presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№19, 10.06.08-ж.
  Бешене

Тагдырдын соккусу
Бөтөлкөнү колуна кармай чачтары уйпаланып, жүзүн санаа баскан кишини көпчүлүк жактыра бербей карап өтүп жатышты. Өзү деле адамдардан корунгандай. Бүжүрүйгөн селсаяк олтурган ордунан жазганып, көпчүлүктөн четтей барып олтура калды. Өзүн ушул күнгө кептеген тагдырына наалый оор үшкүрүнүп, өткөн күнү көз алдына тартылды...

Бактылуу үйбүлө
Башында баары жакшы болчу. Самат менен Айсалкындын жашоолору эл катары болуп баары жетиштүүдүй сезилээр эле. Жубайлар бири-бири үчүн жанын бергенге даяр болуп, түз жолунан жаңылбоочудай дээринен ишенишээр эле. Айсалкындын көзүнүн агы менен тең айланган Саматты көргөндө өз бактысына ыраазы болуп, бажырайган капкара көздөрү менен арбашканда Саматка ушул гана жетишчүдөй жубайына жанындай ишенип:
- Айсалкын...
- Ии...
- Жумушка барсам эле сени сагына берем да...
- Эмнеге?..
- Сүйүүнүн күчү го...
- Кайдан сен, жумушуңа барганда эле мен эсиңден чыгам да...
Айсалкындын күйөөсүнө болгон кызганыч эмес, ички чыныгы үнү Саматка коркунучтуу угулду. Жанында өзү менен чогуу жаткан жубайын, кимдир бирөөлөрдөн кызганып алганын өзү да сезбей калды. Бирок, көөдөнүндү күдүк ой пайда болуп: "Өзүң мени унутуп коюп, бирөөгө алмаштырбайсыңбы? " деген оюн айта албады. Бул сөздү айтууга жандай көргөн асылынан айбыкты.
Кыянаттык
Айсалкын баласын балдар бакчасына табыштагандан кийин цехке жумушка келчү. Бул жолу да адатынча жумушуна кечигип барды. Өзгөлөргө катаал кожоюну сылык сүйлөп:
- "Чоң кыз, менин бөлмөмө кирсең" деп артына кылчая карап басып кетти. Кол алдында иштеген кызматкерлер корсулдаган кожоюндун сыпайылыгына таң кала карап калышты. Артынан кирип барган Айсалкынга:
- "Келиңиз, бул олтургучка олтуруңуз", - деди кабагындагы кат-кат болгон бырыштарын түйө жылмайып. Андан ары жай сөзгө өтүп эмнегедир мукактана:
- "Мынчалык келишимдүү буттарды аёо керек эмеспи!" Ордунан туруп олтургучту жылдырды. Айсалкынга жакындаган сайын көздөрү тереңге сүңгүп, карылуу колдору менен аны аяр кармап, өзүнө тартып баратты. Аял артына кетенчиктей:
"Жок. Рахмат, ушундай эле тура турам", - деди кулагы тунуп баратып.
- "Олтуруңуз! Сиз менен сүйлөшчү сөздөр бар". Айсалкынга улам ыктап кулагына шыбырап бирдемелерди айтып жатты.
" Аял кулагы менен сүйөт" деген ырас белем, анын жүзү тамылжып чыкты. Анан экөө тең бирдемеге ынангансып бири-бирине ыкташа калды. Бул азгырыктын аягы көздөй көргөн жолдошуна жасаган алгачкы кыянаттыгы менен аяктады. Бирок, аял мунусуна эмнегедир өкүнүүнүн ордуна кубангандай.
Кайрадан жолугушуу
Алгач Самат менен бирге турмуштун таза даңгыр жолуна аттанганда минтип күйөөсүнүн көзүнө чөп салам деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кожоюну болгон Канаттын шайкелеңдигиненби же жарыбаган акчанын азгырыгынанбы үч жыл чогуу жашаган Саматтын жылуу мамилесине, анын тапкан акчасына алымсынбаган Айсалкын акчанын кулуна айланып баратты. Бара-бара жумушунан кеч бошоп, баласын бакчадан алууга да барбай калды. Бул жумуш Саматтын мойнуна илинди. Ошол күнү жолдошунун кесиптик майрамы болуп, уулун алып келүүсүн алдын ала эскерткен. Достору менен көңүл ачып келүүгө Айсалкынга жалбарса да эмнегедир ар кайсы жок шылтоону айтып, Саматтын көңүлүн жайгарган болду.
Үйдө күйөөсүнүн жоктугунан пайдалана Канатты чакырып, өзүнүн жосунсуз жоругуна өзү да таңдана:
"Мен сүйүүдөн жаңылышкан белем" -деп койду максатсыз сааттын жебесин карап жатып.
Саматтын түнү келбесин эстеген сайын көз алдына Канат тартыла, анын батыраак эле келүүсүн күттү. Караңгы коюуланып адам аягы суюлуп калганда Айсалкындын күткөнү белегин көтөрүп, эшиктен кирип келди. Кубанганынан жүзү тамылжый кабыл алды. Табиятынан шайыр жаралган Айсалкын көңүлдөшүнүн ою менен болуп, түн бир оокум болгонун да сезишпей махабаттын сересинде сайран куруп, таттуу уйкуга көшүлүп кетишкенин да сезбей калышты...
Ачылган чындык
Бул учурда Самат конокто жалгыз олтуруудан тажап, эт тартылгандан кийин досторунун жатып кал дегенине көнбөй, үйүнө такси менен келген. Уктоочу бөлмөсүнө түн бир оокумда келгенине күнөөкөр кишиче бир топ босогодо туруп калды да лампаны жакпай коюуну ойлоду. Үч-төрт кадам алдыга басып барып, өзүнүн жаздыгында кимдир-бирөөнүн жатканын байкады. Оюнда уулум го деп ойлогон. Сыртка бөлмөсүнө жатууга барып, ал жакта уулунун жалгыз жатканын көрүп, турган ордунда тушалып калгандай бут алдынан жер көчүп баратты. Тамагы кургап ашканага суу издеп кирип, стол үстүндө жайнаган бош бөтөлкөлөрдү көрдү. Каны ичине тартылып кетти. Колуна кандайча аш бычак алганын да сезбей, сыртынан күбүрөнө "Мен сага ишенип!" лампаны жагып жиберип дивандын үстүндө эч нерседен кебелбеген бейтааныш эркек менен моюндаша жаткан аялын карап, жүз төмөндөп жашы кулап жатты. Алгач, эч нерседен жазыгы жок баласын анан жубайын өлтүрмөк болуп, баласынын жанына барды. Уйкунун кучагында термелген жазыксыз наристени өлтүрүүгө жүрөксүнбөй, кайрадан бычагын көтөрүп тиги экөөнүн жанына келди. Бул учурда жарыктан чукурана көзүн ачкан Айсалкын катуу бакырып жиберди. Таттуу уйкудан ойгонгон экөө эмне кылаарын билбей жазганып, жүзүн калкалай калышты. Самат ачуу менен бычакты Айсалкынга шилтегенде бычак анын башынан өйдө учуп кетти. Андан ары эмне жасап жатканын өзү билбейт. Шарапка мас болгон эргулду тепкилеп кирди. Караса эркек сөрөйүнүн бети-башы алда качан канжалап кетиптир. Өлтүрүп койбодумбу деген ойдо тамырын кармап көрдү тирүү экен. Ары жакта аялы оозунун канжалап кеткенине карабай, бут алдына бүгүлө:
- "Самат, кечир мени! Мен итти кечир!"- деди улам жалбара. Айсалкындын кол алдынан бутун сууруп алды. Бул учурда таң агарып келе жаткан. Эсине келе:
- "Тез, жуунуп кийин" -деди Айсалкынга буйра. Ал үн катпастан кийимдерин алып сыртка жөнөдү.
Кордолгон сезим
Самат колуктусунун көңүлдөшүн, "түн ката үйгө кирген ууру" деп жар салды. Мунусуна Айсалкын да макул болуп, Канатты абакка кестирип жиберишти. Мүмкүн ал да эл алдында айыбы ачылуусун каалаган өңдөнөт. Арадан аз убакыт өтпөй, Самат жалынган колуктусунун сөзүнө кулак салбай , өзү менен өзү болуп жүрүп, селсаяктык жашоого байланып баратты. Ал абийиринин кордолгонуна ичтен сызып анысын ачуу суу менен дабалоого өткөн. Жалганчы жашоосуна кол шилтей, жазыксыз сүйүү толгон ишенимдеги өткөн күнүн эстеген сайын көзүнүн мончок жашы таамп кетээр эле...

Даярдаган
Чынара Абдраева
Сүрөттү тарткан
Эркебек Жекембаев




Жеңил машине зымырап болжогон жерге бат эле жеттик. Кочкор өрөөнүндө жайгашкан тоо түбүндөгү бул кичинекей айылда атамдын ата-энеси, туугандары жашашат. Атам экөөбүз айылды кыдырып, бир туугандары менен бир сыйра учураштык. Кайтыш болгондору бар экен, аларга куран окутуп бир күн болдук. Ар бир үйгө кирген сайын эмне жумуштап келгендигин түшүндүрүп отурду. Кечинде ага-туугандары акылдашты да, эртеси чоң апам экөөбүздү чатыр менен жайлоого чыгарышты. Жайлоонун таза абасы, табияты мени кадимкидей каруу-күчкө киргизди. Жаратылыштын көркүнө азгырылдым, бүт Кочкор өрөөнүн жөө кыдырып көргүм келди. Бээнин сүтүн ичиш керек болгондуктан, туугандардын жылкысын алып жайлоого чыккан малчынын жанында элек, алардын мектеп жашындагы балдарын ээрчитип алып кокту аралап, жер кыдырам.
Бир күнү ошентип жер кыдырып жүрсөк Жар-Корумдунун башынан бизди күтүп турган атчан жигитти көрдүм. Асынган мылтыгы бар. Бир караганда ал мага илгерки кыргыздын баатырларындай элестеп сүрдөп кеттим. Кыялап баратканбыз, сүрдөгөндүктөн улам болсо керек бутум тайып төмөн карай шыпырылып жөнөдүм. Көпкө узабай ташка такалып туруп калдым да, тиги атчан неме кеткенден кийин турайын деп "көрүнбөй" жата бердим. Айылдаш инилерим жанымда чебелектейт, бир маалда карылуу колдордун жерден так көтөрүп алганын сездим. Менде кандайдыр бир жагымдуу сезим пайда болгондуктан көзүмдү ачпадым. Өмүр бою ушул акыбалда тургум келди…
Кантип эле өмүр бою ушул абалымда тура бермек элем, баары бир көзүмдү ачышым керек да. Ошону менен катар кандай жигит болду экен деген жан дүйнөмдүн кызыгуусу баары бир карегимди сыртка түртүп чыгарчудай акыбалга жеткирип кирпигимди ачтырды. Мүчө-келбетин алыстан көргөндүктөн өзгөчө кызыгуум анын жүзүндө болду. Көзүмдү ачсам, ал да мени карап туруптур. Каректер бири-бирине чагылыша түшкөндө, жигит сүрдөп кетти көрүнөт, мени коё берип жерге түшүрдү.
- Катуу жыгылдыңыз көрүнөт. - Айылдык психологияда тарбияланган жигит коомайланды. Анын мындай тартынчаактыгы мага жылуу сезим калтырды, жакты.
- Жок, катуу деле эмес. Шаардык болгондуктан, тоодо кантип жүрүштү билбейм да. - Анын менин жыгылганыма өзүн күнөөлүү сезип турганы күлкүмдү келтирди. Жүзүмдү аралаган жылмаюу анын сезимине кандайдыр бир шоола берди окшойт. Жигиттин ууртун да күлкү басты.
- Шаардыктар эле эмес, тоо-ташка жүрбөгөн айылдыктар деле бул жерге келгенде кыйналышат. Дагы жакшы биринчи келип, кыйналбай ушунча жер басканыңар. Мындан ары жол өрүүлөй берет, тиги атка минип алгыла.
Жигиттин сылык-сыпаалыгы, сезимталдыгы, алдын-ала байкагычтыгы мени ого бетер толкундантты. Өзгөчө менин көңүлүмдө турган нерсени тапкандыгына абдан кубандым. Жигит аттын башын кармап бергени менен өз алдымча ээрге чыга албай койдум. Мени көрүп, тиги инилеримдин боорлору эзилип, шылдыңдап күлүп жатышты. Катуу талпынып, тиги жагына ооп кетсем аттын башын кармап турган жигит да каткырды. Мындай шылдыңга башка учур болсо чыдамак эмесмин, бирок тигилердин чын ниетинен күлүп жатышканын көрүп өзүм да аларга кошулдум. Биздин аралашкан күлкүлөрүбүз тоо жаңыртып, улам жаңырыктап, улам алыска кетип жатты.
Бул менин эки айдан берки биринчи кубанычым эле. Биз бул өрөөнгө таандык бир топ коктуларды кыдырдык. Тоо арасындагы бир топ керемет жерлерди көрдүк. Ар бир коктуга келгенде жигит анын аталышына, аталып калыш себебине байланыштуу уламыштарды айтып, түшүндүрүп жүрүп отурду. Өзгөчө мага "Баба-Ата" тоосуна жана "Шамал тийбес" тектирчесине байланыштуу уламыштар жакты. Булардан башка бир топ уламыштарды айтты, бирок алар мурда угуп жүргөн жомокторго окшош болгондуктан, азыр эсимде да калбады.
Биз үч күн жөн гана тоо аралап жолугушуп жүрдүк. Жигит бара-бара менин көңүлүмө туура келгендиктен, аны менен кездешүү, ал жөнүндө ойлонуу көп убактымды ала баштады. Шаардык жигиттердей эмес тартынчаактыгы, ишенчээктиги мени ого бетер өзүнө тартты. Кандай ойлонбоюн баары бир үйбүлөсү бар болду бекен деген суроого келип такалат. Анын мени менен ээн-эркин тоо аралап жүрүшүнөн улам бойдок деп ойлосом, эртелеп үйүнө кетип калышынан, мага кол тийгизип, кызга мамиле кылгандай "ухаживать" этпегенинен улам үй-бүлөсү бар деген бар деген бүтүмгө келем. Айылдыктар кызык болот, жигит сыяктанып атымды сурап таанышып да койгон жок. Мен да ага кантип кайрылаарымды билбейм. "Байке" дейин десем чынында ага көңүлүм келбейт. "Байке" болушун эмес, мага башка жагынан андан жакын болушун кааайм. Дегинкиси бул үч күндүн ичинде башым катты. Ошол күнү ойлонуп жатып, эртең да келе турган болсо, атын сурап таанышып алууну чечтим. Ага карасам атын билбей кетип калчудаймын. Эртең аткара турган иштердин эң башкысы деп, улам кайталап жатып уктап калыптырмын.
Эртеси желеге айдап келген жылкынын сүрмө топ дабышынан ойгонуп кеттим. Уйкум канып калыптыр. Шапа-шупа тура калып, бээ саагандарды карап турдум. Жайлоодо бул өзүнчө керемет. Эрте тургандар таң ата бээнин сүтү куюла электе кымыздын "гүлү" деп дайыма бир чыныдан кымыз ичишет. Мен да ичтим. Тоонун салкын абасы сыртыңдан чыйрыктырса, кымыздын "гүлү" ичиңди ысытып шердентет. Кыргыздар жайлоонун ушул кереметинен улам тоодон түшпөй тоо-тоолоп көчүп жүрүшкөн тура деп ойлойм. Жүрөгүм туйлап кеткендиктен эки жакты карасам, Жар-Корумдунун башында тиги жигит ак боз айгырга минип, тээ алыска сакчыдай дүрбү салып турат. Делдейип бир топ карап калган окшойм, боз үйгө киргени бараткан жеңем эсиңе кел дегендей жөөлөп койгондо чочуп өзүмө келе түштүм.










??.??