Сенин гезитиң!
№20, 17.06.08-ж.
  Билгениң оң

"Цирктин ханбийкеси" жакынкы арада...
Кожойкелердин оорусуна айланган учурда дээрлик баарыбызды кызыктырып, өзүнө тартып турган бул сериалдын жакынкы сериаларында кандай окуялар болоору, сиз жакшы көргөн актерлор башынан кандай күн кечирээрин билгиңиз келсе төмөндөн окуңуз.

95-99-сериаларында…
Эч кимге моюн бербеген тергөөчү Пётр Аркадьевич чын эле чоң кылмышкер экенине көзү жеткенден кийин болгон ишке ишенет. Өз талабын койгон Пётр Аркадьевич Лера менен жолугуштургандан кийин гана болгон чындыкты айтмак болот. Ярик Пётр Аркадьевич менен жекеме-жеке жолугуп, сүйлөшүүнүн аракетин жасайт. "Тиги дүйнөдөн" кайтып келген София Геннадийден Виктория жөнүндө көбүрөөк маалымат айтып берүүсүн, ал жокто ким эмне менен дем алып жатканы тууралуу сурак алат. Федотовдун абалынын оордугун билген София чиркөөгө барат. Кайдан-жайдан пайда болгон Ярослав менен Светославдын атасы Алексей Федотовдордун үйүнө келип, жок дегенде бир баласын көрүүнү дегдеп келсе, оозу ачылган Виктория өзүнөн кем эмес таң калган Ярикти атасы Алексей менен тааныштырат.
Ызы-чуусу түгөнбөгөн ишти жабууга эки көзү төрт болгон тергөөчү Пётр Аркадьевичтен күнөөсүн мойнуна алуусун талап кылат. Жүрөгү бир нерсени сезген Вольдемардын ары жак бери жагынан чыккан Алёна, Галина Рустик менен циркке чыгуусун суранат.
Тергөөчүнүн жардамчысы Лераны Пётр Аркадьевичке жолуктурганы ээрчитип келет. Бир топ жылдан кийин пайда болгон Алексей Викториянын үйүнө биротоло көчүп келет.
Ичинде кеги кайнап, тишин кайраган София Федотовдордун үйүн аңдыганга өтөт. Циркте иштеп жатканда бир топ амалкөйлүккө, куулукка үйрөнгөн Галина аттан жыгылып түшөт.
Лера менен жолугуп санаасы тынган Пётр Аркадьевич күнөөсүн мойнуна алганга даярдыгын билдирет. Бирок атайын тергөө ишин жүргүзүп, экспериментте дагы аягы түгөнбөгөн иштер былгып чыгат.
Кайгыга чөккөн Галина Иванга боюмдан түшүп калды деп дагы калп айтат. София Федотовдордун үйүнүн дагы бир ачкычын табат. Көлөмү чоң болсо да ичине эч нерсе батпаган Алёна Раиса менен сүйлөшүп отуруп Вольдемар кимге чалганын айтып коёт.
Иван менен Асянын жылуу мамилесин көрө албай ичи бышкан Галина Светик-Ярикке Иван менен Ася кайрадан сүйлөшүп баштаганын айтат.
Шибегени капка ката албасын түшүнбөгөн Галинанын калпы Рустикке билинет. Мурунку жашоосун сагынган Ася Иванга алгачкы жумушун ишке киргизели деген сунушун айтат.
Күтүүсүз келген мейманды жактырбаган Геннадий Алексейди калпычысың деп күнөөлөйт.




  Кызыктар дүйнөсүндө

Гиннес рекорддор китебине киргиңиз келсе…
Дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу китеп Гиннес болуп табылган, андан кийин Библия менен Куран да өтө көп нускалуу болуп эсептелинет. Бул китеп алгач 1955-жылы Ирландиянын сыра чыгарган "Гиннес" компаниясынын суроосу менен басылып чыгарылган. Учурда "Гиннес" китеби жүз мамлекетте, жыйырма үч тилде чыгат. Эгерде бул китепке кирүүнү каалагандар болсо алар жок дегенде мурду менен апельсинди 1,6 км ге чейин 24 мүнөт 36 секунддун ичинде түртүшү керек. Болбосо үч мүнөттүн ичинде 1004 беттен турган 39 китепти айрый алышы керек. Эгерде экөөнү тең кыла албагандар болсо анда Ладислав Шкультеги Габриштей болуп аскерде 81 жыл кызмат өтөш керек.
Айта кетчү нерсе "Гиннес" китебине алгач эң көп бала төрөгөн эне кирген. Ал 69 наристени жарыкка алып келип, 16 жолу эгиз, 7 жолу үчтөн, 4 жолу төрттөн бала төрөп, алардын экөө гана ымыркай кезинде каза болуп, калганы аман -эсен чоңойгон.

Ат адамдын канаты
Чынында эле жылкы адамга бул турмушта кандай зарыл болсо, мурда да зарылдыгы андан кем эмес болгон. Александр Македонскийдин атасы биздин заманга чейин 343-жылы Буцефал аттуу ат алып келип ага эч ким даай алган эмес экен. Жанына жолотпой так секирген жылкы көлөкөдөн коркоорун түшүнгөн 12 жаштагы Александр аттын тумшугун күнгө каратып минген. Ошондон кийин биротоло энчисине баскан Александрга Буцефал туура 30 жыл кызмат кылган. Аты өлгөндөн кийин Македонский шаардын атын Буцефал деп коёт. Ал эми "Гиннес" китебине 1924-жылы британиялык Вулкан деген ат ордунан 47 тоннадагы жүктү жылдырып кирген. Жылкылар жөнүндө дагы бир кызыктуу факты караңгыда адамдан да жакшы көрүшөт.

Жалкоолор көп жашашабы?
Мындай таң калыштуу көрүнүштү 1908-жылы немец окумуштуусу Макс Рубнер изилдеп чыкканга аракет жасаган. Бирок максатына толук жеткен эмес. Эми анын жолун жолдогон окумуштуулар да ушул эле суроонун тегерегинде баш катырып бул болжолдоонун кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар экенин аныктап чыгышкан. Алар атайын чымчыктардын жашоосуна байкоо жүргүзүп зат канчалык жай кыймылдаса, адам ошончолук жай картаят деген жыйынтык чыгарышты.

Даярдаган А. Дүйшөналиева




l Пайдалуу кеңештер
Уйкусуздуктан кантип арылуу керек?
Кишидеги уйкусуздук же түндөсү уйку качып, күндүзү алсыроо организмдин иштөө системасынын бузулуусу. Мындай көрүнүш практикалык жактан караганда ар бир экинчи адамда пайда болуп, дени соолордо да кезигүүсү мүмкүн. Мындай учур көбүнчө жай мезгилинде күч алат. Мындайга жакшы дары талыкпаган кыймыл керектелет. Күнүгө массаждоодон көрө ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз. Эсиңизде болсун: уктай албай жаткан учуруңузда жаратылышка же биологиялык кооздуктарга көңүл бөлүңүз. Баарынан маанилүүсү ар күнү уктоо убактыңызды белгилеп алыңыз.
* Жашоого болгон күрөш да уйкусуздукка жардам берет. Уктаар алдында кийилүүчү ич кийимге көңүл бөлүңүз. Мындан сырткары шейшептериңиздин түсү жашыл же көгүш түстө болгону жакшы маанай тартуулайт.
* Жагымдуу жыт да эс алууга көмөк берет. Уктоочу бөлмөңүзгө түрдүү гүлдүн жытын сездирген атыр же жаңы үзүлгөн роза гүлүн вазага салып коюңуз.
* Кечинде сейилдөө да пайдалуу. Өзгөчө ай чыкканда жылуу душка сергип алыңыз да суусундукка ромашкадан кайнатылган тундурма же жылуу сүткө кошулган бал ичиңиз. Мындан кийин сыбызгыган музыка укканча кабагыңызды жеңил массаждасаңыз көшүлүп терең уктай аласыз.

l Пайдалуу кеңештер
Көз талыганда балдын жардамы чоң
Элдик медицинада көз талыганда таза балдан чай кашык менен өлчөп, кайнатылган стакан сууга эритип, көздүн чарасына 20 мүнүт буулайт. Мындай ыкманы колдонуудан чочулабаңыз. Анткени, бал менен буунун курамы көздүн чарасындагы жумшак бырыштарды жазуу менен талыган көздү эс алдырат. Аталган колдонмону күнүгө эртең менен жана кечинде жасасаңыз жетиштүү болот. Бал көздүн ар кандай ооруларын дабалоо үчүн Индия дарыгерлеринин негизги булагы болуп эсептелинет. Алар түрдүү жер-жемиштерге балды кошуп 30-40 мүнөт кайнатат да көздүн тегерегине компресс жасашат. Мындан сырткары эмчектеги наристенин көзү чылпактаганын айыктырууда да эмчек сүтүн кошуп сүртүшүп чылпактан баланы арылтат.

l Пайдалуу кеңештер
Пияз менен сарымсак көп дартка даба
Жеңил суук тийип, чүчкүрүп калсаңыз, үй шартында да өзүңүзгө кам көрсөңүз болот. Сүргүчкө сүртүлгөн эки кашык пиязды же сарымсакты таза, салып, кайнатылган суу куюлган кружкага салыңыз. Мындан кийин катуу кагаздан түтүк жасап, анын жазы учун стаканга кийгизесиз да ичке учун мурундун бир тешигине такоо менен дем аласыз.(Он мүнөттөн) Күнүнө 3-4 жолу кайталагандан кийин жасаган өсүмдүктөн тараган фитонцидден дем алуу жана угуу органдарынын баарын аралап, тез айыгып кетүүгө көмөк түзөт.

l Пайдалуу кеңештер
Күйүккө картошка алгачкы жардам боло алат
Күйгөн денеге алгач үй шартында картошканын жука кабыгынан өткөн дары жок. Андыктан күйүккө алгач көмөк көрсөтүүдө картошканы майдалап туурап, ага кошумча чай кашык бал кошуп, жука марли менен таңып койсоңуз этке оролгон мата жармашпай таасирдүү болот. Арадан 2-3 саат өткөндөн кийин дарыгердин көмөгү менен же өзүңүз деле жаңыртып таңып койсоңуз болот. Мындай ыкма организмге эч кандай залака алып келбейт жана жабырлануучуга эң сонун көмөк берет. Мындан сырткары күйгөн жериңиз таксыз айыгышына өбөлгө боло алат.
Даярдаган Ч. Абдраева









??.??