presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
  Адабият айдыңы

"Ыйман качкан муундарга муңайба,
Мен ыйлайын, сен ыйлаба Ата-Журт!"
Акын, жазуучу Гүлсайра Момунова 70 жашта
- Гүлсайра эже, алгач сизди 70 жаш кутман курагыңыз менен "Обон" гезитинин атынан куттуктайм! Бакубат жашоодо бар болуңуз! Алгачкы суроом таланттуу акын айым өскөн жер кайда болду экен? Бул поэзия сүйүүчүлөр үчүн кызыктуу, ошол багытта сөз баштасаңыз?
- Ар кимдин туулган жери өзүнө мисир дейт. Мен Таластын Бакай -Ата районунун Кең-Арал айылында өсүп, чоңойдум. Талас -жер соорусу экен. Жапжашыл токой, жер жемишке толгон, булбул сайраган жерде балалыгым өткөн. Ошол булбул, торгойдун үнүн угуп ырахатка батчубуз. Мен кичинемден эле ырга кызыкчумун, жакшы ырдачумун, мени ырчы болот деп ойлошчу. Бирок, мен ырчылыктан да ыр жаратууну ыйык жана бийик көрдүм. Бул өтө ыйык нерсе экен. Ошондуктан мен бала кезимден эле ыр жаза баштагам. Эң алгачкы ырым армияга кеткен атама, агаларыма арнап жазылган.
- Өзүңүздүн үйбүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Жолдошум 1982-жылы өтүп кеткен. 2 уулум, 1 кызым, 7 неберем, 3 чөбөрөм бар. Балдарым бар, бактылуумун.
- Жолдошуңуз менен кантип табышып калгансыз?
- Тааныштырган, табыштырган бул -ыр. Жолдошум Жанболот Абдраимов Улуттук Университетте окуп, сынчы, лидер болчу экен. Мен болсо азыркы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетте окучумун. Жанболоттун группалаштары: К.Бобулов, Ж.Садыков, Э.Турсунов, Б.Жакиев, С.Жетимишов, С.Урманбетов, Э.Ибраевдер эле. Баары таланттуу жигиттер эле. Менин группалаштарым: М.Абылкасымова, С.Закирова, Д.Муканбетова ж.б. эле. Балдар, кыздар чогулуп ийрим өткөрчүбүз. Ошондо таанышып калып, анан мени ала качып кеткен. Кеминдин келини болдум.
- Сиздин сүйүү жөнүндө ырларыңызды сүйүп окуйбуз. Ошол сүйүү саптарынан бир шиңгил айтып бербейсизби?
- Жалбардың мен тартынып каада күттүм,
Жүрөгүм сүйсө деле чыдап түттүм.
Да бир аз зарылсын деп, жалынсын деп,
Назданып чын сезимди ары түрттүм.

Сен болсо эрип атып агып бүттүң,
Көп күтүп аз калганда үмүт үздүң.
Мен бийик чынга чыгып карап турдум,
Салбырап жетер кезде кулап түштүң.

Да бир аз зарылганда билинмекмин,
Мөмөдөй мен да сага ийилмекмин.
Агынан аңтарылып ичтеги сыр,
Алдыңа ак чатырдай тигилмекмин.

Да бир аз жалынганда көрүнмөкмүн,
Үстүңдө ак жаандай төгүлмөкмүн.
Айыкпас ал сүйүүңө башымды ийип,
Алдыңдан аткан таңдай сөгүлмөкмүн.

- Жашоодо туткан урааныңыз?
- Адамгерчилик, сүйүүдө туруктуулук, эмгек.
- Жаш акындардан чоң акындар чыгаарына ишенесизби?
- Албетте ишенем. Уучубуз кур эмес. Жакшы акындар бар. Биз айтпай калган, биз жетпей калган бийиктиккке жетишсин. Акындар үчүн акча эмес, жан дүйнө баалуу.
- Акын болуш оңойбу?
- Аким болуш оңой, акын болуш кыйын. Бул бүт Алла-Таалам берген ыйык нерсе. Кудай берген шык, жөндөм. Ошондуктан акын бул -Кудайдын элчиси дешет эмеспи. Алла -таалам айткан чындыкты биз айтып беребиз. Ошондуктан акын бул-жердин пайгамбары десек ката болбос.
- Бирөөнү туурап жазган учуруңуз болгонбу?
- Ооба, туура айтасың. Бирөөнө суктанасың, бирөөнө шыктанасың. Мен Б.Сарногоевдин стилинде жазгам. А. Осмоновдун "Ата Журтун" туурап жазганым бар.
Оо Алыкул, кетиптирсиң ыр сунуп,
Бүт ырлардан алга чыккан суурулуп,
Туурап жаздым, улап жаздым өзүңдү,
Угуп көрчү, асыл ага Ата-Журт.

Теңир жалгап, көзүн бизге түз буруп,
Тарап кетти, кирпиктеген сур булут.
Бүт капаңды өз мойнума алайын,
Кабагың ач, кагылайын Ата-Журт!

Алтыныңа, байлыгыңа карк тунуп,
Андан кийин ат тизгинин шарт буруп.
Тилегиңди ташка чаап кетпесин,
Абайлачы, айланайын Ата-Журт!

Кызыңды күң, уулуңду кул кылып,
Салган күндөн ала көрчү сууруп.
Карын үчүн карайлаган калкыңа,
Караан болчу, кагылайын Ата-Журт!

Ынтымакка, биримдикке бек туруп,
Ыйманыңа келчи абалкы туптунук.
Ыйман качкан муундарга муңайба,
Мен ыйлайын, сен ыйлаба Ата-Журт!

Элиме таазим
Куттуу калкым, кагылайын Кыргызым,
Күндөн бүткөн, Нурдан бүткөн ырысым.
Сен бар үчүн, мен бармын да ырым бар
Сен бар үчүн жанып келет жылдызым!

Күчтүү болсом сени менен күчтүүмүн,
Бийик болсом сени менен бийикмин.
Түптүү болсом сени менен түптүүмүн,
Бүтүн болсом сени менен бүтүнмүн.

Баарыңды балбал жанып карап келдим,
Баарыңа жакшылыкты каалап келдим.
Баасын өзүң бычып, өзүң койгун,
Барымды колумдагы арнап келдим!

- Сизге рахмат, ден-соолук, бактылуу карылык каалайм. Кыргыз эли үчүн бар болуңуз!
Маектешкен Фарида Тукаева





(өткөн сандарда)
Жакшылап сөзүмдү ук, Илээндим! Омурткаларым сыздап, жаным көзүмө көрүнүүдө, башталды көрүнөт. Мынчалык жан кыйналаарын кайдан билдим. Адегенде туруп барып түндүктү чүмкөчү. Анан эшикти бек жап. Тигине улагада кыл аркан жатат. Ошону менен боз үйдү үч айланта курчап кой. Баса, токтой тур. Элден мурда казанга суудан толтур. Анан гана өзүң үйгө жолобой, үйдөн алыс да кетпей акмалап жүрө тур, берекем. Жылдыз толгондо, түн ортосу ченде көз жарам. Качан баланын үнү чыкканда асманды кара. Жылдыз толуп, жылдыздар учуп жаткан кез болот. Ак жылдыз учса кыз төрөгөнүм, куйруктуу кызыл жылдызды көрсөң уулду болдум деп бил. Анан асан чакырып, баланын атын кой да, кылчайбастан жүрүп кет. Ошол бойдон үйгө баш бакпай, эч кимге көрүнбөй жалгыз жүрө тур. Жетинчи күнү гана баланын үнү чыккан саатта, түн ортосунда үйгө кел. Ошо кезде мен коломтого от жагып, сени күтүп отурган болом. Эгер үйдөн жарык чыкпаса менден түңүл…
Ал теңирдин колундагы иш. Дегинкиси, тагдырды алдын ала болжош кыйын. Мен каалоомду айттым. Жакшылап көңүлүңө түйүп кой, Илээнди. Деги аткара аласыңбы?
- Анын эмнеси кыйын экен. Аткарам эле…
Чын-төгүндөн өзүнчө корстон болгон эрине ичи жылыган Арзыгүл түндүктөй ийилип, керегени чапчый кыйкыра баштады.
- Мени көп тиктебей үйдөн чыгып кет. Бол, дейм, бол…
- Айланайын, айланайын,-деп көл-шал боло кара тер баскан аялына жалынган Бөрүбай үйдөн шарт чыгып кетет.
Ал Арзыгүлдүн айткандарын алеки заматта аткара салат да, токулуу турган атына шап минген бойдон бастырып кеткен дейт.
***
Аңыр-Көлдүн кылаасы. Түн сүйкүм, түн кооз. Тынч алган куштар да кээде чукуранып, асманда жылдыздар батпайт. Созгон колуң жетчүдөй жылдыздар жакын, жылдыздар тунук, жылдыздар таза. Санаасы алып учкан Бөрүбай ак боз үйдөн көзүн албайт. Бирде элейет, бирде селейет. Алда кандай болот деген бечара кээде асманды тиктей калат да, көптөн күткөн тилеги көктөн түшчүдөй кол созуп, көкүрөк керип, жылдыздарга сыйына өзүнчө кобурайт, ичинен дуба окуп, кээде дубанача келме келтире, ээги ээгине тийбейт. Бүгүн анын тагдыры таразада. Ырас эле перзент күтүп, коколой башына баш кошула тукум улайбы, же карып-арып ичер суусу түгөнгөндө башын жөлөөр, оозуна суу тамызаары жок, какыраган, куураган даракча өзүнүн адамдык парзын өтөбөй кылымга сиңип күм-жам болобу… Ушулар анын кыялын бийлейт. "Кудай анын жүзүн ары кылсын" деп өзүнчө кобурай бергенде, боз үй тараптан ыңаалаган баланын үнү укту. Жонунан ысык тер чыгып, бир саамга делөөрүй түшкөн Бөрүбай аялынын айтканын эстей, асман тарапты тиктеди эле чубалжыган, көшүлгөн кызыл жылдыз көзүнө урунду. Мурда билбесе, укпаса да эки колу менен кулактарын басып кыбыланы карап чөгөлөй калды. "Алдо акбар, алдо акбар". Анын азан чакырып, Кудайга сыйынганы ушуну менен бүттү көрүнөт. Анан кандай ат койсом дегендей ойлоно түшүп, өзү да шашып калды. "Атын Аманат койдум, элине кадыры өткөн адам болсун"-деп бата кылды да делдектей басып, атына минген бойдон чаап жөнөдү. Таң ашырылган күлүк билген жолу, Кекилик-Ашуунун туу жонунан эңкейген кезде Бөрүбай ат тизгинин жыйып артына кылчайды. Үйү көрүнбөйт. Ал эмес, Аңыр-Көлдүн кылаасы да бүтүндөй көз жаздымынан чыгып, али санаасы ордуна келбеген ал күн чыгышты тиктей, жалпак ташка көчүк баскан бойдон кыймылдаган жок.
Таң атып келаткан экен. Кекиликтер бөжөңдөй таштан-ташка секирип чыгып, анан атаандашкандай биринин артынан бири сайрай башташты. Алардын үнүн башка куштар колдоп кетти. Көпчүлүк ойлогондой таң агарып атпайт экен. Ал адегенде көгүш тартып, үлбүрөгөн көк жибекче улам чоюлуп, түндү сүрөт, ансайын жылдыздар суюлуп, нуру өчүп, акырындай чыгыш тарап мала кочкул тарта чачырап келаткан күндүн нуру ак чокулуу тоолордун учун жылмалай баштайт. Мына ошондо гана ал ата-бабадан бери келаткан расым боюнча Бөрүбай дитин коюп, чыгып келаткан күнгө сыйына баштады… "Ааламдын атасы, касиеттүү күн! Мээримиңди, кубатыңды бизден аяба. Жан-жаныбар дебей ырысты, өмүрдү сенден алабыз. Төшү түктүү кара жердин ээси сенсиң. Көктөгү жылдыз да сенин эркиңде сенсиз өмүр токтойт. Сенсиз биз бир макулукпуз. Карегибизден нуруң өчпөсүн, чекебизден жылуулугуң кетпесин. Түндө мен уулду болдум. Ошонун чымындай жанын аман кой. Оо, касиеттүү, Күн! " Жерге толук күн тийгенде Бөрүбай атын жетелей ойго түштү да, булакка жүз чайкап, канжыгага байланган азыгынан бир аз жеп, чаначтагы айрандан кере жуткан соң кайрадан атына минди. Ошо бойдон ал маң болгон адамча кайда бастырып, кайда жүргөнү, кайда түнөгөнү менен иши болбой, үч күн эч кимди жолуктурган жок. Деги эле ал кимдир бирөөлөрдүн караанын көрсө буйтап кетип жүргөнүн өзү бир билет. Айыл көрсө алыстай качып жолобойт. Азынаган айгыр, үйүр-үйүр жылкы көрсө качат. Ага дем берген, анын санаасынан чыкпай кубаттандырган - жалгыз гана жары жана жаңы көргөн перзенти. Үчүнчү күнү кечке жуук жалгыз бастырып бараткан аны:
- Эй макулук, токтогун! - деген катуу үн селт эттирди. Кайдан чыкты дегендей ал азыраак аярлай калса бет маңдайында кула ат минген Бакалбай чал. Ачуусу келген, ызырынган Бөрүбай ат тизгинин тескери бурмакчы болгондо Бакалбай кайрадан ачуу унчукту.
- Чапсаң кууп жетем. Уккуң келбесе да угасың, артыңдан калбай сүлөй берем. Андан көрө бир аз аярла, айта турган кеп бар. Ошондо Бөрүбай чалды жаман көрө жалт караган дейт. Чал дагы Бөрүбайды арбап жиберүдөй андан көзүн албаптыр. Ушу жерден балдарым, Бакалбай чалдын өң-түсүн силерге айта кетейин. Өңү керсары, көзү чекир, сакалы суйдаң саргыч, башында сары түлкүнүн бучкагынан тигилген малакай. Айтор, адам десе адамга, куучу десе куучуга окшош, өзүнчө бир жаткан жан экен го ал. Ал улам куулуп, бирде күлүп, бирде сустаят. Сыягы, бечара жигитти сынай карагансыйт.
- Сизге кай жеримден жаздым? Эмнеге эле мени аңдыйсыз? Жолумду торобо, аксакал, - деп Бөрүбай жалооруду.











??.??