Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Шумдугуң кур

Өзгөчө каада-салттар
Ар бир мамлекеттер, аймактар, кичинекей байыркы уруулар да өзүлөрүнүн чөйрөсүнө жараша өзгөчө каада-салттарга ээ болуп келишет. Адам баласы бир башын эки кылып, өзүнө түгөй таап, ага баш кошоордо кандай жөрөлгөлөрдү, үрп-адаттарды колдонушаарын билүү максатында алардын жашоосуна саякат жасап көрдүк.

Фанго элинде кызды да сүннөткө отургузушат
Габонндо жашаган Фанго эли кичинекей улан-кыз бойго жеткенде экөөнү тең сүннөткө отургузушчу. Эркек бала чоңоюп биринчи жолу аң уулап келгенде сүннөткө отургузушат. Атайын казылган чуңкурга бактын дүмүрүн өрттөшүп, баланы күч менен сүйрөп келип отургузушса, кыз да андан кем калбаган зордукка туш болот. Эгерде эркек чоңойсо ага атасы гана көз салууга милдеттүү.
Андан тышкары кыздын сол жак жаагына тоголок формада терисин кичине тилип тырык калтырышкан. Кызды алгач көргөн жигит эң биринчи ошол бетинин тырыгынан өбүүгө туура келген. Фанго уруусунда баш кошуу ата-энесинин уруксаты, макулдугу менен гана болгон. Эгерде жигит кызды жактырып калса, аны убактылуу үйүнө алып келип, үй-тиричилигине канчалык деңгээлде бышык экенин текшерип көрүшкөн, купулуна толсо кызды аялдыкка калтырып, жакпай калса келген жолу менен өз үйүнө узатып коюшчу.

Күч менен аялдарын тартып алышкан
Ал эми Аляскада жашаган чугач элинде да төмөнкүдөй кызыктуу салт бар. Жалаң бир үйдүн бир туугандары экинчи үйдөгү жашаган бир тууган эже-сиңдилерге баш кошууга мүмкүнчүлүгү бар. Алар нике түнүнүн алдында башынан ылдый бир нече сыйра май менен, ошондой эле заара менен жуунуп чыгышкан. Дагы бир жапайы салттардын катарына алдуурагы алсызын өлтүрүп, анын үйбүлөсүнө аялына ээ болуп, кадимкидей эле жашап калганы кирет. Эгерде үйүнө кадырлуу конок келсе, ага аялын бир түнгө бериш чугач уруусунда кадимки эле көрүнүштөрдүн бири. Башында бул урууда аялдар өтө көп болгондуктан жаңы төрөлгөн ымыркай кыз болсо ошол замат өлтүрүшүп, эркек болсо сүйүнүп кабыл алышкан. Бара-бара убакыттын өтүшү менен бул урууда эркектердин саны өтө көп болуп, аялдардын саны кескин азайгандыктан жогоруда айтылгандай күч менен бири-биринин аялын ээлөөгө өтүшөт.

Пальма жалбырагын жамынган сулуулар
Колумбиядагы табышмактуу уа уруусунда кыздар бойго жеткенде атайын пальмадан жасалган бет кап кийишип, турмушка чыкмайын аны чечүүгө акысы жок. Бет кабы жок көрүнгөн кыз эч кимдин алдына чыкпашы крек. Бул чоң күнөө катары каралат. Эркек тандап алган кыздын өңү чанда гана серт болбосо көбүнчө уа уруусунун кыздары өтө сулуу келишкен. Бул уруунун жашоо тиричилигин изилдегенге окумуштуулардын мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болгон. Анткени алардын аянтына чоочун кишинин буту басса эле уа уруусу кол салуу катары кабыл алышып, дароо чара колдонушат. Алар куралдарын көтөрүп мушташканга же жер которуп качканга жөнөшөт.

Мурья уруусу - акылдуу калк
Индияда жалаң жер иштетүү менен күн кечирген Мурья уруусу да таңкалыштуу каада-салттардан кур калышкан эмес. Пальма жалбырагынан айланта курчалган атайын айылынын четинде тосмо болгон, ага жалаң бойго жеткен улан-кыздар түнү менен таңатканча ким-кимиси менен кааласа жыныстык катнашка барышкан. Эгерде бири-бирин төшөктө толугу менен канааттандырса улан-кыз да бир топко чейин үйлөнбөй турушкан, себеби, биринчиден бири-бирине чын эле жагаарын аныктоо болсо, ал эми экинчиден төшөк маселесинде чын эле жаңылышпаганын аныктоо болгон. Мындай "Бейиш" токоюнун эки түрү болгон. Биринчиси убактылуу ойноштор, экинчиси түбөлүккө баш кошуучу жубайлар үчүн. Мурьялардын мындай үрп-адатынын натыйжасы аз ажырашууга алып келген. Чынында эле бул урууда ажырашуунун саны өтө аз болгон, үйлөнгөнгө чейинки эркиндик алардын ою боюнча эң сонун нерсе болгон.

Агам экөөбүзгө бир катын
Тибеттеги Нинг-ба уруусунда бир туугандар биригип бир гана кызга үйлөнүшкөн.
Эң кичүүсү алты, эң улуусу жыйырма алты жашка чыккан бир туугандарга бир аял алуу эч кандай деле маселе жаратпайбы айтор, алар эч качан аял талашып урушканга чейин барышпайт. Кызын бир бергенде бир нече күйөө балалуу болгон ата-эне дароо даяр күчтү пайдаланып, аларды жер айдатып, тиричилигин кылдырып, болушунча эзишет. Ал эми түн киргенде жубайы менен жатуу кимисинин маңдайына жазылса, бөлмөнүн кире беришине бут кийимин чечип коюп, орун бош эмес деген түшүнүктү билдиришет.

Эркектер бийлешет - аялдар баалашат
Нигериядагы атайын жаан-чачын токтогондо Ворсо аттуу майрам өткөрүлүп, жигиттер жасанып алышып "геэревоя" деген сулуулар сынагына катышып өз өнөрлөрүн тартуулашат. Бул сынакта калыстар тобуна уруудагы эң сулуу кыздар жигиттерге өз бааларын берип,талантына таазим көрсөтүшөт. Жигиттердин сынак учурунда боёнгонуна өтө чоң маани беришкендиктен мындай кылдат жумушка алар алты күн, алты түн даярданышы да керек. Эркектердин сулуулугун эмес, талантын баалаш керек болгондуктан аларды бири-биринен кебетесин айырмалабаш үчүн окшош кылып боёнтушкан. Майрам бүткөндөн соң жеңүүчү аныкталып ага атайын чөптөн жасалган дүүлүктүрүүчү суусундук ичиришип, өзү каалаган уруудагы эң сулуу кыз менен жыныстык катнашка барганга акылуу болот.

Сүйүүсүн Нубийлер кантип билдиришет?
Суданда жашаган Нуба элинин кыздары да атайын майрам уюштуруп, өзүнө өмүрлүк жар тандашат. Алар бий учурунда көңүлүнө кайсы эркек жагып калса, ошонун ийинине барып бутун коёт. Жубайынын бетин көргөнгө уруксат берилбесе да, анын жыпар жытына мас болгон жигит аны менен жыныстык катнашка баргандан кийин гана үйлөнөт. Үйлөнгөн соң там салгыча кызды ата-энеси күйөөсү менен кошо такыр жиберишпейт. Салт боюнча күйөө баласы үй салып, үйбүлөсүн алып кетишке милдеттүү, бул учурда жаңы баш кошкон жаштар түнкүсүн гана жолугушуп турушат. Адатта аялы ата-энесиникинде балалуу болуп калганда деле там бүтмөйүн жашай берет. Көптөн күткөн күйөөсүнүн үйү бүткөндө гана ал аялын көчүрүп кетет. Чогуу жатып-турганы менен алар бир жылга чейин экөө эки башка тамактанышы керек.

Туземдердин таңкалыштуу жоругу
Туземдиктердин арасындагы баш кошууга даяр болгон эки жаш ата-энесинин үйүнөн алысыраак жерге алачык тигип алышып, ошол үйүнө өз алдынча жашоо, тиричилик өткөрө башташат. Салтка ылайык бойго жеткен жаш кыздар өзүнө коңшу уруулардан өмүрлүк жар издешет. Сырткы келбетине көзү түшүп, кызыгы арткан кыздын бирөөсүн жигит бир гана түнгө тандап алат. Булардын дагы бир таңкалыштуу салттарынын бири - турмушка чыкпаган, күйөөсү жок аялдар үйүнө алыс жактан эркек мейманга келсе меймандосчулуктун белгиси катары аны менен түндү бирге өткөргөнгө милдеттүү болгон. Эмнегедир бир жатынды жарып чыккан бир тууган ага-карындаштарга, эже -инилерге чогуу өсүп, бирге ойногонго мүмкүн болгон эмес. Дагы да болсо салт боюнча алар башка жерде тарбияланышчу.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??