№19, 10.06.08-ж.
  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

91-94-серияларында…
Ярик Асяны өрттөнгөн квартирадан алып чыгып, инспектордон бул атайын "Светиктин" өмүрүнө кол салуу болгонун айтат. А Галина Ивандын өзүн-өзү өлтүргүсү келип, жашоодон түңүлө баштаганбы деген ойдо калат. Ярослав менен Ася квартирада жашоого мүмкүн болбогондон соң Федотовдун үйүнө көчүп келишет. Пётр Аркадьевич Лерага өрттү ал уюштурбаганын, күнөөсү жок экенин айтып ишендирүүнүн чарасын көрөт. Өзүнө кол салгандан кийин кылмышкер Сашаны да жөн койбосуна көзү жеткен Ярик анын үйүнө оперативниктерди койдуртуп, тергөөчүнүн жардамчысына Пётр Аркадьевичти эртерээк кармоосун суранат.
Шибегени капка катуунун амалын кылган Галина Иванга чындыкты айтууга батынбаса, Ваня болочоктогу баласына тынчсызданып, Галяга аренага чыгууга тыюу салат. Үйүнө кайтып келген Асянын көңүлүн караган Виктория Анютага "Асяны жактырбаганыңды ачык эле көрсөтө бербе"-деп суранат. Тергөөчүнүн сунушу менен Саша Пётр Аркадьевичти тамактануучу жайга жолугушууга чакырат.
Ярик Асянын кареги менен тең айланып, экөөнүн ортосундагы мамиле жылый баштайт.
Өзүн колго түшүрүү үчүн атайын чакырылганын түшүнгөн Пётр Аркадьевич Веникти атып ага жаракат келтирип, колго түшөт. Күйөөсүнө тынчсызданган Лераны машине уруп бейтапканага жатат.
Пётр Аркадьевич жашаган бөлмөнү тергөөчүнүн жардамчысы текшерип чыгып, баягы ызы-чуусу түгөнбөгөн Фибула менен Леранын документтерин табат. Аны суракка алыш үчүн тергөөчү бейтапканага жөнөйт. Бирок Пётр Аркадьевич менен тааныш эмесмин, эч кандай байланышым жок деп бардык нерсени жокко чыгарат.
Галина Асянын сүрөттөрүн өрттөп жатканын көрүп, чырагына май тамат. Сашанын кырсыктап калганын Виктория Асяга айтып берет.
Дале өз көмөчүнө күл тарткан Галя Иванга бул жолу да калп айтып, доктур анын ден-соолугуна эч кандай коркунуч жок экенин мурункудай эле циркте иштей берсе болоорун айтат. Тергөөчү Викторияга "жоголгон" буюмун кайтарып берет. Лера Сашага - Пётр Аркадьевич анын ойношу экенин, Светиктин өмүрүнө кол салуу болоорун мурда эле билгенин айтып, бардык чындыктык көзүн ачат. Тамактануучу жайда отурган Мальковцевдин жанына бейтааныш адам келип отурат. Анын сүйлөгөн сөздөрүнөн улам Мальковцев маңдайында отурган адам Ярослав менен Светославдын атасы экенин билип, ага сунуш киргизет…




  Пайдалуу кеңештер

Көңүл чөккөндө же чарчаганда
Акыл эмгеги менен иштеген адамдардын мээси тынымсыз иштегендиктен нерв системасын жөнгө салып туруусу керектелет. Ал үчүн:
* Эс тутумуңузду жөнгө салып тургуңуз келсе, эс алуу күнүн да пландай билиңиз.
* Күн сайын муздак сууга түшүүнү унутпаңыз, башкысы эртең мененки жалкоолуктан арыла аласыз.
* Көбүнчө кальцийге бай болгон сыр, жашылча жемиштерди, сүт жана жумуртка менен тамактанууну адатка айландырыңыз.
* Эгер кызматыңыз акыл энергияңыздын туруктуулугун талап кылса грек жаңгагы менен балык өзгөчө акылыңыздын бек болушун камсыздайт.

Алоэ согу бронхит оорусун айыктырат
Алоэ кадимки үй гүлү катары өстүрүлөт. Дарылыгы өтө баалуу өсүмдүк. Мунун жалбырагын жана сабагын кургатылган түрдө колдонсоңуз болот. Бул үчүн таза сууга кайнатып, дарынын суюктугун даярдап, муну карын, он эки эли ичеги жарааттарына карата ичүү пайдалуу. Андан сырткары аз өлчөмдөгү кайнатмага сары май менен балды кошуп ичсеңиз бронхит оорусуна өзгөчө жардам берет. Аталган өсүмдүктөн тери жарааттарына да мазь даярдап алсаңыз болот. Үй шартында даярдасаңыз: өсүп турган жаш жалбырагын алып, караңгы жерге төмөнкү температурада 12 сутка кармаңыз. Андан соң сууга салып майдалайсыз. Ушундан кийин гана тери жарааттарына айыкканга чейин сүйкөйсүз.

Лимон Ангинага дары
Эгер ангинанын жаңыдан пайда болгонун байкасаңыз лимон менен сырды бир учурда чайнап жегениңиз оң. Сиңип кетүү үчүн артынан эч нерсе жебей турууңуз кажет. Мындай ыкманы үч жолу кайталасаңыз жетиштүү болот.
Оору күчөп кетсе лимон, бал жана аш калемпирин пайдаланыңыз. Ал үчүн төмөндөгүдөй ыкманы колдоносуз. 2-3 чай кашык балга ушул эле өлчөмдө лимондун согун кошосуз да кызыл калемпирден аз гана өлчөмдө себелеп коёсуз. Дарыны ичкенде көзүңүздөн жаш таамп же тамагыңыз ачышып оорусу ыктымал. Айыгууну көздөсөңүз чыдоого туура келет.

Алма-организимдеги туздуулукту тазалайт
Алманы күнүнө эки даанадан жеп жүрсөңүз кан басымыңызды бир калыпта сактап турат. Мындан сырткары суюктугу организмдеги туздуулукту азайтып, алгачкы калыбына келишине өбөлгө болот. Жатаар алдында тишиңизди чукулоонун ордуна алманын согун ичсеңиз өзүңүздү жеңил сезип, тамак жакшы сиңет жана тиштеги калдыктарды чыгарып, тиштин бекем болуусуна таасир берет.

Аракечтиктен арыла албай жүрсөңүз
Таң эртең мененки тынчтыкта бак-дарактуу таза аянтчада же арчалуу айдыңда сейилдеңиз. Кулкунуңуз куурап баратса бир стакан тунук суудан жутуңуз да сейилдөөнү кайра улантыңыз. Мындан сырткары бир бөтөлкө коньякка 25 грамм кайыңдын ширесинен жана кабыгынан кошуп, кошулманы үч жума караңгы жерге сактооңуз керек. Эгер коньяк таппасаңыз аракка жасаңыз, ал үчүн кайыңдын ширесинен 100 грамм кошуңуз. Муну эки жума караңгы жылуу жерде сактайсыз. Дарыланууда түшкү тамак алдында гана 30 грамм ичүүңүз кажет. Жогоруда аталган ыкманы туура 1 ай бою үзгүлтүксүз эрктүүлүк менен кайталасаңыз кайгыдан арылууңузга көмөк берет. Мунун натыйжасында ачуу суунун мээңизге таркалып кетүүсүн алдын алган болосуз.

Даярдаган Ч. Абдраева





  Кызыктар дүйнөсүндө

Туура өбүшүүнү билесизби?
Сүйүшкөндөрдүн арасында жүргүзүлгөн "Сиз кандай өбүшкөндү жактырасыз?"-деген суроого жаштардан эркектердин 44%ы, аялдардын 48%ы назик өбүшкөндү жактырышат экен. Өбүшүүдө жарнама кылып жаткан помадалардын такыр эле кереги жок. Себеби эркектердин 63 пайызы боёлбогон ооздорду өпкөндү жакшы көрүшсө, айымдардын 15 пайызы эркектин өбүшө албаганы үчүн андан кол үзүүгө даяр.
Эң узак өбүшүү Гиннестин китебине киргизилген. Эки түгөй тынбай 17 күн, 10 саат 30 мүнөт өбүшүп, алдары кетип бейтапканага жатып чыгышкандан кийин экөө эзели көрүшпөптүр.

Өрдөк да окуй алат
Америкалык психолог, доктур Кеннэт Плойддун айтымында, кадимки эле короодо ылай кечип жүргөн өрдөктөр да тамга таанып, окуганга жөндөмдүү келишет. Өрдөктөрдүн көрүү, өң-түстү ажырата билүү жөндөмдүүлүгү мыкты өөрчүгөндүктөн, жакында эле сэр Панселот аттуу өрдөктү адегенде түстүү кагаздарга тамгаларды жазып үйрөтүп, анан түссүз ак баракка да ошол эле тамгаларды жазып окутушкан, жыйынтыгында сэр Панселот бир да жолу жаңылбай адамдардын оозун ачырган.

Акча жоготуунун жолдору
Пакистандын тургуну 33 миң рупийин (болжол менен 500 доллар) үйүнөн чыкпай жоготкон. Тагыраак айтканда жумуш столунун сурмасына салып коюп, бир күнү керегине жаратайын деп ачса, болгон акчасын чычкандар пырын чыгарып бырчалап салышкан. Өз чачын өзү жулган киши өмүрү өткөнчө чычкандардан өч алам деп, өзүнө-өзү сөз берет. Дал ушундай күлкүлүү жол менен Пекинде жашаган кемпир да 20 миң паанынан айрылган. Нан бышырган микровалновкага салып коюп, албетте ал жөнүндө унутуп калып, аны күйгүзсө акчасы кошо күйүп кетип, анын төрттөн бир бөлүгүн алып калууга үлгүргөн.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева