Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Адабият айдыңы

Карбалас Бакиров, акын:
"Сүйүнчү, Током келатат!"
- Карбалас ага, сиздин Енисейлик кыргыздар жөнүндө жазган ырларыңызды жакшы билебиз. "Адашкан кентавр" аттуу китебиңизди окуганбыз. Анда Сибирь тайгасы жөнүндө балладалар да бар. Акын досуңуз Жаныбек Юморалисмус: "Сибирге эки эле киши барган, бири Токтогул, экинчиси Карбалас" деп ыр жазыптыр. Сибирге кандайча барып калдыңыз?
Батыштагы Кембридж, Оксфорд университеттери илгертен белгилүү. Ал эми Кетмен-Төбө өрөөнүндө Төкмө акындардын университети болгон. Бардык таланттар Токомдун алдынан экзаменден өтүү үчүн барышкан. Бир жагынан бул өрөөн Түндүк менен түштүктүн дал ортосуна жайгашкан. Эки тарапка тең жакын. Токтогулдун 100 жылдыгы 1965-жылы бир жыл кечигип аталган райондун борборунда өттү. Ага 4-класстын окуучусу мен дагы катышып калдым. Атам ээрчитип барган. Кайсыл автордун драмасы экенин билбеймин, Сапина деген режиссёр эже мага Токомдун Сибирден келатканын көрүп калып, боз үйгө сүйүнчү айтып жүгүрүп кирген кичинекей баланын ролун берди.
Сүйүнчү! Током келатат!-деп боз үйгө жүгүрүп кирем. Режиссёр эже, сен чындап сүйүнүп жүгүр, дейт, күнүгө жок эле дегенде боз үйгө 50 жолу чуркап кирем. Анан ар бир күнү 2 рублден айлык берет. Балмуздак анда 3 тыйын, көчөгө чыксам акчаны түгөтө албайм. Муну айтып жатканымдын себеби, мен Токтогул жана Сибирь менен бала кезимде эле байланышып калган экенмин. Сүйүнчү! Током келатат!-деген үч сөздө көп маанилүү жана табышмактуу нерсе бар экенин анда мен сезген деле эмесмин. Ушул үч сөз кийин менин тагдырыма кирип, Иркутскидеги (Үркүттөгү) Током жаткан Александровск борбордук түрмөсүн көрүп, Сибирдин көптөгөн шаарларын кыдырып, Красноярск шаарында үч жыл жашадым. Красноярск крайында, Абаканда (Хакасия) Тыва, Алтай республикаларында жалпы эле Сибирде жер аттарынын кыргызча коюлганына көпкө чейин таң калып жүрдүм. Ужур деген шаарда Карагай, кайыңдарды кыйып жатсак, бир топ орус аксакалдары келип, ар бирибиздин кайсыл улуттан экенибизди сурап калды. Мен кыргызмын десем, "Значить ты приехал земле своих предков"-дегени эсимде. Токомдун тили менен айтканда кыр шибердин (Сибирь) таасири "Адашкан кентавр" аттуу ырлар жыйнагымда чагылдырылган.
Ал эми шиберге кетишиме менин өзүмдүн тартынбаган, чындыкты кыйынсынган чоңдордун бетине айткан мүнөзүм себепкер болду окшойт. Мен Талас облустук гезитинин Токтогул-Каракөл аймагы боюнча өз кабарчысы болуп ишке келгенимде, Токтогулда райкомдун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарынын аялы универмагдын директору болуп иштейт экен. Рейд жүргүзүп атканда конфликт болуп кетти. Мен "Балык башынан сасыйт" деген макала жазып, гезитке чыгарып жибердим. Анан аткаруу комитетинин төрагасы, райкомдун катчысы мени чакырып "эмнеге мындай макала жаздың" деп тынчымды алышты. Аял, райкомдун катчысы таңга маалдан кечке чейин үйгө телефон чалат. Мен алардын айткандарына каршы туруп, универмагдын директорун кызмат ордунан алдырдым. Анан Владимир Высоцкий айткандай, ""Охота на волков" башталды. Бир күнү Талас шаарындагы мейманканадан чыгып баратсам, баягы райкомдун катчысы алдыга түшүп, артында 5,6 кызматкер ээрчип келе жатыптыр. Бет маңдай келе түшкөндө: "Сага окшогон үч метрге секирген үчүнчүнү урдум"- деген сөз оозумдан кандай чыгып кеткенин да билбей калдым. Ал "чоң" айымдын беттери кызгалдакка айланып кеткендей, алоолоп анан ошол кызгалдактар жерге кулап түшкөндөй кубарып кетти. Артындагы райкомдун кызматкерлери бири калбай тапыраган боюнча качып кетишти.
Ошол конфликт уланып отуруп, күчөп отуруп, менин Сибирге кетишиме түрткү болду. Бирок мен ал жакка барганыма эч өкүнбөймүн. Анткени жан дүйнөм тазаланды. Енисейлик кыргыздар басып жүргөн жолдорду басып, алар ашкан дабандарды аштым. Акындар эгер колдон келсе бүт дүйнөнү кыдырып чыгыш керек. Коргондун ичинде жашай берсе, бири-бирине кыйынсынышып, тыңсынышып, коргондун ичиндеги ырларды жазып жүрө беришет.
Белгилүү жазуучу Ч.Айтматов менен бирге бир топ кыргыз жазуучу, акындардын Казакстанга барганын айткан Омор Султанов: "Биздин жол Меркеге жеткенде түгөндү, себеби андан ары жалгыз Айтматовду гана таанышат экен"-деген эле. Анын сыңарындай, коргондун ичинде короз болуп тебишкендерди карап туруп, ошолорду бир көгүлтүр мейкинге сууруп чыккың келет.
Маектешкен Фарида Тукаева




517-БӨЛМӨ
Бул бөлмөдө "Кыйшыктары" беш шаардын
Жулуп келген чексиздин беш капталын.
Балчык кечкен романтик - бири мен,
Бакыт таппай тайгаланган сүйүүдөн,
Керзи өтүкчөн, якуттарча кийинген,
Кеп баштаган Эллададан, Римден.
Уурулугун билген бүтүн Полтава,
Сергей досум окшоп кетет балтага.
Кулап түшүп ал бешинчи кабаттан,
Буту сынып, аман калган таякчан,
Тогуз кадам шилтеп барып жыгылган,
Тобоо кылып эмдигиче сыйынган,
Ачкыч менен кулпка сааттай тагыраак,
Бир карасаң дардаңдаган - Голиаф,
Татынакай сулууларын Сибирдин,
Сууруп чыгып коюнунан иңирдин...
Ага өчөшүп төрөлгөнсүп тескери,
Азыр мөлт деп тамуучудай көздөрү,
Бою жапыз Саша - Йошкар-Оладан.
Кызыл-күрөң муруттарын тараган,
Алыстарды эңсей бербей элчилеп,
Адаты бар айнек сүртмөй мелтиреп.
Андан эч бир тажай турган эмес ээ,
Көк мейкинге кошулганча терезе.
Нганасан улутунан - Парнасхан,
Мерген тыйын чычкандарды көзгө аткан,
Карлар каалгып уюлгуган Тальнахтан.
Абакандын - Чеботаев Артуру,
"Енисейлик кыргыз мен" - деп, ал туру.
Өжөрлөнүп мушташканча талашып,
Өз элинин болгусу жок калп уулу,
Күмүш жылдар тартуулаптыр дос мага,
Күнөөсү көп, а бирок жок халтуру!




(Башталышы
өткөн сандарда)
- Айта бер, жан биргем. Угайын…
- Башынан ушул тагдырга дуушар кылган да сен өзүң элең. Мага чала болот. Ошондо ата-энемдин тилин албадым.
- Кандайча, жаным?
- Шашпагын эми. Азыраак убактыбыз бар. Ошол жөнүндө айтып берейин. Менин тагдырым жөнүндө укпасаң, сен дагы өмүр бою өкүттө өтөөрсүң.
- Угайын, жан биргем, - жигит демин ичине алды.
***
… Мен туулгандан эле оюнкараак, сергек өстүм. Анан калса, ата-энем өтө жакшы көрүшкөндүктөн аябай эрке элем. Эмне кааласам, ошону жасачумун. Оюм менен болушчу байкуштар. Эркелигим гана болбосо абдан зээндүү болчумун. Көпчүлүк байкабаганды, көпчүлүк туйбаганды мен элден мурда сезчүмүн. Баары таңгалышчу, баары макташчу. Келип-келип ошол сергектигим жана оюнкараактыгым өз башыма тийди. Ал жөнүндө кийинчерээк айтам. Башкаларча тамакка тоюп алган соң, ийинден чыкпай уктай бергенден каччумун. Деги мен боз кыроо түшкөнгө чейин ийинге киргенди жаман көрөөр элем. Таңга маал куштар сайрап, күндүн муруту чачырап келаткан кезде айтпа. Мен коңулдан сойлоп чыгып, кыпкызыл болгон күндү тиктейм. Андагы күн нурунун кооздугу ай. Тиктей берип, тиктей берип, көз кумарым канчу эмес. Суу тийбеген таштын түбүндө, дүмүрдүн ичинде жатсам да таңга маал чыйрыгып каласың. Мен жерге жарык түшкөндө сойлоп чыгам да, топ карагандын же жалпак таштын үстүнө чыгып алып, күн шашке болгончо уктайм. Туш-тушуңдан куштар сайрап, төмөн жагында чоң суу шаркырап агып жатат. Мен болсо мемиреп кебелбейм. Жолтоо болгон эч ким жок. Курсак ток, бейкутчулук жаныңды жыргатат. Мага суунун киргени, жамгырдын жааганы, булактын акканы, чагылган чартылдай күн күркүрөгөнүнө чейин жакчу.
Бирок биз - чагылгандын огунан аябай коркчубуз. Оттун пири - чагылган. Отту чагылган тууган деп энем ар качан кулагыма куя берээр эле. Андыктан биздин Кудайыбыз - от деп билчүмүн. Чынында эле оттон өткөн коркунучтуу душман жок биз үчүн. Өрт каптап, жыландардын далай тукуму отко күйүп өлгөнүн энем көп айтчу. Анын чет жакасын өзүм да көрүп калгам. Жайкысын биз суу жакалай, шиберлүү жерлерди жакшы көрүп, жар бооруна пааналасак, күзгө тарта эч ким коюлбай калган эски мүрзөлөрдүн арасындагы сары өзөк болуп куураган чөптөрдүн арасын жакшы көрчүбүз. Ал жерде чычкан, келемиш дегендер аябай көп. Ал эмес, күзгү жамгырда жана боз кыроо түшкөн учурда чээнге кириш үчүн үй даяр. Эски мүрзөлөрдүн ичи кургак, жылуу боло турган. Кээде куу токойго чагылган тийип өрт чыгат. Ошондогу биз көргөн тозокту айтпа. Жылас басканда биз капилет каптап келаткан өрттү билбей калып шорубуз куручу. Ийинге кире качууга үлгүрбөй, канчабызды от оп тартып кетти. Ийинде жатканыбыздын ичинде да аман калгандары аз боло турган. Анда түтүн каптап дем алалбай өлгөнүбүз канча. Оттон корпогон гана жалгыз суу экен жарыктык. Сууга тийген от тумшукка жегендей жалп өчөт. Аны биз жакшы билчүбүз. Андай учурда сууга кире качканыбыз гана аман калып жүрдүк. Бир жолу күз ченде сар жондогу эски мүрзөнү от каптады. Анда биздин тукумдар Куу-Куурай деген кыштоого жаңы келгенбиз. Түтүн жыттанып, дуулдаган өрттүн дабышы бизге кадимкидей угулуп турган. Энем тилин соймоңдотуп Кудайга жалынып жатканын бир билем. Кышылдап отко күйүп жаткан жыландардын тозоктуу үнү ай. Кийин бир барсак капилет чыккан өрт аларды сойлоп чыгууга үлгүртпөй мойсоп таштаган экен. Күйгөн жыландардын сөлөкөтүн тиктөөгө дит барган жок. Түпкүчтөй-түпкүчтөй болуп оролгон боюнча жатышат байкуштар. Ошондуктан биз үчүн оттон өткөн душман жок деп ойлочумун. Адеп сиздин үйгө баш бакканда оттон коркконум эсиңиздеби? Деги бизге оттон башка ким коркунуч туудурмак эле деп ойлочумун байкуш башым. Көрсө, мен катуу жаңылып жүргөн турбаймынбы…
Дагы да болсо, эми жыландардын табияты жөнүндө азыраак айта кетейин. Силер жылан десе бекер жерден чочуй бересиңер. Мындан ары ишенбей жүр антип айткандардын сөзүнө. Анын үстүнө адам тукумуна үйүр келебиз. Адам турмушу, анын тиричилиги бизди ар дайым кызыктырат. Баарынан улуу делген от адамдын колунда ойнойт. Анын коломтосунун куту да от. Отту өзүнө багындырган адам эмей ким? Адамдын негизги касиети да ушунда деп ойлойм мен. Дагы айтам: жылан тукуму бөөдө жерден бөтөн жанга катылбайт. Өз ичинен чыккан дили караны эмне үчүн салыштырат адамзат? Мен ошого таңмын. Аны чыгаргандар Бакалбай куучуга окшогон жүзүкаралар. Ал жөнүндө билгендерибиз көп. Азыр кези келип турат, ал жөнүндө бир аздан соң айтып берем. Мен ойлойм жыландай боорукер, жыландай сыйкор эч тирүү жан жок. Бекер жерден биздин эч кимге зыяныбыз тийбейт. Биз боорубуз менен сойлоп өз бетибизче жүргөн бир пейили таза жанданбыз. Ошону билбей, жылан десе жаа бою качкан жалакайлардын сен сөзүнө ишендиң.Чын-чынына келгенде достук менен сүйүүгө, жолдошчулукка бизден өткөн ким бар экен? Аны сен түшүнгөнчө качан, байкушум. Биз жыландар адамдын жакшы-жаманын же кара өзгөйлүк менен адамгерчилигин бир көргөндө эле тааныйбыз. Өзгөчө аны биз үнүнөн ажыратабыз. Бул жагынан алганда менден өткөн жылан болчу эмес. Ошентип, азыр ойлосом, кыялкечтик, оюнкараактык менин негизги кемчилигим экен. Саратандуу жайда менин таптакыр эле уктагым келбей: тоо-токой менен талаанын шоокуму, булбулдун сайраганы, суулардын шары, шамалдын добушу жанымды жыргатып, бирде жаныма тынчтык бербей жаныбыздагы кичинекей көлгө боюмду таштап, айлуу түндө балыктар менен куушуп ойногум келчү. Мени көргөндө эми эле көктү көздөй секирип ойноп жүрүшкөн чабактар көлдүн түпкүрүн көздөй житип кетишет. Менин курсагым ток,балыктардын макоолугуна таң калып, энеме даттанган учурларым да болгон. Анда "макоосуң да" деп энем мени зекийт. Бизди жылан дейт. Сүрдүү келебиз. Ал эмес, бизди бир көргөндө адам баласы да селт эте чочуп кетет". Айттым го, жазгы нөшөр, жайында кирген суу да мага жагар эле. Дайыма эле сойлоп жүргөндүктөн жыландар жылдыздарды көрбөйт экен деп ойлобо. Мен жар боорундагы ийинден башымды созгондо көктөгү жылдыздар көрүнчү. Мен алардын көптүгүнө таңгалбай, мен алардын мени менен сүйлөшүп, көз ымдашып жатканыма кызыкчумун. Суу киргенде эне-атамдын агып өлөсүң, кой-ай дегенине болбой анын агымына бой таштайм да, башымды көтөргөн бойдон агып жөнөйм. Суунун шары кээде мени аласалдырат, айлампага уруп көпкө чейин айламды кетирет. Өжөрлүгүмө салып, моюн бербеген мен аркы өйүзгө сүзүп чыгам да, жар бойлой сойлоп отуруп күүгүм киргенде үйгө келчүмүн.