presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


№19, 10.06.08-ж.
  Дарамет

Анапия Раимбекова:
"Атаандаштыктан Ийгилик жаралат"
Ар дайым ууртунан жылмаюу кетпеген, сыпайы, адамдын жан-дүйнөсүнө аяр мамиле жасай билген адамгерчиликти эң жогору баалаган, Үчтеректин үч кызынын улуусу да, сулуусу да Анапия Раимбекова бүгүн бизде мейманда.
Эзелтен бери укумдан - тукумга мурас болуп келаткан кыргыз комузунда кол ойнотуп, обон да жаратып, комуз кайрыгына кошуп мукам ырларды созуп, өз күйөрмандарын табууга жетишкендигине карабай эч кандай наамга ээ болбогону өкүнүчтүү. Ырчылыкты өнөр тутуп, аны бапестеп багып келатканына бир топ жылдын жүзү болсо да эл артисти, эл ырчысы, эмгек сиңирген артисти деген атак - даңктан артта калгандай.
Сырттан караган кишиге абдан эле одоно көрүнөт экен, кечээ эле ыр дүйнөсүн баш баккандар бүгүн эмгек сиңирди атка конуп олтурса бир чети уяласың. Батыштын обондорун туурап алган инсандарга бат баа бергенибиз арсыздыгыбызбы же алсыздыгыбызбы деген ойго токтолосуң. Накта кыргыз баласынын жүрөк кылын черткен обондору бааланбаганы жан кейитет. Анапия айымдын өзүнүн атак-даңкка кызыкпаганыбы же капчыгы калың эмеспи же жөн гана артында турган белдүү инсан жокпу кыскасы баары чиеленишкен табышмак. Ырчы айымдын көптөн бери эл алдына суурулуп чыкпаганын эске алып, маек курдук.

- Эмне үчүн башкаларчылап атак-даңкка анча кызыга бербейсиз?
- Эмгек сиңирген деген наамым жок болгону менен ырларымды угуп, мени сыйлаган элим бар, менин атак-даңкым ошол. Сахнанын сересинен түшпөй, улуу-кичүү замандаштарымдын жүрөгүнөн түнөк тапсам андан өткөн атак жок деп ойлойм. Башында айтканыңдай кагаз жүзүндө бааланбаганым менен элим сыйлап келатканы күчүмө- күч, демиме- дем берет.
- Жашоонун жыргалы сиз үчүн эмнеде?
- Жалган дүйнөгө жаралганыңдын өзү бакыт. Ал эми жашоонун жыргалы ошол бакыттын бир үзүмү. Менин жашоомдун жыргалы балдарымдын кубанычтуу күлкүсүнүн жаңырышы жана жаңы ырлар, обон кайрыктарынын жаралышы.
- Обондоруңуздун кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?
- Бардык эле обондорум жүрөгүмө жакын. Ар бирин жаратып жатканда ойлонуп, толгонуп жүрүп жаратасың. Мындайча айтканда ымыркайды жарык дүйнөгө алып келген эне кейиптенесиң. Эне үчүн бардык баласы бирдей эмеспи. Он баласы болсо оюну башка дегендей мен үчүн канча обонум бар болсо баарынын өз орду, кайталангыс кайрыктары бар.
- Ыр дүйнөсүнө кимдин түрткүсү менен баш бактыңыз?
- Бала күнүмдө тоо койнунда көп болгом. Айылчылап апамдын төркүнүнө барганымда чокулары асман тиреген Арсланбаб тоолорунун мөңгүлөрүнө жакындап, кызыгып көз чаптырчумун. Ошондо жүрөгүм башкача согуп, жан дүйнөмө кандайдыр бир башкача сезим келип, кыңылдап ырдачу элем. Көрсө ошондо эле мага обон кайрыктары келип жүргөн экен. Балалыгымдан аны сезбепмин. Теңирим ыроологон шыкка атамдын түрткүсү күч, дем берип, ыр дүйнөгө аралашуума чоң өбөлгө түзгөн. Атам өзү абдан ырга жакын комузда кол ойноткон киши болгон. Комузду атамдан үйрөнгөм. Ыр дүйнөсүнө келишимдин чоң себепкери атам болуп саналат.
- Азыркы тапта таш ыргытсаң ырчынын башына тиет. Ырчынын көбөйгөнүнө кандай карайсыз?
- Көз карашым түз. Канчалык көп болсо да ар биринин өз орду, өз угарманы бар. Азыр биздин мамлекетибиз жаш, жаңы түптөлүп келатат. Ошон үчүн ырчынын көбү жакшы, атаандаштык көп болот. Атаандаштыктан ийгилик жаралаарына күмөнүм жок.
- Заман бузулуп баратат дегенге оюңуз?
- Заман бузулбайт. Заман кантип бузулмак эле. Өзүбүздүн пейлибиз бузулуп, ичибиз тарып баратат. Элибизде эзелтеден бери эле "пейлиңден тап" деген макал туура айтылгандай чын эле заманыбыз пейилибизге жараша бузулуп баратабы дегенге токтолосуң.
- Эл алдына чыгып жеке концертиңизди качан тартуулайсыз?
- Жеке концерт берүү оюмда бар. Бирок аны качан берүүм сыр бойдон кала турсун.
- Сахна менен коштошуу оюуңузда барбы?
- Азырынча жок. Жакынкы күндөрдө коштошом деп айта албайм. Чындыгын айтуу керек, ушул маселеге келгенде жүрөгүм тызылдап, кабыргам кайышат.

Маектешкен
Альбина Шадыбекова










??.??