Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Обон күлкү

Маданиятыбызга белгилүү
залкар инсандардын, акын-жазуучу, куудулдардын кызыктуу кылык жоруктарын, какшык, шакаба, азил-тамашаларын иликтеп, издеп, эл шайырларынын шиңгилдеринен ортоңуздарга тартууласакпы деп, күлкүдөн гүл десте сунуп олтурабыз, кабыл алыңыздар.

Түмөкемдин түркүн аскияларынан
Раматылык акын Түмөнбай Байзаковду куйкум сөздөрү, аскиячылдыгы, анекдотторду мыкты билгендиги үчүн улуу-кичүү калемдештери "Түмөке" деп урматтап-сыйлап, төрдөн орун берип турушаар эле. Ал киши отурган жерде күлкү шаңы жаңырып турчу. Таамай сөздү чукугандай тапкан, тамашаны тамшандыра айткан, далай тели-теңтуштарын сөзгө жыккан Түмөкемдин айрым аскияларын белгилүү акын жана журналист Ильгиз Талип чогултуп жүрүптүр. Алардын ичинен айрымдарын сиздеге сунуш кылабыз.

"Пивонун бочкеси…"
Бир сапар Эркиндик гүлбагы менен Түмөкең басып келатса зайыбы менен эс алып отурган бир көпкөлөң министр тийишип калат:
- Аа, Байзаков, бу сенин курсагың пиво куйган бочкеби же саман шыкаган каппы?
Анда Түмөкеңдин аябай толуп, чын эле курсагы челкейип калган кези экен, жанагы мазактоого анчалык терикпей шарт эле жооп бериптир;
- Ырас айттыңыз, бул пиво куйган бочке, макул көрсөңүз аяштын кружкесин тостуруңуз чоргодон куюп берейин…

Кирпичтен тепкич
Түмөкемден бою кичинекей инилеринин бири илимпоз болуп чыгат. Анысынын дегеле дымагы күчтүү болгондуктан өзүнөн чоң, ичи толгон портфелди колунан түшүрбөй көтөрүп жүрө турган. Ошону баамдап жүргөн жолдошторунун бири:
- Түмөке, иниңди аяп, өзүңө чак эле папке алып жүр деп айтпайсыңбы?-десе:
- Ал эмне ошол баштыгына китеп салып жүрөт дейсиңерби. Анда алты кирпич бар. Аялдамаларга токтогон автобустарга кирээрде буту жетпегендиктен ошону тепкич кылып пайдаланып жүрбөйбү!-деп күлдүргөн экен.

Моторду ким иштетти?
Жазуучулардын жоон тобу адабият апталыгын өткөргөнү барып калат. Аларды Жалалабаттагы курортко алып барып жаткырышат. Эртең менен болгондо бир тобу "Тиги адырга чыгып келбейлиби" деп калышат. Адырга алгачкылардан болуп Чыңгыз Айтматов чыгып барат. Ага куйрук улаш Түмөкең да жетип келет.
- Түмөке, сиз кадимкидей эле каруу-күчүңүздө экенсиз. Бир тобунан озуп келдиңиз. Моторуңуз жакшы иштейт турбайбы!-деп калат. Анда кепке аралаша калган Камбаралы Бобулов:
- Түмөкемдин моторун төмөн жактан мен от алдырып коё бербедимби-деп шакаба чегип калат.
Түмөкең да бош келбей:
- Болсо болор, жана бирөө чатыма кирип алып эле ручкамды бурап жатты эле,-дептир күлбөй туруп.

Үтүктөлбөгөн бет
Бир ирет Түмөке кесиптештери менен шахмат ойноп отурган жерге Камбаралы Ботояров алагүү абалында кирип келет. Ал баарына салам айтып: "Өх, акем да мында экен, бир кучактап өөп коёюнчу"-деп Түмөкеме жабышат.
- Аа кел, басмачым (ал киши ошентип эркелете турган). Кырк жылкыны айдап алган экенсиң. Акеңден уурданып арак ичпей жүр дебедим беле, -деп азилдешип калат. Аңгыча Түмөкемди сыга кучактай өпкөн Камбаралы:
- Ой, аке каарый бербей үкөңүздү деле бир өөп койсоңуз болбойбу?-дейт. Анын шагын сындыргысы келбеген Түмөкең өөп туруп:
- Ой, басмачы, бу бетиңди аялыңа бир үтүктөтүп алсаң болбойбу!-деп отургандардын боорун эзет (Камбаралы маркумдун бети аябагандай одур-бодур эле).

Таяк жана кызыл ыштан
Түмөкең Москвада адабият институтунда Жунай Мавлянов, Качкынбай Осмоналиев, Суранчы Токтосунов менен окуп калат. Атына жараша Суранчынын дегеле чөнтөгүндө тыйын жүргөн күнү болчу эмес. Абаларынын аркасы менен жан баккан азамат бир күнү таң атпай Түмөкемдин эшигин каккылайт. Көрсө, ошол күнү каникулга кеткен Качкынбай айылдан келмек экен. Эшикти ачкан Түмөкеме:
- Качыкем бүгүн келет. Аэропорттон тосуп келбейбизби? -дейт шашкалактаган Суранчы.
- О, Кудай каары, адамдын уйкусун бузуп. Аны эки сааттан кийин деле айтсаң арам өлөт белең?-деп Түмөкең эшикти жаап коёт. Ушул эле сунушу менен Суранчы бир нече жолу келип, аябай тажатып ийген окшобойбу акыры :
- Эй, бала, анчалык эле оолугуп калыпсың. Жунайдын балдагына менин балкондо илинип турган кызыл дамбалымды илгин да өзүң барып тосуп кел!-дептир Түмөкең.




Пай, пай, сакта Кудай
"Смертельный удар"
Аты-жөнүн жалпы журтка жарыялабай эле коёлу. Нарын музыкалык театрында бир көйрөң жигит бар эле дейт. Бир экөөнүн башы кошулса эле сөздү бөлүп - жарып:
- Кечээ кечинде парктан эки жигит тийишет, ой койгула десем болушпайт. Бирөөнү бир урдум эле жалп эле дей түштү, экинчисин колдун сырты менен шилиге шиледим эле сырак эле дей түштү… Анын эртеси деле.
- Түндө кинодон келатсам үстүнкү көчөдөн үчөө алдымды тороп акча бер дешет, мына акча деп туруп бирөөнү чекеге урдум эле чегирткедей эле учуп түштү. Экинчисин ээке бастым эле эки аласалып кетти, үчүнчүсүн колдун кыры менен кокого соктум эле сорок эле дей түштү…
Иши кылып айтканына караганда анын сокконунан соо калган адам болбойт. Дагы бир жолу ошентип сүйлөп жатса кадимки эле Кыргызстандын эл артисти Капар Медетбеков:
- Ай, айланайын, ушул сен чебердеп уруп жүрчү, ударың ушунчалык күчтүү көрүнөт, бирөөнү өлтүрө уруп салып убалына калып жүрбө… Айтмакчы, ушул сен урганда учуп түшпөй мындай теңселип-теңселип, жыгылбай калып качкандары да болобу? Же бүт эле бүк түшүп калабы?-деп какшык менен чымчып койду эле.
- Жоок, биздики деген "смертельный удар" да,-деп бажактайт сөздү баамдаган байкуш.

Телефон "чыр-р"-эте калат
- Чоң эне Бишкектен экен. Асылбегиң чалып жатат-дейт небереси. Телефондун трубкасын колуна алган чоң эне:
- Айланайын балам, амансыңбы, бетиңди тосчу бери өөп коёюн-дептир.

Такмазалар
Ой, мен тирүүмүн, тирүүмүн…
Оорулууну медсестралар кол араба менен сүйрөп баратышат.
- Мени кайда алып баратасыңар?
- Өлүкканага.
- Мен тирүүмүн го?
- Биз али жете элекпиз. Жата бериңиз.

Өлгөнүңдү билбей
каласың
Какемдин бир жакын инилери ооруп, ооруканага жатып калат. Көрүп коёюн деп Какем палатасына кирип барса, тигил жаңыдан 100 граммды жутайын деп жаткан болот. Уялып кеткен иниси актанып:
- Байке, ушундан кичине сеп этип койсом ооруганымды билбей калам
- Кичине эмес, чо-оң эле ичсең өлгөнүңдү да билбей каласың, көбүрөөк эле ич, түгөнсө мен алып келип турам-деп көңүлүн жайкаптыр.

Самапалщиктин
сатирасы
Кыкем самапалдан самандай сапырып сатып жатса, санэпидстанциянын кызматкерлери кармап алышып:
- Аксакал, арактарыңызды алабыз, өзүңүзгө жаза салабыз.
- Айланайындар эмне себептен?
- Ушундай арактан ичип алышып көптөрү өлүп жатышпайбы.
- Аныңар калп, арагыңарды ичип өлүп калыптырмын деп эч ким келе элек…

Урматтуу окурмандар, турмушуңуздарда болгон күлкүлүү окуялар болсо бизге жазып жибериңиздер. Эң кызыктуу деп табылган окуялардын авторлоруна редакциянын атайын белектери бар жана калем акыңыздарды почта аркылуу дарегиңиздерге жөнөтүп турмакчыбыз.
Каттар үчүн абоненттик ящик: Бишкек-48 А/Я 1551, же болбосо 44-98-21, телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган А. Эркебай









??.??