Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Саламат плюс

Айзада Танаева, "Paradise sun" (Бейиш күнү) психологиялык жардам борборунун директору,
психолог, консультант:
"Биз акыл-эси ордунда эле турган адамдар менен иштейбиз"
Өздөрүн "Белый",
"Космос" деп аташып…
Телевизордон көргөзүлгөн зордук-зомбулук жашоо турмушта көп учурларда агресиянын байкалышына зор таасирин тийгизет. Атүгүл ар кандай кылмыш окуялары жөнүндөгү көрсөтүлгөн репортаждар аларды тууроочу кыймылга чакырышы мүмкүн. Биздин борбордун кылган анализдеринин жыйынтыгы боюнча агрессивдүү балдар жоош балдарга караганда зордук-зомбулук катышкан телекөрсөтүүлөрдү көбүрөөк көрүшөт экен. Жана ошондой эле алар тасмадан көргөн зордук-зомбулукту чыныгы жашоонун чагылдырылышы деп эсептешет. Мыкаачылык көрүнүштөрдү көрсөткөн фильмдер айрыкча өспүрүм курактагыларга күчтүү таасирин тийгизет. Мисалы: "Бригада" фильми көрсөтүлгөндөн кийин канчалаган өспүрүмдөр ал кинодогу башкы каармандарды туурашып өздөрүнө "Белый", "Комос" деген өңдүү аттарды ыйгара башташты. А бул алардын кинодогу каармандардын кыймылын туурап, ар кимди уруп-сабап, тоноп, киши өлтүрүп, алсызадарды басынтуусуна алып келди. Мындан тышкары бүгүнкү күнү "Counter Strike", "GTA" өңдүү компьютердик оюндар өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизүүдө. Анткени бул оюндарда алар ар кандай курал жарак менен адамдарды өлтүрүү миссиясын аткарышат. Андыктан биз ата-энелерге балдарына фильмдерди чеги менен көрсөтүп, компьютердик оюндарга жиберүү убактысын көзөмөлдөп турушса деген кеңешибизди бермекпиз.



Психолог деген ким?
Чет өлкөлөрдө "менин жеке психологум" же "психотерапевтим" деген сыяктуу сөздөрдү көп кездештирүүгө болот. Психолог бардык ички сырларыңды тең бөлүшүп, анан жакшы кеп-кеңештерди ала турган үйбүлө мүчөсү катары саналат. А бизде эмнегедир мындай эмес. Билсеңиздер керек, көпчүлүгү психолог десе эле "акылы ордунда эмес, кем акылыраак адамдарды дарылайт" деген сыяктуу таптакыр башкача түшүнүктө болушат. Андыктан менин айтайын дегеним, "психолог акыл-эси жактан жапа чеккен адамдар менен иштейт"-деген туура эмес. Психологиялык функциялардын бузулуу маселесин психиатрия тармагы карайт. Булар бири-бири менен байланышкан бирок таптакыр эки багыттагы илимдер. Так ушул психиатрлар дарыларды жазып берип, терапевдик курстарды дайындап, медикаментоздук дарылоо менен алектенишет. А биздин негизги милдетибиз - адамдын акыл-эстик жөндөмүн же ички дүйнөсүндөгү абалына баа берүү эмес, жашоодогу кыйын, татаал абалдардан чыгуу жолдорун табууга жардам көргөзүү. Биз акыл-эси өз ордунда эле турган адамдар менен иштейбиз жана эч кандай дары-дармек жазып бербейбиз. Эл арасында көп учурда психологдорду психиатр эле эмес, юрист, милиционер, педагог, атүгүл касиеттүү, сыйкырчы сапаттарына ээ деп эсептегендер бар. Мындай кесип ээлерине чындыгында психологдун кайнаса каны кошулбайт. Алар бир нерсени жасоого бөгөт коюп, адамга кандай жашоону үйрөтүшпөйт жана кандайдыр бир касиети менен жашоодогу проблемаларды чечишпейт.



Кимдер кандай маселе менен көп кайрылышат?
Биз жакында эле ушул темада анализ жүргүздүк. Бизде биринчи орунда психологдорго депрессия менен жапа чеккен аялдар көп кайрылышат экен. Экинчи өз ара мамилеринде ыркы келишпеген жубайлар. Эң акырында балдарынын маселеси менен келгендер.



Психологдун кеңеши неге керек?
Эгер Сиз өзүңүз жашоодо бир нерсени чече же түшүнө албай жатсаңыз, жан дүйнөңүз жанчылып, кандайдыр бир келишпестиктер келип чыкса же Сиз ойлоруңуздун жыйынтыгынын туура экенине көзүңүз жетпесе албетте, сизге психолог-консультант керек. Тагыраак айтканда сиздин эл менен болгон байланышыңызга туура жолду тандап бере турган көз карандысыз, компетентүү адис зарыл.



Бүгүнкү жана Совет учурундагы элдердин психологиясы
Албетте, убакыт өзгөргөн сыяктуу элдердин психологиясы да өзгөрдү. Эгер Совет доорунда бир адамдын проблемасы менен коом күрөшүп, "Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" деген ураанга таянышса, азыр демократия дешип, ар ким өзү үчүн күрөшөт жана бирөөнүн проблемасы экинчисин кызыктырбайт. Ар ким өз проблемасын өзү чечет. Анын үстүнө Совет учурунда стабилдүүлүк бар болчу. Ошондуктан элдин психологиясы туруктуу эле. Ал эми бүгүнкү күнү ал стабилдүүлүк жок, эл депрессиялык абалда экени байкалат. Баарыбыз күбө болуп жаткандай баалардын көтөрүлүшү, коомдук башалмандык элдердин психологиясынын терс жакка өзгөрүшүнө алып келүүдө.




Суроо-жооп
Аялзатынын төрөттөн кийинки депрессияга дуушар болушу баланын өсүшүнө терс таасирин тийгизбейби?
Бакай, Атбашы району

- Төрөттөн кийинки депрессия ар бир аялда болушу мүмкүн. Андыктан бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда энеге көбүрөөк эс алуу талап кылынат. Анан да жакын адамдардын жардамы абдан керек. Эгер күйөөсү дайыма жанымда болуп каралашып, камкордук көрүп турса, бала эмизген эненин көбүрөөк эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бала эмизген эненин психологиялык абалы албетте, кичинкекй наристенин чоң жоопкерчилиги. Энесинин бир нерсеге тынчсызданганын же ачууланганын бала дароо сезет жана ошол эле убакта энесине кошулуп ачууланат.
- Акыркы убактарда жолдошум экөөбүздүн уруш-талашыбыз туугандардын биздин жеке жашообузга кийлигиүүсүнөн улам көбөйүүдө. Акыры бул ажырашууга алып келбейби?
Айпарча, Өзгөн району
- Жакындардын, достордун кийлигишүүсү жубайлардын ортосундагы өз ара мамиленин бузулушуна алып келиши мүмкүн. Бирок жакын-туугандары канчалык деңгээлде, кандай себептер менен кийлигишет, алар кандай абалда келип кетишет, мына ушуларды эске алуу керек. Мунун баары жубайлардын ортосундагы мамилеге таасирин тийгизет. Эгер алар жубайлардын бирине терс баа берсе, ажырашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Андыктан мындай абалда жубайлар экөө тең психологго келүүсү талап кылынат. Биз адегенде алардын ортосундагы келишпестиктердин жалпы себептерин билүү үчүн консультациялоо өткөрөбүз. Балким, келишпестиктин себепкери алардын жакын туугандары эместир. Балким жубайлар бири-бирин түшүнө албай жаткандыр. Ал эми андан соң жубайлардын бирөөсү менен анан экинчиси менен өзүнчө консультация өткөрөбүз. Эми мындай маселени 2-3 жумада эле чечүүгө болбойт. Бул узак ишти талап кылат. Ал эми үйбүлөнү сактап калуу колдон келсе, ортодогу мамилеге таасирин тийгизген адамдан алысыраак болгонго аракет кылуу зарыл.

Аскат Айсаракунов