Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Бекен Барчыков, мугалим,
куудул Абдылда Иманкуловдун классташы:
"Абдылда ээнбаштын эң чоңу эле"
Балалык баёо сезим, бактылуу көз ирмем, ойноок мезгил, шаңкылдаган күлкү мына ушунун баары окуучулук доор менен коштолот эмеспи. Урматтуу окурман! Бүгүндөн тартып өмүрүңүздөрдө бир келип кетчү окуучулук алтын күндөрдү эскерүү үчүн гезитибиздин "Классташ" аттуу рубрикасы кызмат кылат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар.

"Ай 100 грамм, 100грамм, ичпей коюп ит кылам"
- Бекен агай, эң оболу Абдылда Иманкуловдун классташы, жакын досу катары куудул менен чогуу өткөргөн окуучулук күндөрүңүздү эстеп көрсөңүз. Дегеле бүткүл кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал Абдылда куудулдун бала чагы кандай өттү экен?
- Абдылда досум мектепте окуп жүргөн кезде "ээн баштын" эң чоңу болчу. Кыздардын болсо жанын койчу эмес. Партанын түбүнө кирип алып кыздардын бутунан кармап чыркыратчу. Сабактан болсо кыйрата алчу эмес. Атасы жылкычы болгондуктан мал кайтарып жүрүп сабакка көп келбейт эле. Ушунун натыйжасында окуу программасынан артта калчу. Анан өзүнүн шамдагайлыгынан, жапакечтигинен пайдаланып көрүнгөн кыздын колтугуна кире калып, (жакшы окуган кыздардын) сабактардан жетишип алчу. Сабак билбегени менен сүймөнчүк эле. Анын күлкүлүү кебетесин көрүп эле көп мугалимдер чейректерде баа коюп берчү. Абдылданын бир артыкчылыгы мектептеги өздүк көркөм иштерге (кружокторго) активдүү катышчу. Түн-күн, көчө, үй дебей "Ай 100 грамм, 100 грамм ичпей коюп ит кылам"-деп бакырып ырдап, бийлеп жүргөн жерин шаңга бөлөйт эле. Жайдын ысык күндөрү газетадан калпак жасап башына кийип, шымынын багалегин байпагына киргизип, дайыма көйнөгүнүн бир жагы шымынан чыгып жүрө берчү. Аны кыздар "чал" деп шылдыңдашчу. Абдылда досум шоктугунун азабын көп тартты. Мектепте ким кандай күнөөлүү иш кылса дагы Абдылдага шылтап койчубуз. Бир жолу сабагыбыздын акыркы саатында кыздар ручкаларын таппай ызы-чуу салып калышты. Анда 4-класс элек. Мугалимибиз кимиңер алдыңар бергиле деп урушуп жатат. Баарыбыз кылгылыкты кылып коюп алган жокпуз деп өзүбүзгө ишеничтүү турабыз. Анткени качан эле кыздардын ручкаларын жыйнап Абдылданын сумкасына салып койгонбуз да. Аны Абдылда билбейт. Бир маалда эжекебиз "Балдар бирден доскага чыгып сумкаңарды көрсөткүлө, азыр мен текшерем"-деп калды. Балдар бири-бирибизди тиктешип эсибизди жыйганча Абдылда өзүн ак ойлоп "Эжеке менден баштаңыз" деп биринчилерден болуп эрдик кылып, доскага чыгып, сумкасын ачканда эле эжеке колун салып бир кочуш ручканы алып чыкты. Ошол убакта кыздар "Оу, ууру ушул турбайбы" дешип дуу дей түшүштү. Эжеке Абдылданы өлгүдөй тилдеп, бетинен чымчып, кулагынан чоюп кыздардын алдында аябай уяткарды. Абдылданын бети-башы кызарып же алдым же алган жокмун дей албай, бул ручка каяктан, кантип сумкасына түшкөнүн өзү да түшүнбөй унчукпай туруп бир мезгилде уялды окшойт, сумкасын да албай эшикке чуркап чыгып кетти. Ошол бойдон 3 күн сабакка келбей койду. Үчүнчү күн дегенде балдар жыйылып алып үйүнө барсак апасы "сабакка кетти" деп отуруптур. Көрсө 3 күн тең эртең менен үйүндөгүлөрүнө сабакка барам деп чыгат экен да, мектепке келбей эле төшкө чыгып кетип, сабак бүтөөр мезгилде үйүнө барып ата-энесин ишендирип жүрүптүр. Анан Абдылда төштөн келгенче күтүп отуруп, келгенден кийин ага баарын түшүндүрүп бул ишти биз жасаганыбызды айтып, мектепке араң алпарганбыз.
Черчениеден чейрек
чыкпай калып…
- Абдылда досум тентектигинен жок жерден эле жалаага кабылып жүрө берчү. 6-класста окуп жатканыбызда эжекебиз черчение сабагынан чейрек чыгармай болуп, "жыл башынан берки альбомуңарды көрсөтүп, ошонун негизинде баа аласыңар"-деп калды. Ошол учурда Абдылда Жолчукеев Эркин деген бала менен отурган. Бир маалда Эркин альбомун алпарып баа койдуруп келди. Абдылданын чийген материалы эмес, альбому да жок болчу. Көзү алаңдап эле отуруп калды. Баарыбыз алып барып көрсөтүп баа алгандар эшикке чыгып жаттык. Абдылда болсо ордунан кыймылдабайт. Жанагы шок бала байкуш болуп калган. Анан жанында отурган Эркин өзүнүн альбомунун барактарын айрып берип, "бар көрсөтүп кел" деп жөнөттү. Абдылда көктөн издегени жерден табылганына дардаңдап барып эжекеге "азыр отуруп тарттым"-деп кыйратып койгонсуп, жыргап көрсөтүп жаткан. Бир мезгилде Эркин акырын басып Абдылданын артына барып, "Эжеке Абдылда жалган айтат, бул менин альбомумдун барактары, мага көрсөтпөй айрып баса бериптир"-деди. Абдылда эмне дээрин билбей дендароо болуп калды. Эжеке болсо алдындагы барактарды Эркинге кармата салып Абдылданы китеп менен ургулап сабактан айдап чыкты. Ошентип Абдылда жөн жерден күнөөлөнүп, ага черчение сабагынан чейрек чыкпай калган.

Жыланды көргөндө жылгага кире качкан Абдылда
- Окуучу кезибизде колхоз-совхоздорго барып иштечүбүз. Ошондой учур болуп биздин класстан жети бала чалгы чаап калдык. Абдылдага окшогон дагы бир Майрамбек деген балабыз бар болчу. Экөө биригип алып такыр иштечү эмес. Жеткен жалкоо эле. Абдылда сүйлөчү, Майрамбек күлчү. Ойлонуп отуруп аларды кантип иштетиштин жолун таптык. Экөө тең жыландан өлө коркушчу. Ал тургай Абдылда чегирткеден да коркот эле. Анан балдар чогулуп алып сарайдан жыланды кармап келип экөөнө көрсөтсөк эле каткырып күлүп жаткан жеринен качкан бойдон жылгага кирип кетишсе болобу. Жан таттуу да чиркин. Артынан барып алып экөөнү тең жетелеп чыгып, колдоруна чалгы карматып, тердегенче иштеттик. Жыландан коркконунан дым дебей иштешти. Абдылда жыландан азыр деле коркот. Керек болсо жыланды атынан айтпай "баатыр" деп тергейт.

Артисттердин автобусунун артынан чуркап…
- Абдылда бала кезинен эле таланттуу болчу. Анын ошондогу кыял-жоругу эртеңки күнүнөн кабар берип турчу. Башкача айтканда куудул боло турган кебетеси бар эле. Айылга артисттер келет дегенде айылыбыздын башындагы аялдамага келип олтуруп алчу. Анан артисттердин автобусунун артынан бут кийимин көтөрүп алып жылаңайлак чуркайт эле. Автобустун чаңында жүрө берип, бети-башы боз ала чаң болуп калчу. Анын бул кебетесин көрүп алып тегирменден чыктыңбы деп күлөт элек. Көрсө, көөдөнүндөгү көксөп турган сезим жөн жаткырчу эмес тура.Артисттер келди деген күн Абдылда үчүн чоң майрам эле. Азыр эми ошондогу томпойгон Абдылда таята болуп, эл сыйлаган адам болду. Андыктан мен Абдылда досум менен сыймыктанам.
Даярдаган
Ж.Калдарова




  Бир көз ирмем

Динара Акулова, ырчы:
"Эжеке мээңиз иштейби?..."
- Окуучулук кезде эмнелер гана болбойт. Балалык кыялың менен оюңа келген нерселерди жасайсың да. Азыр бир учур эсиме келип кетти. 8-класста окуп жаткан кезимде мектепте линейка болуп калды. Мен өзү бала кезимде кашы-көзүм капкара, чачым да капкара, ак жүздүү кыз болчумун. Анан линейкада кыздар кеңешинин төрайымы чыгып алып, "Акулова мектепке боёнуп келет, карасаңар алдагы капкара болгон кашы-көзүнө калем сүртүп алган, бул кыз чоңоюп калыптыр"-деген сөздөр менен мени окуучулардын алдында уят кылды. Анын бул сөзүнө намыстанып кетип, ыйлаган бойдон үйгө барып апамды ээрчитип келдим. Көзүмдүн шишигенин айтпа. Анан апам окуучуларды кайрадан жыйнап, эжекени алардын алдына чакырып туруп аппак фартугумдун четин суулап кашы-көзүмдү сүртүп, мынакей бул калем эмес, кызым табиятынан ушундай жаралган деп эжекени аябай урушту. Уялып калды бекен деп эжекемди карасам, жылмайып күлүп турат. Анын минтип мыскылдаганына ачуум келип "эжеке өзү сиздин мээңиз иштейби?" -деп жибердим. Ошондо эжеке аябай жаман абалда калган. Апам болсо башыма бир чаап "андай дебе" деди. Ошондон кийин көпкө чейин анын сабагына катышпай жүргөнүм эсимде.

Канат Шанаев, куудул:
"Сабактан Качам деп 8 күн ооруканада жаткам"
- Анда мен 4-класста окуйт элем. Эрте туруп сабакка барыш мен үчүн өтө кыйын болчу. Апам бетиме суу чачып, токмоктоп жатып араң тургузуп, сабакка жөнөтчү. Бир жолу ушинтип жатып эптеп сабакка бардым дагы 2 саат окугандан кийин качып чыгыштын айласын издей баштадым. Анан эжекеме "эшикке чыгып келейин" деп алдап ажатканадан ары үйгө качып жөнөдүм. Мени терезеден эжеке көрүп калып бир классташ балабызды "үйүнөн болсо да жетелеп кел" деп жиберет. Бир маалда артымды карасам, жанагы бала чуркап келе жатат. Мен да чуркадым. Экөөбүз кубалашып келатабыз. Жай мезгили болчу. Үйдө 1 тонналык бочкага суу толтуруп койгон элек. Тиги баладан качып келатып ошол бочкадагы сууга секирсем бочканын оозундагы учтуу темир колтугумду айрып кетти. Суу болсо кыпкызыл кан болуп жатып калды. Заматта башым айланып кетти. Тиги досум болсо үйгө чуркап кирип апамды чакырып чыкты. Менин колумдан шорголоктоп аккан канды көрүп апам да кыйкырып жиберди. Анан кан көп кетип калып, 8 күн ооруканада жаттым. Ошондо өзүмө-өзүм экинчи сабактан качпайм деп сөз бергем.









??.??





??.??