presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№19, 10.06.08-ж.
  Чачыла

Обон - шоу
times
Гүлнурдун кайрымдуулук иштери
Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, эстрада ырчысы Гүлнур Сатылганова "Камбар Ата-2" ГЭСинин курулушчулары үчүн концерт берди. Иш чаранын алкагында ырчы айымдын өнөрүнө күбө болуп, репертуарындагы эски жана жаңы чыгармаларды, "Тумар кыз", "Версус" бийчилер тобу менен коштолгон шоу-программа курулушчуларга тартууланды. Концерттен сырткары, "Камбар Ата-2" ГЭСине Гүлнур май айында Улуттук филармонияда өткөргөн жеке концертинен түшкөн каражатынын эсебинен 200 миң сом которду. Мындан сырткары, Гүлнур Сатылганова 1-июнь Балдарды Коргоо күнүнө карата Бишкек шаарындагы №4 - балдар үйүнө түрдүү белек-бечкектерди жаш наристелерге тартуулады.

Эки талант мекендештерге ыр сунат
Оригиналдуу ырлары, тамшандырган таланты менен таанылып келаткан ырчы Ильяз Андаш Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайын аяктады. Мамлекеттик сынактардын баардыгын "5" деген баага тапшырып, эстрада боюнча жогорку билимге ээ болгон Ильяз Андаш сахналаш агасы Сьездбек Искеналиев менен Россиядагы мекендештерге өз өнөрлөрүн тартуулап келүүгө камынып жатат.

Омардын үнү Юрмала
шаарында жаңырат...
Жаңы чыккан жаш ырчылардын арасында өзүнүн өзгөчө үнү менен ордун таап калган таланттуу жигитибиз Омар "Новая волна" сынагына жолдомо алган. Тактап айтсак, март айында аталган сынактын тандоо туру Казакстанда болуп өтүп, ал сынактан кыргызстандык жаш ырчылар Мирбек Атабеков жана Омар жарым финалга чыга алышкан. Орусиянын Москва шаарында өткөн жарым финалдан Кыргызстандын атынан барган Омар финалга баруучу жолдомого ээ болгон. Ал эми "Новая волнанын" финалы июль айында Латвиянын Юрмала шаарында өтөт. Учурда Омар кызуу даярдык көрүп жаткан кези. Буюрса, Юрмала жергесинде Кыргызстандын желеги желбирейт.


Сакиш-Бопуш тандеми
уза-ак болот
"Сүйүү жогунан айсбергдей болуп тоңуп калдым" - деп капаланган Айнура (Сакиш) Шекспирдин "Жайкы түндө көргөн түш" аттуу чыгармасында мыкты роль жаратуу менен бакыттын бийик чокусуна жетүүдө. Эмгек өргүүсүн алган учурда Марат (Бопуш) менен Айнура (Сакиш) экөө жер-жерлерди кыдырып, таланттарын тартуулап, элдин боорлорун жаңы-жаңы сатиралары менен эзип келишмекчи.

Ырчы, үлгүлүү
окуучу
Кыргыз эстрадасынын жаш ырчысы Жаным Айзат Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясын бүтүрүү алдында турат. Ырчы кыз 11 жыл алган билиминин акыбети кайтып, алгачкы мамлекеттик сынагын "5" деген баага тапшырып, кубанычка батып турган учуру.




  Сен сүйгөн обон

Асел Турдалиева Кечикпечи
Кыялым каяккадыр алып учат,
Кызык кез баратабы бизден узап.
Кымбатым көп кечикпей мага жолук,
Кысылбай тосуп чыгам жайып кучак.

Кайырма:
Кечикпечи, жаным кечикпечи,
Махабатым менден бекинбечи.
Табигаттан ушул суранаарым,
Жаштыгымды менден кетирбечи.
Кечикпечи, жаным кечикпечи.

Кечикти, махабатым кечикпечи,
Келгени бактым менден бекинбечи.
Кыйналып жалгыздыктан турам чарчап,
Кымбатым жүрөгүмдү эзилтпечи.

Кайырма:
Кечикпечи, жаным кечикпечи,
Махабатым менден бекинбечи.
Табигаттан ушул суранаарым,
Жаштыгымды менден кетирбечи.
Кечикпечи, жаным кечикпечи.



Винтаж и Елена Корикова
Плохая Девочка
Ты опять увлечен чередою событий
Этот глобус в руках твоих жаждет открытий
Повторится вновь история
No regret, no gloria

Неистовый зверь, мой повелитель
Моя колыбель - твоя обитель
И ты уже решил, что будет делать
всё наверняка
Плохая девочка

Неистовый зверь, мой повелитель
Моя колыбель - твоя обитель
И вот уже готова быть с тобой на час и навека
Плохая девочка

Ты на теле моем зажигаешь вулканы
Я взрываться вот так никогда не устану
Повторится вновь история
No regret, no gloria

Неистовый зверь, мой повелитель
Моя колыбель - твоя обитель
И ты уже решил, что будет делать
всё наверняка
Плохая девочка

Неистовый зверь, мой повелитель
Моя колыбель - твоя обитель
И вот уже готова быть с тобой на час и навека
Плохая девочка










??.??





??.??