presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№19, 10.06.08-ж.
  Теннис

Анна Иванович жеңүүчү
Парижде Roland Garros мелдешинин аялдар арасындагы финалдык оюну 7-июнь күнү болуп өттү. Көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп жаткан бул оюнда россиялык Динара Сафина сербиялык Анна Иванович менен беттешти. Ийгилик сербиялык теннисчини коштоп, 4:6, 3:6 эсебинде жеңишке жетишти. Орус спортчусу жөнүндө айтсак, ал буга чейин Шарапова, Дементьева, Кузнецовага окшогон атактууларды жеңген болчу.

Футбол
ФИФА рейтинги
Ай сайын чыгып туруучу ФИФА рейтингинде Кыргызстан 134-орундан 140 - орунга түшүп калды. Буга себеп катары Бишкекте өткөн Афганистан - Кыргызстан оюндарындагы жеңилүү болду. Ошол эле учурда Афганистан 14 орунга жогору чыгып, учурда 182-орунда. Алгачкы 85-орунду Аргентина, Бразилия, Италия, Испания, Германия ээлеген калган КМШ өлкөлөрүнүн жагдайы
Россия - 24
Украина - 31
Беларусь- 57
Өзбекстан - 58
Казакстан - 125
Азербейджан -133
Түркмөнстан -150
Тажикстан - 153

Кыргыз спорту
Бээжин Олимпиадасына азырынча жыйырма жолдомо
Учурда кыргызстандык спортчулар Бээжин олимпиадасына катышуу үчүн жан үрөп, жыйырма жолдомо жеңип алды. Казакстанда жеңил атлетика боюнча лицензия алуучу турнирден Кыргызстан дагы эки жолдомо алат деген үмүттө. Буга чейин: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев, суучулдар Галина Педан, Алексей Погорелов, Юрий Захаров, Виталий Василиев жана Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, оор атлетикадан Улан Молдодосов, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Андрей Кочурин, дзюдодон Талант Джанагулов жана Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.
"Дордой-Динамо" веб-сайты
Нарындын "Дордой-Динамо" футболдук клубунун ийгиликтери баарыбызга маалым. Эми минтип өзүнүн интернетте официалдуу веб-сайтынын ачылып жатышы абдан жакшы жөрөлгө болду. Мындан ары бул команданын күйөрмандары www.fc-dordoi.com дарегинен командага байланышкан соңку жаңылыктар, акыркы болуп өткөн (футболдук) оюндар, машыктыруучулар жана оюнчулардын өмүр баяндары жөнүндө кенен маалымат ала алышат.
Финалдык оюн Бишкекте
АФКнын Кубогу үчүн боло турган финалдык оюнду өткөрүү Бишкекке ыйгарылды. Бул туурасында "Дордой-Динамо" футболдук клубуна АФКдан официалдуу түрдө келип түшкөн катта айтылат. Күз айларында Бишкекте Азия континенти боюнча командалар арасында турнир үчүнчү орунда турган бул чоң мелдештин эки жарым финалдык жана финалдык оюндары өтмөкчү. Эске сала кетсек финалдык оюндарды өткөзүүгө кызыкдар экенин Түркмөнстандын борбору Ашхабат шаары билдирген болчу.

Кыргыз Республикасынын Футбол
боюнча өткөн жумада болуп өткөн оюндар
Дордой-Динамо - Кант 77 3:0
Абдыш-Ата - Шер 1:0
Нефтчи - Жаштык-Ак-Алтын 1:1
Алай - ОДЮСШ 5:0
Шер-Нефтчи 6:1


7-июнь күнү Швейцариянын Базель шаарындагы "Санкт-Якоб Парк" стадионунда футбол боюнча Европа Чемпионатынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул жолу чемпионатты эки өлкө Австрия жана Швейцария кабыл алып жатат. Ачылышта 1000 дей адам театралдашкан оюн-зоок программага катышып, эки өлкөнүн баалуулуктарын даңазалашты. Үч жумага созулган бул футболдук марафонго Европанын 16 өлкөсү катышууда. Алар төрт тайпага бөлүнүп ойношот. Тайпа ичиндеги өз ара жолугушуулардан кийин алдыңкы эки команда кийинки этапка өтүшүп, биринчилик үчүн ат салышат. Жеңилген команда оюндан чыгып отуруп, 29-июнь күнү Венада болуп өтө турган финалдык оюнга эки команда катышат.
Швейцария - Чехия
Талаа ээлери болгондуктан алгачкы оюнду Швейцариянын улуттук командасы 7-июнь күнү Чехия менен өткөзүштү. Оюн чындыгында эле абдан кызыктуу өтүп, аягы 0:1 эсебинде ийгилик чехтерди коштоду. Биринчи бөлүктө талаа ээлери үстөмдүк кылып, бир нече жолу чехтердин дарбазасынын алдында кооптуу кырдаалдарды уюштурду. Бирок эч бири жакшы натыйжа берген жок.
Швейцария командасынын капитанынын травма алып оюндан чыгышы талаа ээлерин кыйла эле алсыратып койду. 71-мүнөттө коргоочулардын кетирген катасын чехтер туура пайдаланышып, жаш оюнчу Сверком топту дарбазага таамай тээп, эсепти ачты. Оюндун калган убагында швейцарлар көп эле эсепти теңдегенге аракет кылышканы менен оомат алар тарапта болгон жок.
Португалия - Турция
Ошол эле А тайпасынын дагы эки командасы Португалия менен Турция жолугушту. Оюндун биринчи бөлүгүндө бир нече кооптуу кырдаалдар болгону менен эсеп ачылган жок. 71-мүнөттө Криштиану Роналдо уюштурган чабуулдун натыйжасында Пепе менен Нуну Гомен жакшы ойноп, эсепти Пепе ачты. Кошумча берилген 3 мүнөттө жаңы эле талаага чыккан Мейрелеш, Моутиньо эсепти 2:0 гө жеткирди.

Урматтуу окурман, төмөндө биз Европа чемпионатынын оюндарынын жадыбалын жарыялоо менен сиздерге конкурс жарыялайбыз. 29-июндагы финалдык оюнда кайсы командалар беттешип, эсеп канча болоорун алдын ала туура божомолдосо сизди 1000 (миң) сом белек күтүп турат. Ал үчүн сиз редакцияга 19-июнга чейин
4436 кыска номерине SMS жөнөтүңүздөр.

Даярдаган Ажымурат Нурдин уулу









??.??