presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны:
"Аялзатындагы сулуулук керемет ырларга себепкер"
Көп сырдуу сезим
- Асан агай, махабаттын миң-сан кыры менен сыры болот эмеспи. Адам жалындаган сүйүү менен жашайт. Сиздин сезимдериңиз туурасында жакындан билсек?
- Мм… Махабат- бул көп тепкичтүү улуу сезим деп айтаар элем. Эгер сүйүүнүн көп тепкичтүүлүгүнүн бардык жагын адам баласы өмүрүндө басып өткөн болсо, анда жалпы жашоонун улуулугун, ыйыктыгын, сулуулугун сезип жашаган болот.
Тескерисинче, махабаттын сыйкырдуу күчүнө кабылбаган адамдын өмүрү көрксүз, келди-кетти болуп, куру жашап кеткендей элес калтырат. Ошондуктан Алла Таалам адамзатын "Чоң, сыры терең сүйүүгө кезигип, жашоонун ырахатын сезип, жыргалын көрүп жашасын" деп жаратса керек.
Эх… Балалык кез кандай жагымдуу учур. Кыргыздын шартында менин балалыгым ажайып кооз, кереметтүү жайлоодо өттү. Ак кашка мөлтүрөгөн суулардын ичиндеги таштарды челип, көк-жашыл тулаңда каткырып ойноп, кыргыздын тазалыгын, бийиктигин көрсөтүп тургансыган заңкайган мөңгүлөрдүн арасында өмүр сүрүү да бир айтып бүткүс сүйүү, зор бакыт окшобойбу. Бул Кудай тарабынан кыргыз адамына берилген түгөнгүс ырыскы, түбөлүктүү сүйүү деп айтсак жарашат.
Мен чоң энемдин колунда тарбияланып калдым. Энем мени аябай эркелетип өстүрдү. Ал киши эстүү, жан дүйнөсү чалкыган кең адам эле. Таң эртең мени ойготчу. Бул учурда теребел мемиреп, жайлоонун кереметтүүлүгү артып, айлана тимеле укмуштуудай кооздукка чулганып калат эмеспи. Таңкы айдарым жел менен кошо сызып, шиберге туруп калган шүүдүрүмдү аралап басып, тээ тээтиги кырда жайылып жүрүшкөн жылкыларды айдап келчүбүз. Анан "Эртең мененки насип" деп бышылбаган кымыздан ырахаттана ичип, таза сөздөр айтылып, көңүлүбүз агарып, көөдөнүбүз көккө серпилип, бизден өткөн бактылуу жан жоктой сезээр элек. Энемдин жалынып-жалбарып, мени эркелеткени, мээримге толгон жылуу сөздөрү, мага болгон энелик сүйүүсү дүйнөмө гүлазык болуп, өмүр бою жашап калды. 5-класста экенимде энем оорудан көз жумду. Мына менин жашоомдогу биринчи арманым ушул болду. Эң жакын деген адамыңды жоготууң- сүйүп турганың күйүткө айланган менен барабар болот экен. Жакын адамыңдан айрылып калуудагы ызаң, кайгың, өзүң түшүнбөгөн жагымсыз жалгыздык мени поэзия дүйнөсүнө багыттады окшойт.
Зымырыктап, бир жыл убакыт билинбей өтүп кетти. Ошол жылы биздин айылыбызга бир кыз келген.
Кызыл пальточон
жалжалым…
Кыш айы эле. Айлананын баары аппак карга чулганып, көңүлгө кандайдыр бир жылуулук тартуулагансыйт. Ушундай күндөрдүн биринде мектепке бара жатсам көпүрөнүн жанында аппак карды кычырата басып, кыпкызыл пальто кийген бир кыз кетип бара жатат. (Күлүп…) Биздин айылда андай кыз жок болчу. Асмандан түшкөн айга окшош өңдөндү, чиркин. Кантсе да ал кыз айылга жаңы келип, болушунча жасана кийиниптир. Анын үстүнө ак кар менен чоктой кызыл пальто алыстан караган адамга өзүнчө бир көркөм көрүнөт экен. Дароо эле эстен тандым… Ошентип, аялзатына, жарга болгон арзуум 6-классымда окуп жүргөнүмдө башталды. Ошондон тарта кызыл пальточон кыздын элеси көз алдымдан кетпей, аны көрсөм апкаарып, абдырап, өзүмдү-өзүм таппай же өзүмө-өзүм батпай ашыглыктын азабын кечтим. Жылуу сезим денемди аралап, жалбырттап күйдүм. Арзуумду кантип билдирээримди билбей башым маң.
Мектептин алдыңкы активисттеринен элек. Дубал гезитин чыгарчубуз. Анан баягы кызга жакындоо максатында анын аты-жөнүн дубал гезиттин редколлегиясына кошуп, жазып койдук. Баамчыл кыз экен. Баарын сезди… Көз караштар чагылышып, ошол күндөн тартып бүтүндөй ой-сезимимди, денемди улуу нерсе аралап, кайра жаралгандай болдум. Анын баары эле ыр болуп жазыла баштайт экен.
Эсимде, бир күнү баягы кызга ашыктык катын жазып, ал олтурган акыркы партага калтырып кеткенмин. Бизден эки класс жогору окуган, сабакты билбеген, мага өчөшүп жүргөн бала айбаттуу, күрүлдөгөн Асанкул деген агайга катты берип коюптур. Ал агай тилден сабак берчү. Менин катымдын ар бир катасын чукуп, окуп жатпайбы.
"Сүйүү күчтүү пулемёттун огунан,
Сүйүү күчтүү таш көмүрдүн чогунан.
Сүйгөнүнө жете албаган мендейлер,
Жүрө берет эч айласын табалбай".
Катта жазылган ушул ырымды окуп, агай класстагылардын алдында мени аябай тилдеди.
Менин махабатым бүтүндөй мектепке тарап кетти. Ошондон уялса керек, баягы кызыл пальточон жалжалым борборго кетип калды.
Ичим тимеле туз куйгандай ачышып калды го, чиркин. Кат жазып көрдүм, жооп болбоду. Ошентип, ыза болуп жүрүп, эптеп 8-класска чейин айылда окуп, андан соң шаарга келип, Палитехникалык техникумга тапшырдым. Техникумду бүтүрүп, кайрадан айылга келдим. Ал кыздын мединиститутка тапшырып, өткөнүн угуп калдым. Каттарыма жооп болбогон соң: "Ал эми мени карап, теңине алмак беле? " деп көңүлүм сууп калган. Анан бөлөк кыздар менен таанышып, аларга карата да жылуу сезимдер козголуп дегендей…
Бирок, канчалык башкаларга көңүл бөлүп, өзүмдү алаксытайын десем да, жүрөктүн дарты айыкпас болду.
Кайрадан кездешүү
Бир курдай Чернышевка китепканасында китеп окуп олтурсам, Оо Кудай ай, менин ардагым да келип калбайбы. Көрүп алып, жүрөгүм дүкүлдөп согуп, абдаарып калдым. Жанына бардым… Жылмайып күлүп, жайдары жүз менен жылуу кабыл алды. Эгер ошондо ал мага кайдыгер карап, тоңдоосун мамиле жасаса, экөөбүз алыстап, жолубуз бирикмек эмес.
Ошентип жүрүп, бир кездеги ашыгыма, эжең Гүлүмжанга баш кошуп калдым.
- Демек, эже деле сизди жактырган экен да?
- Албетте, ал да мени ичинен жакшы көргөн экен. Бирок, убагында билдирбей кетип калган да. Айылдан кетээринде курбусу Гүлжамал деген кыздан мага жүзаарчы берип жибериптир. Көрсө, ал ыймандуу кыздын мага карата жылуу сезимин билдиргени тура. Мына ошентип ууз сезим, таза сезимди кирдетпей жашап келе жатканыма сыймыктанам. Эгер чыныгы сезим болсо, андан эч качан танбайт экенсиң.
Эжең экөөбүз бири-бирибизди көз караштар аркылуу түшүнүшүп турабыз. Кудайга шүгүр, эки кыз, бир уулубуз, неберелерибиз бар. Биз бири-бирибизди толуктап турган гармониябыз десем жарашат.
- "Жаш кездеги жалындаган махабат карыганда да бир жолу жарк этип жанат" дешет го?
- (Күлүп…) Эми биз али карый элекпиз… Азыр жетилип турган кезибиз. Акын адам бардык нерседен сүйүү, сулуулук издейт.
Ачык айтсам, мен "Эжеңден башканы көргөн жокмун, башканы сүйгөн жокмун" деп айта албайм.
Аялзатынын баардыгында эле сулуулук бар. Мен ошол кереметтүү сулуулукту көрүп, туюп,эң сонун ырлар жаратып келем.
- Акындарга кыздар да ашык болот эмеспи?
- Туура. Мени "мактанып жатат" деп ойлобоңуз. Бирок, мага орус улутундагы татынакай бир кыз арзып калып, көпкө чейин кат жазышып жүрдүк. Андан кийин немецтин бир кызы мени жактырып калган. Бирок, акылга баш ийип, ууз махабатыма кыянаттык кылып, аны тепсеп алгым келбеди. Бактыны тебелеш оңой, бирок тургузуу кыйын. Аларга чоң сый мамиледе калдым.
- Кечиккен махабатка кабылуудан коркпойсузбу?
- Билсеңиз, чыныгы сезим келсе, ал коркконуңа да карабайт. Айтылуу Гёте деле сексен жашка келгенинде он сегиз жаштагы кызга арзып калган. Ырларын окусаң, карыган адамдын арзуусу кашкайып, не бир сонун ыргактар менен айтылган. Мен буга таңданам… Демек, жүрөккө деле чек жок окшобойбу. Дүйнөдөгү эң эле улуу нерсе сүйүү. "Махабат мага кеч келип калды" деп корксоң, анда жашап кереги не?!
- Чыныгы ашыктыкта деле көңүл калуу болот го?
- (Ойлонуп…) Кээде баалап, барктаган адамың сен каалагандай, сен күткөндөй сен жогору коюп, аздектегендей деңгээлде болбой калышы мүмкүн. Ошондо ичтен өкүт кылып, "Аттиң!" деп сыздап аласың. Анан эки-үч күн өткөн соң, кусаланып, көңүлүңдү сагыныч басып, кайра калыбыңа келишиң ыктымал.
- Эми Гүлүмжан эжеге арнаган жалындуу ырларыңыздан уксак?
- Жакшы болот. Эжеңе төмөндөгүдөй ыр саптарынын неченин белек кылып сунган элем.
"Кандайча сүйдүм, кандайча сүйдүм жердеги жамалдуум,
Күттүрө билген, сагынта билген кыялкеч амалдуум.
Көптөргө өзүң, көптөргө өзүң көп кыздын бири болсоң да,
Мен үчүн гүлүм, мен үчүн сүйүүм дүйнөгө жаралдың".

Баарлашкан Н. Сагынбаева










??.??