Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
"Ак шумкар" партиясынын курултайы болот
Партиянын лидери Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, курултай ишемби күнү Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде болуп, ага 180 делегат чакырылды. Курултайдын күн тартибинде өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулоо, партиянын уставына өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү жана башкаруу органдарын шайлоо маселелери бар. Партиянын иш чарасына ошондой эле башка партиялардын лидерлери, коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган.

"Де-факто" гезитине чабуул башталдыбы?
Милиция кызматкерлери Свердлов райондук сотунун токтомуна таянып, "Де-факто" гезитинин редакциясын тинтип, тергөөгө керектүү деген себеп менен компьютерлерин алып, редакциянын эшигине мөөр басып, чаптап кетишкен.
Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү, өзүн Т.Байчаев деп тааныштырган милиция подполковниги "Де-факто" гезитинин редакциясын тинтүү мыйзамдуу түрдө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун токтомуна ылайык жүргүзүлгөнүн айтты. Судья Ч.Адамкуловдун колу коюлган токтомдо, "Де-факто" гезити жалган бирөөнүн атынан Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине жалаа жапкан делип, гезит редакциясын тинтүүгө, тергөөгө керектүү делген материалдарды алууга уруксат берилген. Учурда "Де-факто" гезити компьютерсиз калды. Айта кетсек, гезит 12-июндагы санында Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин директору Темирбек Курманбековдун коррупциялык иштери тууралуу макала басып чыгып, салык тармагынын чоң-чоң чиновниктери эң жогорку баскычтагы чиновниктерге канчадан акча берип турушаарын айткан Замира Молдоева аттуу адамдын кайрылуусун жарыялашкан.
Свердлов райондук соту токтом чыгараардан мурда сотко гезит тараптан да өкүл чакырууга тийиш болчу, мындан тышкары соттун чечими он күндүн ичинде күчүнө кирет, булар болсо бир күн күтпөй, редакцияны тинтип, компьютерлерин алып кетишти." Бул дагы- миллион сомдук жаза айыптын артынан эптеп гезитти жабуу болуп жатат, деген пикирин Басылманын редактору Чолпон Орозобекова билдирди.
Т.Байчаевдин гезиттерде эмне өчү барын билбедик. Биздин "Обон" гезитинин кабарчысы Айгерим Расул кызы тууралуу жазганда да ушул киши келип суроо-сопкутсуз эле кабарчыбызды алып барып, Расул Маматкуловдун аялына сабатып салган эле.

Пенсионерлер митингге чыгышат
"Акипресс" маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Лидия Фомова атындагы социалдык жактан коргоо коомдук фондунун демилгеси менен пенсионерлер 17-июнда Бишкектеги Максим Горький атындагы паркка газ, электр энергия, жылуулуктун бааларынын көтөрүлүшүнө каршы нааразылык акциясына чыгышат. Алар кымбаттоолорго байланыштуу ардагерлерге жөлөк пулдарды төлөө, жылуулук жана газды эсептөөчү жабдууларды бекер орнотуп берүү талаптарын коюшмакчы.

Катуу шамалдын кесепети
"Кыргызстан электр тармактары" АККнын кабарлашына караганда жекшемби күнкү катуу шамалдын кесепетинен 132 станция керектен чыгып ток менен камсыз кыла албай калган. Учурда калыбына келтирүү чаралары жүрүп жатат.

Күйдүргү баш көтөрүүдө
Күйдүргү оорусун Өзгөн районунун Төрткөл айыл өкмөтүнүн беш тургуну, Ийрисуу айыл өкмөтүнөн үчөө күйдүргү жуктуруп алган, деген шек менен ооруканага кайрылышкан. Алардын биринен оорунун вирусу табылып, ооруканага жаткырылган. Калгандарына тийиштүү медициналык көзөмөл жүргүзүлгөн. Учурда өзгөндө эпидемияга жана эпизоотикага каршы иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп жатат, деп кабарлайт өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Чыңгызын жоктоп эл-журту, чыркырап турган учуру
КР Президентинин Жарлыгы менен 2008-жылдын 14-июну Кыргыз Республикасында Аза күтүү күнү деп жарыяланып, Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлду. Жазуучунун кепинделген сөөгү табыттан чыгарылып, мусулман салтына ылайык жерге берилди . "Ата бейитте" улуу жазуучунун мүрзөсүнө топурак салынган соң, муфтий Мураталы ажы Жуманов куран окуп, маркумдун жайы жаннаттан болушун тиледи. Топурак салуу жөрөлгөсүнө баш-аягы үч миңдей адам катышты.
Байыркы гректердин жети даанышмандарынын бири айткан экен: "Маркум жөнүндө же жакшы айт, же эч нерсе айтпа" деп. Анын сыңарындай, Чыкем жөнүндө бүгүн ойду иреттеп, өзүнүн деңгээлинде сөз кылуу да кыйын, андай инсандан айрылуу кайгысы али сууй элек.
Кылымда бир жаралчу кыргыздын кырааны эле. Сексен жашка толоордо сени, мени кайгыга салып, селт этпей кете берди…
Алатоо гана эмес, аалам бүт аза күтүп, адамзат баласы тегиз кайгырып, дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу инсанга убайым тартып, мезгилдин мерездигиние, тагдырдын таш боордугуна аргасыз баш ийсек да, уккан кулагыбызга, көргөн көзүбүзгө ишене албай, алп сүрөткердин ааламдан өткөнүнө акылыбыз жетпей тоолуктардын тоосу эмес беле деп толгонуп турабыз. Чын эле тообуз куладыбы?!...
Карабайсызбы, өзү да өмүр жөнүндө ой толгоп, акыркы романын "Тоолор кулаганда" деп атап жатпайбы!... Көзү ачыктык кылган окшобойбу, көрөсөн жазуучубуз! Түбөлүктүүлүк жөнүндө түз айтып, мезгил барактарындагы мээнеттин бийиктигин даңазалаган бүгүнкү глобализациянын ой кырына сереп салып,"Канткенде адам уулу адам болот" деген тээ илгертеден бери карай келаткан өзүнүн ой учугун улаган жазуучу акыркы чыгармасында адамзат көйгөйлөрүнө дагы бир ирет кайрылып, өмүрүнүн соңку мезгилдеринде өнөргө биротоло кирейин деген экен да!...
Дүйнөлүк жүк!... Чыңгыз агабыз мына ушул оор жүктү көтөрүп, дүйнөлүк көйгөй менен "ооруп" жүрүп, эми эле эс алууга чыкканда арабыздан кеткени канчалык аянычтуу, канчалык өкүнүчтүү. Сексен жылдык өмүрүнүн жарым кылымын жалаң элге арнап мамлекеттик, коомдук, чыгармачылык иштер менен өткөрүп, мезгилди арыткан мээнеткеч агабыз кыргыз адабияты менен маданиятында гана эмес, дүйнөлүк рухий чөйрөдө даңкан чачыратып, далай чыгармалары менен даанышман жазуучуга айлангандыгын кимдер билбейт!?
Сүйүүнүн ыйык символуна айланган "Жамийладан" тартып, терең философиялык "Тоолор кулаганда" дегенге чейинки чыгармалары бүтүндөй доорду, тагыраак айтканда XX-XXI -кылымдын жүрөк өйүткөн жүйөөлүү маселелерин көтөрүп, эч ким айтпаган эбегейсиз зор көйгөйлөрдү көзү менен көргөн, жүрөгү менен туйган, сөзү менен айта билген акылдуу инсан эле…
Чыгармаларынын жүз жетимиштен ашык тилге которулушу, алтымыш миллиондон ашык нуска менен чыгышы, дээрлик баары театр-сахналарында коюлуп, кино тасмаларында экрандаштырылып, музыка, сүрөт искусствосунда да кеңири орун алышы,адабиятчылардын, окумуштуулардын терең иликтөөлөрүнө айланышы, айтор, Айтматовдук образдардын ар тараптуу өмүрү адам баласынын бактысына дайыма эле туш келе бербеген факт экендигин айтпасак да белгилүү. Ошон үчүн "Айтматовдун ааламы" деген сөз бекеринен айтылбаган чыгаар. Бул "аалам" кыргыз элинин кыйырынан чыгып, эбак эле жер шарына тарап кеткен. Ошон үчүн "Чыңгыз десе Кыргызды, Кыргыз десе Чыңгызды түшүнгөн элдер аз эмес". Ушул жерде дагы бир улуу болгар акыны Кайсын Кулуевдин Чыкебиздин 50 жылдык мааркесинде опера жана балет театрында өтүп жаткан чоң салтанатында минтип таамай айтканы эске түшөт: "Чыңгыз Айтматовдой дүйнөлүк жазуучуну берген кыргыз эли улуу эл эмей эмине!"
Ооба. Улуу эл экенбиз! Ушул улуу эл Чынгыздай уулун көтөрдү. Ал эми Чыңгыздай уулу кыргызды көтөрдү! Дүйнөгө таанытты! Демек, биз, кыргыздар, адабият алпы болгон Айтматов менен сыймыктанып, анын ысымы менен ааламга дүң салууга акыбыз бар. Анткени, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын чыныгы өмүрү эми башталат. Ал өмүр өлбөс, өчпөс, соолубас, түбөлүктүү…
Демек, кылымда бир жаралчу кыргыз кырааны өлгөн жок! Түбөлүк жашоого сапар алып, өмүрү өчпөс жылдызга айланып, өрнөгү муундан-муунга байланып, анын руху, духу жалпы журтубуздун жан дүйнөсүндө жашай бермекчи…
Кош болуңуз, Чыңгыз ага! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Жараткан сизге жаннаттан орун берсин!...

"Обон" гезитинин жалпы жамааты




  Дүйнө дүбүрт

Жорж Буш Британияга келди
Жекшемби күнү башталган сапардын алгачкы күнүндө Жорж Бушту Британиянын канышасы кабыл алып, алар эски достор катары чай ичишти. Бүгүн АКШ президенти менен Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браундун сүйлөшүүсү башталат. Анда тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, азык-түлүк, күйүүчү майга баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулайт. Күз айларында президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Жорж Буш Британиядагы сапары менен Европага жасаган алты күндүк акыркы расмий сапарын карытат.

Ирак америкалык аскерлерге муктаж
Бул араң жетишилген туруктуулукту сактоо үчүн маанилүү деп билдирди Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари Си-эн-эн телекомпаниясына берген интервьюсунда. Анын айтымында, өткөн жылы Ирактагы АКШ аскерлеринин санынын көбөйтүлүшү өлкөдө кол салуулардын кыскарышына алып келди. Ирак тышкы иштер министри учурда Вашингтондо жана ал АКШнын президенттигине талапкерлердин экөө менен жолугушууда.

Косоводо жаңы конституция ишке кирди
Жаңы конституциянын ишке кирүүсүнө байланыштуу аземде сөз сүйлөгөн Косово президенти бул көз карандысыз мамлекет түзүүнүн акыркы кадамы экенин белгиледи. Сербиянын президенти Борис Тадич жаңы конституцияны жарыялоо мыйзамсыз экенин жана анын акы-бети коркунучтуу болоорун эскертти. Косово мындан төрт ай мурун Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялаган эле.

Ооганстанда түрмөдөн качкандар изделүүдө
Ооганстандык жана чет өлкөлүк аскерлер Кандагар шаарындагы түрмөдөн качып кеткен жүздөгөн адамдарды, анын ичинде талиб согушкерлерин издөө операциясын башташты. Алардын качып кетишине чабуул учурунда шериктери түрмөнүн башкы дарбазасын жардыруу аркылуу жол ачышкан эле. Маалыматтарга караганда, түрмө дарбазасына жанкечти айдап келген жүк ташуучу автоунаа жарылган. Андан соң согушкерлер түрмөнү ок атуучу куралдан жана гранатаметтон аткылашкан.
Кандагардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Ахмед Вали Карзай түрмөдөн качып кеткедердин саны 800 - 900дүн тегерегинде экенин, арасында талибдердин колбашчылары да бар экенин билдирди. Кол салуу учурунда түрмөнү кайтаргандардын 15и каза тапкан. Талибан бул чабуулга эки ай бою даярдык көргөнүн билдирди. НАТОнун эл аралык күчтөрүнүн басма сөз өкүлү, генерал Карлос Бранконун билдиргенине караганда, НАТО жана ооган аскерлери коопсуздукту калыбына келтирүү жана качкандарды кармоо үчүн аймакты курчоого алганын билдирди.

Жапонияда жер титирөө болду
Күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,2 баллга жеткен жер титирөө кечээ өлкөнүн түндүгүндө катталды. Кабарларга караганда, андан кеминде эки киши каза таап, алтымыштайы жаракат алды. Ошондой эле турак -жайга зыян тийип, жер көчкү жүрдү, миңдеген турак үйлөрдө электр жарыгы өчтү. Ага катар расмий өкүлдөрдүн айтымында, аймактагы атомдук-электростанциялардын биринин кампасынан аз өлчөмдө радиоактивдүү суюктук агып кеткен, бирок анын айлана-чөйрөгө коркунучу жок. Зилзаланын очогу тоолуу Ивета перфектурасынын аймагында болгон, бирок жер силкинүүсүнүн күчүн 400 чакырым алыстыктагы башкаала - Токиодо да сезишти.

Журналист камалды
Өзбекстандын Нукус шаарында журналист жана укук коргоочу Салижан Абдурахманов камалды. Аны баңгизаттарын сактагандыгы үчүн күнөөлөштү, өзү болсо аларды салып коюшкандыгын ырастайт. Журналист мындан бир нече күн мурда 11-июнда кармалган болчу, "Central Asia News" агенттигинин билдиргенине караганда, сот аны камоого уруксат берген. Абдурахмановдун машинасы документтерди текшерүү үчүн жол инпекциясынын кызматкерлери тарабынан токтотулган. Ошондо инспектордун жанында ити менен кинолог турган.

Америкада ким таасирдүү?
Американын белгилүү теле алып баруучусу Опра Уинфри эки жылдан бери жыл сайын Форбес журналы түзгөн өтө таасирдүү адамдардын тизмесинин биринчи сабын ээлеп келе жатат. Жарыяланган тизмеге ылайык, 54 жаштагы тележылдыз гольф оюнунан Тайгер Вудсту жана актриса Анджелина Джолини утуп алган.

АКШда өмүрдүн узактагы 78 жаш
АКШда төрөлгөн баланын өмүрүнүн күтүлүп жаткан узактыгы 2006-жылы биринчи жолу 78 жашка жетти, деп билдирген бейшембиде Франс Пресс агенттиги Улуттук медицина статистикасы борборунун маалыматына таянуу менен. 2006-жылы өлкөнүн 100 миң жаранына жаш курагы менен байланышкан 776,4 өлүм туура келген, ал эми 2005-жылы 779 өлүм катталган. Балдардын өлүмгө дуушар болушу 2005-жылга салыштарганда 2-3 пайызга азайган.










??.??