Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Сыр маек

"Жасалмалуулук менен алдамчылык сахнанын душманы"
"Жазгы жамгыр", "Эх байке", "Он сегиз жаш", "Балакай", "Обон күлкү" аттуу кыргыз жыттанган ырлары менен музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк таап, көп жылдан бери кыргыз эстрадасына өз салымын кошуп, кыргыз маданияты үчүн кызмат өтөп келаткан белгилүү ырчы Асел Турдалиеваны кимдер гана тааныбайт. Ырчы айымдын жан эргиткен ырларын угуп чоңойгон күйөрмандары көптөн бери өнөр секисинен көрүнбөй калган кумирин чыдамсыздык менен күтүп жаткан чыгаар. Андыктан сүйүктүү ырчыңыз жөнүндө билгиңиз келсе төмөндөгү макалага назар салыңыз.

- Маегибизди кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал азыркы Асел Турдалиевадан эмес, тээ артта калган бал татым балалык кездеги кичинекей Аселден баштасак.
- Рахмат. Балалык кез дегенде ата-эне кучагындагы бактылуу бир көз ирмем көз алдыбызга тартылат. Менин балалык баёо кезим алыскы Нарын шаарында өттү. Негизи кичинекей кезимден эле ырчы болсом, сахнага чыксам деп кыялданчумун. Арыктагы сууга мискейдеги жарманы муздатканча "таң алдында таттуу шоколад, жейин десем апам урушат деп" шаңкылдап көчөнү башыма кийип ырдачумун. Көчөдөн ким болбосун кармап алып "ырдап берчи" десе "токтот" демейинче ар кайсы ырдын башын баштап ырдап берчүмүн. Апам "асманда жылдыз учканын көрүп калсаң, өзүң каалаган тилегиңди, максатыңды айтып бата кылсаң Кудайга жетет" дечү. Ушуга мен аябай ишенип күндө кеч киргенде жылдыздардын учканын күтүп, келечекте ырчы болоюн, эл көрүп, жер кыдырайын деп тилек кылат элем. Кудайга шүгүр, жаштын тилегин берет дегендей бала чагымдагы көксөгөн максатыма жеттим.
- Бала кезимден калыптанып калган мүнөзүм деп кайсыл сапатыңызды айтаар элеңиз?
- Жоопкерчиликтүүлүгүм, тайбастыгым. Анан да бала чагымдан эле бүгүнкү бүтүрө турган ишти эртеңкиге калтырбаганга аракет кылам.
- Бүгүнкү кыргыз маданияты купулуңузга толобу. Дегеле учурдагы кыргыз эстрадасын эмне аксатып жатат деп ойлойсуз?
- Азыр 2 ырды ырдап коюп же костюмунан же талантынан же үнүнөн дайыны жок ыйык сахнаны тебелеген ырчы сөрөйлөр көбөйдү. Анан да "мега жылдыз" деген сөздү мода кылып алышты. Саны көп, сапаты жоктор арбыды. Экинчи жагы чыгармачыл адамдардын башы бирикпей чачыранды болуп жатат. Мына ушулардын башын бириктирип бир нанды бөлүп жегиле деген адам болсо жакшы болот эле. Биздин өлкөдө эзелтен эле техника жагы жетишсиз. Анысы аз келгенсип башы ооругандын баары кичинекей бир бөлмөгө бир микрофонду коё калып, студия ачканды бизнеске айлантышты. Биздин кыргыз эстрадасына биринчи кезекте сапаттуу үн жаздыруучу чоң студия керек. Ансыз талаптагыдай чыгармалар жаралышы кыйын.
- Асел эже, 15 жылдан бери ыр дүйнөсүнүн суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, кыргыз сахнасында кызмат кылып келесиз. Чыгармачылык курмандыкты талап кылат дегенге кошуласызбы?
- Туура айтасың. Мен буга толугу менен кошулам. Негизи чыгармачылыкка, искусствого жан дүйнөң менен берилиш үчүн бир нерсени курмандыкка чалууң зарыл экен. Бир мезгилде мен да үйбүлөмдү 1-орунга коём деп чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеткем. Бирок, мен искусствосуз, музыкасыз жашай албайт экенмин. Ошол учурда чыгармачылыктын артынан үйбүлөлүк революция башталып, ошонун негизинде жолдошум менен ажырашып, турмушумду курмандыкка чалдым. Ага азыр өкүнбөйм. Анткени, мен жан дүйнөмдүн буйругу менен ички сезимимдин байлыгын сактап калдым.
- Сахна эмнени көп талап кылат?
- Мм… Алдамчылык менен жасалмалуулук сахнанын душманы. Өзүн-өзү алдап, жасалма талант менен ырчы болом дегендер келечегинен жаңылат. Сахнада тубаса таланты, татыктуу билими, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү менен чын жүрөгүнөн дилин берген адамдар гана жашай алат. Сахнадагы ыйык касиет сахна үстүндөгү адамда болуш керек. Ошондо гана ыр, музыка, сахна дегенди жакындан таанып билүүгө болот.
- Бир кезде Айбек Карымов менен ырдап жүрдүңүз эле. Ошол эле ырларды кийинки учурда Гүланда менен аткарып жүрөт. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Жакшы суроо бердиңиз. Мен Айбекке чейин Бек Борбиев менен дуэт ырдап жүргөм. Мен бул кишини абдан сыйлап-урматтайм. Бек Борбиев чыныгы эркек, чыныгы артист, чыныгы талант. Бек экөөбүздүн келишимибиз бүткөндөн кийин ал канчалаган солисткалар менен ырдабасын мени менен ырдаган ырлардын бирин да башка ырчылар менен ырдаган жок. Чынында Айбек досум экөөбүз эч кандай келишим деле түзгөн эмеспиз. Бир концертте бир ырды чогуу аткарып, ошондон кийин ырдап кетик. Анан эми сиз айткан маселе боюнча Айбекке кайрылган деле жокмун. "Кайдан кулак чыгарса казанчынын өз эрки" демекчи бул да Айбектин өз эрки болуп калды окшойт.
- Сиз өз курагыңыздан бир топ эле жаш көрүнөсүз. Айтыңызчы, карылыктан кантип коргоносуз?
- Билбейм. Эмнегедир биздин тукумубузда ушундай бар, кеч картаябыз. Апам да жаш көрүнөт. Раматылык атам дагы убагында 50 жашка чыкканда 30 дагы жигиттердей болгон киши болчу. Мен негизи кечиримдүүмүн, эч качан кек сактабайм. Анан да болор-болбос нерселерге кайгырып, кыжаалат боло бербейм. Ички дүйнөмдү дайыма тазалап, бук болбогонго аракет кылам. Балким ушунун да таасиридир.
- Диета кармайсызбы?
- Кармабайм. Башынан эле өтө көп тамак жебейм. Жакындан бери ашказаным ооруп, азыр ден-соолугума байланыштуу диетада отурам.
- Сизге суктанбаган эркек жок болсо керек. Анан кызыңыз да чоңоюп келатат. Өмүрлүк жолдош күтөйүн деген оюңуз барбы?
- Кудайга шүгүр, жигиттер жок эмес, бар. Бирок, тиги чуркап жатат, бул сүйүп атат деп эле ар кимдин көңүлүн ала бериш туура эмес. Азыр эми "Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" болуп ошол талапкерлердин ичинен татыктуусун тандап жүрөм. Анан албетте теңимди тапсам, турмушка чыксам деген оюм бар. Бегайкамды жалгыз калтыргым келбейт. Кудайым берээрин унутпаса кызыма шерик кылып кыз болобу, эркек болобу дагы бир наристелүү болсом дейм.
- Кызыңыздын эне жолун улап, ырчы болушун каалайсызбы?
- Кызымдын атасы бийчи, өтө таланттуу жигит болчу. Мен болсо өзүңөр билгендей ырчымын, актрисамын, мугалиммин. Ошондуктан биздин гендегинин баары кызыма эки эсе берилди десем болот. Кызым жакшы ырдайт, жакшы бийлейт. Бирок, мен кызымдын искусстводон алысыраак болуусун каалайм. Кызым мен көргөн күндөрдөн, мен баскан жолдордон башкасын көрсүн. Кызымдын турмушта өз ордун таап, жолдошу дайыма жанында болуп, көп баланын баатыр энеси болушун тилейм. Бегай азыр 11 ге чыкты. Али жаш, келечеги алдыда.
- Эркектерге караганда аялдар 41 эсе амалдуу дегенге кошуласызбы?
- Кошулам. Аялзатын Кудайым ошондой жараткан да. Психологиялык жактан караганда да аял киши эркекке салыштырмалуу жети өлчөп, бир кесип ойлонуп туруп иш кылат. Чыдамкайлыкты, сабырдуулукту, мээримдүүлүктү, боорукерликти, кайраттуулукту ошон үчүн энеге берген. Мен "чындыгында амалдуу аялмын. Кээде мени куусуң" дешет. Ооба, дейм. Кээде "стервасың" дейт. Ага да аргасыз макул болом. Кээде "боорукерсиң" дейт, ага да ооба дейм. Анткени мен аялзатына тиешелүү бардык сапаттардан куру эмесмин. Ошондуктан кандай учур кандай гана кырдаал болбосун жөнөкөй акылым менен ошол абалдан чыгып кеткенге аракет кылам.
- Аябай чарчаганда кантип эс аласыз?
Чарчаганда шаардын ызы-чуусунан арылып, алыскы-алыскы тоолорго кетким келет. Боз үйдө түндүктү ачып коюп, кымыз бышып отурууну эңсейм. Чымчыктардын сайраганын угуп, жашыл шиберде көк асманды карап кыялданып жатсам дейм. Абасы таза жайлоодо, шаркыраган суунун боюна барып, комуз менен тоо-зоону жаңыртып, ат үстүндө ырдаганды каалайм. Кыскасы, ушинтип эс алганды жактырам. Тилекке каршы, акылың жетсе да алың жетпейт болуп, эки жылдан бери ойдогудай эс ала албай келем. Быйыл да жумушум көп, кыязы оюмдагы кыялым аткарылбайт окшойт.
- Сизди капа кылып ызаланткан адамдар, сизге ким болот?
- Андайлар мен үчүн кээде кас да кээде дос. Кас дегеним көрө албастык оорусу алардын тулку боюн ээлеп, чырмап алган. Дос дегеним баарын түшүнүүгө аракет кылат. Аларды жакшы көрөм. Себеби мени чыйралтып дем-күч беришет.



Маектеш жөнүндө маалымат
Асел Турдалиева 1969-жылы 13-сентябрда Нарын шаарында туулган. Үйбүлөдө жети бир туугандын төртүнчүсү.
Алгач М.Куреңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүп, андан соң Ташкенттеги театралдык көркөм институтту аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн деканы. Бир кыздын сүйүктүү энеси.

Сахналаштар эмне дейт?
Айчүрөк Иманалиева, белгилүү эстрада ырчысы:
- Асел, сахнага менден эки жыл кийин чыкты. Бир муунда, бир арабада жүргөн адам катары Аселге болгон урмат сыйым өтө чоң. Мен таң калам. Асел эжеңер такыр чарчаганды билбейт, дайыма жаны тынбай иштегени иштеген. Анда энергия көп, Асел өзүнүн иши, өзүнүн жолун тапты. Чындыгында өз кесибин берилип сүйгөн ырчы. Айрымдары эстрада дегенде эле жеңил-желпи оокатты элестетишет. Мен Асел декан болгондо абдан сүйүндүм. Азыр ошол эстрадага жеңил көз караш менен карагандарга мисал болуп, Асел иштин майын чыгара, "эстрада деген мындай болот" деп иштеп жатат. Мен азыркы чыгып келе жаткан жаш таланттарга, ушул Асел эжеңерден үлгү алып, тарбиялангыла дейт элем.

Турусбек Жумалиев, белгилүү актёр:
- Асел биринчиден көп кырдуу таланттын ээси. Ал чарчаганды билбеген өз ишине так, жоопкерчиликтүү айым. Аселдин бардык артисттерден артыкчылыгы кайсы жерде болбосун артисттик маданияты өтө жогорку деңгээлде сактап жүрө алат. Кимге кандай мамиле жасашты билет. Анан да ар бир артисттин жашоосунда, чыгармачылыгында эч кимге окшошпогон өзгөчө табит болуш керек. Асел ошол табитти тапкан кыз. Мен аны ырчы катары дагы, адам катары дагы сыйлайм.

Гүлзат Байзакова, ырчы:
- Асел экөөбүз чыгармачылык чөйрөдө абдан жакынбыз. Анын чыгармачылыгы жөнүндө мен айтпасам да эл жакшы билет. Аселдин тырышчаактыгын, иштермандыгын баалайм. Анын жан дүйнөсүндө калп айтуу, кошоматчылык, жасалмалуулук деген такыр жашабайт. Ар дайым бетке айтып, бетке сүйлөйт. Ал досчулукка аябай бекем. Чынында Аселдей адамдардан дос күтсө болот.

Даярдаган. Ж. Калдарова











??.??