Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Көпүрө

Кумир менен баарлашуу
Өткөн саныбызда "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга көпчүлүк күйөрмандардын жүрөгүн жаралап, түн уйкусун бузган жаш ырчы жигитибиз Кайрат Примбердиев катышкан.
Рубриканын талабы боюнча Кайрат келген SMS билдирүүлөрдүн ичинен Анара (ОП-20-63), Бурул (ОП-20-64), Айзирек (ОП-20-67), Уулкызды (ОП-20-89), тандады.
Жогоруда аты аталган окурмандарды 19-июнда саат 15.00дө редакциябыздан күтөбүз. Урматтуу SMS ээлери, кумириңиз Кайрат менен баарлашып, эстелик сүрөткө түшүп, белегиңиздерди алып кетиңиздер.
Редакциянын дареги гезиттин 2-бетинде.

Жакшы көрүп, баалаган кумириңиз менен көрүшүп, кең-кесири олтуруп баарлашууну каалайсызбы? Анда биздин "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабызга катышыңыз.
Ал үчүн кумириңизге арнап, каалоо-тилек, жакшы ойлоруңузду билдирип кат жана sms билдирүүңүздү жолдоңуз. Рубрикабызга катышкан мейманыбыз келген каттардын, smsтердин ичинен көңүлүнө жаккан эң оригиналдуу деп табылгандарын өзү тандайт. Жеңүүчү аталсаңыз биздин редакцияга келип, кумириңиздин колунан белек алып, аны менен жолугушуп, эстелик сүрөткө түшүп, баарлашуу бактысына ээ болосуз.

Аталган рубрикабыздын кийинки мейманы таланттуу ырчы жигиттерибиздин бири Замир Арыкбаев болмокчу.

0555 002691, 0555 000986
жана 0772 624855
номерлерине SMS жөнөтсөңүз болот.

Ошондой эле 44-98-21номуруна телефон чалгыла.




 "Обон"-почта

ОП-20-01. "Обон" гезитинин жалпы эмгек жамаатына ийгилик каалайм. Калемиңиздер курчуп, ар дайым эл сүйүп окуган гезиттерден болуп, алдыга эч кимди салбагыла. Биз силерди жакшы көрөбүз жана эч калтырбай окуйбуз. Ошондой эле "Обондун" туруктуу окурмандары эч талыкпай SMS жазган Кунчуайпериге, Ч.Мырзаевдин күйөрманы Лазатка да чоң салам жолдоп ушул калыбыңардан жазбагыла демекчимин. Келгиле таанышабыз. Кыргыз кызы 0777 4236хх

ОП-20-02. Нарын облусунун Атбашы районунун "Казыбек" орто мектебинин 10-б классынын окуучуларына салам жолдойм. Экзамендерди ийгиликтүү тапшырууларын жана жайкы каникулду жакшы өткөрүүлөрүн каалайм. Ошондой эле досторум Тилек, Улук жана мени тааныгандардын баарына ысык салам. Бишкектен Эдил

ОП-20-03. Нарын облусунун Атбашы районунун тургундары атам Асанбек, апам Дарыя, бөбөгүм Элмирбекке салам. Аларга бакыт-таалай, иштериңерге ийгилик, балдарынын жакшылыгына күбө болуп, көп жашашсын. Ошондой эле атам Аскарбекке жана чоң апама салам. Соодаңар жакшы болсун.
Уулуңар Эдил

ОП-20-04. Бишкек шаарындагы Акөргө жаңы конушунун Жетиген көчөсүндө жашаган туугандарыма Аку, Айзада, Султандарга салам жолдойм. Эдил. Бишкек

ОП-20-05. Руся жаным, 19-июнь туулган күнүң менен куттуктаймын. Мекиш

ОП-20-06. Сиңдим Нурзатка жана энеме салам жолдойм. Эч качан оорубаңыз. Жандай көргөн Ринатка ошондой эле Эльзатка, Эрланга, Элдиярга, Болотко, Микиге да узак өмүр каалайм. Гүлзат

ОП-20-07. Салам "Обон", сиздер аркылуу апам Рано, атам Талып жана Мирланга салам жолдойм. Сиздерге узак өмүр, чың ден-соолук каалайм. Биздин бактыбызга бар болуңуздар. Кызыңыз Гүлзат

ОП-20-08. Салам Мирбек Атабеков! Сиз ушунчалык суперсиз. Сизди кыргыздын эң алдыңкы мырза жигиттеринен болууңузду каалап жана сыйлап Гүлнара жана Дина

ОП-20-09. Салам ырчы жигит Кайрат! Сен кыргыздын кайраттуу жигитисиң сага ак жол каалайм жана жаңы ырларыңды, клиптериңди күтөм. Сени менен маектешип өз колуңдан белек алсам өзүмдү бактылуу деп сезем. Салтанат 07772704хх

ОП-20-20. Ноокат районунун Жатан айылына, 90-жылкыларга супер салам. Айжамал, Бактыгүл, Кылым, Н, У, Д, М, Д, Б, каникул кандай өтүп жатат? Классташыңар Гүлзат.

ОП-20-21. Салам, мен кол жеткис асыл адамым, бул дүйнөдө эч нерсеге алмаштыргыс сүйүктүү ырчым Мирбек Атабеков, сага бул дүйнөдө бардык жакшылыктарды каалайм. Даткайым.

ОП-20-22. Урмат байке адам өлгөндөн кийин кайра тирилет дейт ошого ишенесизби? Ишенсеңиз бардыгыбыздын башыбызда өлүм бар эмеспи, кайра төрөлсөңүз кандай адам болуп төрөлгүңүз келет, ырчыбы же башкабы? Малика. 07738690хх

ОП-20-23. Саламатсызбы Урмат байке, айтыңызчы дүйнөдө эмне таттуу жана эмне ачуу деп ойлойсуз? Малика 0773 8690хх

ОП-20-24. Чоң Алайлыктарга салам. Асылка . 07721882хх

ОП-20-25. " Обон" салам. Султан Садыралиевге чыгармачылык ийгилик каалайм. Султан , жашоомдо сен табылган күндөн тартып/ өзүмө болдум окшойт өзүм табып /, Бакыттын туу чокусун багындырдым/ баракка атың сенин жазып алып. Сени сүйгөн күйөрманың Асель 0772 0307хх

ОП-20-26. " Обон"! Жаным сени кантип унутам , кантип сүйбөй коё алам, сени жоготуудан коркомун, сенсиз өткөн өмүр мен үчүн бул дүйнөнүн тозогу! Нурзат 0777 6736хх

ОП-20-27. Жалалабат облусунун Чаткал районундагы Курулуш айылынын жашоочусу апам Шаршенбаева Токтобүнүн жана үкөм Ирландын туулган күндөрү менен куттуктайм! Апа ден-соолукта болуп, эч качан оорубай бактыбызга бар болуңуз. Кызыңыз Зарина. 07778328хх

ОП-20-28. Тагынып алып кара очки / Каякты карайт карачы / Жашыбыз деле ушинтип / Карыны туурап калдыбы? Венера 0773 4746хх

ОП-20-29. Мингенибиз карагер / Чапсак бир чыгат кара тер / Жаш кезде ойноп күлүп ал / Акыры сорот кара жер. Венера 0773 4746хх

ОП-20-30. Мен саламымды ыйык адамымдын бири атакеме жолдойм, сиз биздин таянаар тообуз, сыймыгыбызсыз, сиздин ар дайым аман болушуңузду каалайбыз. Биз сиз менен чексиз бактылуубуз. Кыздарыңыз Кайыргүл, Зыягүл 07776606хх

ОП-20-31. Салам Кайрат, мен сенин "Энекем" деген ырыңды абдан жакшы көрөм, уюлдук телефонумда дайыма жаңырып турат, клибиңди көргөнүмдө аябай ыйлагам, ошол жерде өзүңдү чыныгы каармандай көрсөтүп берилүү менен ырдагансың, ошондон бери сенин ырларыңды калтырбай угуп калдым, сени клибиңдеги каарманга окшотпойм, сени апаңды сыйлаган ыймандуу жигит экениңе ишенем, сиздей уулду алып келген алтындай апаңызга менден чо-оң салам. Зыягүл 07776606хх

ОП-20-32. Саламатсызбы Темир Назаров. Темир байке мен сизге бир суроо менен кайрылайын дедим эле. Мен ыр жазам, төрт ырым бар. Ошол ырымды сизге бермекчимин. Кандай кылып берсем болот. Башкасына бергим келбей жатат. Мээнет менен жазганымды өзүмдүн кумириме бергенди туура көрдүм. Самара. 05501466хх

ОП-20-33. Менин саламым жалалабаттык Элмирага. "Сени сагындым жаным" деп коюп жоголуп кетчү адатың бар беле? . Казак +770230556хх

ОП-20-34. Салам "Обон" силер аркылуу, Чынгыз Мырзаевге чоң салам жолдойм. Чынгыз 0772180728 номерине чалып койчу.

ОП-20-35. Сезим ыйлап, жаным сыздап негедир/ Жүрөк дартым күчөп барат токтобой/ Жан дүйнөмдү каптагансыйт караңгы / Бир да күн жакшы күнгө окшобой. NK +7702515112хх

ОП-20-36. Астананын кичинекей ханышасы Айсарага чоң салам! Сен ушундай сүйкүмдүү, акылдуу, жана сулуу кызсың эжең Han-Shai +770251512хх

ОП-20-37. Оштогу Себат лицейинин бүтүрүүчүсү Рустамова Айчүрөк келечегиң кең, акылдуу биз сыймыктанган кыз бол! Эжең Han- Shai +770251512хх

ОП-20-38. Оштогу Актилек кичи районунун 1988-жылкы сулуу кыздары Аська, Максат, Элнура, Дианаларга чоң салам! Достор сагындым силерди. Han-Shai +770251512хх

ОП-20-39. Туулган жеримди, элимди аябай сагындым! Кыргызстаным өнүгүп, дүйнө жүзү суктанган өлкө бол! Han-Shai +770251512хх

ОП-20-40. Артта калба жаңылба, алдыда бол дайыма, арбыштап баскан кадамың, ийгилик болсун жолуңда. Мисилима 07772704хх

ОП-20-41. Аскат жаным мен сени түбөлүккө сүйөм. Ар дайым бар бол. Россиядан тез кел, күтөм. Астанадан Гүлзада 87023746381 +770237463хх

ОП-20-42. Мирбек Атабеков сенин бул дүйнөгө ырчы, белгилүү жылдыз болуп жаралганыңа Кудайга чексиз ыраазымын. Сени жараткан колдосун. Аксыдан Даткайым 0773 7287хх

ОП-20-43. Алихан мен инилүү болуп, атын Алихан койдук. Ал сага окшош келип, аябай сүйкүмдүү. 05438795хх

ОП-20-44. Эй кыздар, силер ырчыларды сүйбөгүлө, алар менен түбөлүк болбогондон кийин. 07730003хх

ОП-20-45. Мени эзип таштай турган сөз менен болушунча жазып койгулачы. 07777795хх

ОП-20-46. Кайрат, "Көз жаш" деген ырың кандайча жаралган? 07736556хх

ОП-20-47. Кумирим Расул кызы Айгеримге добушумду берем. Айгерим сен Азиянын жылдызы болушуңду каалайм. Ильяс

ОП-20-48. Айгерим Расул кызы сени Индуска турмушка чыгат деп уктум. Кыргыз жигиттеринин индиялык каралардан эмнеси кем. Ушул чынбы, жалганбы жообун 0773771188ге айтып койсоң? Ильяс

ОП-20-49. Бека, Ика, Мирбек талантыңыр ташкындай берсин деп карындашыңар Жылдыз

ОП-20-50. Мирбек Иманбеков жөнүндө жазгылачы. Чок/н

ОП-20-51. Ырларыңыз, бир калыптагы мүнөзүңүз абдан жагат. Мени жок дегенде бир клибиңизге алыңызчы? Тынч уктайын. Нарындан Элиза 7778420хх

ОП-20-52. Саламатсызбы Урмат Усенов. Сизге чың ден-соолук, узун өмүр жана бул жашоодо эң бактылуу инсандардан болуңуз. Ар дайым Манас атабыздын арбагы сиздей таланттууларды колдосун! Элиза

ОП-20-53. Салам "Обонтай" силерге кааларым дайыма бар болгула. Эрмек туулган күнүң менен куттуктайм! Шекафтардан Мунира

ОП-20-54. Сүйүктүү ырчым Даниэлге супер салам. Мага өзгөчө "Садагам" деген ырың жагат. Ар бир радиодон суранып уккандан тажабайм. Жанка 07735344хх

ОП-20-55. Саламатсызбы Кайрат байке? Менин сизге берээр суроом мындай: Ар бир пенденин дүйнөдө ыйык туткан адамы болот. А сиздин ыйык туткан адамыңыз ким? Качан бизди жеңелүү кылып сүйүнтөсүз? Менин сизге каалоом: талантыңызга ийгилик, ар дайым бар болуңуз, бай болуңуз. Бир жолу сизге жолукканда арманым жок эле Көрүшкөнчө. Күйөрман кызыңыз Хадижа

ОП-20-56. Мирбек Иманбеков ар дайым иштериңди ийгилик коштоп, ден-соолукта бол. Келечекте ата-энең сыймыктанган, эл керегине жараган жигиттерден болушуңа тилектешмин.+770218488хх

ОП-20-57. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин талыкпаган эмгек жамааты. Сиздерге дүйнөдө кандай жакшылыктар болсо, баарын сиздерге каалайм. Ар дайым сиздерди ийгилик жандап жүрүүсүн каалайм. Сиздердин такай окурманыңыздар Гүлшан

ОП-20-58. Урмат, чынарыбыз куурады, элибиз чыгаанынан ажырады. Чыгармаларын окуп чоңойдук эле. Чыңгыз чоң атабызга арнап ыр жаратууну ойлон! 07778145хх
(уландысы)











??.??