Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Жанна Фриске
Туулган жылы-1974-жыл, 8-июль
Жери - Москва
Кесиби - ырчы, актриса
Билими - МГУнун журналистика факультетин сырттан бүтүргөн
Хоббиси - чанда кезикчү атырларды чогултуу
Машинасы - "Мерседес-Кабриолет"
Жакшы көргөн жемиштери - коон, бүлдүркөн
Жактырган киносу - "Иттин жүрөгү" (Собачье сердце)

1996-жылдан 2003-жылга чейин "Блестящие" тобунун күзгүсү, лидери болуп келген Жанна Фриске ырчылык жагынан гана эмес сахнада туура кийинүү, боёнуу, өзүн туура алып жүрүү жагынан да чыныгы чебер болуп, топтогу кыздарга үлгү көрсөтүп келген. "Блестящие" тобун таштап, өз арабасын өзү тартып кетишине эмне себеп болгону бүгүнкү күнгө чейин күйөрмандарына гана эмес, сахналаш досторуна да сыр болуп келүүдө. Кээ бири - ит күлүгүн түлкү сүйбөгөн сыңары Фрискенин дайыма алдыда жүргөнүн көрө албаган кыздары топтон сүрүп чыгарышты дешсе, кээ бирлери Фрискенин кыялы өтө оор болгондуктан оңой менен коллективде иштеп кете албайт деген жыйынтыкты беш жылдан бери айтып келишет. Бирок, топто жүргөнгө караганда өз алдынча чыгып, көбүрөөк ийгиликке жетишкенин эч ким тана албаса керек.
"Последний герой" телеберүүсүнө барып, финалга чыккан, андан кийин анын жашоого болгон көз карашы толугу менен өзгөргөн, ырчынын айтымына караганда аралга баргандан кийин гана мурда жашап жүргөн жашоосунун баркын билип, убагында анын баарын баалабаганына абдан өкүнгөн экен.
Ал эми Тимур Бекмамбетовдун (Ночной дозор) тасмасында терс каармандардын бири Алиса Донникованын ролун жаратып, андан алган гонорарына күйөрманы белек кылган машинесин сатып, өзү көптөн бери кызыгып жүргөн "Мерседес-Кабриолетти" сатып алганга үлгүргөн.
Өзүнүн актёрдук жөндөмдүүлүгүн "Бала багуучу" сериалында сынап көрүп, бирок Настя Заваротнюкка жөндөмдүүлүгү, чеберчилиги жагынан жете алган эмес.
Жанна Фриске кабарчыларга берген интервьюларында жан дүйнөсү жигиттерге жакын экенин эч качан жашырбайт.
"Блестящие" тобунда ырдап жүргөн кезинде 19 жаштагы Михаил Вихлев аттуу улан "Ау-оу" деген ырына клип тарттырып берип, ырчынын жанында жакшы эле байыр алганга аракет кылган экен. Бирок, ошентсе да Жанна аны артык көргөн эмес.
Фрискенин өзүнүн айтымында анын жашоосундагы эң чоң сүйүү "Дискотека авария" тобунун солисти Алексей Серов болуп саналат. 2003-жылы таанышып, ал тургай ортолорунан кара мышык жүгүрүп өткөнгө да үлгүргөн. Экөө 2006-жылы гана "Малинки" аттуу ырын чогуу жазышып иштешип кеткен.
Ушундан кийин экөөнүн мамилеси ысыгандан-ысып отуруп, чогуу жашаганга өтүшкөн. Сүйгөн адамы жанында жүрүп, кубанычы койнуна батпай турса да, үйбүлөсүн бузганы үчүн бир чети өзүн күнөөлүү сезип, жерге батпаган Фриске сүйүүсүнөн тез эле кол үзүүгө аргасыз болот.
Ыр жаздыргандан тышкары ар кандай берүүлөргө, оюндарга катышканды жакшы көргөн ырчы айым "Большие гонкиге" барып, ал жерден 20 жаштагы хоккеисттин көзүнө илинип, тузагына түшүргөн. Александр Овечкин тууралуу Фриске ушул күнгө чейин жылуу пикирин айтып келет. "Саша чыныгы мырза, анын жасаган жумшак, мээримдүү мамилеси мени кайдыгер калтырган жок. Экөөбүз оюндан утсак да утулсак да бийге барып болушунча көңүл аччу элек. Александр Овечкин менин жашоомдогу эң сонун эскерүүлөрдү калтырды" -дейт.
Москвага келгенде экөөнүн мамилеси эч кандай уруш-талашы жок эле үзүлгөн. Учурда күйөрмандарынан жаап-жашырганы менен өзүнөн он беш жаш улуу ири ишкер менен жакын мамиледе, ити чөп жеген ишкер ырчынын жүрөгүнөн оңой эле түнөк тапкан. Ал күнүгө роза гүлдөрүн жиберип, жарым жылдан ашык убакыт анын артынан түшкөн. Мындай мамилеге көңүлү жибиген Жанна бат эле ал адамга жүрөгүнөн орун берген. Түйшүгүн көбөйткүсү келбеген Жанна кырктын кырына чыкканда гана турмуш кургусу келет. "Азыр мен үйбүлөлүк жашоомду менден жыйырма жаш кичүү бала менен элестетем. Албетте турмушка чыгып балалуу болуу, эне болуу менин бирден-бир тилегим. Эгер ушул тилегим орундалса карьерамды биротоло токтотом"-дейт ырчы.
Жанна бош убактысынын теңинен көбүн уктап өткөзөт. Анткени уктоо - анын хоббилеринин бири.



Фоменконун сыры ачылды
Белгилүү музыкант жана шоумен Николай Фоменко көптөн бери жашырып, сыр кылып сактап келген жубайын ачыкка чыгарды. Наталья Кутобаева Валентина Матвиенконун пресс-катчысы. Экөөнүн жакын мамиледе жүргөнүнө жарым жылдын жүзү болгон. Николай Фоменконун айтымында болочоктогу жубайы экөөнүн окшош жактары өтө көп. Мисалы, Наталья экөөнүн тең тамыры Петербургдан, экөө тең коньки тепкенди жакшы көрүшөт. Экөө тең машинелердин түрүнө кызыгышат экен. Айтор экөөнүн окшоштуктарын санап отурсаң санагандан жаңылышат экенсиң. Эмнеси болсо да 46 жаштагы Николай Фоменко менен 32 жаштагы Наталья көптөн бери зарыгып күтүп, издеген бактыларын тапкан окшойт. Жакынкы күндөрдө Кутобаева жумушунан биротоло чыгып, болочоктогу жолдошунун үйүнө Москвага көчүп келет.

Лайма Вайкуле оң бутунан аксап…
Элүү төрт жаштагы ырчы эки жумадан ашык бир буту ооруп жүргөнүнө карабай доктурлардын жардамынан баш тартты. Жакында эле Германиянын эң мыкты клиникаларынын бирине жакындары даарылатканга аракет кылышса, Вайкуле ден-соолугунун камын жештин ордуна гастролго чыгып кеткен. Үй кызматчысынын берген маалыматына караганда Лайма Вайкуле эң жакын досунун туулган күнүнө барып, (эмнеден улам экенин ким билсин) жыгылып кетип ошондон бери оңоло албай жүргөн кези.

женНифер Лопестин
маанайы эмнеге бузулду?
Өзүнүн менчик самолёту менен учуп, Москвага балдары жок эле жолдошу менен келип консо, быкылдап машинадан бут коёрго жер жок. Баш аягы көрүнбөй чубалган автотыгында Джей Ло эки сааттан ашык убакыт турууга аргасыз болот. Маанайы чөгүп, кабагына кар жааган ырчы Камиркадагы онкологиялык балдардын бейтапканасына баш багып, ал жердеги шарттын мыктылыгы көңүлүн сүйүнтсө да, балдардын абалын көрүп көзүнө жаш айланган.

Анастасия Стоцкая түнү
менен иштейби?
Элдерден кем калбай, Настя сентябрь айынын башында жаңы альбомун чыгаруу алдында турат. Мындай кырдаалда ырчы кыз тынымсыз күнү-түнү иштегенге муктаж болот. Бул тууралуу Стоцкая "Мен буга чейин жакшы ойноп-күлүп, көңүл ачып, убактымды өзүм каалагандай эле өткөрүп жакшы эс алдым. Эми чыгармачылыгыма билек түрүп киришип иштейин деп жатам. Мага Дима Биландын ырынын сөзү да, обону да, аткарганы да аябай жакты. Буюрса менин дагы келечекте Европаны багындыруу бирден-бир максатым. Бул максатыма жетиш үчүн мен башым менен кудук казганга да даярмын" -деп шымаланып турган чагы.


Тина Канделаки дагы
турмушка чыгабы?
Ири ишкер Андрей Кондрахин менен чогуу түтүн булатканына бир топ убакыт болсо да, Тина менен Андрей жарандык никедеги жашоосун мыйзамдаштырууну туура көрүшүптүр. Экөө үйлөнүү тоюн жакында сатып алышкан үйүндө Тинанын туулган күнүндө өткөрүшөт. Ал эми Канделаки азыртан эле үйлөнүү -үлпөт тоюна көйнөк тандай албай башы катып турат. Учурда өзүнүн жасалгасы менен болуп элдин көңүлүн өзүнө буруп, оозун ачыруунун аракетин кылып жатат.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??