Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңырган издер

Мыскалдын жүрөгүн жаралаган Сагынаалы
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт даарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. "Баарынан эне улук" демекчи бул дүйнөнүн туткагы болгон аялзаты жөнүндө сөз учугун баштап, тарыхта ысмы калган кыргыз айымдарынын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

"Байлык колдун кири, талант өмүр пири" демекчи, жашоо турмуш өз нугунда өтүп, эмне деген гана адамдар бул жарык дүйнө менен кош айтышпады. Дүнүйөгө түркүк болчудай байлыгына чиренген байлар, мен кыйынмын деп, кара күчкө ишенген балбандар, эл бийлеген бийлер, мансапка чиренген хандар дагы өздөрү менен бирге тиги дүйнөгө эч нерсе алып кетишкен жок. Ал эми Мыскал эжебиз өңдүү талантка бай инсандарыбыз али да болсо ооздон түшпөй, көөнөрбөс таланттары менен айтылып келатат.
Мукам үндүү Мыскал Өмүрканова 60 жылдык өмүрүндө турмуштун ачуу да, таттуу дагы даамын татып, нечендеген сыйлыктын ээси болуп, жокко кейибеген, атак-даңкка чиренбеген, иш дегенде ичип аткан ашын таштай коюп жөнөгөн, кичи пейил, асыл инсан, улуу ырчы анан калса обончу Мыскал эже жөнүндө сөзүбүздү уламакчыбыз.
Мыскал Өмүрканова 1915-жылы жай мезгилинин орто ченинде, үрүп чыгаар ити жок кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө Жумгал районунун Башкууганды айылында төрөлгөн.
Убакыт учкан куштай өтүп, Мыскал эжебиз дагы бойго жетип, эрте токтолду. Эс тартканы чоң энесинен, апасынан уккан ырларды, кошокторду, уламыштарды, жомокторду кунт коюп угуп, чыгармачылыкка болгон ынтызарлыгы бала кезинен эрте ойгонгон.
Тээ абалтан эле эркек балага караганда кыз бала эрте жетилип, турмушка эрте аралашат эмеспи. Айтылгандай Мыскал эжебиз дагы өз учурунда болочок жары Сагынаалынын "Сени сүйөм" деген сөзүн укканда, тула бою чымырап, жүзү анардай албырып, кыз каадасын кылып, унчукпай акырын гана ууртунан болоор-болбос жылмайып, артын карабай жүгүрүп келип, боз үйдүн чыгыш тарабына олтура калып, апасына сыр бербей сайма сайымыш болуп калды. Анткени, Сагынаалыдан мындай чукул "Сени сүйөм" деген сөздүн айтылышын күткөн эмес эле да.
Өзүбүз эле элестетип көрөлү. Ошол кездеги уяң мүнөз, жаш кыздын жигиттен алгачкы сөз уккандагы абалын. Ал кезде азыркыдай телевизор, радио кайдан болсун, өбүшү, сүйүү темасы жөнүндө байма-бай берген. Ошондо Сагынаалынын "Сени сүйөм" деп айтуусу да кыйынчылыкты жаратты. Учурда "Сүйөм" деп айтуу оңой болсо, ал кезде ар бир сөздүн тереңи эмне деген маанинин ичине камтылган. Сагынаалы кеминде дээрлик жарым жылдан ашык убакыт, бир ооз сөздү Мыскалга айта албай убайым тартканы узун сабак кеп. Буга чейин көздөрү менен гана сүйлөшкөн эки жаштын ички оюу, сезими, кыйынчылык менен сыртка чыкты. Качан Мыскал артын карабай чуркап кеткенде, Сагынаалы ат көтөргүс санаанын кучагында калып, өзүн канча жемеледи. Анткени, сүйгөнүнөн мындай мамилени күткөн эмес эле да. Ошол окуядан кийин эки жаш бири-бирине жолуга албай абдан кыйналышты. Аттиң, ал кездеги чыныгы сүйүүнүн азабы. Сагынаалыдан "сени сүйөм" деген сөзүн уккан күнү Мыскал түнү бою уктай албай, бир гана Сагынаалыны ойлоп "Эмнеге качып кеттим" деп өзүн-өзү жемелеп, кысынганы канча. Ошол бир ооз сөз Мыскалды канча таттуу кыялдын кучагында калтырды. Ашыктык ырларды ичинен ырдаганга түрткү берди. Эмнегедир акыркы күндөрү ашыктыктын азабынан түнт дагы болуп кетти. Бир күнү энеси "Ыя кызым, сага эмне болду? Баягы ачык мүнөзүң жоголуп, санаа тарткан түрүң бар, болбосо бир жериң ооруп жүрөбү?".
Күтүүсүз, бул сөздү укканда Мыскал уурусун карматкан адамдай чочуп кетип:
"Жок, апа мен жөн эле…" деп сөзүнүн аягына чыкпай калды. Кыраакы эне кызынын абалын айттырбай түшүнүп, андан ары сөз улаган жок. Ошол күнү жалган түш убагында Мыскал суу алганы булакты көздөй жөнөгөнүн акмалап отурган Сагынаалы кырды айланып, Мыскалдан мурда булака жетип тосуп чыгып:
"Кандайсың Мыскал? Өткөндө мага таарынып калдың көрүнөт. Ашыкча кетсем кечирип койчу" деп мугалимден сүрдөгөн окуучудай жер караганда бир топ күндөн бери Сагынаалынын жүзүн көргөнгө зар болгон Мыскал шашып кетип:
"Өзүңөр мени кечирип койгулачы. Мен эмнеге ошондо жүгүрүп кеттим, өзүм дагы билбей калдым" деди. Бул сөздүн айтылышы Сагынаалынын демине-дем берип:
"Мыскал, кечинде жылдыз толгон убакта сени короонун четинен күтөм, сага айта турган сөздөрүм бар эле" деди.
Мыскал көз карашы менен гана мыйыгынан жылмайып, макул деген сөздүн белгисин берди.
Ошол күнү кечинде эки жаш жылдыз толгон кезде жолугушуп, көп нерсени сүйлөшүштү. Андан дагы коштошоор убакта Сагынаалынын ысык эрини Мыскалдын бетине тийгенде, Сагынаалы өпкөн бети ысып чыкты. Биринчи жолу жигитке өптүргөн Мыскал бул жолу дагы өзүн кармана албай жүгүрүп кетти. Сагынаалынын "Сени сүйөм" деп айткан сөзүнөн дагы, бетинен өпкөнү ушунчалык таасирин тийгизип, эми даана сүйүүнүн тузагына илингенин Мыскал толук моюнга алды. Чыгармачылыгы сыртка чыкпай, ошол убакта ичте гана бугуп жатты. Мыскалдын башына жоолук салынып, келин болгонго чейин, колуна комуз алып, обон салып ырдаганы күнөө болгон. Эгер бойго жеткен кыз турмушка чыкканга чейин, ашыктык ырын ырдаса, анда жеке эле кыздын ата-энеси эмес, бүтүндөй уруу сөзгө калчу "баягы уруудан баланчанын кызы атасынын төрүндө эр эңсеп, ашыктык ырын эл алдында уялбай ырдап атат" деп. Ооба, ал кезде эл намыстуу, кыздар уяттуу болуп, каада-салттан чыга иш жасагандан алыс болушкан. Ал эми азыр "Күйөм, сүйөм, жаным, каным" деген "дежурный" сөздөрдү сыймыктануу менен эч тартынбай эле ырдап аткандар кадыресе көрүнүшкө айланганын кантип танабыз.
Ошентип, Мыскал он алты жаш курагында тактап айтканда 1931-жылы "тең теңи менен тезек кабы менен" дегендей атасы өңдүү Өмүркан аттуу кедейдин уулу Сагынаалыга турмушка чыгат. Сагынаалы комузда кол ойноткону менен ырдаганга шыгы жок эле. Бирок күүлөрдү, ашыктык ырларды, жүрөктөгү козгогон обондору таңшыта черткенде чаалыккан дене жазылып, кары-жаш дебей муюп укчу экен.
Бир күнү мектептин алдында ыр-хор ийрими уюшулуп, ага алгачкылардан болуп Сагынаалы жазылат. Бара-бара ийримге катышкандардын саны арбып, Сагынаалы Мыскалды дагы "катышат" деп жаздырып коёт.
Мыскал хорго катышып, андан соң өз алдынча ырдаганга өткөндө эмне деген гана бут тосуулар болгон жок. Анткени, ал кезде аялзатынын чыгармачылык жолуна, эскиче көз караш менен караган элет элинин жасаган мамилесине туруштук берүү чоң эрдик эмей эмне...
Ошентип Мыскалды алгач күйөөсү Сагынаалы эл алдына алып чыгат. Алгач эл алдына ырдап чыкканда Мыскал ушунчалык толкунданып, өзүн кандай бактылуу сезгенине сөз жетпейт го чиркин. Канча жылдан бери бугуп жаткен талантты сыртка чыгаруу эле эмне деген эмгек. Мыскал өзү кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө чоңойгондуктан, учурунда тартынчаактык, уяңдык мүнөзү бир топ эле чыгармачылыгына кедергисин тийгизди.
Бара-бара түбөлүк жары Сагынаалынын деми менен аты чыкты. Элдик ырларды ырдап жүрүп, Сагынаалынын талыкпаган эмгегинин натыйжасында Мыскал кадимкидей комузду өзү чертип, ырдаганга жетишти. Биринчи жолу угуучулардын алдында өз алдынча комуз чертип, "Ак кептер" деген ырды аткарды. Бул ыр жигиттер ырдай турган ыр болсо дагы ийинине жеткирип ырдаган Мыскал ошондо эл оозуна катуу алынды. Негизи эле Мыскалдын тубаса шыгын, аваздык өнөрүн ачкан да, улуу ырчылыкка жеткирген да элдик ырлар болду.
1958-жылы Мыскал эжебиз Москвада өткөн он күндүк гастролдо таң калаарлык татаал аваздык боёкторду таба ырдап, мукамдуу ыргактарды куюлта аткарганда, Мыскалдын аткаруучулук жөндөмүнө таң кала таазим этпеген бир да жан калбай, зал ичи дүркүрөгөн кол чабууларга жаңырат. Ошол он күндүн жыйынтыгында Ленин ордени менен сыйланган.
Мыскал Өмүрканова ырдап эле тим болбостон, кээ бир көңүлүнө жаккан ырларга обон чыгарып, элге тартуулаган. Бирок, Мыскал эже элге ырчылыгы менен таанылганын ким тана алат. Ал аткарган ырлардын көпчүлүгү махабат темасына арналган. Алтымыш жылдык жашоосунда Мыскал Өмүрканова тарыхта кала турган эмгек жаратып, өзүнүн талантын элине арнап кеткени эч качан эстен кетпейт.
Р.S. Гезитибиздин кийинки санында Төрөтай сулуу жөнүндө баяныбызга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Бердикожо Бийназаров










??.??