Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Кумир менен баарлашуу

Урмат Усенов:
"Жокчулукту көрбөй туруп, барчылыктын баркына жетиш кыйын"
Сахнадагы өзгөчө стили, мукамдуу үнү менен ыр ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө айланып, кийинки чыгып келаткан жаш муундардын арасында өзүнчө бир чыйыр жолду тандап, чыгармачылыктын сересине түшүп калган таланттуу ырчы Урмат Усенов кумир тутуп сыйлаган күйөрмандары менен жолугушту.Урмат 1981-жылы 11-февралда Талас облусунун Карабуура районунун Карасай айылында туулган.Кыргыз Түрк Манас университетинин түркология факультетин бүтүргөн.

Гүлшан:
- Саламатсызбы Урмат байке, мен сиздин чыныгы күйөрманыңызмын. Бир сөз менен айтканда сизди эч бир ырчыга алмаштыра албайм. Сизге суроом өмүрүңүздө жокчулуктун азабын тарткан күндөрүңүз болгонбу?
- Гүлшан сизге чоң рахмат. Негизи мен 4-классымдан бери ата-энемден бөлөк жашайм. Бала чагымдан көркөм-сүрөт интернатына келгенден баштап өзүмө-өзүм жооп берип, өзүмдү-өзүм камсыз кылып келем. Интернатты бүтүп жогорку окуу жайына (Кыргыз Түрк Манас Университетине) тапшыргам. Ошол учурдагы студенттик алгачкы жылдарда көптөгөн кыйынчылыкты башымдан өткөрдүм. Чынын айтсам ачка калгандан да арыраак жашоону көрдүм. Бир убакта үстүмдө үйүм жок, батирден-батирге көчүп жашаган күндөрүм болгон. Жокчулукту көрбөй туруп барчылыктын баркына жетиш кыйын деп ойлойм. Кудайга шүгүр азыр ошол убактагы мээнетимдин акыбети кайтып, дөөлөтүн көрүп жатам. Менимче жокчулук жашоонун бир сыноосу.
- Сулуулук адамды сокур кылат. Сокурду каалаган жакка жетелеп кеткенге болот. Сурайын дегеним сиздин да пендечилик кылып сулуулукка алданган учурларыңыз болду беле?
- Негизи эле адамзат, айрыкча эркектер сырткы келбетке көбүрөөк басым коёбуз. Бирок, мен азыр андай убактан өттүм. Мен үчүн адамдын ички дүйнөсү өтө маанилүү. Анан эми сурооңузга так жооп кыла турган болсом сиз сураган сулуулукка алданып, бармак тиштеген учурларым болгон жок.

Жумагүл:
- Урмат байке, сахнага ырдап чыкканга чейин радиодон ди-джей катары үнүңүздү угуп, телевидениеде алып баруучу болуп жүргөнүңүздү билем. Эмне үчүн ал чөйрөдөн кетип калдыңыз. Кайра ошол тармакка кайрылайын деген оюңуз барбы?
- Ал тармак азыркы иштеп жаткан чөйрөм менен тыгыз байланышта болгон үчүн кеткем. Азыр дагы 1-2 радиодон сүйүү темасындагы көңүл ачуу программасын даярдабайсыңбы деген сунуштар түшүп жатат. Бирок, мен ал жакка Урмат Усенов эмес, башка ат менен чыгууну сунуштадым эле, ага да макул болушту. Азырынча барам же барбайм деп так жооп бере элекмин. Анткени убакыт кичине тарыраак болуп жатат. Эгер жетишип калсам радиого кайрылып, ободон жолугушабыз. Негизи мен радиодо сүйлөп баарлашуудан зор ырахат алам.
- Түркчө билесиз, өзүңүз да түрктөргө окшошсуз, менин сунушум түркчө ырдап чыкпайсызбы?
- Түрк тилинде ырдаган ырларым бар. Бирок мен ал ырларды өзүмдүн жеке репертуарыма кошкум келбейт. Себеби ал түрк ырчыларынын ыры. Эгерде башка түрк акындары өзүнчө атайын ыр жазып бере турган болсо ырдагандан качмак эмесмин.

Айкыз:
- Урмат, "Тамчы", "Тажадым" деген ырларың так эле мага арналгандай… Жашоого кызыгуу жок жүргөндө Ала-Тоо аянтынын жанында машинаң менен сүзүп кете жаздап, анан жылмайып койгонуң эсиңдеби?
- Чынын айтсам эсимде жок. Дайыма ушундай курч кырдаал жарата турган учурлардан жылмайып кутулуу менин колдонуп жүргөн ыкмаларымдын бири.Эгер ошондой капа болуп жүргөн учуруңузда менин жылмаюум жүк боло турган болсо кечирип коюңуз.
- "Тажадым" деген ырыңдын тарыхы жөнүндө айтып берсең. Дегеле, тажаган учурда депрессиядан кантип арылуу керек?
- "Тажадым" деген ырымдын хитке айланып, эл оозуна алынышы обонунан, аранжировкасынан же аткаруу чеберчилигинен эмес кайрылган темамдан улам ушундай деңгээлге жетти болуш керек. Анткени, тажадым,чарчадым деген азыркы жаштардын арасында глобалдуу темалардын бири экен. Мен ошол "точкага" тийдим окшойт. Ал эми мен өзүмдүн депрессиядан чыга турган ыкмамды айтсам сизге туура келбейт го. Мен тажап, чарчаганда ыр жазып, ырдап эс алам. Мына ушул Тажадым" деген ырым дагы депрессияда жүргөн убакта жаралган.

Фарида:
- Урмат ага, сизди ырчы жигит катары эмес адам катары сыйлап, урматтайм. Айтыңызчы бул жашоодо чындык бар экенине ишенесизби?
- Ишенем. Бирок чындык өз убагында эмес кийин гана бетине калкып чыгып жатканы меним өкүндүрөт. "Чындык колдон басынбайт, чыгаан талант чачылбайт" дегендей эртели кечпи баары бир чыркыраган чындыктын бети ачылат.
- Мал кайтарып айылда жүргөндө ушундай ырчы болом деп ойлогонсузбу? Бала кезиңизде эмне жөнүндө кыялданат элеңиз?
- Бала чагымда учкуч болсом деп кыялданат элем. Азырга чейин, ушул куракка келсем да самолет же вертолёт көрсөм сөзсүз кайрылып карайм. Бийиктикти аябай жакшы көрчүмүн. Айылымдын үстүнөн көргүм келчү. Андан сырткары сүрөт тартканга кызыгат элем. Көзгө көрүнгөн нерсени кагаз бетине түшүрүү менин бала чагымдан калыптанган адатым болуп калган. Ак баракты көргөндө колум кычышып ордумда туралчу эмесмин.. Ыр жазуу, сүрөт тартуу, ырдоо мага Кудай Тааламдан берилген өнөрлөр деп ойлойм. Булар мени менен өмүр бою жашайт. Сахна деген айыккыс оору. Башын салган адам кайрылып кете албайт. Анын үстүнө чыгармачыл адамдардын эрки азыраак, каалоосу көбүрөөк болот.

Гүлшан:
- Ушул жылдын 13-февралында мен сизге теспе менен кат бергем. Ошону окуп сактап алдыңызбы?
- Сиз берген теспе дагы, кат дагы менин архивимде сакталып турат. Ишенбесеңиз жыйналган белектердин ичинен көрсөтө алам. 13-февралдагы концертимде берилген белектердин ичинен энем тарабынан бааланган белектердин бири сиздин теспеңиз болду. Мен ушул убакка чейин кооз жасалган, сейрек кездешүүчү ушундай теспени көрө элек болчумун. Андыктан сизге чоң рахмат. Эсимде калган белектин ээси сиз экенин азыр билип олтурам.
- Түштөгү аян берүү дегенге ишенесизби?
- Негизи кыргыздын ырым-жырымы кылымдар бою калыптанып калган. Ишенбегенге биздин аргабыз да жок болуш керек. Сөзүм куру болбош үчүн башымдан өткөн бир окуяны айтып берейин. Мындан 2-3 жыл мурун гастролго чыгып региондорду кыдырып келгенден кийин үйгө келип эле сулк жыгылып, денемди кыймылдатканга дарманым келбей калган. Болгону көзүм ачык, оң колумдун эки манжасы гана иштейт. Үйдөгүлөрдүн баары ызы-чуу түшкөн. Ошондо түш көрүп, түшүмдө аппак кийинген колунда теспеси бар аял жаныма отуруп, "Сага кичине дем керек экен, сендеги болгон энергияны карап отурган элдер алып коюптур"-деди. Чочуп ойгонуп кетсем жанымда эч ким жок. Анан бул түшүмдү апама айтсам, апам эжемдин бир тааныш молдосуна жөнөттү. Кызыгы эжем, мен түшүмдө көргөн эжени ээрчитип келди. Ал мага дем салып кетээри менен жеңилдеп, колу-бутум иштеп калды. Ошондон кийин түш аян берет дегенге ишенем.
- Мусулманчылыкта ырчылык арам дешет. Ушуга кандай карайсыз?
- Эгерде менин жараткандын алдында жасаган күнөөлөрүм эл алдына чыгып ырдагандыгым үчүн болсо мен аны мойнум менен тартканга даярмын.

Жумагүл:
- Сокур кишиге өзүңүздү кантип сүрөттөп, кантип мүнөздөп берээр элеңиз?
- Сырткы келбетим боюнча баса белгилей турган өзгөчөлүгүм деле жок. Мүнөзүм болсо боорукермин, кереги жок жерде тартынчаакмын, адам менен сүйлөшкөндө аягына чейин укканга чыдамым жетет. Анан да кандай гана адам болбосун бардык темада тил табышып сүйлөшүп кеткенге даярмын деп айтат элем.

Айкыз:
- Бирөөнү катуу сүйүп көрдүң беле?
- Көргөм. Күн-түн, алыс-жакын дебей артынан чуркап уктабай калган учурларым болгон. "Буюрган алат, жүгүргөн калат" - дегендей тилекке каршы алар менин маңдайыма жазылбаптыр.
- Эл ичинде Урмат Нурзат Токтосунова менен кыз-жигит экен деген имиштер да бар. Буга эмне дейсиз?
- (Күлүп) Элдер суроо бергенден кийин эмнеге ушундай суроо берди деп ойлонуп калам. Менин түшүмө кирбеген имиш-имиштер айтылып келет. Мен Нурзатты абдан жакшы тааныйм. Аны менен бардык темада сүйлөшсөң болот. Анткени анын ой-жүгүртүүсү өтө жогору. Мен ага болгон сырымды айтып кеңеш алган учурларым болгон. Нурзат мага дос катары оң таасирин тийгизди. Ошол үчүн ал кызды адам катары сыйлайм. Эгерде Нурзат экөөбүздүн ортобуздан достуктан сырткары жакын мамиле болсо эч өкүнүчүм болбойт эле. Анткени ал ошондой урмат-сыйга, ошондой ыйык сезимге татыктуу кыз.

Фарида:
- "Тумар кыз" деген ырыңыз мага аябай жагат. Ушул ырыңызды угуудан тажабайм. Жакында эжекем кыздуу болуп аталган ырыңызга байланыштырып Тумар деп ат койдук. Мен сагынып, күтүп уккан "Тумар кыздын" тарыхынан кеп козгосоңуз?
- Бул ырды Тумар кылып тагынып жүрө турган кыялымдагы кызды элестетип жазгам. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Тумарды биз эч убакта ыплас жерге таштап, киндиктен ылдый түшүрбөйбүз. Ошондон улам аялзатын да ушундай касиеттүү тумарга салыштыргам. Аялзаты эркектер үчүн тумардай ыйык, тумардай бийик болсо, жашоонун чыныгы даамын сезмекбиз деген ниетте жазып, ырдап калдым.
- Өзүңүз тумар тагынасызбы?
- Жок тагынбайм.










??.??