presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Бир собол

Түгөйүңүз көзүңүзгө чөп салса эмне кылат элеңиз?
Асылбек Өзүбеков, актёр:
- Силер мага кеңеш берип койгулачы, эмне кылайын? Билбейм эми, 30 жылдан ашык жашадык андай нерсе боло элек. Кудай анын бетин ары кылсын. Эгерде эми ушундай болуп, ачыла элек экинчи сүйүүсү ачылып, менден жакшысын, менден сулуусун, менден да катуу урматтай турганын таап алса анда экөөнө бакыт тилеп, өз жолдоруна салып, бошотуп коймокмун. Балдарыбыз чоңоюп, эс тартып калганда бизден андай нерсе алыс эле турсунчу деп Кудайдан тилейм.

Кубан Эсенбаев, теле алып баруучу:
- Мен өзүмдү аябай жакшы көргөндүктөн бирөөнү өзүмдөн өйдө, өзүмдөн ылдый деп эсептебейм да, ошол үчүн жакшы көргөн адамымды көп деле кызгана бербейм. Уруш-талашка деле жакын эмесмин. Эгер жубайым андай жолго барса ишеничтен кетиши мүмкүн. Бирок, ызы-чуу салып, баркымды кетирбестен бир айласын көрмөкмүн.

Жанара Атабекова, ди-джей:
- Эгерде эркек аялынын көзүнө чөп салса үйбүлө бузулбайт, аял күйөөсүнүн башын аттаса чоң күнөө болот деп шарыятта айтылган экен. Менин жолдошум ошондой жолго барса эч нерсе кылмак эмесмин. Себеби, ал эркек да. Бир аз таарынып койгонум менен, сен мени алмаштырдың деп үйбүлөмдү бузбайт элем. Менин чоң энемдин жакшы сөзү бар: "Бирөөгө таарынсаң, таарынычың жүз аарчы кургаганча жазылсын" деген.

Жанета Бобкова, ырчы:
- Эң биринчи Кудайдан андай болбосун деп тилек кылам. Андай кырдаалга туш келбегендиктен эмне деп жооп берээримди да билбей турам. Эгерде жолдошум ушундай чечсе, ошол менен бирге кол кармашып кете бер деп, кол үзмөкмүн. Эркек болгондон кийин андай жолго деле барышы мүмкүн. Бирок Денисти көзүмө чөп салат деп элестете албайм.

Кубик Калыков, ырчы, куудул:
- Андай нерсе биздин менталитетке туура келбейт да. Кыргыз элинде көзгө чөп салуу деген түшүнүк таптакыр болбош керек деп ойлойм. Эгерде жубайымдын ошондой кадамга барганын билип калсам балта менен чапкылап, майдалап өлтүрүп салмакмын. Кыргыз болгондон кийин тунук атыбызга кир жугузбай бул жашоонун кереметин сезип жашоого не жетсин.

Азиза, ырчы:
- Кудай анын бетин ары кылсын. Аял киши үйбүлөнү сактап калыш үчүн кечиримдүү болуш керек. Ошондо гана бактылуу үйбүлө курулат деп ойлойм. Жашоо деген - жашоо экен, бир калыпта турбастан өйдө-төмөн нерселер болуп турат. Ошондуктан кээде анча-мынча нерсеге көз жумуп коюу туура эле болсо керек.

Рустам Аташев, кинорежиссёр:
- Биринчиден аял киши көзгө чөп салгандан мурда андай нерсени ойлонуп да койбош керек. Нукура кыргыз айымы мурдатан эле жолдошунун кеңешчиси болуп жүргөнү айтпасак да жалпыга маалым. "Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы" деп бекеринен айтылбаса керек. Мен аялыма жүз пайыз ишенем. Ал менин көзүмө чөп салып, ала жипти аттаарын элестете да албайм. Жубайыбызды жөн гана аял катары эмес, эне катары да ыйык тутушубуз керек. Ал эми көзгө чөп салуу, ала жипти аттоо батыш тараптан келе жаткан жат көрүнүш. Мен өзүмдүн гана жубайымды эмес, кыргыз асылзаттары андай жолго баспаарына толук ишенем.

Камчыбек Сарыбаев, актёр:
- Кыргыз элинде көзгө чөп салуу деген түшүнүк болбош керек. "Бейиш эненин таманынын астында" деген сөз бар эмеспи. Андыктан үйдүн бактысын качырбай кармап калуу бул аялдын эң биринчи милдети. Ошондуктан андай нерседен алыс болуп, аялзаты ар дайым үйбүлөнүн куту болуп жүрө берсин дейм. Ал эми менин жубайым андай кадамга бармак турсун, барышын элестете албайм.

Жаныш Момунов, ырчы:
- Тү-тү… кыйын суроо экен. Эми мен келинчегимдин мындай жорукка барбасына көзүм жетет. Анткени, мен ала качаардан мурун эки-жагын байкап, куулук-шумдугу жок экенин, ыймандуулугун, адептүүлүгүн көрүп-билип байкап жүрчүмүн. Балким өтө тың болсо мен бир нерседен улам шектенмек белем, а келинчегим өтө жоош. Чыгармачыл адам болгондон кийин ар түрдүү адамдар келет, жадакалса эркектер менен туруп калсам жаныма турбай басып кетет. Ошондон улам эле келинчегимдин кандай адам экенин билсе болот. Мен келинчегиме абдан ишенем жана качандыр бир кезде көзүмө чөп салат деп такыр ойлобойм.

Элмира Кайып кызы, ырчы:
- (Күлүп) мени сурооңор менен жарга такадыңар го. Көзгө чөп салабы, ала жипти аттайбы, эң негизгиси мени сүйүп, менин жанымда болсо болду. Андан башка не керек. Ат бир баспайм деген жерин миң басат эмеспи, анын сыңарындай кызгансак да баары бир ал кадамга баса беришээри анык. Мен ал үчүн үйбүлөмдү талкалабаганга аракет жасайм. Анткени, айланган тоонун бүркүтү, албетте кайрылып уясына конот. Кудай анын бетин ары кылып, өзү сактасын.

Даярдагандар Нурзат, Анара










??.??