуп жатканын көрсөткүбүз келбейт. Ошондуктан талантты таптап, багыш үчүн талыкпаган эмгек, изденүү анан аяп кызгана билүү шарт.
- Чөнтөк жука болсо да жалгыз талант менен ийгиликке жетишүүгө болобу?
- Курсагың ток, ден-соолугуң чың, кийимиң бүтүн, көңүлүң жай болгондо гана өзүнөн-өзү эргүү келип, талантың талпынып андан ийгилик жаралат. Бул талант менен жан багуу эмес көңүл жай алып, көөдөнүңдөгү көөнөрбөс көсөм ойлорду аткаруу дегендик. Андыктан талантты кошо алып, алга сүрөө үчүн ашып кетпесе да өзүңө жетээрлик каражат болуш керек.
- Сиз өзүңүздү канчалык деңгээлдеги куудулмун деп ойлойсуз?
- Чын-чынына келгенде куудулдукту мурда хобби катары көрчүмүн. Азыр эми кесип эле болуп калбадыбы. Кээде көңүлүм ачылып, телегейим тегиз болуп калган учурда кыйын куудулмун деп дардаңдап кетем. Кээде башка бир жакшы ишти жасап жаткан кесиптештеримди көрүп, өзүмдүн ордумду таап калам. Бул эми абалыма жараша болот. Ал жагын эл баалап, эл таразаласын. Ошентсе да, куудул катары артта эместирмин.
- Өзүңүздүн кесибиңиз мугалим экен. Таптакыр башка чөйрөгө келип, куудул болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Жаңыдан чыгып жүргөндө куудул чалыш, куудул сөрөй, ушул баладан куудул чыгат деген сөздөрдү уккан мезгилим мен үчүн оор болчу. Азыр эми андай учурдан өтүп, аздыр-көптүр коомдо өз ордумду таптым. Андыктан өкүнбөйм.
- Сизди бир кезде ичкиликке катуу берилип кеткен дешет…
- Мен жаңыдан куудул болуп баштаганда эле "Сен эми ичип кетпесең болду"-дей беришип, акыры ичип да кеткем. Азыр ичкилик жөнүндө сөз болсо эле Жаныбекте кандай реакция болот экен дешип мени карап калышат. Чыныгы эркек болсоң ичесиң, анан эркиң болуп чыныгы эркек болсоң таштайсың, туурабы?
- Демек азыр "ак моюнду" таштаган турбайсызбы?
- Ооба, ошон үчүн сиз менен сопсоо сүйлөшүп олтурам да.
- Эмнеден бат тажайсыз?
- Бир эле тамакты жей бергенден, күчкө салып көңүлсүз сүйлөшкөндөн тажайм. Ал эми элди күлдүргөндөн, телевизор көргөндөн, жолдо жүрүүдөн, анан сүйүүдөн эч качан тажабайм.
- Сүйүү демекчи, "Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен, отуз жаштын улам аркы жагында"деген Алыкулдун ыр саптарына кандай маани бересиз?
- Мен буга акындын кийинки ыр саптары менен жооп бергим келет. "Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден" деген деле болбогон кеп экен. Сүйүү деген бир кучак гүлдү үзүп, сенин колуңа карматып, ошону жыттап ырахат алганда эмес, сүйүү деген эртеден кечке сени н кулагыңа "лапша" илип, сен ага ишенип, оозуңду ачып отурганда. Негизи сүйүүнүн да этаптары болот. Сүйгөн маал, сүйүүгө жеткен маал, ага тойгон маал, анан тажаган маал. Кудайга шүгүр, мен сүйүүмө жеттим, бирок канып, тажай элекмин.
- "Ноокаттыкка оокатмын" -деп эле айтып жүрөсүз. Ошол ноокаттык кыз сезимиңизге кантип кирип алды экен…
- Ноокаттыктардын "күйөө бала карыса жээн болот" деген жакшы сөзү бар. Ошол сыңары мен да картайып кайын журтума жээн, байбичеме оокат болуп калдым да. Ошондон улам оокатмын деп айтып жүрөм. Сенин эжең менен Ошто филармонияда иштеп жүрүп табыштым. Экөөбүздүн сүйүүбүз кызматтык роман (служебный роман) болду. Эки жыл сүйлөшүп, эң таттуу романтикалуу күндөрдү минут, секундаларды баштан өткөрүп, анан "Ромео Жулетта" болуп баш коштук. Кудайга шүгүр азыр алты баланын ата-энесибиз.
- Үйдөгү акчаны кимиңиздер сактайсыздар?
- Мен акча тапканга, анан ошол акчаны жок кылганга бешмин. Аял киши эркектерге караганда бекемирээк болот эмеспи. Ошон үчүн мен алып барам, Азиза сандыгына катат.
- Жогор жактагы "чоңдорду" сынайм деп жемеленген учуруңуз болду беле?
- Сынды эч ким сүйбөйт. Биздин жумушубуз ушул. Көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен угуп жатканды айтабыз. Негизи бийлик профессионал куудулдар менен тыгыз мамиледе болуш керек. Кайдан, бизде тескерисинче "алдагыны келжиретпей жолуна салып койчу" деп жан-жөөкөрлөрүнө буйрук беришет. Биз келжиребей эле аягында биз айткан нерсе болот. Куудулдун бир жакшы сапаты көзү ачыктыгы. Аны түшүнүшпөйт да чиркин чоңдор. Акаев жаңыдан президент болгондо 2 жолу концертиме келип аны сындаганым үчүн 2 ирет колундагы саатын чечип берип кеткен эле. Азамат сынды көтөрө билет экен деп жүрсөм, кийин "креслого" толук отургандан соң чычалай баштады. Ушундай, биздикилерди сылап эле турсаң жагасың. Ага карабай биз куудулдар өз жумушубузду аткара беребиз.
- Шариятта өлүмдү бир күндө үч жолу эстеп туруш керек экен. Сиз эмнеден өлөм деп ойлойсуз?
- Бул жөнүндө ойлонбогон нормалдуу киши жок болуш керек. Балаңды карап, мээримиң төгүлүп жатканда ушунун жамандыгын көрбөй оо дүйнөгө кетсем экен деп бир ойлоносуң. Аялыңды көрүп, аялымдын алдында кетсем экен деп дагы ойлоносуң. Себеби жакында эле бир кошунамдын жубайы кайтыш болуп, ошондон көп өтпөй "мен бул аялсыз жашай албайм" деп күйөөсү да өзүн-өзү асып алды. Аны көрүп үрөйүм учту. Чынында аялсыз жашоо эркек үчүн өтө татаал. Эмнеси болсо да өз ажалым менен эле аялымдын алдында бара турган жерге бара берейин деп коём. Эң башкысы өлгөндөн кийин артыңда жакшы сөз калса экен. (Күлүп) Анан эми эмне болуп өлөөрүмдү билбей турам. Аны ошол күндөн кийин гезитиңерге жазасыңар го дейм.
- Маегибиздин соңунда өзүңүз уюштурган "Куудул отуруш" теледолбоору тууралуу айтып кетсеңиз?
- Аталган теледолбоорду түзгөнүмө 2 жылдын жүзү болду. УТРК менен өз ара келишим түзгөнбүз. Бир айда 2 жолу көрсөтүлөт. Кечээ жакында "Дем" театры тарабынан өткөрүлгөн "Куудул отуруш" жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Анткени баштан аяк 2,5 саат бою күлкү сүйүүчүлөрүнүн боору эзилип, акырында бир көрүүчү айым күлүп атып эсинен кетип калып бетине суу чачып,камчы менен чапкылап атып өзүнө араң келтирдик. Күлкү өтө коркунучтуу нерсе. Кудай анын бетин ары кылсын күлүп атып бу жарыктык менен кош айтышып кетиши да мүмкүн. Мына ошол "Дем" театры кийинки отурушту "Учур" театрына ыр кесе сыяктуу өткөрүп беришти. Буюрса ушул айда аталган театрдын "куудул отурушуна" күбө болосуздар.

Маектешкен Ж. Калдарова










??.??