Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Атактуунун арзуусу

Абдылдажан Акматалиев, адабиятчы, окумуштуу:
"Арзуунун күчү менен жашап келем…"
Күлүк ойлор
- Ар тараптуу сиздей талант ээсинин көп кырдуу махабат сырларынан эл билгиси келет?
- Мм… Чындыгында махабат дегенибиз- бул адамзатынын өмүрүн коштоп турган эң бир бийик руханий касиет. Махабатсыз баары супсак, көрксүз жашоо деп айтат элем. Адам аталган улуу сезим менен өмүр сүрүп, ал аркылуу адам катары калыптанышы мүмкүн.
"Сүйүү" десе эле көпчүлүгү сүйүнүч, кубаныч катары карашат. Анан эле ошол махабатына жетпей калышса: "Жашоодо чыныгы сезим жок" деп танган учурлар кездешет.
Менимче, махабаттын ичинде кубаныч- шаттык менен катар кайгы-муң, санаа, жоготуу да аралашып, тең салмакта болуп келет. `
Албетте, мен да дал ошондой жалындаган сезимди башымдан өткөргөм жана өткөрүп да жатам десем болот… Дегеле, махабатты бир адам менен гана чектеп коюу мүмкүн эмес. Анткени, адамда ашыктык деген бар. "Бир көрүү менен ашык болуп калдым же жактырып калдым" дешет. Бирок, бул чыныгы арзуу эмес да. Бул жөн гана убактылуу кызыгуу, көз салуу десек жарашат. Ал эми чыныгы махабатка жетиш үчүн нечендеген тайгак, тар жолду кечип өтүш керек деп эсептейм. Турмуштун оң-терс, жаман-жакшы жактары менен бирге болуп, аны менен жуурулушуп олтуруп, ыйык сезимдерге багыт алганың натыйжалуу, түбөлүктүү болсо керек.
"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп, чоң, аруу сүйүүңө жетпей, өкүттө калган кездер да болбой койбойт.
Маселен, биздин салтта кыз баланы ала качып кетишет же ортодо ар кандай көңүл калуулар, таарынычтар болуп калат. Бирок, дал ушундай кырдаалдар болсо дагы сезимиң жүрөгүңдүн түпкүрүндө, көңүлүңдүн борборунда унутулбай сакталып, тарых катары жашап калыш керек.
Махабат- толкун сыяктуу күчтүү сезим. Адам мындай сезимге кабылганында дүйнө ага жапжашыл жай сымал ажайып кооз көрүнүп, канат кагып учкуң келтирип, кереметтүү чарбакка кабылгандай болосуң. Эки тараптан бирдей арзуу кайрыктары жаңырганда гана махабаттын өзүнүн жыйынтыгы келип чыгат.
Элестүү кайрыктар…
- Жашооңуздагы жалындаган сезимге малынган көз ирмемдик бактылуу учуруңуздан кеп сала кетсеңиз? Ушул багытта сырыңызды айта аласызбы?
- Айта алам. Ал кезде мен Ош педагогикалык институтуна жаңы мугалим болуп келген жылдар эле. Ошол жылы институтта Жаңы жылдык кече уюшулуп калды. Кечеде мени жаш мугалим катарында студенттердин тартибине байкоо салып туруу максатында "дежурный" кылып дайындашкан. Мына ошондо кечени алып барып жаткан жүзүнөн нуру төгүлгөн айжамалдуу кызга көзүм түштү… Эмнегедир ал кыз менен сүйлөшкүм келди. Анын жакшы жактарын айтып, жанында болууну кааладым. Аңгыча болбой тыныгуу жарыяланып калды. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мен көңүлүмө бүлүк салган аруузат менен таанышуу бактысына ээ болдум. Кече да аяктады. Баягы кыздын татынакай жүзү элес болуп, көөдөнүмө жай бербей азапка салды.
Бир курдай Ишенбай Мансуровдун "Ак бугу" аттуу чыгармасын окуп олтургам. Чыгармада маралдын сүрөттөлүшү бар эле да. Дал ошол сүрөттөлүштү окуганымда марал сымал буралып, баягы кыздын элеси көз алдымдан кетпей, жүрөгүмө тынчтык бербей туруп алды. Кайрадан ал кызды көргүм келди. Көңүлүмдү белгисиз сагыныч, кусалык ээлегенин сездим. Тобокел кылдым да, ардагыма бардым. Сыртынан көрүп, байкоо салып жүрдүм.
"Кантем? Эмне айла табам?" деп сызылып, бир ай бою көргөнүмө эле курсант болуп, ага ичим элжиреп, суктанып, ырахат алып жашадым. Анан кат жаздым. Катты аярлай кармап, ал олтурган китепканага бардым да бир кыздан чакырттым. Китепкананын эшиги ачылып, ашыгымдын сүйкүмдүү жүзү көрүндү. Жүрөгүм бир башкача дүкүлдөп согот… Ал эки жагын элеңдей карап: "Мени издеп жаткан ким?" дегенде: "Мен эле. Бул сизге…" деп абдаарып, толкунданып, катымды берээрим менен кетип калдым.
Көп өтпөй байланыш түйүнүнөн мага жолдонгон катты алдым. Ачсам эле ардагымдан экен. Жарым баракка жетип-жетпеген ойлор жазылыптыр. Катта: "Жүрөгүмдү башка бирөө ээлеп койгон, туура түшүнүңүз…" деген сыяктуу сөздөр камтылган экен. Албетте, мен аны туура кабыл алганга аракет кылдым.
Бир күнү жолдош кыздарым көчөдөн жолугуп калышып: "Ой, сиз кызык экенсиз. Кыз эмне дароо эле "макул" дечү беле?! Сиз жакындан жакшылап сүйлөшүңүз, биз жолуктуралы" деп ортого алышты. Ошентип, ал кыз менен кайрадан кезигишип, киного, театрга, циркке барып, айрым учурларда айлуу кечте жолугушуп, көз ирмемдик бакыт бешигине термелип, сүйүүнүн жалынын кечип, жанашып жүрдүк. Турмуш деген ушундай кубулма болот экен. Бүгүн эле жаркырап тийип турган күн эртең эле бүркөлүп, кара булут каптап калат тура… 3-курста окуп жатканында аны ала качып кетишти.
(Күлүп…) "Ал кыз ким эле?" деп сурагың келип жатат. Бирок, ал сыр бойдон эле калсын. Эми жашоомдогу бул сүйүүмдү адабият чөйрөсүндө жүргөндөрдүн көпчүлүгү эле билишет… Ырларымда да аны марал, ак куу, балык, гүл жана башкаларга салыштырам. Анда баарысы айтылган.

Айрылыш жолдордо
- Жактырган адамыңызды ала качып кетишкенде кол куушуруп, олтуруп калбаган чыгаарсыз?
- Аа… Ал мындайча болду. Жалжалым окуусунан каникулга тарап, эс алууга Көлгө кеткен эле. Ал кеткен соң, мен эки жумадан кийин дарегин алып, Караколго бардым. Барган күндүн эртеси кызга жолукмакчы элем. Бирок, ошол жерден кыздын агасы менен жеңесине кезигип калганымда, алар сүйүктүүмдү ала качып кетишкенин айтышты. Чыным ушул, мага бул өзгөчө катуу тийди, оор болду. Мурда ичимдик оозума алчу эмесмин. Ошондо биринчи жолу ызамды басыш үчүн бир бөтөлкө вино ичтим. Ичим туз куйгандай эле ачышып калды.
"Баарын убакыт дарылайт" демекчи, билинбей күндөр өтө берди. Кийин ал окуусуна келгенде экөөбүз кезиктик. Мен: "Олтурбай эле койсоң болмок…" дедим өкүнүчтүү. Тилекке каршы, ал кыргыздын салтын аттап, кайрадан мага келүүгө эрки жеткен жок. Мен да ага түшүнүшүм керек болчу.

Арзуунун күчү…
- Сиздин калемиңизге таандык ашыглык лирикаларыңыз да адамга эң сонун маанай тартуулап турат. Дегеним, жалындаган махабат- дал ушундай ыр саптарынын жаралышына себепкер болсо керек?
- Туура. Ырларда адам өмүрүнүн күндөрү, издери, тарыхы калат. Албетте, алар көркөмдөлүп, кооздолуп, кошумчаланып жазылат. Чынында менин ырларымдын негизин өзүмдүн башымдан өткөргөн күндөр, кубанычтар, сүйүнүчтөр, ошол эле учурда санаа, кайгы, таарынычтардан турган кайрыктар түзөт.
Мен ашыктык ырларымда кыздын ички сырын, психологиясын ачып бергенге аракет кылам. Кандай болбосун, баардыгын ар тараптуу карай билүү зарыл.
- Махабат сизге эмне берди?
- Махабат - мага биринчиден, ден соолук ыроолоду. Эгер бийик сезимдердин кучагында жүрсөң, анда ооруган жериңди да байкоос албай, өзүңдү жеңил, ишенимдүү жана кайраттуу сезесиң. Экинчиден, ашыглык- бул адамды көп жакшы нерселерге үндөйт, умтултат.
Алсак, менин адабиятта жасаган иштеримдин дээрлик көпчүлүгү сезимдин, арзуумдун күчү, деми, эргүүсү менен жаралды десем жаңылбайм. Мындай жемиштүү ийгиликтерге жетишиме кандайдыр бир деңгээлде махабаттын кошкон салымы бар.
"Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" демекчи, турмуш болгон соң, ардагым менен жолугуп калам да. Ошондо ал: "Мына, сиз биздин ыйык арзуубуздун таасиринде ушундай даражага жеттиңиз" деп айтып калат. Танбайм, чын эле анын айтканы туурадыр.
- Азыркы үй-бүлөлүк абалыңыздан учкай уксак?
- Албетте, өмүрдөгү жан шеригим - Диляны жактырып, сүйүп алгам. Ал жөнүндө да нечен ирет ырлар жазгам.
Бир кыз, бир уулубуз бар. Жакшынакай, бакубат жашап жатабыз.

Баарлашкан Н. САГЫНБАЕВА










??.??