№19, 10.06.08-ж.
  Адабият айдыңы

"Таза, ыймандуу, чынчыл адам гана акын боло алат"
Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты, акын, жазуучу Фатима Абдалова менен маек.
- Акындардын эң алгачкы ыры тун баласындай болуп эсте калат экен. Эң биринчи ырыңыз эсиңиздеби?
- Ооба. Мен эң алгач "Ленин ата" деген ырым менен баштагам. Анда мен 2-класста окучумун. Менин агама "каалаган темада ыр жазып келгиле" деп мугалими тапшырма берген экен, анан агам: "Мен кантип жазмак элем, жаза албайм, балким сен жазаарсың" -дегенде, мейли деп ушул ырды жазгам. Азыр ойлоп көрсөм бул ыр китептеги ырлардын эле башкачараак варианты экен.
- Белгилүү адамдардын үйбүлөсүн, жашоо-турмушун билүү окурмандар үчүн өтө кызыктуу нерсе. Үйбүлөңүз тууралуу кеп козгосоңуз?
- Эки кызым, бир уулум бар. Жолдошум менен келише алган жокмун.
- Жаш кезиңизде же балким азыр деле махабат тууралуу жазган ырларыңыз болсо керек, ушуга бир аз токтоло кетсеңиз?
- Албетте, махабат темасында ырларым бар. Мен көбүнчө студент кезде жазгам. Ырларым дубал газетасына жарыяланып турчу. Ошол учурдагы жаш кыздардын арзуусуна байланыштуу "Тилек" деген ырымды жараткам. Түпкүлүгүндө махабаттын аруулугу даңазаланган.
Энеке, мен бир күнү үйүңөргө,
Акжолтой уяң келин болуп барам.
Баласаак жүрөгүңө мен жүгүнөм,
Боорсок жыттуу той үйү көшөгө ачат.

Апамдай жумшак өөп маңдайымдан,
"Көшөгөң көгөрсүн" деп жоолук салып,
Бир илим сары майын жегизесиң,
Кылтыйып көшөгөмө жарданышкан,
Кылыктуу бөбөктөргө ичим ысыйт,
Мен силердин күлкүчү жеңеңермин!

Энеке мен бир күнү үйүңүздө,
Түйшүкчүл өзүңө окшош эне болом.
Уулумдун апам берген бешигине,
Сактаган көз мончогум тагып коём.
Энеке, мен да күнү ордумда отура албай күйпөлөктөп,
Үйүмө келин тосом!
- Тоодой жүктү томуктай ырга батырып койсо болобу?
- Болот. Менин поэмаларым бар. Алсак: "Күн бала", "Менин апам", "Кыялымдагы мырзага", "Кыркынчы жаздын кусасы" деген поэмалар. Поэма болгону менен ичинде чоң романдык деңгээлдеги ой жатат. Менимче ар бири өзүнчө жүктү көтөрүп турат. Бир сапка бир ойду батырып койсо да болот.
- Кандай адам акын боло алат?
- Акын бул - жердеги пайгамбар. Таза, ыймандуу, чынчыл адам гана акын боло алат. Кудайдын айтканын жеткирип турат. Бирок, мен өзүмдү антип көтөрө чапкым келбейт. Бирок Кудай берген талантка таза, так, чындык менен мамиле кылсаң, ал өз окурмандарын табат. Бирок акын болуш бул түйшүк, өзгөчө аялдар үчүн.
- Сиздин чыгармачылыгыңызга терс сын-пикирлерин айткандар болду беле?
- Өзүмө айткандар болгон эмес. Мен публицист Кален Сыдыкова менен бирге окуп калдым. Ал мени сынга бышырып койгонбу дейм. Себеби, ал менин ырларымды окуп туруп көбүн чийип салып, кээ бир эки сабын гана "мына бул поэзия экен" деп жаратып койчу. Ошондо мен ыйлачумун, мен биринчи сынды ошол К.Сыдыковадан уккам. Сын уксаң сен катаңды оңдоп, оңолосуң. Сын деп эле жаман көрбөш керек.

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды күлгөнүнөн тааныгам.
Күнгө окшошуп кетээр эле күлкүсү,
Күндүк жолдун ары жагынан чакырган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

- Кээ бир акындарга ырчылар бул темада ыр жазып бер деп сунушташат экен. Жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет эмеспи, эргүү болбосо да сунуш менен ыр жазса болобу?
- Ал да туура. Поэзия менен обондуу ырдын айырмасы бар. Обонго тууралап, маанисин келиштирип жазып койсо болот. Ал эми поэзия бул миң сан бир тамырыңды сыздатып анан чыгуучу нерсе. Мен азыр Шамшыбек Өтөбаев менен иштешип жатам. Ал менин ырларыма обон жазып жүрөт.
- Сиз үчүн жашоо эмнеси менен кызык?
- Мен үчүн жашоо үмүтү, сүйүүсү менен кызык. Үмүтсүз жашоо болбойт да, ошол үмүткө жетеленип адам жашай берет экен.

Токтоп калган жаз
… Аппак тоонун артында Жаз бар эле
Түндөрүндө токтогон Ай жанчу эле.
Айды тоспой, өтүшүп тегеренип,
Ак булуттар агарып айланчу эле…

Күнгөй тоонун артында Жаз калды эле,
Күндөрүндө токтогон Күн жанчу эле.
Күндү тоспой өтүшүп тегеренип,
Күмүштөнүп булуттар айланчу эле…

Жаным, ошол Жаз жакка кетелиби,
Дары суудай дайрасын кечелиби…
Бүрү такыр түшпөгөн ошол жаздын,
Гүлүн эмес, күлкүсүн терелиби…

Жаным, ошол Жаз жакка баралыбы,
Кол кармашып күлүңдөй басалыбы…
Күз келбеген, эч качан кыш келбеген,
Токтоп калган Жазда аман калалыбы.

Фарида Тукаева




(Башталышы
өткөн сандарда)
- Сага жамандык кылайын деген ниет жок менде.
- Андай болсо жол бер, аксакал!
- Айттым го, сага жамандык кылбайм. Кайра жамандыктан сактайын деген тилегим бар.
- Чын элеби?
- Ооба, чын болбогондочу. Айтайын десе уккуң келбей жатпайбы!
- Андай болсо мени коё бер, аксакал! Кеңешиңизди бир жумадан кийин келип угайын.
- Анда кеч болуп калат, пендем.
- Азыр менде сөз укканга чоло жок. - Бөрүбай атын сооруга чаап жөнөй бергенде Бакалбай аны менен катар бастыра берип, жигитти кекетиптир.
- Тукум бузуп, адам тукумун булгап, бул эмне кылганың?
- Кимдин тукумун бузуптурмун?
- Адамдын деп жатам.
- Кайсы адамдын.
- Жалпы адамзаттын…
- Кандайча? - Ачуусу келген Бөрүбай чалды жекире карайт.
- Сага жети күнгө чейин үстүмө кирбе деп айттыбы аялың?
- Аны сиз кайдан билесиз?
Бакалбай тоо жаңырта күлөт. Күлгөн сайын сакалы сербеңдей өңү улам куулат, көзү ачылбай ыкшыган куучуну таңгала тиктейт Бөрүбай. Анда чал сүйлөптүр:
- Шордуум, мен билбеген бу дүйнөдө эч нерсе жок.
- Койчу?
- Ооба, билген үчүн айтып жатам буларды.
- Деги аксакал, өзүңүз кимсиз? Эрди-катындын жалгыз отуруп сүйлөшкөн сөзүн тыңшаганыңыз уят эмеспи…
- Мени куучу Бакалбай деп бекер айтышпайт. Мен сөз тыңшабайм. Менин пирим сары тайган жер жүзүндө болуп жаткан окуянын баарын айтып берип турат…
- Андай эле кыйын экен, сенин пириң мени чаап алсын. Урдум ошону! - деп жаны күйгөн жигит бастырып кетет. Бакалбай болсо алдын торой көзү чекиреңдеп, өңү улам куулуп, жанталаша сүйлөп кирет:
- Эрди-катын деп коёт дагы кебелбей. Жыргаган катындуу болдум деп жатасың го, шордуум.
- Аны менен эмне айтмакчысың?
- Мурда дагы эскертсем ишенген жоксуң, койнуңдагы катын сөрөйүң адам тукуму бекен?
- Анан кимдин тукуму?
- Аның жыландын кызы. Ишенбесең азыр барып көр. Аның аппак эркек бала төрөп коюп, өзү алты кулач жылан боло, баланын мээримине канчудай эмес…
- Калп!
- Айтпадымбы, ишенбесең азыр үйүңө бар. Боз үйдүн туурдугунан шыкаалап көр. Калп болсо кепиним өрттөнсүн!
- Ишенбейм! - Бөрүбай катуу кыйкырды.
- Калп болсо, кайра келип бетиме түкүр!
Айласы түгөнгөн Бөрүбай калтырап-титиреп туруп калган дейт. Кантсе да жигитти ишендирдим деп ойлогон Бакалбайдын бети-башы ого бетер тырышып, аны сынагандай карайт да, бирде күлөт, бирде мостоёт. Анын үстүнө балдарым, чалдын сөзүнө мындан ары ишенбеске айла жок болчу. Илгеркилер үчүн кепиним өрттөнсүн дегенден өткөн каргыш болгон эмес. Ошентип ыза болгон, ичи күйгөн Бөрүбай ыргылжың болуп турганда:
- Баргын, кана жөнө! -дептир оңбогон чал.
Айла канча, ачууга жеңдирген шордуу аялына берген убадасын таптакыр унутуп коюп, үйүн көздөй чаап жөнөйт.
* * *
Чаап келатып, дагы эле болсо чалдын сөзүнө көп ишене бербей дүбүрт угуп, кокус шекшибесин деген кыязда ал атынан түштү да, аны обочо жердеги буйгага байлай салып, өзү жыла баса боз үйгө жакындайт. Эгерде чалдын айтканы калп чыгып калса, билгизбей кайра артка кете берем деп ойлойт ал. Боз үйгө жетип-жетпей, ансайын жүрөгү алып учкан бечара туурдуктан шыкаалайт да, чын эле аялынын эмчектен ылдыйкы тулкусу бүт бойдон жылан экенин көрөт. Жылаңач бала энесинин мамасын балкылдата ээмп, аялы болсо баласынын май көчүгүн куйругу менен сылай көшүлгөн бойдон чалкасынан жатыптыр. Чочуй, бир чети эси чыккан Бөрүбай кетенчиктей басып, кетээрде аялы башын көтөрө коюп, кыйкырып жиберет.
- Сен ким?
Буту чалыштып жыгылып кетчүдөй араң турса да, Бөрүбай бир орундан кыймылдай албай каккан казыкча элейет. Эмне кылат: үн да, сөз да жок.
- Убалыма калдың, убалыма калдың! -деп онтогон аялдын үнү эми бошоңдой баштайт. - Болоору болду. Эми кир, кире бер.
Айласы кеткен жигит ордунан козголбойт.
- Арманымды, керээзимди айтып калайын. - Аңгыча баланын да ыңалаган, ыйлаган үнү чыгат. Ошондо Бөрүбай башка эч нерсе ойлоого чамасы жетпей, эшикти шарт ачкан бойдон үйгө кирип барган экен…
- Чалкасынан түшкөн бала төрдөгү көлдөлөңдүн үстүндө эки бутун көктү карата тыбырчылай ыйлап жатыптыр. Кызыл эт наристени Бөрүбай ала коюп бооруна кысканда, ал эмнегедир соороно түшөт.
Ошондо аялы:
- Эшикти түрүп койчу? - дейт ары чарчагандай.
Тиктеген сайын бүт тулкусу акырындай жыланга айланып бараткан аялын көрүп Бөрүбай кыйкырып жиберген дейт.
- Кара көздү кашайтпа, токтой тур, Арзыгүл!
- Мына ушинтип Арзыгүлдөн биротоло ажырайсың.
- Токтой тур дейм, жан биргем? Бир аз сүйлөшөлүк!
- Рас эле, анда канттиң, шордуум! - Аялдын үнү кайрадан шылдыңдуу.
Жыланга айланбай анын башы гана калат.
- Токтой турчу, жаным! - Жигит өксөп ыйлап жиберет. - Баланы эмне кылам? Мына бул кызыл этти кантип багам? Ыйлаган сайын жигиттин көз жашы аялдын бетине таамп, ошондо гана мойнуна чейин жыланга айланган Арзыгүл токтой калат.
Сүйүүдөн чыккан көз жаштын касиети мына ушунда да…
- Эшикти чоң аччы? -дейт ал.
Бөрүбай эшикти түрүп коюп аялынын жанына отура калат. Аял эми оор үшкүрүнөт.
- Тил укпай, убалыма калдың. Карачы, бекер жерден балаң жетим, өзүң жесирсиң. Аздан кийин биротоло жүз көрүшкүс болобуз, байкушум.
Жигит ого бетер солуктайт.
- Мага убал жок. Ушундан көрө өлсөмчү…
- Кой антпе. Сен да кошо өлсөң, бала талаада калбайбы!
- Мен жерге кирейин.
- Болоору болду, боёсу канды, антпе дейм. Алдагы ымыркай үчүн кур дегенде бирибиз жашайлык. Кандан чыккан жандан чыккан наристеде не күнөө?
- Мага убал жок!
- Аны көп айтканда не пайда. Андан көрө сөзүмө жолтоо болбой угуп тур.
Бөрүбай баш ийкей, ооз учун кыбыратты.