ял "Обон", 17.06.08 - 7-бет: Дарамет...•Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Дарамет

Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
"Ырчылык өнөр менин хоббим"
Самат Токмок шаарында 1984-жылы 3-февралда туулган. Учурда банкта иштейт.
- Айтсаңыз, жумушуңузга ырдоо тоскоол болбойбу?
- Тоскоол болбойт, мен жашоомду жалаң ыр менен гана элестете албайм. Адам ар тараптуу болгону жакшы. Мен ырчылыкты хоббим катары элестетем.
- Сиз башында "Балакай" деген ат менен чыктыңыз эле, эмне үчүн ошол боюнча калган жоксуз?
- "Балакай" деген ат менен чыкканда мен 19 жашта элем, ошондо 4-5 ырым бар болчу. Алар да "Музыка", "Укчу, алтыным" деген тамашалуу ырлар эле. Бир жылдай ушул ысым менен жүрдүм. Ошол учурда Ассоль Молдакматова иштечү. Негизи бул ат мага башынан эле жакчу эмес. Ассоль эжеге: "Ушул ат мага жакпай жатат, өзүмдүн атым менен эле чыга берейинчи"-десем, ал да: "Мен дагы ушуну айтайын деп жүргөм" деди. Ошол бойдон өзүмдүн азан чакырып койгон атым менен чыгып келе жатам.
- Үйбүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Үйбүлөлүк жаңы турмуш баштаганыма жарым жыл болуп калды, буюрса жакшы.
- Жубайыңыз менен кантип табышып калдыңыз?
- Аида менен магистратурада окуп жүргөндө таанышкам, 3 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Өзү көлдүн аккусу. Бирок жыйырма жашына чейин Ташкентте чоңойгон. Андан кийин бул жерге көчүп келишкен, кыргызча көп сүйлөй албайт, орус тилинде сүйлөшөбүз.
- "Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт" -деген макал бар эмеспи. Сиздин жубайыңызды байдын кызы экен, байлыгына карап эле үйлөнүп алган деп жүрүшөт…
- (Күлүп) Бул аябай жакшы кеп экен. Бул жерден эч нерсе дей албайм, экөөбүз тең жетиштүү эле үй-бүлөлөрдөнбүз, мен деле жөн жердин уулу эмесмин. Кыскасы, экөөбүз тең эле бирдей адамдардын балдарыбыз десем жаңылышпайм.
- Артист менен таксисттин аялы болуу оңой эмес дешет, фанат кыздарыңыз тийишкен учурда сизге жубайыңыздын көз карашы өзгөрөбү?
- Менин жубайым ага көнгөн, себеби ал мени жакшы түшүнөт… Менин эң биринчи кеңешчим ошол, ал өзү Казакстанда фото моделов болуп иштечү. Күйөрман кыздарды жакшы түшүнөт. Өзгөчө ойлору бар, мага ошол жагы аябай жагат, дайыма мага түрткү болуп турат.
- Азыр таланты жоктор деле ырдап жатышат, талантсыз эле ырдаса болобу?
- Мен өзүмдү таланттуу адаммын деп айтуудан алысмын. Ырчылык өнөрдү мен хобби катары алып жүрөм. Өзүм жакшы ыр жаратып, иштеп чыгам да, элге тартуулайм. Шоу бизнес өсүп жатат, бул жагы жакшы, себеби, атаандаштык болуп, өздөрү иргеле баштайт, буга эл тараза.
- "Тууроо" деген бир ооруу бар, сизге бул таасир берди беле?
- Ооба, жакшы суроо экен. Мени көбү Дима Биланды туурайсың дешет. Бирок, андай эмес. Билан мага жакпайт. Дегинкиси орус ырчыларына деле кызыкпайм. Көбүнчө Голливуд жылдыздарына кызыгам, ошолордон таасирленем десем болот. Бирок алардай болуш үчүн кайрадан төрөлүп, ошол агымга кошулуш керек.
- Президент же депутат болуш оюңузда барбы?
- Бар, келечекте өзүмдүн элиме кызмат кылсам деген оюм бар.
- Бир көргөн адамга жөнөкөй, урушканды билбеген жигиттей көрүнөт экенсиз, үйүңүздө деле ушундай кожоюнсузбу?
- Жөнөкөй адаммын, ак көңүлмүн, бирөө менен тез эле сүйлөшүп кетем, эң негизгиси ачыкмын десем мактангандай болбос.
Маектешкен
Фарида Тукаева










??.??