presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Жылдыздар дүйнөсү

Атактуулардын ааламында
Голливуд жылдызы Том Круздун мүнөзүндөгү тырышчаактык, өжөрлүк, намыскөйлүк сыяктуу сапаттар турмушта кагылып-согулуп, урунуп-беринип жашоодо аз жашап, көптү көргөндөн улам калыптанса, алдамчылык, калп айтуу атасы Томас Круз Мэлотерден өткөн. Анын атасы өзүнө-өзү жакшы күндөр аны алдыда күтүп турганын айтып калп айтса, балдары менен аялына экинчи такыр ичимдик оозуна албасын жакын арада бай, жетишкен жашоодо жашап кетишээрин айтып алдачу.
Том Круз

Кой үстүндө торгой жумурткалаган жыргалдуу заман издеген Круздардын үйбүлөсү ат тезегин кургатпай бир шаардан экинчи шаарга көчүп жүрө беришкен. Күлү додо болбогон бул үйбүлөдө өскөн Томдун балалык чагынын дээрлик баары калп айтуу, мушташуу менен өтөт. Көчүп келген шаарынын мектебине орношоору менен жаңы келген окуучуну кызыга тегеректеген классташтарына-өзүнүн мурда жашаган жерине Бэтмен, Джеймс Бонд сыяктуу адамдар келип, алар менен достошуп ысык мамиледе болуп жүргөнүн, көзү ачыктык жайы бар экенин айтып, айтор беш өрдөгүн учургандан чарчачу эмес. Анын калпы билинип уят болгонго чейин, алар башка шаарга көчүп жөнөшчү экен. Башка мектепке орношоору менен Том эски жомогунун башына түшчү, мындай көрүнүш жыл сайын кайталанганы менен Томдун жүрөгүн өйүп, көкөйүнө көк таштай тийген дагы бир көрүнүш - анын дизлекция менен оорушу болгон.
Тамга тааныбаган мындай бала менен ар бир мугалим эле асылып отура бербесин Томдун ата-энеси жакшы түшүнгөнү менен уулуна атайын окутуучу жалдап бергенге мүмкүнчүлүктөрү болгон эмес. Бир сөздү окуса эле классташтарынын күлкүсүнөн кулагы тунган Томду мугалимдер сабактан кийин алып калышчу. Ошол убакты Том тозокко теңейт, себеби ал тамгаларды ажырата албай, эки тамганын башын бириктирип окуса окуган сөзүнүн маанисине түшүнбөй бир топ азап тарткан.
Том 12 жашка чыкканда апасы Мэри Ли балдарын чогултуп алып мындан ары атасы экөө эки башка жашаарын айтып, кичинекей Томас менен карындаштарын турмуштун дагы бир соккусуна учуратат. Бул маалда атасы балдарына ай сайын акча салып турам деп акыркы жолу калп айтып, ошол боюнча дайын-оту менен жоголот. Эми өзүн үйбүлөдөгү жалгыз эркек сезген Том апасы менен карындаштарын багып, түйшүгүн жеңилдетиш үчүн кошуналарынын эшигинин алдындагы чөптөрдү кыркып, таштандыларды ташып, акча таба баштаган. 60 жаштагы кошунасы Билл Льюис Том жөнүндө төмөнкүлөрдү эскерет.
- "Ушунчалык зирек бала болгондуктан, бош убактысында гаражыма келип, дайыма мени менен баарлашып, кеңеш сурап тураар эле. Сыягы атанын камкордугуна, мээримине муктаж болгон бала менден жылуулук издечү окшойт. Айтор, жакын арада биз эң жакшы сырдаштарга айландык, ар кайсыны сүйлөшүп 5-6 саат бою отура берчүбүз. Ал башка шаарга көчүп кетээрде биз ыйлап коштошконбуз. Кийин мен анын жетишкен ийгиликтерине кубанып жатканымды билдирип, жакшы тилегим менен кат жазгам. Бирок, эмнегедир ал тараптан жооп болгон жок" -дейт.
Эл катары жашоого эки көзү төрт болгон Том, апасы Мэри Ли экөө үйбүлөнү багыш үчүн кандай гана кадамдарга барып жатканын, карындаштары болгон эски кийимдерин кийип, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөнүн көргөндө заманасы куурулчу. 13 жашка чыкканда ал бекер окутулуучу колледжге тапшырат. Мэри Линин шартын жакшы түшүнгөн мугалимдер баласынын тамга тааныбаганын билишсе да, боорлору ооруп окууга алышат. Бир жылдан ашык убакыт окуп жүрүп, эч жыйынтык чыгара албай өзүн чиркөө жагынан да, спорт жагынан да сынап көрөт.
Ал эми өзүн актёрлук жактан сынап көрүүсүн апасы кеңеш кылат. Бош убактысында көрүнгөндүн эшигинин алдындагы чөптү тегиздеп тапкан 2000 долларын чөнтөгүнө салып алып Нью-Йоркко жол тартат.
Ары -бери урунуп жүрүп бир тасмадан жети мүнөттүк эпизодго катышып, төбөсү көккө жетет. 17 жашта болгону менен дале эжелеп окуп, эч ким менен келишим түзө албай кыйналат. 24 жашка чыкканда өзүнүн тасмалашы Ребекка Де Морней менен сүйүүсүн баштаган. Эки жаш бир нече жыл никесиз жашагандан кийин, Ребекка Том менен зеригип кеткенин айтып, таштап баса берет. Ал эми андан көп убакыт өтпөй актриса Мими Роджерс менен баш кошот. Тилекке каршы Мими экөө бактылуу жашашса да, эки жылдан ашык балалуу боло алышкан эмес. Үйбүлөсүн сактап калыш үчүн Миминин барбаган доктурлары калган эмес, ошентсе да Том Мимини таштап, дагы бир кезектеги ай чырайлуу актриса Николь Кидманды жетелеп кете берген. Мими менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан күнү Николь Кидманга үйлөнүп, аны эне болуп, бала төрөй алаарына ишениш үчүн менчик бейтапканадан башынан аягына чейин текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу Том: "Мен ушунчалык балалуу болгум келет. Кызымдын балет бийлеп жатканын, уулумдун футбол ойноп жатканын көрүш үчүн мен баарын берээр элем"-дейт. Бул жубайы менен да эки жыл жашагандан кийин кайра-кайра төшөк жаңырта бербейин деп, Том бала багып алууну туура көрөт. Кабыргасы менен кеңешип көрүп 1995-жылы Изабелла Джейн, ал эми бир жылдан кийин Коннор Энтони аттуу уулду болушат.
Жасалма бактысы да көпкө уланбай экөө эки башка жолго түшөөрү менен Николь Кидман Стивен Бинг менен кол кармашып кете берет. Ал эми эки тоонун чөбүн эңсеген Круз мурунку аялы Мими турмушка чыгып, кыздуу болгонун укканда ызадан көзүнө жаш алган экен. Бирок, турмуштун жайган тузагына оңой менен түшпөгөн Том дароо өзүн колго алалбаса да, бир нече убакыт өткөн соң Кети Холмска үйлөнүп, көптөн бери зарыгып күткөн кызы төрөлүп, атын Сури коюшат. Эми Круздун жашоосу бир нукка түштү го деп, ал үчүн санаа тарткан күйөрмандарынын алдында Круз: "Чыныгы бакыттын даамын мен эми таттым, мен эми толук кандуу адаммын"-деп жар салган.




Алла Давлатова эмнеге радиодо иштебейт?
Алтын үндүү ди-джейдин чыдамы кетип, мындан ары "Русское радиодо" иштөөдөн баш тартты. Анткени, анын айтымына караганда түз эфир учурунда ашыкча керексиз сөздөрдү көп сүйлөйт деген шылтоо менен эфирге жолотпой коюшкан.
"Мен төрөгөндөн кийин жумушка чыксам эмнегедир жетекчилеримдин мамилеси мага өзгөрө түшүптүр. Аны кыл, муну кыл деген сыяктуу болбогон майда тапшырмаларды беришип, алаксытып келишти. Бирок, алар мага маянамды азайтпай төлөп беришкени менен мени угармандарымдан алыстатып, сагындырып жатышты. Эмне кылаарымды билбей отурсам "Маяк" радиосунун кызматкери Роман Трахтанберг телефон чалып, мага жумуш сунуштады. Ошол замат мен арыз жазып, мурунку жумушуман кетип, "Маяк" радиосунун кызматкери болуп орноштум. Кудай буюрса, 16-июндан баштап угармандарым менин үнүмдү кайрадан уга алышат"-дейт өпкөсү казандай, өтү табактай болгон Алла.

Иосиф Кобзон ооруканага жатты
Жакында эле Израилге гастролдоп барып келген Иосиф Кобзондун температурасы 40 градуска чейин көтөрүлгөнүнөн жакындары аны дароо бейтапканага алып жөнөшөт. 67 жашка чыккан ырчы "Твой день" гезитине "Мунун баарына кондиционерлер күнөөлүү, бейтапканага жатканды аябай жаман көрөм, эки-үч күндүн ичинде чыгамбы -деп үмүттөнүп жаттым эле, эми бир жумадан ашык жатат окшойм" -дейт капаланган ырчы.

Олег Газманов альбомунун ачылышында…
"Семь футов под килем" аттуу Олег Газмановдун жаңы альбому жарык көргөнү көпчүлүккө маалым, анын ачылышына ал жалаң сахналаш досторун чакырып, майрамдоону туура көргөн. Досунун кубанычын тең бөлүшүүгө келген Николай Басковго кадырын артып жатып, бир топ ичкилик ичирип койгон, бутуна туралбай теңселген Николай Олегдин көңүлүн кыя албай иче берип, мас болгондо араң суранып жатып үйүнө кеткен. Ал кетээри менен эмне кылаар айласын таппаган Олег "Динамит" тобунун солисти Илья Зудинге асылып, аны да тез аранын ичинде мас кылууга үлгүрүп, анан журналисттерге тийише баштаган.

Савельеванын жаңы жигити…
Фигурист Алексей Ягудин менен мамилеси бузулгандан кийин бир ай өтүп - өтпөй Саша башка жигитти колтуктап күйөрмандарынын арасына чыккан. Ага эрегишкенби айтор, Ягудин да андан кем калбай, сырткы келбети Александра Савельевага куюп койгондой окшош сары чач кызды таап алганга үлгүргөн.

"Амега" тобу чачырады
Бир топ хит ырларды жаратып, төбөсү көрүнүп калган "Амега" тобу жакында тарап, ар кимиси өз арабасын өзү тартууну туура көрүшүптүр. Топтун лидери Олег Добрынин эми жекече чыгууну пландап жатса, калган балдар чыгармачылыктан бир аз оолактап, жогорку окуу жайларда сабак берүү менен күн кечирип келишүүдө.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??