Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Бир собол

- Бооруңуз эзиле эмнеге күлдүңүз эле?
Жамбыл Камчиев,
куудул:
- "Күлкү-ден-соолуктун мүлкү, ким күлбөгөн түлкү"- дейт элибизде. Жашоомду дайыма күлкү коштоп жүргөн менен чыныгы күлкүгө аз кабылам. Чыныгы күлкү дегеним куру жылмаюу менен калп каткыруу эмес. Чыныгы жан дүйнөңдү аралап чыккан күлкү. Мындай күлкүгө кабылып күлгөнүңдө кадимкидей көздөрүң жайнап, беттериң албырып жүрөгүңдө кандайдыр бир өзгөрүү болот. Жакында эле батыш киносу "Зоррону" көрүп алып боорум эзилгенче күлдүм. Ал гана эмес азыр да эстесем күлөм. Кинодогу ар кандай адамдын оюна келбеген трюктарды көрүп буларды кантип ойлоп тапты экен деп таң калып, аябай эс алганча күлгөнүм бар.


Элмира Тезекбаева,
теле журналист:
- "Күлкү өмүрдү жашартат"-дейт. Мен жакында эле боорду эзген күлкүгө туш болдум. Бир тааныш сиңдим бар. Аны "турмушка чыкты бирок, күйөөсү мурун бир-эки аял алып, ажырашкан неме" дешти. Аны угуп жүрөгүм ооруп калганы бар. "Жөн жерден эле жакшы эркекти мурунку аялдары таштабайт да" деп тиги кызды аяп жүрдүм. Бир күнү эле капысынан сиңдим экөөбүз көчөдөн жолугушуп калдык. Жакшы санаалаш сиңдим болгондуктан "неге ага турмушка чыктың, мурун үйлөнсө, анысы да мейли эле" деп көп сөздөрдү айттым. Мени тигиле кунт коюп угуп туруп "ээ эже ал машина, жапжаңы машинаны да айдай албагандар ошенткен. Машинада мотор болсо адамда жүрөк бар" деди. Каткырып эле калдым. Мындай учурлар көп эле болот.

Токтобүбү Черикчиева,
ырчы:
- Ай силер кызыксыңар да, эми бооруң эзилип качан күлгөнсүң деп да суроо узатасыңарбы? Адам болуп жашап жатканыңдын өзү эле бакыт. Бакыттын ичинде күлкү менен таң атырып, күн батыруу өмүрдүн керемети да. Дайыма ууртуңдан жылмаюу кетпеген аялзатынын катарын толуктайм. Жакында эле бир курбу кызымдын айтып берген окуясын угуп боорум эзилгенче күлгөм. Ал мындай болуптур. Бир күнү эртең менен эрте туруп бакчага алып баруу үчүн уулун кийинте баштайт. Ошол кезде уулу жаңы ойгонуп эми кийингени жаткан атасына карап "Ата, сеникин көрүп калдым, неге сеники баарынан чоң, бакчадагы балдардыкынан да чоң ээ" -дейт имиш сыймыктана. Ушуну угуп алып аябай күлгөм.


Нурлан Мотуев,
саясатчы:
- Негизи "Күлүп жүргөн киши жаш болот" деп коюшат кээ бир замандаштар. Бирок, азыркы Крыловдун тамсилинде айтылгандай бири асманга, бири сууга тарткан заманда аябай чын жүрөктөн күлүү да тартыштай. Ушул тапта башка бүтүп калгансып күлкүлөр да түргө бөлүнгөндөй сезилет. Чыныгы жүрөк түпкүрүнөн чыккан күлкүдөн жан дүйнөң кадимкидей эс алып, кыялың каяккадыр алып учуп эргийсиң. Мени оңойчулук менен киши чын жүрөктөн күлдүрө албайт. Мен болбогон нерсеге күлө бербегеним менен дайыма боорумду эзип күлдүрүп жүрүүчү атайын сынчы, белгилүү публицист Үсөн Касыбеков деген замандашымдын айткандарына күлүп калам. Ал кишинин мен тууралуу жазган сын пикирлерин окуп алып боорум эзилгенче күлөм. Ал гана эмес мен СИЗОдо жатканда да сын жазган экен, окуп кайран Үсөкем мени СИЗОдо көңүлү чөкпөсүн деп күлкү тартуулаган турбайбы деп ичимди тырмап күлгөм.
Дайыма жүрөк кубантаар күлкүнү сагынганда кадимкидей Үсөкемдин сынын күтчү болдум. Баса, кыздар силерге да кеңеш берем, эгер чыныгы күлкү издесеңер Үсөн Касыбековдун сынын окугула.

Зейнеп Шакеева, ырчы:
- Койчу мен мындай окуяга өмүрү кабылган эмесмин. Азыр сен күлдүрүп жатасың. И баса, бир жолу чыгармачыл топ менен концерт коюп жүрүп бир окуяга өлө боорум эзилгенче күлгөнмүн. Чоң концерт өткөрдүк, баары жакшы. Акырында бир эже атын атабай эле коёюнчу, эл алдына чыгып, берилип сүйлөп баарына алкышын айтып алкады. Коштошуп жолго чыкты. Машинада баратып биздин топтогу бир кыз "эже кофтаңызды тескери кийип алып элге кайра-кайра айтасыз да" дегенде баарыбыз кыраан каткыра түшкөнбүз. Чынымды айтсам ошол өмүрүмдөгү эң боорду эзген күлкү болгон десем болот.

Санжар Бердибеков,
куудул:
- Күлкү менен күн кечиргенди негизи жакшы көрөм. Күлкүчүмүн, болор-болбос нерсеге мен боорум эзилгенче, жатып, жөрмөлөп калганча күлөм. Өзүң билесиң, түштүктүн кулунумун, түштүккө туугандарыма баратып Каракөл шаарындагы көпүрөдөн сууга түшүп калдык. Каныбек деген жигитибиз суу көрсө эле "сууга түшөлүчү" дей берет. Анын айтуусу боюнча сууга түштүк. Бир кезде берилип кеткен бирөөсү бут кийимин чечпей эле сууга секирип кетет. Эсине келсе бут кийими агып баратат. Агып бараткан бут кийимин суу ичинде кубалап баратканын көргөн бирөөсү "ай машинаны минип ал, а то жетпейсиң" дегенин угуп, жерге жатып сойлоп, боз топуракка аралашканча күлгөнүм али да эсимде.

Сапар Сопубеков, ырчы:
- Негизи чыгармачыл киши болгон соң ар кандай окуяга туш келесиң. Күлкү келтирээрлик окуяга көбүнчө концертке даярданып жатканда же болбосо концерт болоор күнү көп кабылышың мүмкүн. Ошондой шашылыш күндөгү окуяны айтып берейин. Концерттин башталышына аз калган. Назми "мен келатам" дегенинен жолго чыгып турайын деп Жибек жолу Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан күтүп тургам. Бир кезде кызыл түстөгү "Пассат" маркасындагы машина келип светафорго токтоп калды. (Назминин машинасы да дал ушундай болчу) чымын-куюн болуп барып, арткы эшигин ачып костюмдарымды ыргытып , кайра астыңкы рулдун жанына олтурсам, - "куда, куда"-деп кыйкырат, бурулуп карасам рулда Назми эмес эле орус киши олтурат. Окуянын чоо-жайын түшүнүп, ал кишиден кечирим сурап, түшүп алып, аябай боорум эзилгенче күлгөнмүн.


Неля, ырчы:
- Гастролдоп жүрүп, Ошто Кызылкыяга кеткен жолдо аябай каткырганыбыз эсимде. Сьездбек, Урмат, Максат, Азат, Ильяз, Кундуз, Бакыт болуп узун жолду шаңга бөлөп, ар бирибиз ар башка ырды ырдап, суу чачышып кубанганыбыз көз алдымда. Жашоомдогу эң бактылуу көз ирмем боор эзиле күлгөнүм ошол болсо керек деген ойго токтолом.

Мүзүр, ырчы:
- Жашоодо көп жолу күлкүгө жолуксам да, баягы күнкү күлкүгө жетпейт. Бир чети аябай күлкүлүү болгон менен бир жагы уяттуу. Кичинекей бир жарым жашар уулумду ойнотуп паркта эс алып жүргөм. Жаныбыздан мектеп окуучусу өтүп кеткен. Балам колундагы балмуздагын кыздын сумкасына ыргытып жибериптир. Ээриген балмуздак четинен агып баратканын көрүп боорум катып күлгөнүм менен кызды токтотуп алып айткандан корктум. Жаш эле кыздын астында жер карагандан корундум.

Суроо салган Альбина Калыкова









??.??