Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жылдыз Сегизбаева:

"Эркектердин сулуусу да акчалуусу да меники эмес"
"Болоор бала жашынан" дегендей мындан 5-10 жыл мурда чачын экиге өрүп алып, чоң сахнада секирип бийлеп-ырдап, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган секелек кыз Жылдыз Сегизбаева көз ачып жумганча бүгүн минтип бой жетип, чыгармачылык чыйыр жолдо белин бекем бууп, ыр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн көкөлөтүп, шоу тартуулап турган кези. Жылдыз 1987-жылы 15-ноябрда Бишкек шаарында төрөлүп, өскөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 3-курстта окуйт.

- Жылдыз, элибиздин "Аккан арыктан суу агат" деген жакшы сөзү бар. Силердин урук-туугандарда өнөрлүү адамдар болгонбу?
- Андай деле атагы чыккан ырчы-чоорчулар жок. Балким ата-бабаларыбызда таланттуулар болгон чыгаар. Атам Бакир ырчылык кесиби болбосо да белгилүү ырчылардын ырларын созолонто ырдайт. Үнү да жакшы, менимче талант-шык мага атамдан берилди болуш керек. Беш жашымдан эле Айчүрөк, Динара, Асел эжелердин ырдаганын теледен көрүп, үйдөгү шейшептерди оронуп, таракты микрофон кылып алып, кичинекей бөбөгүм Кундузга ырдап берет элем. Көбүнчө Динара эженин күлүп-жайнап ырдаганы, Айчүрөк эженин баскан-турган манералары мени ушунчалык кызыктырып, суктандырчу. Анан алты жашымдан тартып "Күчүгүм", "Көпөлөк", "Тайкүлүк", "Кызыл гүл" деген ырларды ырдап чыктым. Эсимде, жаш наристелер конкурсунан "Тайкүлүк" аттуу ырым менен 2-орунду алгам.
- Ыр дүйнөсүнө аралашып калганыңа бир топ жылдын жүзү болсо да элге кеңири таанылбаганыңды эмнеден деп ойлойсуң?
- Ата-энемдин "Биринчи сабагыңды жакшы окуп, мектепти ийгиликтүү бүт. Андан кийин деле ырдап жетишесиң" деген кеңештеринен улам окууну бүткөнчө сахнадан четтеп кеттим. Бирок, муну менен жаман болгон жокмун. Мактаныч эмес ата-эне сөзүн угуп №1 музыкалык мектепти алтын медаль менен бүтүрдүм. Бул мен үчүн чоң жетишкендик деп ойлойм. Кудай буюрса эми Жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап алып андан кийин элиме кызмат кылсам деген тилегим бар. Мен бат таанылып, анан тез эле күйөрмандарымды жоготуп алгым келбейт. Кээ бирлерге окшоп, 2-3 ыр менен "жылдыз" болгонго ашыкпайм. Эртеби-кечпи акырындык менен чоң сахнадан түшпөс ордумду тапсам дейм.
- Окуу жайда кандай студентсиң?
- Жаман эмесмин. Тырышып жакшы окуганга аракет кылам. Апам аябай катуу кармайт, дайыма "кандай окуп жатасың?" деп көзөмөлдөп турат.
- Жакында "Белгисиз маршрут" деген жаңы тасмада сойку кыздын ролун ойноптурсуң. Ушул образ сага кандай таасир калтырды?
- Он үч кишиден турган комиссиянын тандоосу менен күтүүсүз жерден "кастингден" өтүп кеттим. Башында сойку кыздын ролу экенин билген эмесмин. Мага Ширин деген "хулиганка" кыздын ролу дешкен болчу. Сойку кыздын ролу экенин кийин билип, алгач кызыктай болдум. Биринчи жолу ролду аткарып жатканда абдан тартындым. Ыйлай турган жерде күлүп жиберип образга кириш абдан кыйын болду. Бирок роль болгондон кийин жан-дүйнөң менен образга киришиң керек. Чынында кинодо өзүмдү сойку элестетип, жашоодо Жылдызмын, кинодо Ширинмин деп колумдан келишинче аткарып бердим.
- Ушундан кийин ырчылыкты таштап актриса болуп кетейин деген оюң жокпу?
- Ким билет. Турмуштан баарын күтүүгө болот. Балким менин ордум кинододур. Аны эми убакыт көрсөтөт деп туралы.
- Кыргыз сахнасында атың чыккандан бери жалаң гана патриоттук ырларды ырдап келгениң белгилүү. Жаңылбасам акыркы кезде сүйүү темасындагы ырларыңды да угуп калдык. Дегеним жүрөгүңө "жарк"этип жарык берген жигиттер барбы?
- Негизи мен турмушумда патриот адаммын. Ошондуктан бул тема менин жүрөгүмө жакын. Ал эми сүйүү жөнүндө өзүм сүйүп көрбөсөм да кенен-кесир ой жүгүртө алам. Чынын айтсам, азырынча жүрөгүмдү ээлеген адамым жок.
- Баса, сени мурдагы экс-президент А.Акаевдин пресс-катчысы Абдыл Сегизбаевдин карындашы деп да жүрүшөт…
- Көпчүлүгү фамилиябыздын окшоштугунан улам ушинтип ойлошот экен… Бул жөнүндө өзүмө да айтышат. Тактоо иретинде айтсам Абдыл Сегизбаев менен эч кандай тууганчылыгыбыз жок. Бир жолу апамдар бир жерден жер алабыз деп барышса Сегизбаевдин тууганы экен деп бербей коюшкан. Жөнөкөй эл эмес тээ бийликтеги чоңдор да ушинтишет.
- Чыгармачыл адамдардын жүргөн жери күлкү болот эмеспи. Жолдо калган жоруктарыңдан айтып бербейсиңби?
- Сиз айткандай мындай жагдай биздин жашообузда көп эле болот. Бир жолу менин бир дос кызымдын чоң энеси каза болуп үйүнө батага барып калдык. Анан куран окулуп бүткөндөн кийин "ушинтип энебиз оорубай эле чуркап жүрүп кете берди. Дагы жашап балдарынын күнүн көрсө болмок, эмне кылабыз эми тагдырга баш ийбешке арга барбы"-деп досумдун эжеси көзүнө жаш алып калды. Кантсе да чыгармачыл адаммын да заматта денемди калтырак басып, өзүмдү жаман сезип кетип эмне дээримди билбей "ии жаман болуптур" дейм деп, "жакшы болуптур да" деп алыпмын. Кыздардын баары мени карап калды. Кантип сөзүмдү оңдоорумду билбей бети-башым кызарып эле жерге киргидей болуп отуруп калгам. Ошондон кийин ойлонуп сүйлөйүнчү деп өзүмдү теске салып турам.
- Азыркы жаштардын көпчүлүгү бактысын байлыкка алмаштырып, байгерчилик жашоодо жашаганды каалап калышты. Эгер колунда жок кедей жигит колуңду сураса макул болот белең?
- Туура. Бул көрүнүш биздин жаштардын арасында жок эмес. Мен ойлойм өз келечегиң, өз тагдырың үчүн жасаган кыска ойлуулуктун арты баары бир арман болот. Турмуш деген оңой -олтоң нерсе эмес да. Кыргызда "чырайын чылап ичесиңби?", "Байдын алдында байкуш болгончо, кулдун алдында кутур"деген жакшы сөз бар. Андыктан менин бактым үчүн сулуулук, байлык роль ойнобойт. Эң негизгиси жүрөгүндө ыйманы бар, акыл-эстүү, туруктуу, чечкиндүү, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, ата-энесин сыйлаган, жүрөгү мен деп соккон жигит болсо, өзүм сүйбөсөм да эптеп сүйүп жашап кетмекмин. Эркектин сулуусу менен акчалуусу меники эмес деп өзүмдү-өзүм тарбиялап келем.
Бир байга тийип алып качан келет, каякта жүрөт,кайсы күнү мени таштап кетет деп жүрөгүм сыздап ооруп калышын каалабайм. Андан көрө колунда жок болсо да дайыма менин жанымда болуп, сезимим тепселенбей жашасам андан өткөн бакыт жок.

Маектешкен Ж. Калдарова










??.??





??.??