presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№18, 03.06.08-ж.
  Саламат плюс

"Бекеринен гипертонияны "Тынч адам өлтүрүүчү" деп аташпайт да"
Кыргызстандагы калктын өлүмүнүн 40 пайызын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 47 пайызга жетет. Республикабыздагы эң кеңири тараган оору - бул артериалдык гипертония оорусу. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен мына ушул багытта теренирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо жана ден-соолукту чыңдоо бирикмелик бейтапканасынын терапевт бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун отличниги Райкан Акматованы кепке тарттык.

Гипертониялык оору деген эмне?
Гипертониялык оорунун эң негизги белгиси - бул кан басымынын жогорулап кетүүсү. Кан басымынын жогорулашы кандайдыр бир убакыттын ичинде паталогиялык процесске (жүрөк, баш, мээ, бөйрөк, көз оорулары) алып келет. Адатта кан басымынын жогорулашын анын даражаларын текшерүү аркылуу билишет. 140 жана 90мм сымап мамычасынан жогорку көрсөткүч кан басымынын жогорулагандыгын түшүндүрөт. Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча артериалдык гипертония (кан басымынын жогорулашы) калктын 25-30 пайызында кездешет экен. Ошондой эле артериалдык гипертонияга жашы улгайган адамдар көп учурашат. 60 жаш курактан жогору ар бир 2-3 адамдын кан басымы жогорку болот.

Дарыгерлердин милдети
Биздин милдетибиз ооруга жана оорунун күчөп кетпешине карата алдын-ала профилактика өткөрүү. Ал эми профилактиканын эң биринчи кадамы - бул калкка медициналык билим берүү. Ушундай максат менен биздин ооруканада гипертониктердин клубу ачылган. Ал клубга гипертония менен жабыркаган биздин оорулуулар жазылышып, аларга атайын гипертониялык оору жөнүндөгү өз алдынча сабактар өтүлүп турат.
Адам ден-соолугунун 50 пайыздан ашыгы анын жашоо образына, 20-25 пайызы айлана чөйрөнүн таасирине байланыштуу болсо, 15-20 пайызы генетикалык факторлорго, 8-10 пайызы саламаттыкты сактоонун балына көз каранды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Байыркылар "Эгер оорулуу оору менен бириксе, дарыгер алсыз, эгер оорулуу дарыгер менен бирге ооруга каршы күрөшсө, оору жеңилет" деп айтышкан. Анын сыңарындай оорулуу менен дарыгер гипертониялык ооруга каршы күрөшүүдөгү өнөктөштөр.


Дарылоо жолдору
Дарылоонун негизги максаты - кан басымынын деңгээлин керектүү деңгээлге жеткирүү жана ошол деңгээлде кармап туруу менен бирге жашоо сапатын жогорулатуу. Бул үчүн биринчиден жашоо образын өзгөртүү (дары-дармексиз дарылануу), экинчиден дары-дармектердин терапиясын (белгилүү бир дары-дармектерди кабыл алуу) өткөрүү керек.
Ал эми дары-дармексиз дарыланууга булар кирет:
o Салмакты көзөмөлдөө - гипертониялык оору менен жабыркаган адамдын салмагынын азайышы анын кан басымынын төмөндөшүнө алып келет. Андыктан дене салмагыңыздын индексин эсептеңиз - ал үчүн дене салмагын (кг) боюңузду экиге көбөйтүп чыккан санына бөлөсүз (кг)/(м2)
20-24,9 - нормалдуу дене салмагы
25-29,9-ашыкча дене салмагы
30-30,9- семирүү
40тан жогору-ашыкча семирүү
Көбүнчө жер-жемиш, жашылчалар, калий, магний, калцийге бай тамак-аш, балык жана деңиз тамактары менен тамактанып, майлуу тамактарды чектөөңүз сунушталат.
o Тамеки чегүүдөн баш тартуу - тамеки чегүү жүрөк кан тамыр оорусунун күчөп кетүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү да кан басымын жогорулатат. Эгер ичсеңиз өлчөмүн азайтып, эч болбосо күнүнө 50-60 гр арак же 200-250 гр кургак вино же 500-600 гр пиво ичүүгө аракет кылыңыз.
Булардан тышкары физикалык активдүүлүктү жогорулатуу (жөө басуу, сууда сүзүү, велосипед тебүү ж.б.) туздуу тамактардан качуу талап кылынат.


Артериалдык гипертониянын даражалары

Кан басымынын жогорулаганы адамга эч сезилбегендиктен оорулууга эрте диагноз коюу - анын эң негизги маселеси. АГ менен ооруган оорулуулар дарыгерге кайрылбастан узак убакыт бою жүрө бериши мүмкүн. Андыктан кан басымын активдүү текшерүү аркылуу гана ооруну билүүгө мүмкүн. Оорунун канчалык эрте билингени ошончолук дарылоо жыйынтыгынын мыктылыгы. Ал эми артериалдык гипертонияга кабылган адамдын жүрөгүнүн салмагы чоңоюп, кан-тамырлардын капталдары жооноюп, атеросклероз тез темп менен өнүгөт. Мындан тышкары көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркап, бөйрөк тканында склероздук процесс өнүгөт. Мына ушундай адамга эч сезилбеген процесстер күчөп отуруп акыры өмүргө коркунуч келтирген эки ооруну туудурат - инфаркт жана мээ инсульту (мээге кан куюлуп кетүү). Эң өкүнүчтүүсү, бул оорулар күн ачык туруп эле күн күркүрөгөндөй күтүүсүздөн пайда болушу мүмкүн. Бекеринен артериалдык гипертонияны "тынч адам өлтүрүүчү" (тихий убийца) деп аташпайт да.
Кан басымынын жогорулашына алып келүүчү себептер:
Кандагы холестериндин көбөйүшү, тамеки чегүү, психоэмоционалдык стресстин көп болушу, аз кыймылдуу жашоо образы, гормоналдык дары-дармектерди токтоосуз колдонуу.


Айыгууга болобу?
Эсиңиздерде болсун, грипптен айыккандай гипертониядан толугу менен айыгуу мүмкүн эмес. Бирок, сергек жашоо образына өтүп, жогорку натыйжалуу дары-дармектерди колдонуу аркылуу Агга көзөмөл жүргүзүп, анын оор абалга өтүп, күчөп кетишинен сактанса болот. Дарылоо дарылап жаткан дарыгердин көзөмөлүндө, узакка жана үзгүлтүксүз болуусу зарыл.


Ден соолук!!!
Рак, онкология, миома, жүрөк, кан тамыр, инфаркт, инсульт, ашказан жарасы, гастрит, гепатит, бруцелез, остеохондроз, полиартрит, радикулит, кант диабети, геморрой, тукумсуздук, тери оорулары, анемия, импотенция, гипертония
Тибет ден-соолукту чыңдоо медицинасы мына ушул оорулардан айыгууну сунуш кылат. Стабилдүү жыйынтык! Дарыгердин дайындоосу жана кеңеши акысыз!
Тел: 0773 63-48-43, 0555 67-14-18


Асхат Айсаракунов










??.??