presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

№19, 10.06.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Анаш Сейитказиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Сүйүү жашты, доорду, заманды ылгабайт"
Бактылуу балалык
- Анаш Токтосунович, эң алгач алыстан кол сермеп, бүлбүлдөп күйгөн шам чырактай алсыз балалыгыңызга кайрылуу менен маегибизди баштасак.
- Жакшы болот. Бал тамган балалыгым Чүй боорунда өттү. Ата-энем врач болчу, жумушуна байланыштуу Токмокко көчүп келдик, араң эле үчүнчү класста окучумун, мурун кыргыз класста окуп жүргөндүктөн орус класска киргенде мага аябагандай кыйынчылык келди ал гана эмес, үчүнчү класстан экинчи класска которуп коюшту. Кыйналганымды айтпа,мурдумду шор тартып, тердеп-тепчип көзүмдөн жашымды тыя албай көп ыйладым. Классташтарым жалаң эле немистер менен орустар эле. Оозуңду сураса мурдуңду көрсөтөсүң деп күлгөн күлкүлөрүнө намыстанып, аябай тырышып, жакшы окуп мектепти ийгиликтүү аяктадым. Бир кызыгы жогорку окуу жайга келгенде кыргызча жакшы түшүнбөй калып уят болгонум азыркыга чейин эсимде. Башында айтып өткөндөй балалыктын кайрып алгыс алтын күндөрү аябагандай жакшы өттү. Ата-энемдин боорунда кайгы - капаны билбей, жок эмне экенин сезбей жадырап - жайнап бал тамган балалыкты өткөрдүм.

Ойго салган орус кызы Оля
- Кайрып алгыс балалыгыңыз аябагандай жакшы өтүптүр. Ошол күндөрдөгү сезимдердин сересине алып учтурган эң алгачкы ууз арзууңуз жөнүндө кеп козгосоңуз жакшы болмок.
- Тээ алыста бүлбүлдөп күйгөн маяктай алсыз шоола чачып бараткан жалындаган жаштыгыма көз чаптырсам ууртумдан бир жылмайып алам. Жаш кез мас кез дегендей болоттой курч, темирдей бекем алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, өзүңдү ата мекениңдин атуулу катары сезесиң, баарына даяр болуп калгандай өз жашооңду өз колуң менен өзгөртүп жиберчүдөй болосуң. Ошентип өзүмдү чоң жигит катары көрүп калганымда эң алгачкы ууз арзуу келди. Кыргыздын кымча бел, кундуз чач, карлыгачтын канатындай ийилген керме каш, бото көз, сыпайы кыздарына ашык болбой, сары чач, көк көз орус кызы Оля жүрөгүмө бүлүк салды.
Чындыгын айтуу керек өзүмдү башка дүйнөдө жүргөндөй сезем. Оляны күнүгө бир жолу көрүп, көл түсүндөй көздөрүнө тигилип, сары алтындай чачтарынын желге учканын көл бетиндеги шамал үйлөгөн ак толкундарга салыштырып, дайыма күрүчтөй тизилген акактай тиштерине, ууртунан жылмаюу кетпеген жүзүнө, ачык шайыр мүнөзүнө моокумумду кандырып албасам бир нерсе жетпей жаткансып, айланамда болуп жаткан көрүнүштөргө кайдыгер мамиле жасайм.
Оляны ойлосом түн уйкумдан кечип жылдыз санап, суйкайып сулуу таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүп, короз чакырганда түн терметип кыялым менен алда кайда алып учуп жүргөн мен сыртка тигилем. Терезеден көз чаптырсам кооз, баары кол менен жасалгандай. Кызыл -тазыл болуп ачылган гүлдөр Олямдын түстүү көйнөгүнө,жаңы нурун ааламга чачыратып келаткан Күндү чачына, жалбырактардын дирилдегенин эриндерине жалпы эле жаратылыштын сулуулугун асылымдын ай жамалына теңеп көргөнгө ашыкчумун.
Алгачкы жүрөгүмө чок салып, жалын бүрккөн учурдан баштап экөөбүздүн мамилебиз ширелишип, бири-бирибизсиз жашоо жоктой сезилгенде баш кошууга максат койдук.

Ооруган жеримди эмес, жүрөгүмдү
дарылады
- Казак кызына кантип жолугуп калдыңыз?
- Негизи казак калкы абдан шайыр мүнөз келишкендиктен жубайымдын да мүнөзү ачык айрым. Таанышканыбыз жөнүндө айтсам биздин учурдун студенттерди башка жакка Кыргызстандан тышкары өлкөлөргө жумушка алып барчу. Ал мезгилде эсил кайран СССР өз өкүмүн жүргүзүп патриоттуулукту туу туткан жаштарды күжүрмөн эмгекке чакыруу күч эле. Мен да ошол патриот жаштардын катарын толуктап коңшу казак жергесине бет алдым. Поэздге түшчү станцияда мени узатуучуларга "казак кыздан бирди ала келем" дедим тамашалай. Ошентип казактын мейкин талаасына бет алдым. Ал учур сексенинчи жылдын жай айы эле. Студенттик жумушчу экөөбүздүн ымалабыз келишип ынак боло баштадык. (Күлүп). Ким билет суйкайган келишимдүү жигитти жактырып өзү арбагандыр. Бара-бара ортодогу сыйлашуу кыйбастыкка айланды. Жүрөгүмдү дарылап, сүйүүнүн отун чачып уурданып жүрөгүмө кирип, башкара баштагандай. Казак жеринде жүрүп жүрөгүмдүн ханышасына жолуктум. Ошентип, мага сүйүү келди. Чыныгы сүйүүмө жолуктум. Студенттик отряд кайтканда алтын күздүн орто ченинде Марияны үйүмө алып келдим. Апапак той өткөрүп, ак жоолук салынтып кыргызга келин кылып алдык.
- Казак кызына баш кошууңузга апаңыз каршы болгон жокпу?
- Жок. Тескерисинче жакшы кабыл алды. Апам өзү да казак кызы. Казак, кыргыз илгертен бери эле куда сөөк күтүп, кыйналганда бири-бирине өбөк-жөлөк болуп келген. Мария экөөбүз жаңы баш кошкондо мен казак жергесине сапар тартып баратканда айткан сөзүмдү эстеп улуулар "балам пенденин оозунда Алланын - кулагында. Көрдүңбү айтканың Кудайдын кулагында калган" деп жүрүштү.
- Бактылуусузбу?
- Ооба, бактылуумун. Менин бактым жубайым Мария, эки уулум, кызым, келиним. Секелек Адеми, тентек эгиз Тыныбек, Турганбек неберелерим ушулар менин бактым, байлыгым.
- Азыркы кыйынчылыкка камалаган мезгилде сүйүү бар экенине ишенесизби?
- Ишенем. Сүйүү жашты, доорду, заманды тандабайт. Ал кай мезгилде болсо да өз ордун таап, өкүмүн жүргүзө алат. Азыркы сүйүү жок деп сезимин акчага, атакка алмашкандар көзү эмес көөдөнү сокурлар. Ошондуктан алардын сокур сөзүнө кошула албайм.
Сүйүү бар үчүн, ааламда жашоо бар. Башка өлкөлөрдү эмес, өзүбүздүн эле кыргыз элибизде канча жүрөк бири-бирине жетпей, сыздап муңга толгон. Намыс үчүн Түлкүнү өлтүрүп коюп, жүрөгү азапка баткан Жаңыл Мырза, бири-бирине жете албай жаш өмүрлөрүн кыйышкан Олжобай менен Кишимжан буларды ким тана алат.
Азыр да сүйүү бар, бирок аны аздектеп барктаган инсандар аз.
- Сагынычыңыз…
- Неберелеримди абдан сагынам. Негизи баладан небере ширин деп айтылган сөздүн чындыгына ынандым. Ал тентектерди бат-баттан көрүп турбасам сагынып, кусага батып кетем.
- Калкыңызга каалооңуз…
- Аманчылык, токчулук, биримдик.
- Маегиңизге рахмат.


Турмуштун эки агымы
- Билишибизче жубайыңыз казак кызы, а орус кызы эмне болду?
- Жогоруда айтпадымбы, Оля экөөбүз баш кошууну чечтик деп. Башында Оля менен болгон мамилемди жөн гана жаштыктын жаркын үзүмү катары көрүп жүргөн апам чындык экенин укканда чочуду. Биздин баш кошуубузга каршы болду. Мен да өз сөзүмдөн кайтпадым. Күнүгө апам экөөбүздүн ортобузда бат-баттан кагылышуу болуп турду. Олядан ажыроону эстесем жашоо токтоп калчудай сезилип, сулуумдун ата-энесинен уялганымды айтпа. Алардын үйү экинчи үйүмө айланган эле, күйөө бала деп жакшы кабыл алышчу. Ошол эле сый-урматты эстеп уялып, жерге кирейин деп зорго күн кечирип жүрдүм. Үйлөнсөң сендей балам жок. Экинчи бетимди караба, сенде ата-эне, бир тууган жок болот, жалаң Олянын үйбүлөсүн тууган кылып ал деп кулагымдын кужурун алат. Ошентип жүрүп акыры апам жеңди. Мени жеңип апамдын туусу желбиреди. Оля экөөбүздүн ууз арзуубуз таза, аруу бойдон ылайланбай кала берди да экөөбүз турмуштун эки агымы менен кеттик.
- Орус кыздан кийин башкаларга арзуу арнай албадыңызбы?
- Сен кызыксың го, баарын айттырып менин бар жогумду билип калса жубайым үйгө киргизбей коёт. Анда эмне кылам. (Экөөбүз тең күлүп калдык) Орус кызын жактырып калганым ал жаштыктын жылт эткен учуру окшойт. Жылт эткен жылдыз учкан сымал, жанып өчкөн арзуу ал алыста балалык таттуу кыялдардын жомогунда калды. Азыр да көчөдөн орус кыздарды көрсөм эрксизден жылмайып алам. Андан кийинки арзуум чыныгы сүйүүм казак кызы Мария.

Маектешкен Альбина Калыкова










??.??





??.??