Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Спорт

Поветкин катуу даярданууда
IBF версиясында дүйнөнүн бокс боюнча чемпиондугуна талапкер орус мушкери Александр Поветкин 19-июль күнү Чехов шаарында америкалык Таурус Сайкс менен боло турган мушташка даярданып жатат. Мушкердин машыктыруучусу билдиргендей Саша Кавказдын минерал сууларына барып даярданат.
Жалпысынан машыгуу 10 күнгө созулуп, негизги басым Поветкиндин чыдамкайлыгына жана ылдамдыгына коюлат. Ошондой эле Александр менен бирге башка орус мушкерлери Владимир Поветкин жана Денис Лебедев машыкмакчы.

Тайсон дагы түрмөгө түшөбү?
Өткөн жумада Америкада болуп жаткан сот процессинин учурунда "Cash Monei Brothers" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мурдагы мүчөсү Дуэйн Мэйерс дүйнөнүн оор салмактагы экс-абсолюттук чемпиону Майк Тайсондун 50 миң АКШ долларын берип, адам өлтүргөнгө буюртма бергенин жар салды.
Анын айтымында жогоруда аталган кылмыштуу топ Тайсондун досун жана ошол эле убакта жан сакчысын өлтүрүп коюшкан имиш. Айрым бир булактардан алган маалыматтарга караганда буюртма аткарылган эмес. Буга жооп иретинде Тайсон тараптан эч кандай реакция байкалбады.

Челсиде жаңы машыктыруучу
Лондондун "Челси" командасын Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнуна чейин алып чыккан Авраам Гранттын ордун эми Луис Фемте Сиолари ээледи. Буга чейин ал 2002-жылы Бразилиянын улуттук командасы менен дүйнө чемпиондугун уткан. 2003-жылдан бери Португалиянын улуттук командасын жетектеп, команданы Евро-2004 чемпионатынын финалына, 2006-жылы дүйнө чемпионатынын жарым финалына алып чыккан болчу.
Өз учурунда лондондук аристократтар Сколаридей машыктыруучу менен иштешээрин угуп, кубанычтары коюндарына батпай жаткан учуру.

Курманбек Салиевичтин белеги
Японияда өткөн Азия Чемпионатын жеңип алган Евгений Ванкерге өлкө башчысы Курманбек Салиевич 7000 евро бөлүп берген болчу. Ал акчага Ванкер Германиядан атайын вело-спорт үчүн велосипед сатып алды. Айтып отурса аталган велосипед акыркы технология менен жасалып, өтө бышык экен.
"Мен президент Бакиевге терең ыраазычылыгымды билдирем. Буюрса эми Кыргызстандын желеги мындан да жогору желбирейт" -деп жиберди сүйүнүчүн жашыра албаган Женя.

Орто Азия футболу биригүүдө
Интернетте Орто Азиянын 5 өлкөсүнүн футболдук жаңылыктарын бириктирген сайт ачылды. Рим футбол күйөрмандары Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын футбол жаңылыктары жөнүндө бир эле сайттан таба алышат.
Анда www ca-footboll. com дарегинен көрүшкөнчө.

15 "мүнөттүк" оюн
Жекшемби күнү болуп өткөн Европа Чемпионатынын кезектеги оюндарынын биринде А тайпасынан Туркия менен Чехия ойношту. 2:0 эсебинде жеңилип жаткан түрктөр акыркы 15 мүнөттө 3 жолу удаа-удаа чехтердин дарбазасына топ киргизип, жеңишке жетишишти. Ал эми кантип эле утулуп калдык деген чехтер дагы деле өздөрүнө келе албай жаткан учуру.

Даярдаган Кожожаш