presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Сыр маек

Бегимай Бекбоева:
"Артисттердин бут кийимин тазалачумун"
Жагымдуу үнү менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк таап, уккан жанды кайдыгер калтырбаган жаш ырчы Бегимай Бекбоева көпчүлүк окурмандарыбызга белгилүү болсо керек. Бул ырчы кызыбыз ыр дүйнөсүнө жөн жерден келбептир. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи Бегимай Нарын музыкалык драма театрынан чыккан белгилүү куудул жубайлар Токторбек Бекбоев менен Жаңыл Бекбоеванын тун кызы. Чыгармачыл үйбүлөдөн чыккан таланттуу ырчы Бегимай жөнүндө төмөндө сөз болмокчу.

- Бегимай, өлкөбүздүн бардык региондорун кыдырып, гастролдоп келипсиң. Алгачкы сөздү жер-жерлерден болгон жаңылыктарыңдан баштасак.
- Өзүмдүн чыгармачылык концертим менен мамлекетибиздин эң кичине деген айылдарына чейин барып, күйөрмандарымдын жарпын жазып, көңүлүн ачып келдим. Чынын айтканда талант, өнөр, маданият дегенде ичкен ашын жерге койгон, жан дүйнөсү таза патриот жаштар мына ошол айыл жергесинде экен. Таласта гастролдоп жүрүп бир оор окуяга кабылдым. ТаластыкТолкун, Чынара деген журналистка эжелер менин чыгармачылыгымды баалап, ушул кызга жардам берип, китеп чыгарабыз деп жүрүшкөн экен. Тилекке каршы, идеяны сунуштаган Толкун эже Оштон келатып жол кырсыгына кабылып, каза болуптур. Кийин мен Таласка концерт коюп барсам курдашы Чынара эже мага жолугуп, "Толкун досум максатына жетпей кетти, анын арбагы ыраазы болсун үчүн курбумдун тилегин өзүм ишке ашырам "деп мен жөнүндө бардык маалыматтарды алып калды. Кудай буюрса, жакында Султан, Кайрат, Айгерим төртөөбүз тууралуу бир китеп жарыкка чыкканы турат. Аталган китеп чыккандан кийин Толкун эженин мүрзөсүнө барып куран окутуп келейин деп ниет кылып жатам. Ажал деген ажал экен. Моюн сунбашка аргабыз барбы. Чынында мындай кабарды угуп жүрөгүм ооруду.
- Негедир теледен көп көрүнбөйсүң. Мунун себеби эмнеде?
- Менин күйөрмандарым да ушундай суроо менен көп кайрылышты. Аларга "мага теле буюрбаса эмне кылайын" деп коём. Түшүнбөй эле калышат. Анын үстүнө айыл жергесинде УТРКдан башка канал тартпайт экен. Өзүңүздөр күбө болгондой аталган теленин музыкалык берүүлөрүндө баягы эле кайталанма ырчыларды чыгармай адатка айланган. А эмнеге бизди тартпайсыңар десек "ал үчүн жакшы жаңылык болуш керек" дешет. Мен түшүнбөйм, ошол чыгып жаткандар кандай жаңылык алып келип жатканын. Бир сөз менен айтканда кызматтык абалынан пайдаланып, кол ийрисине тартмай болуп жатат да. Бирок, мен мындан коркпойм, жаным да кейибейт. Анткени, мен ыраазы кылган күйөрманды бир да ырчы ыраазы кылып, мен барган акыркы айылдарга бир да ырчы басып бара элек. Менин ийгилигим ушул. Жакында эле Суусамырга концерт коюп барсам 11-класстын 5 кызы биз жаткан үйгө келип, мени менен таанышып, бир бөлмөдө чогуу жаттык. Мен үчүн 20-30 сомдон концерт койсом да күйөрмандарымдын кубанычы чоң бакыт.
- Сен үчүн сахна деген эмне?
- Сахна деген касиеттүү ыйык нерсе. Ошондуктан бул ыйык сахнаны таза адамдар гана басыш керек. Азыр көпчүлүк ырчылар көчөдөгү кийими менен эле сахнага чыгып ырдап атышпайбы. Менимче бул туура эмес көрүнүш. Сахнанын өзүнүн костюму болот, сахнага кийгенди көчөгө кийбеш керек. Бир костюм менен 3-4 ыр ырдап кетип калуу бул элди, сахнаны керек болсо өзүн сыйлабагандык. 2000 киши болобу 20 киши болобу жүрөгүң менен жан дилиңди берип талантыңды тартуулоо бул ырчынын милдети.
- Эгер маданият министри болуп калсаң алгачкы ишиңди эмнеден баштамаксың?
- Биринчи кезекте айылдагы эскилиги жетип урап түшкөн клубдарга көңүл бөлмөкмүн. Себеби биз клубдардын жоктугуна байланыштуу мектептердеги класстарда, эшикте концерт коюп аттык. Союз убагындагы чоң-чоң заңкайган клубдардын көпчүлүгү мал сарай болуп жатат. Айрым клубдарда стул деген жок, туруп көрүүгө туура келет, үстүнөн тамчы тамып турат. Ушуну көрүп зээним кейиди.
- Жашоодогу эң бактылуу күнүң кайсы?
- Эң бактылуу күнүм деп өмүрүмдүн ар бир мүнөтүн айтат элем. Анткени сааттын жебеси жылган сайын, өмүр өтүп, кирпигиңдин ирмелгени артта калат. "Байлар да ыйлашат" демекчи бу жашоодо өйдө-төмөндүк болот. Андыктан барга көппөй, жокко чөкпөй, бүгүнкү күнгө каниет кылып жашашыбыз керек.
- Жалгыз калганда эмне жөнүндө ойлоносуң?
- Негизи чыгармачыл адамдар апенди чалыш келебиз. Биздин тилегибиз, элде той болуп жыргашса, акчасы көп болсо, пенсия алышса дейбиз. Өзү соо киши артист болбойт. "Ой күлүк" дегендей мен кыялданганда самолётко түшүп алып Швейцарияга кетип калам. Андан сырткары үйгө гүл өстүргөндү жакшы көрөм. Жер тамдын алдын жайнатып гүлгө бөлөп, үйдүн ичин бейиштин багы кылып жибергим келет.
- Шариятта "ырчылар шайтандын алдамчысы" деп айтылат. Буга кандай карайсың?
- Туура, шариятта ушинтип айтылат. Бирок биздин ырыскыбызды элдин ичине чачыптыр. Ошону терип жешибиз керек. Ырчы болбосо деле шайтандын жолунда жүргөндөр толтура. Билген кишиге өнөр адамдарынын ичинде ыймандуу кишилер көп. Сахнага чыгаарда бата кылып, келме айтып, ичимдикти оозго албаган ырчыларыбыз ондоп саналат.
- "Кыздын бараар жери күйөө" дейт эмеспи. Турмушка чыгып, жолдошуң чыгармачылыгыңа каршы болсо сахнаны таштаганга даярсыңбы?
- Бардык нерсе адам ойлогондой боло бербейт. Ошон үчүн биз баарына даяр болушубуз керек. Кыз киши болгондон кийин эртеби-кечпи бирөөнүн бүлөсү болобуз. Бул да болсо буйруктан, бирок мен үчүн үйбүлө күтүп, эне болуу биринчи планда. Ошентсе да Айчүрөк, Алина, Каныкей эжелердей болуп эки тизгинди бирдей алып кетсем деп кыялданам. Аны эми убакыт көрсөтөт.
- Биринчи жолу чоң сахнага чыккан күнүңдү эстеп көрчү.
- Менин чыгармачылыкка болгон шыгым 6 жашымдан ойгонду. Ата-энеме кошулуп 4-5 айлап гастролдоп жүрө берчүмүн. Ата-энем сахнага чыкканда көшөгө артында артисттердин бут кийимин тазалап, жыйнап турчумун. Магнитофонго Асел эженин кассетасын салып алып, кызыл шляпаны кийип Асел Турдалиеваны туурап кошуналарга концерт коёт элем. Ошентип жүрүп биринчи жолу Токмокто өткөн Каныкей Эралиеванын концертинде Каныкей эже өзү жетелеп чоң сахнага алып чыккан. Анда 6-класста окуйт элем.
- Эң сезимтал жериң кайсы?
- Юмордук сезимим күчтүү. Болор болбогон сөзгө, керек болсо өзүм сүйлөп, өзүм күлө берем. Анан бардык жеримде кытыгым бар.


Апасы Жаңыл Бекбоева:
- Жаңыл эже, кызыңыздын балалыгы тууралуу эсте калган учурлардан айтып берсеңиз?
- Бегимай 4 жашка чейин бешикке жаткан. Уйкусу келгенде чуркап барып эки бутун салаңдатып бешигине жатып алчу. Буту бешиктен жарым метрдей ашып турат эле. Анан 2 манжасын (сөөмөйү менен ортонун) соска кылып соруп, башын чайкап наркомандай болуп көшүлүп жатып уктап калчу. Бир жолу курбум үйгө келип калды. Ошол учурда Бегимай бешикте адатынча колун соруп, көздөрүн аңтарып, "кайф" алып майрыңдап жаткан. Дос кызым улам эле бешикти карап коёт. Бир убакта мага карап, минтип атпайбы "Жаңыл досум бул нерсеге кейибе, бул да болсо Кудайдын сүйгөн пендеси, менин эжемдин баласы да ушундай болчу, кийин жакшы болуп кеткен"-деп эле атат. Мен тамак жасап аткам, сөзүнө көп деле көңүл бурбай "ии" деп койдум. Көпкө унчукпай туруп кайра Бегимайды карап алып "Ий байкушум десе, Жаңыл бу кызың эмне төрөлгөндө эле ушундай болду беле"- дейт. Анан көңүл буруп ким деп бакырсам катуу тийип кетти окшойт, жалооруп "Кызың майып экенин көрүп боорум ачып атпайбы" дейт. Анан өзүмө келип кызымдын бешикте жатканын көрүп таң калып аткан го деп чуркап барып Бегимайды бешиктен түшүрүп койсом, ал да мойтуңдап басып кетти. Анда досум: кокуй соо эле турбайбы, колун соруп көзүн аңтарып кыймылдап атса, андан да бутун салаңдатып чоң эле кыз бешикте жатса оорукчан окшойт деп жанатан бери сага эмне деп айтаарымды билбей кыйналып жатпаймынбы. Көзгө жаман көрүнөт экен. Кызыңдын бул адатын таштат"-деди. Ошондон кийин колуна чаап жүрүп 8-классында араң соска соргонун токтотподумбу. Бул кызым ушундай кызык кыз эле.

Ж. Маматбаева










??.??