presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№18, 03.06.08-ж.
 "Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...

Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

86-91-серияларында…
Анастасиянын койгон талабын аткарыш үчүн Ярик атайын Иванга адвокат жалдайт. Ваня өзүн куткарууга Светослав Федотов кийлигишкенине жини келип, анын жардамынан баш тартат. Ярик эмнегедир Сашаны күнөөлөйт, себеби ал өлүм болгон түнү кайсыл жерде жүрүп, каякка барганын толугу менен билбейт. Веник, Сашага Слава болгон чындыкты билээрин айтса, ал шаардан качууга камынат. Виктория Анютаны алыс кетпе деп суранат. Веник Сашага болгон чындыкты айтып, Ярик өлбөй эле Светик өлгөнүн айтса, ал Ярикке болгонун -болгондой айтып Пётр Аркадьевичке чалганын мойнуна алып, Ярик аны сотто баарын айтып бер деп суранат. Анюта Викториянын сунушуна макул болуп, бирок бир талап коёт - Светик Динаны өз кызым деп милдетин алыш керек. Ярик Ася экөөнүн таанышканына бир жыл болгонун белгилеш үчүн ресторанга алып келет. Галина күйөөсүнө - "Адвокаттын жардамын кабыл аласың же болбосо боюмдагы баланы алдыртам" -деген катуу талап коёт.
Иван адвокаттын жардамы менен "эч жакка чыкпайт" деген шартта абактан бошотот. Виктория Анютага Светик Динанын кызы экенин мойнуна алууга макул экенин билдирет. Светлана Чпокко кызын жайына коюусун суранса, көңүлү чөгүп жашоосу бир тутам болгон Чпок, цирктеги өзүнүн номерин жакшы аткара албай коёт.
Саша менен Ярик тергөөчүнүн жардамчысына барып, Пётр Аркадьевич жөнүндө эмне билишсе, ошонун баарын айтып берет. Ярик Асяга Иван түрмөдөн чыкканын кабарлайт. Ал эми Ярик Светиктин атынан көрсөтмө бергени үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Галина Алёнага боюнда жок экенин айтып, жөн эле Иванды жашоого үгүттөп, өзү үчүн күрөшүш керек, күнөөсүн мойнуна албай, баласы үчүн абактан чыгаруу максатында кылганын айтат. Тергөөчүнүн жардамчысы Петр Аркадьевичти издеп казиного келет.
Асянын кыйналып аргасыз жашап жүргөнүн көргөн Ярик аны кайра циркке алып баруу сунушун киргизет. Галя күйөөсүнө Асядан кызганып бир топ ызы-чуу салат. Иван Асяга келип күйөөң менен жашабай эле кой деген кеңешин берет. Ярик Асяга Светик эмес экенин айтууга дагы бир аракет жасап көрөт. Сашанын артынан күнү-түнү кайтаруу жүрсө, казинодо отурган Пётр Аркадьевичтин жанына мас болгон Мальковцев келип уурдалган фибуламды кайра өзүмө бер деп доолай баштайт.
Ярик Асяны өрттөнгөн квартирадан алып чыгып, инспектордон бул атайын өмүрүнө кол салганын билишет. Галина Ивандын өзүн-өзү өлтүргүсү келгенби деп шек санай баштайт. Ярик менен Ася ата-энесинин үйүнө көчүп келишет. Петр Аркадьевич Лерага өрттү ал уюштурбаганын айтып, ишендирүүнүн аракетин кылат. Сашанын коопсуздугуна тынчсызданган Ярик анын үйүнө оперативникти койдуруп, тергөөчүнүн жардамчысына Пётр Аркадьевичти эртерээк кармагыла деп суранат.





  Кызыктар дүйнөсүндө

Ата-энесине кол салган
кичинекей кыз
42 жаштагы Питер Стоун 8 жаштагы кызынын колунан каза болот. Тагыраак айтканда Питер кызына кечки тамакты бербей койсо жини келген кичинекей Саманта атасынын чайына келемишти өлтүрө турган дарыдан 72 таблетканы салып калган. Эч нерседен шек албаган Питер чайды бир ууртагандан кийин эле тиги дүйнөгө сапар алган. Саманта Стоунга "кичинекей, кылган иштерине жооп бере албайт" дешип шарттуу гана жаза беришкен. Бирок, бир айдан кийин эле ал апасынын жашоосуна дал ушундай жол менен кол салган.

Москва жөнүндө кызыктуу
фактылар
Саат 7ден баштап ар бир мүнөт сайын же болбосо андан кечирээк 47025 адам ойгонот. Ар бир мүнөт сайын 5633 адам метрого кирип, 6005 адам автобуска же таксиге отурушат. Пушкиндин аянтынын жанынан ар бир мүнөт сайын 104 адам өтөт. Ар бир мүнөттө 1877 адам интернетке кирип, 1077 адам андан чыгат. Бир мүнөттө Москвалыктар 2 тонна эт, 409 кг балык жешет. Ар бир беш мүнөт сайын 1 адам жарык дүйнөгө келип, ар бир төрт мүнөт сайын бир адам каза болот. Ар бир жарым мүнөт сайын бирден машинаны айдап качышат. Ар бир мүнөт сайын 1094 литр сыра ичишет.

Москва жөнүндө кызыктуу
фактылар
Саат 7ден баштап ар бир мүнөт сайын же болбосо андан кечирээк 47025 адам ойгонот. Ар бир мүнөт сайын 5633 адам метрого кирип, 6005 адам автобуска же таксиге отурушат. Пушкиндин аянтынын жанынан ар бир мүнөт сайын 104 адам өтөт. Ар бир мүнөттө 1877 адам интернетке кирип, 1077 адам андан чыгат. Бир мүнөттө Москвалыктар 2 тонна эт, 409 кг балык жешет. Ар бир беш мүнөт сайын 1 адам жарык дүйнөгө келип, ар бир төрт мүнөт сайын бир адам каза болот. Ар бир жарым мүнөт сайын бирден машинаны айдап качышат. Ар бир мүнөт сайын 1094 литр сыра ичишет.

Ичимдик көңүлдү көтөрөбү?
Адам бир нерсеге капа болуп, көңүлү чөгүп турганда колу аргасыздан арак куюлган бөтөлкөгө анан стаканга сунулат. Көңүлдү көтөрүш үчүн болушунча аракка тоюп алыш такыр туура эмес, ал эми чын эле адам өзүн жакшы сезиш үчүн 20-30 мл арак же коньяк же болбосо 40мл вино же мартини ичүүсү гана керек.




  Пайдалуу кеңештер

Экинчи ээк үчүн көнүгүүлөр
Ар бирибиз байкагандай иш учурунда болобу же китеп окуп, жазып олтурган кездеби, башты ар дайым эңкейтип кармоого туура келет, ошондон улам бара-бара моюндун эти бошоңдой баштайт. Ал эми адам семире баштаса, ошол бошоңдогон бөлүк кийин эттенип олтуруп, "экинчи ээк" пайда болот. Аны жоготуш үчүн же жок эле дегенде кичирейтүү үчүн атайын көнүгүүлөр керек. Көнүгүүнү жасоо алдында моюнду муздак суу менен жууп алыңыз. Андан кийин башыңызды бурбай түз олтуруп, оң колуңуз менен ээк алдын бош кармап, оңго анан солго карай 3 - 4 мертебе моюнду тегиз айландыруу менен баштаңыз. Күн өткөн сайын арбытып олтуруп мындай ыкманы 10-15 ке жеткирүүңүз кажет. Ал эми көнүгүүдөн кийин мээлүүн суу менен моюнуңузду жууп коюңуз. Суусун сүлгүгө сиңирип алып, териңиз кургак болсо, моюнуңузга майлуу бетмайдан сиңире сүйкөп коюңуз.

Ит мурун
Ит мурунду элдик медицинада көптөгөн ооруларга карата ар кандай ыкмада колдонуп келишет. Маселен, боор жана өт баштыгынын сезгенишинде кайнатылган суусун ичсеңиз пайдалуу. Мөмөсү болсо табитиңизди ачат жана ооруган ооруңузду тынч алдырат. Ал эми ширесин 1- 2 аш кашыктан жөтөлгө каршы пайдалансаңыз болот. Мындан сырткары ит мурунду - бөрү карагат, кадимки дарчы, каакым, кызыл мыя өсүмдүктөрүнүн тамыры менен аралаштырып андан даярдалган аралашмадан 1 аш кашык алып, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 15 мүнөт кайнатып тундурмадан күнүнө үч стакан ичсеңиз убайымга салган ооруңуздан акырындык менен айыга баштайсыз.

Ашкабак
Ашкабактын уругу организмдеги ар кандай мите курттарды жоготууда өзгөчө пайдалуу таасири бар. Элдик медицинада ашкабактын уругу заара жолдору сезгенип, заарада кан пайда болгон учурларда колдонулат. Аталган өсүмдүктүн уругуна айдалма кара куурайдын уругун кошуп, аны жакшылап майдалап бүткөндөн кийин, үстүнө суу куюп аралаштырат. Эки уруктун аралашмасынан сүткө окшогон бозомук түстөгү эмулсия пайда болот. Аны күнүнө 1-1,5 стакан ичүүңүз кажет. Ал эми мителерди чыгаруу үчүн бозомук кыртышы менен кошо майдалап, үстүнө аз-аздан сиңире суу куюп боткого айлантыңыз. Мунy чоң кишиге бир стакан, балдарга болсо жарымы сунушталат. Арадан 3 - 4 саат убакыт өткөндөн кийин ич алдыруучу эритме ичесиз да тазалоочу клизманы дарыгердин жардамы аркылуу жасайсыз.


Жүрөк астма оорусу
Жүрөктүн астма оорусу көбүнчө түнкүсүн кармайт. Мында түн уйкудан демиңиз кысылуудан ойгонууга аргасыз болосуз. Демиңиз кыстыкканда жөтөл күчөп, көбүктүү какырык чыга баштайт. Алыңыз кетип денеңизден муздак тер чыгып, териңиз көгүштөнө баштайт. Оору коркунучтуу болгондуктан дарылоону кечиктирбеңиз. Бийик жерге бутуңузду салаңдатып олтуруп, таза абадан дем алууңуз кажет. Мүмкүнчүлүк болсо, кычкылтек жаздыкчасынан кычкылтек менен дем алып, тез жардам чакырганыңыз оң. Өткөн - кеткенди көңүлүңүзгө албай таза абада көбүрөөк эс алууңуз керек.


Чач түшкөндө
Элдик медицинада чалкандын дарылык касиетин көптөгөн ооруларды айыктырууда пайдаланып келет. Маселен: чач токтоосуз шыпырылып түшүп, таз болуп бараткандарга аталган өсүмдүк өтө пайдалуу. Ал үчүн чалкан дүркүрөп өсүп турган убагында кыркып аласыз да таза сууга 25-30 мүнөт кайнатасыз. Даярдалган суусун чачыңызга ылайыктап алып жууйсуз да, кайнак суудан алынган бариктерин кечиндеси чачыңызга тегиз ороп, түшүп кетпесин үчүн жоолук же шөкүлө кийип жатасыз. Мындай ыкманы күнүгө үзгүлтүксүз кайталап турсаңыз 25-30 күн аралыгында кадимкидей капкара чач түбүнөн өсүп чыгат.










??.??