presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Түркүм дүйнө

Өзгөчө жаныбарлар
Жаратылышка көрк берип, ошол эле учурда анын мыйзамына баш ийип, күн кечирип жашап келген жаныбарлардын жашоосундагы өзгөчөлүгүн билгиңиз келсе анда төмөнкү макаладан маалымат беребиз.

Жираф баласын 14 ай көтөрөт
Жираф - жер жүзүндөгү эң бийик жаныбар, анын боюнун узундугу 4,5-5 метрге жакын же андан ашык, салмагы болсо жарым тоннага жетет. Бул жаратылыштын керемети болгон жаныбар боюнун узундугуна карабай эң сонун чуркайт, болжол менен орточо ылдамдыгы 50км/с. Жирафтар Африканын саванналарында баш калкалашып, жаш дарактардын жалбырагы менен гана тамактанышат, орточо эсеп менен бир күндө 1кг дан ашык тамак сарпташат.
Даракка түспөлдөш күңүрт -ачык өңдөрү менен аларды жаратылыштан ажыратып билүү кыйыныраак, ошон үчүн ушундай артыкчылыгынан улам алар күтүүсүздөн жоголуп, пайда болуу сапатына ээ.
Узун мойну бактагы жалбыракты үзүп жегенге ыңгайлуу болгону менен, эңкейип суу ичүүдө бир топ тоскоолдук жаратпай койбойт. Суу ичиш үчүн эки бутун эки жакка сунуп анан гана ылдый көздөй эңкейишет. Мындай абалынан жырткычтар көп пайдаланышат, алар жирафтарды сууга келгенде гана кармашпаса башка учурда аларды колго түшүрүү оңойго турбайт. Бирок жирафтар да акылдуулук кылып суу ичкени экиден-үчтөн келишет, бирөөсү ичип жатканда экинчиси кайтарып турат.
Жирафтар арстан менен жолборстон бутунун жардамы менен коргонушат. Алар бир тепкенде башты сындыра тебе алышат. Табиятынан бул жаныбарлар анча урушчаак эмес, үйүрү менен ынтымактуу келишет. Жирафтардын мушташканын чанда гана көрүүгө болот. Адатта мындай көрүнүш ургаачы жирафтын айынан болушу мүмкүн. Алар бири-бирин моюндары менен ургулап урушушат. Бул нерсе да алардын өмүрүнө коркунуч туудурбай койбойт. Ургаачы жираф боюндагы баласын он төрт ай көтөрөт, төрөлгөндө эле баласынын бою эки метр болуп, бир нече күндөн кийин эле апасын ээрчип кетүүгө жөндөмдүү. Алгачкы күндөр кичинекей "ымыркай" үчүн өтө кооптуу, анткени жырткычтар дал ушул маалда аларды акмалайт. Жирафтар негизинен 20-30 жашка чейин жашашат.




Бир убакта 2 түрдүү сүт чыгарган кенгуру
Кенгуру - бийиктикке секирүүнүн чемпиону. Кенгурунун эркегинин көлөмү куйругу менен кошо эсептегенде 3 метр болот. Ал эми салмагы 120-150 кг дан ашат. Кенгурунун куйругу коргоно турган анын жападан жалгыз куралы. Эгерде ага кандайдыр бир жырткыч кол салса ал дароо куйругу менен чабат. Кенгурунун үнү тамагы ооруган кишинин үнүн эске салат. Бирок көпчүлүк учурда кенгурулар коркунучтан качып кутулушат. Анткени чуркоо, секирүү жагынан аларга эч ким жетпейт. Бийиктиги 2 метр болгон бактан секирүү үчүн кичинекей арыкты аттаганга барабар. Секирээрде эки астыңкы бутун төшүнө кысып, арткы буттары менен секирсе, тең салмакты сактаганга куйругу жардам берет. Ал эми алар 65 км/с чуркашса да энтигип, эч качан кыйналышпайт, мунун сыры алардын таманында, бат чуркаган маалда таманы пружина сыяктуу иштеп, энергиялары да көп коробойт. Ошентсе да кенгурулар секиргенде бийиктикте бир нече секунд гана тура алышат. Эркек кенгуру менен кошулгандан кийин бир айдан соң балалуу болуп, баласы тогуз ай энесинин чөнтөгүндө жашап, анда-санда гана башын чыгарып жарыкты көрбөсө болгон убактысынын баарын чөнтөктө өткөрөт. Энесинин эмчеги чөнтөктүн ичинде болгондуктан кичинекей кенгуруга сыртка чыгуунун деле зарылдыгы жок. Эң чоң сөөктүү кенгуру да 1 граммдан ашык салмактагы бала төрөй албайт. Төрөлөөр замат энесинин жардамы менен чөнтөгүнө кирип, эмчегин оозунан чыгарбай эмет. Эгерде эмчек оозунан чыгып кетсе, ал дароо өлөт. Бир жылдан кийин гана кичинекей кенгуру сыртка чыгып, өз жашоосуна өзү кам көрөт.
Бир эле убакта кенгуру эки түрдөгү сүт чыгара алат. Биринчиси жаңы төрөлгөн ымыркайга болсо, экинчиси бир жашка чыгып, торолуп калган кенгуруга ылайыкташтырылган.


Төөкуш 3 метр бийиктикке секире алат
Төөкуштар - Жаңы Гвинея, Африка, Жаңы Зеландияда байыр алышкан. Бул канаттуулардын боюнун узундугу үч метрден ашат, ал эми салмагы 200-250кг жакын. Төөкуштар жер жүзүндөгү эң оор канаттуу болуп эсептелет. Табиятынан алардын ачуусу чукул, согушчаак келишет. Алардын эң негизги куралы буттары. Буттарынын күчү менен жоон темирди ийип, үч метр бийиктикке секире алышат. Ошентсе да бул чукчуңдаган канаттууну чүпөрөк ороп жоошутуп койсо болот. Анткени, алардын көлөмүнө карабай мээси тооктукундай эле болот. Төөкуштун ар бир жасаган кадамы төрт-беш метр аралыкты басып өтөт. Ургаачыларына караганда эркектери броконьерлердин колунан көп өлгөндүктөн алардын арасында да атаандаштык өтө күч алган. Бир эркек төөкушка эки-үч ургаачы төөкуш туура келгендиктен жумурткаларын төртөө-бешөө биригип, тартип менен басып чыгарышат. Эркегинин алдына ар кимиси жети же сегиз жумурткадан алып келип салышат да кезеги менен анын жанына жатышат. Адатта бир жарым айда чыккан жумурткалардын дээрлик теңинен көбү сасыткы болуп чыгат. Төөкуштун жумурткасын адам балка менен да чаап сындыра албайт, өзүлөрү тумшугу менен бир нече күн тынбай чокуп атышып балапанын жарыкчылыкка алып келишет. Жарым жылга жетпей кичинекей балапандар чоңдордун салмагын кууп жетет, анткени алар бир күндө бир жарым сантиметрге өсүп турушат. Төөкуштар башынан эле чөлдүн жашоочулары болгондуктан балапан кезинен эле өзүн-өзү коргогонду үйрөнүшү зарыл. Алардын буту негизги куралы болуп эсептелет.


Пилдер 60-70 жыл жашашат
Африкалык пилдердин боюнун узундугу төрт метр, ал эми эркегинин салмагы 5 т, ургаачысынын салмагы 6 тоннадан ашат. Узундугу 2,5-3 метрди түзүп, салмагы 100 килограммга жеткен тумшуктары - пилдердин куралы болуп саналат. Африканын адам чыдагыс аптабында пилдердин кулагы аларга чоң жардам көрсөтөт. Башкача айтканда кулактары менен желпинип, өзүлөрүн желдетип турушат. Бир орундан экинчи орунга көчүп жашаган пилдерди уруусундагы эң акылдуу, айлакери жол баштап, ээрчитип жүрүп отурат. Көлөмү адамдын башынан да чоң өсүмдүктөрдүн жемиши менен тамактанып күн кечиришет.
Пилдин балдары өз алдынча жашоого башка жаныбарлардын балдарынан айырмаланып эрте көнө башташат. Анткени, пилдердин негизги душманы арстандар болгондуктан алардан сактануунун болгон амалын кылышат.
Африкалык пилдерден айырмаланып индиялык пилдер бир аз кичирээк келишет, жадакалса тумшугу 2-3 эсе кыска келип, ургаачыларыныкы такыр жок болот.
Орточо эсеп менен пилдер 60-70 жылга чейин жашап, жыныстык кошулууга 8-12 жашынан баштап барышат. Ургаачы пил боюндагы баласын 20-22 ай көтөрүп, жаңы төрөлгөн пил флаксон килограмм салмакта болот.










??.??