presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№19, 10.06.08-ж.
  Саламат плюс

Мурундун кызматы
КРнын эмгек сиңирген дарыгери, Бишкек шаарынын башкы отолорингологу Мимат Малаев:
Адамдын мурунунун жаратылышы өзүнчө бир кызык. Мурундун негизги кызматы жыт сезүү эле эмес, тышкы чөйрөдөн өпкөгө кирген абаны жылытып, нымдаштырып жана ар кандай жугуштуу нерселерден сактоо. Абаны мыкты тазалап туруу үчүн жаратылыш радиатордун принцибинде мурунду жаратыптыр. Себеби, мурундун ичинде укмуштуудай чырмалышкан, ички мурун жолдору жана көңдөйчөлөрү бар. Анын былжырлуу катмары жана көңдөйчөсү ар дайым былжыр бөлүп чыгарат. Бул былжыр суу бөлүп чыгаруу менен бирге дем алуучу абаны нымдатып жана былжырдын курамында иммундук клеткалар, микробго каршы күрөшүүчү ар кандай заттар болот. Мындан тышкары микроскоптук майда түктөр сырттан кирген чаң бөлүкчөлөрдү ары өткөрбөй, фильтрлеп турат. Тышкы чөйрөнүн оору туудуруучу микробдорун эң алгач мурун жолуктурат. Ошону үчүн мурундун сезгениши башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кездешет.

Угуу органынын иштеши
Кулактын сырткы калканы үн толкундарын тосуп алып, сырткы угуу өткөөлүн карай жиберет, үн толкундары тарсылдак жаргагына барып урунат да аны дирилдетип кыймылга келтирет. Ал эми тарсылдак ортоңку кулактын үч уктургуч сөөкчөлөрүн кыймылдатат. Андан соң ал дирилдөөлөр суюктукка толгон көңдөйлөрдүн, каналдардын системасынан турган ички кулакка өткөрүлөт да ички кулактагы суюктукту кыймылдатып, толкутуп, уктургуч рецептордук клеталары бар үлүлгө жетет. Үлүлдүн суюктугунун толкушу сырткы рецептордук клеткалардын дүүлүгүсүн чакырат, үн толкундары нервдик импульстарга айланып, мээге берилет. Мээ болсо аларды ажырата тааныганда бизге үн угулат.
Лимби системасынын (мээ бөлүкчөлөрүнүн жыйындысы) жардамы менен мээ кайсыл дабыштарды кабыл алуу, кайсыларына көңүл бурбоо керектигин аныктайт. Мисалы, эне айрым учурларда баласынын ойноп жаткандагы дабышына көңүл бурбашы мүмкүн, бирок баласы коркуп кетип бакырса, дароо карайт. Биз эки кулагыбыз менен угабыз, ошондуктан өзүнчө стерео эффект пайда болот. Бул бизге үндүн булагынын ордун аныктоого жардам берет. Ал эми сүйлөшүп жатканыбызда мээбиз бир маалда бир маалыматты гана кабыл ала алат.

Жаштардын көбү катуу
укканды жакшы көрөт
Айрым учурларда кулагыбызды өзүбүз аябайбыз. Азыр айрыкча жаштардын көбү музыканы ойноткучтардын кулакчындары (наушник) аркылуу катуу укканды жакшы көрүшөт. Катуу үндөрдүн кулакка кандай таасир этээрин элестетиш үчүн ички кулактын рецептордук клеткалары буудай талаасы менен, ал эми кулакка кирген үн толкундары шамал менен салыштырылат. Акырын чыккан үн буудай башына зыян келтирбей жай термелтип өткөн желаргы сымал. Шамал күчөгөн сайын, буудайдын башы ого бетер ийилет. Бир заматта куюндап өткөн шамал буудайга зыян келтирип, өлтүрүп коюшу мүмкүн. Ар кыл ызы-чуулар да кичинекей, сезгич рецептордук клеткаларга дал ошондой таасир калтырат. Узак убакыт бою катуу ызы-чууну угуу рецептордук клеткаларга олуттуу жабыркоо келтириши ыктымал. Ал клеткалар болсо кайра калыбына келбейт. Кулактын чуулдашы, шуулдашы же баштын зыңылдашы ошол себептен болушу мүмкүн.

Кулакты тазаласа болобу?
Айына бир жолу кулактын калканын артка же ылдый чоюп, тарсылдак жаргагына тийгизбей кылдат тазаласа болот. Айрым адамдарга окшоп бат-бат эле ширеңкенин талы менен тазалай берген тескерисинче кулактын терисинин тышкы катмарын кетирип, натыйжада ар түрдүү тери ооруларына алып келиши мүмкүн. Кээ бир адамдар толкунданганда кулактарын чукуй беришет. Бирок алар кулактарын чукуп жатып, канчалаган инфекция жуктуруп аткандарын сезишпейт.

Ырчыларга тамеки чеккенге болбойт
Адамдын үнү ар кандай себептер менен мисалы вирус, инфекцияга кабылганда, тамакка күч келтире кыйкырганда, тамакка болгон катуу соккудан улам чыкпай калышы мүмкүн. Ал эми тамеки чегүү үндү чыгарбай салбаса дагы өтө терс таасирин тийгизет. Тамактын рак шишигине алып келиши да мүмкүн. Айрыкча тамеки чегүү ырчыларга абдан зыян. Бирок азыркы ырчылардын көбү тамеки чегүү акырындык менен үндү басып коёрун билишсе деле чеге беришет экен.

Гайморит, синуит, фронтит,
этмоидит деген эмне?
Синуит-мурун көңдөйчөлөрүнүн сезгенишинин жалпы аталышы (лат сөз. Sinus - көңдөйчө, it- сезгеничтүү оорулардын аталыштарына уланчу мүчө). Эгер өйдөңкү жаак көңдөйчөсү сезгенсе фронтит, решеткалуу көңдөйчө сезгенсе Этмоидит деп аташат. Бул оорулардын белгилери: баштын, жаактардын оорушу, температуранын жогорулашы, беттердин кызарышы, мурундун ичине чимкирик толушу, сасык тумоо болуудан башталат.

Оорунун пайда болушу?
Биринчиден суук тийгенден, иммунитеттин төмөндөп кетишинен, аллергиядан, оору туудуруучу микробдордун жогорку активдүүлүгүнөн, мурундагы вентиляция токтогондо пайда болот. Мурун көңдөйчөсү мурундун көзөнөкчөлөрүнөн бөлүнүп калгандыктан көңдөйчөдөгү дайыма бөлүнүп чыгып турчу былжыр акырындык менен толуп калат. Бул микробдордун көбөйүп, өөрчүшүнө аябай сонун шарт түзөт. Үчүнчүдөн болсо көңдөйчөдөгү сезгенүү күчөп, ириңге айланат. Көңдөйчөдөн тышка чыга албаган ириң күчтүү басым менен канга аралашып кетет да бүткүл организмди ууландырат.

Вакуум - жууп сордуруу методу
Жалпы дарылоо жолдорунан сырткары биз азыр гайморит, фронтит, этмоидит ооруларын өзүбүздүн бейтапканада иштелип чыккан жаңы методика менен дарылоодобуз. Вакуумдук жууп-сордуруу методун чындыгында азыр КМШ өлкөлөрүндө кээ бир жерлерде колдоно элек. Жалгыз гана Москва, Петербург шаарларынын институттары кайсы бир клиникада бул методду колдонуп көрүп жатышат. А биз вакуум жууп-сордуруу методикасын 8-10 жылдан бери Кудайга шүгүр абдан ийгиликтүү, натыйжалуу колдонуп келатабыз. Учурда биздин бөлүмдөн дарыланганы Москва, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн оорулуулар келишүүдө. Атүгүл жакында эле Швейцариядан атайын бизге дарыланганы бир оорулуу келиптир.

Гайморитти "тештирүү" жолу менен дарылоо зыянбы?
Көбү ушинтип ойлошот. Бирок бул туура эмес. Мисалы, биз деле оорулуу кеч кайрылып, оору абдан күчөп кеткен болсо "тешүү" жолун колдонуп дарылайбыз. Акырындык менен тешик айыгып, бардыгы ордуна келет. Эң негизгиси жакшы дарылар менен операцияны жакшы жасоо зарыл.

Дарылоо жолдору:
Мурун көңдөйчөсүндөгү бүтөлүп калган жолду ачуу;
Мурундун көңдөйчөлөрүн сезгенүүгө жана микробдорго каршы дарыларды колдонуу менен жууп чыгуу;
Микробдордун өөрчүшүн токтотуучу дарыларды таблетка түрүндө же ийне саюу аркылуу колдонуу;
Көңдөйчөлөрдөгү шишикти жоготуу жана иммундук системаны калыбына келтирүү.

Даярдаган Асхат Айсаракунов









??.??