presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Балалык баёо сезим, бактылуу көз ирмем, ойноок мезгил, шаңкылдаган күлкү мына ушунун баары окуучулук доор менен коштолот эмеспи. Урматтуу окурман! Бүгүндөн тартып өмүрүңүздөрдө бир келип кетчү окуучулук алтын күндөрдү эскерүү үчүн гезитибиздин "Классташ" аттуу рубрикасы кызмат кылат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар.

Жангарач Кенжетаев, Айбек Карымовдун классташы:
"Айбек досум кыз жандуу болчу…"
Окуучулук алтын күндөр
- Мен Айбек Карымов менен эс тарткан кезимден бирге өсүп, Токтогул районунун Сарыгамыш айылынын "Бирлик" орто мектебинде 10 жыл чогуу окудум. Андыктан Айбек экөөбүздүн айылда калган ар бир кадамыбыз бирге өттү десем жаңылышпайм. Элестетип көрсөм Айбек бала кезинде азыркыдай сары, бою кичине, ичи челектей томолок келген бала болчу. Аны туугандары "Таш курсак" деп эркелетишчү. Бала чагынан эле "артист" болом деп кыялданат эле. Жаңыдан мектеп босогосун аттаганда эжекебиз "чоңойгондо ким болгуңар келет?" деп сурап калды. Анда мен аким болом десем эжеке ага жетелекте эле Айбек ордунан шашкалактап тура калып "Эжеке мен чоңойгондо акын же артист болом" деди. Кулагыбызга кызык угулдубу билбейм баарыбыз күлүп жибердик. Мындайды күтпөгөн Айбек акырын артты карап туруп балдарга муштумун көрсөтүп койду. Анын муштумун көрүп дым эле дей түштүк. Бул окуучулук күндөрдөн бир көрүнүш. Негизи Айбек сабактарды көңүл коюп, жакшы окучу. Эсимде 3-класска чейинки делосу жалаң "4", "5" менен толтурулган. Ата-энелер чогулушунда эжекебиз А.Карымовдун эске тутуусу, кабыл алуусу абдан жакшы, мунун шоктугун гана жоё албай жатабыз деп мүнөздөмө берчү. 1-классыбызда эртең менен окучубуз. Ошол учурда такыр уйкубуз канчу эмес. Айбек экөөбүз түз жолго түшүп алып мектепке жеткенче жетелешкен бойдон үргүлөп уктап кете берчүбүз. (Күлүп) Кыскасы, өмүрүбүздөгү таттуу күндөрдүн баары окуучулук мезгил менен коштолду. Убакыттын өткөнүн карабайсыңбы, көз ачып жумганча азыр эми өзүбүз ата болуп олтурабыз.

Короздун шорпосун ичип…
- Айбек 3-4-классынан тартып эле Манас айтып, комуз чертип ар кандай кароо-сынактардын жеңүүчүсү болуп баштаган. Концерт дегенде Айбек досум эжекенин оң колу болчу. Мектептик сынактарда кыздар менен акыйнек айтышып, жоолук салынып аялдын ролун аткарчу. 7-класста окуп жүргөндө 23-февралга карата мектепте линейка болуп калды. Тентек Айбек ошондо да жөн туралбай кыздарга тийишип чачтарынан тарткылайм деп Куланчы деген класс жетекчибизден окуучулардын көзүнчө тепки жеди. Агайдын бул жоругуна намыстанган Айбек агайга каяша айтып качып жөнөдү. Айбектин сөгүнгөнүн уккан агайыбыз да ачууланып артынан кууп жөнөдү. Биз өзү тоого жакын жерде жашайбыз да. Мектептин жанында дөңсө (төш) бар болчу. Айбек алдыда чуркап ошол дөңсөгө чыгып алып, агайды таш менен ургулап, жогору көздөй чыгарбай койгон. Айласы кеткен агайыбыз (өзү да улгайып калган эле) "шашпа сен бала менин колума тиерсиң" деп башын чайкап тим болду. Айбек досум ушундай шоктугунан көп мугалимдерди ыйлатты окшойт. Бир жолу каникул мезгилинде жайлоодон Айбектин жүгөрүсүн сугарышканы түшүп калдык. Анын ата-энеси да жайлоодо болчу. Бир мезгилде курсагыбыз курулдап баштады. Анан Айбек жүргүлө кошунабыздын багылган кызыл корозу бар, ошону уурдап ысык шорпо жасап ичебиз деп калды. Анын бул сунушу карын ачып турганда бизге да жага берди. Мен эки жакты карап турдум. Айбек кошунасынын тоок кепесине кирип туруп өзү көздөгөн кызыл корозду кармап чыкты. Анан ошол короздун этинен шорпо жасап бешенебиз тердегенге чейин тоюп алгандан соң "үй ээси билип калбаса экен" деп жүрөгүбүз дүкүлдөгөнүн айт. Кудайдан болуп билген жок. Бир топ убакыт өткөндөн кийин Айбек өзү айтыптыр.
- Мектепте тамеки тартчу белеңиздер?
- Чынын айтсам муну да эрте эле баштап алганбыз. 8-класстан тартып чылым чеккенди үйрөндүк. Коңгуроо болоор замат ажааткананы көздөй чуркайт элек. Андан башка жашына турган жер жок болсо эмне кылалы. Анан ошол жерге кирип алып "кайф" кармап атканыбызда шыйпырдын үстүнөн чыгып жаткан түтүндү көргөн агайыбыз колубуздан сүйрөп директордун кабинетине алып кирчү. Директорубуз "какамушту" алып, жакка салып туруп, 1 саат бою стул көтөртүп койчу. Ошондо да жөн турбаган Айбек кыңылдап ырдап, буттарын кыймылдатып бийлеп бизди күлдүрчү.

Таш жарган түнкү ышкырык же шымы айрылган Айбек
- Айбек көзгө жакын жылдыздуу жигит болгондуктан көп кыздар ашык болот эле. Комуз чертип, аккордеон тартып, гитара ойноп өнөрүн көрсөтүп атып эле бардык кыздарды өзүнө имерип алчу. Биз 3-4 айлап чуркап жүрүп көндүрө албаган кызды Айбек досум бир сүйлөп эле сүйдүрүп алганга уста эле. Чынын айтканда айылда Айбекти сүйбөгөн кыз калган эмес. Өзү да кыз жандуу болчу. Сабакта болсо кыздардын артына отуруп алып столго чачын же болбосо формасынын фартугун бекем кылып байлап койчу. Байкуш кыздар шашкалактап тура калышып жыгылып эле жүрүшчү. Ал тургай олтура калайын дегенде стулун тарта коюп бир кыздын мурдун канаткан. Кечкисин кыздарга Айбек экөөбүз барчубуз. Көрүнгөн эшиктин алдында эле "Булбулум" деп ышкырып турчу элек да. Ушинтип ышкырсак эле биз күткөн кыз чуркап чыга калса гана. Ал мезгилдеги заман такыр башкача эле. Кокусунан бир кыздын далысына колуң тийип кетсе өзүбүздү бактылуу сезип калчу элек. Айбек өзүнөн 1 жаш кичүү бир кызды жакшы көрчү. Күндө кечиндеси Айбек экөөбүз короосун кайтарган иттей болуп ошол кыздын айнегин акмалап качан эшикке чыга калат экен деп эки көзүбүз төрт болчу. Азыр эми "сотка" деген нерсе чыгып айыл жаштары үчүн жолугушуу оңой эле болуп калбадыбы. Биздин мезгилде жолугуп сүйлөшкөн бул жакта турсун, жөн эле эшигинин алдына чыгып, кол көтөрүп койгонун күтчүбүз. Сүйгөн кызы чыгып ошентип кол көтөрүп койсо Айбек досум "Көрдүңбү, биз экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз" деп мактанып калчу. Бир күнү Айбек экөөбүз 100 граммдан басып алып, Айбектин кызынын үйүнө бардык. (Анда 9-класста окуйт элек). Ошол күнү анын үйүндө коноктор бар экен. Кыздын атасы меймандар менен алаксып калаттыр деген ой менен дубалынан ашып өтүп короосуна жашынып алып адатыбызча "Булбулум" деп ышкырып кирдик. Бир маалда атасы артыбыздан келип экөөбүздү эки колу менен желкелеп алды. Алышып атып аксакалдын колунан араң чыгып тоону көздөй качып жөнөдүк. Чуркап баратып тикен зымга Айбектин шымы илинип кетип, тизесине чейин айрылып калса болобу. Анын бөлөк-салак болгон шымын көрүп алып бир күлкүм келет десең. Айла жок күлкүмү ичиме катып чуркап бараттым. Бир мезгилде жанагы аксакал ат менен жетип келип Айбекти кармап алды. Мен болсо өзүм өлбөйүн болуп качып кеттим. Кыйла алыстап барып тыңшасам "Болду ава, акыркы жолу үйүңүзгө барганым ушул болсун, мындан кийин ышкырсам тишим сынсын" деп жалынган Айбектин үнү угулду. Коркконумдан Айбектин жаагы тынганча жашынып жата бердим. Тынчып калгандан кийин дөңсөгө чыксам Айбек көмкөрөсүнөн жатып алып кусуп жатат. Айбекти көрүп боорун жара тепкенби деп коркуп кеттим. Көрсө "ак моюндан" басаардан мурда бал менен чай ичип алган экен. Ошого кусуп атыптыр. Көрдүңүзбү, илгери бир ышкырык үчүн ушинтип жаза алчубуз.




  Бир көз ирмем

Айжамал Кабылова, ырчы:
"Юбкам шыпырылып түшкөндө…"
Мектепте окуп жүргөндө дене тарбия сабагына абдан кызыкчумун. Анда 6-класс болсом керек эле. Бир жолу спорт аянтчада 6-7-8-класстар командага бөлүнүп футбол ойноп калдык. Бир мезгилде ушундай күүлөнүп топту тебейин десем юбкамдын топчусу үзүлүп кетип, шыпырылып түшүп калды. Өзү да жай мезгили болчу. Эки бетим кызарып эмне кыларымды билбей жерге отуруп калдым. Балдарга болсо табылбай эле калды. Шылдыңдап күлүп атышат. Алардын мыскылдаганына чыдабай ыйлап жибердим. Анан кыздарым келип, мени тороп алышып, мектепке алып кирип кетишти. Ошондо жаман уят болгом. Азыр кайсы классташыма жолукпайын "юбка" эсиңдеби деп айта беришет.

Съездбек Искеналиев, ырчы:
"Агайым аккордеон менен башка чапты"
- 8-классымда 8-мартка карата жалаң балдар концерт коймой болдук. Ага атайын райондон комиссиялар келмек. Үч мугалимибиз бизди сабакка да киргизбей бир ай даярдашты. Концертти мен алып бара турган болдум. Андан сырткары концертте көп номерлерге катыштым. Анан эле бүгүн концерт деген күнү мал кезүүсү бизге келип калыптыр. Үйдө менден башка мал кайтара турган эч ким жок эле. Анан ойлонуп көрүп ата-энемди сөзгө калтырбайын деп баарын жыйыштырып, куржунга нан, айран салып мал кезүүгө чыгып кеттим. Ошол күнү мени аябай издешиптир. Эртеси мектепке барсам бизди даярдаган музыкант агайыбыз аккордеон менен башыма бир чаап, кууп чыккан. Арадан 3 күн өткөндө апамды ээрчитип араң мектепке келгем. Ошол күндү азыр эстеп ушунчалык да жоопкерчиликсиз боломбу деп күлүп калам.

Ж. Калдарова










??.??