presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№18, 03.06.08-ж.
  Баракелде-ее!

"Жүз миң сом Эшимкановдун чөнтөгүнөн берилет"
Кыргыз эли эзелтеден эле өнөргө бай калк эмеспи. Нечендеген таланттар эл ичинде казылбаган алтындай уюп жатканы баарыбызга белгилүү. Кичинекей мамлекетибизде көп сандаган талант көзү тазаланбаган булактай шар ага албай келет.Мына ошол биз билбеген таланты ташкындаган замандаштарыбызды эл алдына алып чыгып, жакшы маанай жаратып жаткан КыргызТелекөрсөтүүсүндөгү "Баракелде -ее!" теле долбоору барган сайын өз күйөрмандарын арбытып келүүдө.
Баракелде берүүсүнүн жаралыш тарыхына саресеп салуу максатында теле долбоордун негиздөөчүсү Тезекбаева Элмира Асанбековнаны кепке тарттык.

- Эже, бул долбоор кандайча пайда болду эле?
- Мелис Эшимканов УТРКга келгенден тартып эле элге жакын берүүлөрдү даярдоого кеңеш берген. Азыркы учурда кыйынчылыктын капшабына камалган караламан калктын катмарында катылып келген элге белгисиз таланттарды эл алдына алып чыгууну эп көрдүм.Өзүңө деле белгилүү болсо керек, УТРКда жаңылануу максатында конкурс жарыяланган эмеспи. Ошол конкурста бир топ теле долбоор катышты. Конкурстун жыйынтыгында мен негиздеген теле долбоор жетекчиликтин купулуна толду. Элдин жүрөгүнө жакын, туура деп жакшы кабыл алышты.
- "Баракелде-ее" теле долбоору жетекчилик жактан жакшы кабыл алынган соң ишке ашышы оңой болсо керек?
- Машакаты жок эч нерсе жок .Теле долбоорду эл алдына алып чыкканга чейин не деген сын пикирлер айтылды .Кулак укса курсак кайнайт дегендей канча жолу жүрөк ыйлады.Өзүм максат коюп эл алдына алып чыгам деген долбоор ишке ашпай калбас үчүн күн түн аракеттендим.Аракет кылсаң берекет дегендей аракетимдин акыбети кайтып идеямды ишке ашырдым.
- Теле долбоорго "Баракелде-ее" деген ат кайсыл максатта коюлду?
- "Баракелде-ее" деген атка чейин бир топ аттар айтылды .Мисалы, "Атың чыкпаса жер өрттө" , "өнөрүң болсо өргө чап" деген. Бирок бир сөз менен айтып көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк табаар деген мааниде баракелде деген атка токтолдук.Баракелде деген теле долбоордун жүрүшүндө катышышкан ар бир талапкерди баракелде деп кубаттап тургандай касиетке ээ.
- "Эл ичи өнөр кенчи" дейт эмеспи .Ошол оргуштаган өнөрүн өргө чаба албай жүргөн таланттарды кантип издейсиңер?
- Туура.Элибиз өнөргө бай калк келет. Ошол билинбей ,эл алдына чыга албай белгисиз бойдон катылган таланттарды туш тараптан издейбиз. Акимчиликтер менен айыл өкмөттөргө кайрылабыз.Кыскасы талантуу замандаштарыбыздын өнөрлөрүн элге тартуулоо үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.
- Теле долбоордогу калыстар тобу кимдер тарабынан тандалган. Эл ичинде "Сырга Жапар кызынын ордуна Айчүрөк, Динара, Алиналарды койсо болбойбу?" - деген суроо жаралууда.
- Калыстар тобу жетекчилик тарабынан тандалган .Менин жеке пикиримде туура тандалган .Кадырбек Тажиев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.Сырга Жапар кызы "Шаттык" бий ансамблинин көркөм жетекчиси, Эл агартуунун отличниги.
Башка ырчылар менен Сырганын ордун алмаштырууга болбойт, себеби бийчилердин ар бир кыймылына көз салып баалап турат.Калыстар тобунун дагы бир мүчөсү теле долбоордун ар бир чыгарылышында өзгөрүп турат. "Баракелде - ее" теле долбоорунун алгачкы чыгарылышында КР эмгек сиңирген артисткасы белгилүү композитор К.Эралиева, экинчисинде Курмангазы Азыкбаев шайланды.
- Теле долбоордогу сиздер берген 100000 сом сыйлык чын эле берилеби же жөн гана рекламабы?
- Ал эч кандай реклама эмес .Ал байгени М.Эшимканов өз чөнтөгүнөн жеңүүчүгө белек кылат.
- Теле долбоор канча убакытта аяктайт?
- Быйылкы жылдын декабрь айында КР улуттук цирки менен бирдикте чоң гала концерт менен аяктайбыз. Жаңы жылда жаңыча шаң күч менен башкача нукта эл алдына чыгабыз деген үмүттөмүн.

Маектешкен А. Шадыбекова










??.??





??.??