presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Кыргыз искусствосу азыркы күндө

Айсалкын Кыйыкбаева:
"Жайлоонун гүлдөрүн жактырамын…"
Жарк этип, театр сферасына кайталангыс көрк берип, не бир сонун образдарды жаратып, театр сүйүүчүлөрү тарабынан өз баасын, татыктуу ордун алып, тарых барактарында ысымдары бадырайып жазылып, кылым өтсө да унутта калбай, муундан-муунга жашап калчу эки өмүрлүү залкар таланттарыбыздын жолун улап, алар тургузган пайдубалды андан ары түптөп, улантып келе жатышкан өнөрпоз жаштарыбыздын изги аракеттерине ичиң жылып, ыраазы болосуң.
Гезитибиздин бүгүнкү чыгарылышында белгилүү актёрлорубуздун бири Марат Козукеевдин жубайы-үйдө мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар, театрда профессионалдык деңгээли бийик, таланттуу актриса Айсалкын Кыйыкбаева менен ой бөлүшүп, баарлашкан элек.

- Айтсаңыз, үй-бүлөлүк коломто канткенде бекем, урагыс болот?
- Менимче, ал үчүн эң биринчи түгөйлөр бири-бирин тереңден түшүнүп, урматтоо сезимин баарынан жогору коюулары керек. Жубайлар ортосундагы ишеним- бакубаттуу жашоонун пайдубалын түптөп, жаркыраган кең келечек тартуулайт.
Негизи үйдүн куту- бул аялзаты. Анын ниети ак, жүзү жарык жана кечиримдүү болуусу шарт. Анткени, аялзаты коломтонун очогун өчүрбөй, аны бекемдеп, сактап, береке, тазалык, ынтымак-ырыскы орнотуучу ыйык жан эмеспи. Айтаарым, мырзаларыбыз ушундай аруулукту ар тараптан колдоп-коштоп, аздектеп, баалап-барктап жүрүшсө.
- Жолдошуңуз экөөңүздөр бирдей чыгармачыл адамдарсыздар. Бул кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлөлүк жашооңуздарга кедергисин тийгизбейби?
- Чынын айтсам, биздин кесибибиз бактылуу жашообузга кедергисин тийгизип, тоскоол болот деген ойдон алысмын. Марат экөөбүздүн жүрөгүбүз "Театр!" деп согуп, "Театр!" деп жашап келебиз. Биз көкүрөгүбүзгө байыр алып, көөдөнүбүзгө тынчтык бербеген Улуу сахна дүйнөсүнөн өзүбүздү бөлүп карай албайбыз. Албетте, аны менен катар өмүргө гүлазык болчу үй-бүлөлүк абалыбызды да жакшыртып, эки кызыбызды татыктуу тарбиялап жатабыз. Кыскасы, чыгармачылык менен катар үй-бүлөлүк бактыбызды да бирдей, тең салмакта алып кетүү- биздин эң башкы милдетибиз жана максатыбыз деп билебиз.
- Марат агай спектаклде жапжаш, татынакай кыз менен өнөктөш болуп, роль ойноп калса, кантсе да ичтен кызгансаңыз керек?
- Билсеңиз, сахнага чыкканыбызда биз жеке жашоону унутта калтырып, бир гана жаратып жаткан образыбыз тууралуу ойлонууга тийишпиз. Эгер андай болбосо, образ өз деңгээлинде, максатына жете жаралбай калат. Бул биз үчүн аябагандай түйшүктүү эмгек. Андыктан, мен Маратты жөнү жок кызгана берүүдөн алысмын. Маселен, "Сен аны кучактап, өөп койдуң" дей албайсың. Мындай деп айтууга менин акым да жок. Анткени, ал биздин жумушубуз.
Бирок, ар нерсенин чеги бар. Сахнада өнөктөшүң менен сүйүшкөндөрдүн ролунда ойноп жаткан болсоң, чеги менен өбүшүп, чеги менен кучакташасың. Сахнанын да өзүнүн этикасы, тартиби болот. Биз аны окуп, үйрөнгөнбүз.
(Күлүп…) Анан эле көшөгөнүн артына барып алып деле кыналышып, өбүшүп жатышса, анда иш башка. Менимче, мындан жаман көрүнүш болбосо керек.
- Жакында эле "Чынгыз хандын ак булуту" спектаклинде сиздер башкы каармандардын ролунда ойноп, театр сүйүүчүлөрү үчүн эсте калаарлык, эң сонун образды ачып бердиңиздер. Жубайлардан болгондуктан арзышкандардын ролун жаратууда анчалык деле кыйынчылыктар болбогондур?
- Мм…Турмушта кыйынчылыксыз эч нерсе жаралбайт. Баары сыдыргыга салгандай тегиз боло бербейт. Чыныгы жашооңдо дайым эле бири-бириңди жалындап, жалбырттап сүйүп жүрбөйсүң да. (Күлүп…) Көп убакыттан бери мен спектаклде ойногондой Марат менен анчалык өбүшө элек элем. Мен ачып берген Догуландын образы менин мүнөзүмө, жан дүйнөмө карама-каршы келген образ болчу. Ошондон улам көп түйшүк, изденүү аркасында ийгиликтер жаралды деп ойлойм. Марат экөөбүз бири-бирибизди толуктап, жардам беришип, натыйжада, топтолгон күчтүн аркасында баалуу табылга пайда болду окшобойбу. Аталган спектаклди эл жогору баалады. Биз үчүн мындан өткөн сыймыктуу нерсе жок.
- Эрдене менен Догуландын ролунда ойноп жатканыңыздарда Марат агай экөөңүздөр жагымдуу сезим калтырган жаштык кезиңиздерди бир эстеп өтсөңүздөр керек?
- Туура, андай жылуу көз ирмемдер болду. Кандай десем, жогоруда сөз болгондой жашоонун түмөн-түйшүктүү жолунда ашыктык сезимдер деле анчейин көңүлгө алынбай, дайым эле арзышып жүрбөйт экенсиң. Андыктан дал ушул "Чынгыз хандын ак булуту" спектаклинен соң, Марат экөөбүз көмүскөдө калып бара жаткансыган махабатыбызды, бийик сезимдерибизди тапкандай болдук. Башкача айтканда, жаш кездеги жагымдуу ашыктык сезимдер кайрадан жанданып, ойгонгондой элес калтырды.
- Агай сизге эң алгач эмне белек кылды эле?
- (Ойлонуп…) Алгач баш кошо элек кезибизде Марат мага: "Өзүм чыгаргам" деп ыр окуп бергени эсимде. "Ыр жазат тура" деп мен да ичимден суктанып калгам. Бир курдай Алыкул Осмоновдун ырларын барактап, окуп жатсам, Мараттын мага окуп берген ыры жүрөт.
"Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп"- деген саптар көзүмө урунду. Көрсө, Марат менин көңүлүмдү арбаш үчүн алп акындын аталган арзуу саптарын "өзүмдүкү" деп окуп койгон тура.
Азыр деле күлдүрүп: "Баягы ырларыңдан окуп койбойсуңбу?" деп калам.
- Жашооңузда чындыкка жеткен учуруңуз болдубу?
- Сахнада аткарган ролуң аркылуу чындыкка жетишиң мүмкүн. Ал эми чыныгы жашоодо балким, келечекте чындыкка жетишээрбиз…
- Чыгармачылыктагы бийиктик деп эмнени айта аласыз? Дегеле адам кандай учурда жылдызы жанган бийиктикке жете алат?
- Жараткан тарабынан ыроолонгон анык, чыныгы талант - бул чыгармачылыктагы бийиктикти жаратат. Бирок, андай улуулуктун чеги болбойт. Чыныгы талант ээси: "Мен чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим!" деп эч качан айтпайт.
Таланттардын ар бир басып өткөн изи улуулук менен коштолуп жүрүп олтурат да, сиз айткан бийик атты артына өчкүс кылып калтырып кетет.
- Чыныгы арзышкандар арасында деле көңүл калуулар болушу мүмкүнбү?
- Арзышкандар ортосунда көңүл калуу болмоюн бекем сүйүү да орнобойт деп билем.
- Жакшы жооп болду. Атыңызга-затыңыз жарашып, жамалыңыздан нур төгүлгөн жылдыздуу жансыз. Айтсаңыз, дегеле аялзатынын сулуулугу эмнеде?
- "Сүйкүмдүү аял картайбайт да картайтпайт" деген жакшы сөз бар. Жан дүйнөдөгү байлык, аруулук сырткы сымбатка да чыгып, ага өзүнчө бир өзгөчөлөнгөн көрк берип турса керек.
Аялзатынын сулуулугу - анын турган турпатында камтылып турат. Сулуулукту да багып, аздектеп туруу зарыл. Ал деле кадимки үлбүрөгөн гүл сымал назик нерсе. Ал баркталбаса, соолуп, жок болушу да мүмкүн. Андыктан, айымдар өз сулуулугуна өзүлөрү кайдыгер карабай, кам көрө билишсе дейт элем.
Эң башкысы, майда-бараттан алыс болгон жан дүйнө сулуулугу, адамгерчилик-баарынан кымбат.
- Көңүлүңүз ооруп, кыйналганыңызда кантип алаксыйсыз?
- Мындай абалга кабылсам сөзсүз түрдө жалгыздыкты самайм. Ыр китептерди окуйм. Өзүм жараткан образдарды көз алдыма келтирип, таттуу кыялдарга чөмүлөм. Кыскасы, жакшы элестерди ойлоп, көңүлүмдү агартканга, тазартканга аракет жасайм.
- Гүлдөрдүн кандай түрлөрүн жактырасыз?
- Жайлоонун гүлдөрүн жакшы көрөм. Өзгөчө кочкул кызыл түстөгү жайлоонун коңгуроо гүлдөрүнүн жыты да өзгөчө жагымдуу, көркөмү да ажайып кооз, кереметтүү болот эмеспи.
- Кайсы бир образды жаратууда энергияны бошко кетирүү да зыян болот го?
- Ооба, дал ошондой. Мен спектаклге даярданып жаткан учурумда адамдар менен көп сүйлөшпөй, телефонумду өчүрүп коюп, жаратмандык, изденүү менен иштегенди каалайм. Эгер энергияңды бошко кетирип, андан башка иштер менен да алагды болсоң, анда эмгегиң натыйжасыз болуп калаары чын. Андыктан, образ жаратууда сахна менен гана дем алып, аны менен жашаганың абзел.

Баарлашкан
НУР- КЫЯЛ










??.??