Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Бек, айылыбыздын чоң муштум атаманы эле"
"Классташ" аттуу рубрикабыздын бүгүнкү коноктору кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчысы Бек Борбиевдин классташтары болмокчу.

Эрнист Масырбеков:

"Барбарис" атка конуп…
- Мен Берадор менен Токтогул районундагы "Торкент" орто мектебинде 4-класстан 9-класска чейин чогуу окудум. Биз көргөндөн баштап эле ырга жакын , токтоо, сабырдуу, кыялкеч бала болчу. Кыраакы мугалимдер ошондо эле "Бек, сенден мыкты артист чыгат" дешчү. Сабактан да калтырбай жакшы окуп, классыбыздын класскому эле. Эч кимдин оюна келбеген спортко да катышчу. Кыскача айтканда төгөрөгү төп келген жигит эле. Негизи Бек 4-класска чейин башка мектепте окуп 4-классында бизге келип кошулду. Биздин класстагы Рыскул деген бала экөө мурдатан тааныш экен. Бек бизге жаңы келген кезде балдар "жаңы окуучу келиптир, кайсыл жактан экен?" деп өзүбүзчө сүрүштүрүп атсак жанагы Рыскул деген балабыз "ой муну мен тааныйм. Бул экөөбүз лагерде чогуу болгонбуз. Аты Бек, өзү "барбарис" бала" деди. Баарыбыз каткырып эле күлүп жатып калдык. Көрсө, Рыскул досум "Борец" дейм деп барбарис деп алган экен. Ошондон кийин Бекти көпкө чейин "Барбарис" деп тамашалап жүрдүк. Бек келээри менен биздин мектепте бир топ өзгөрүүлөр болду. Анткени ал гитара чертип, аккордеондо ойноп, ырдап, классыбызды шаңга бөлөчү. Өзү да бою узун, кең далылуу, татынакай тармал чач бала эле. Аны көргөн кыздардын жүрөгү бир "болк" деп алчу. Андан да өзүнөн чоң айылдын атаманы аталган бир балбан менен мушташа кетип ээсин оодара чаап, ошондон кийин Бектин аброюу көтөрүлүп, айылыбыздын чоң муштум атаманы болуп калды. Эсимде сабактан кийин өзүбүзчө бир команда болуп топ ойночу элек. Анан ошондон уткан акчаны "Бек менен Кудашка берсем жеп коёт" деп мен сактачумун. Ал убакта баарыбыз Бектен коркчубуз. Качан башка бир чаап, акчаны шыпырып алат экен деп өзүмчө санаркай берет элем. Бирок, Бек бир да жолу мен ойлогон кадамды жасаган жок. Анын бир өзгөчөлүгү өзүнүн кемчилдигин сезип турчу. Сүйүнгөнүм башкаларга тийген Бектин чоң муштуму классташ балдарга тийген жок.

Клара Кыпчакбаева:

Атаандашам деп аңга түртүп таштады
- Чынында Бек жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт. Классыбызда Кудаш, Бек, Нурлан деген балдарыбыз мектептин активисттери болчу. Бек экөөбүз сабактан атаандашып окуган үчүн туш келди жерден чокулашып, урушуп кетчүбүз. Атасы башкарма, апасы мугалим, айылдын кадыр-барктуу адамдарынын баласы болчу. Бир жолу сабактан келатып, бир нерсени талашып экөөбүз дагы уруша кетип, Бек мени жолдун жээгиндеги аңга түртүп жиберди. Араң турган жаным анын каруу күчүнө телтеңдеп барып күлдөбөгө башым менен сайылып, боз ала болуп жатып калдым. Бек болсо мени тургузуштун ордуна унчукпастан басып кетти. Анан кыздар Бекти тилдешип, менин бети -башымды кагып-силкип күлдөбөдөн алып чыгышты. Бутум да сыйрылып кетиптир деп эле ыйлап атсам жолдо атам келатыптыр. Баарын төкпөй-чачпай айтсам колумдан жетелеп алып Бектин үйүнө алып барды. Биз барган кезде кылгылыкты кылып алып Бек классташым үйүндө уктамыш болуп жатыптыр. Бир маалда атасы желкелеп чыгып менден кечирим суратты. Өмүрүндө бирөөнүн алдында төмөн болбогон Бек үчүн бул учур оор эле болду окшойт. Бирок, көпкө чейин өзүн күнөөлүү сезип менден уялып жүрдү.
Анча-мынча мугалимдерди тоготпогон окуучулар "Бек келатат" дегенде бир сестенип алышчу. Бектин маанайы чөгүп, жини келгенде эле кабагы карышып, мурду тырышып калчу. Анын дагы бир артыкчылыгы жөнү жок сабактан такыр калчу эмес. Башкаларга окшоп биздин балдар Бектен коркуп сабактан деле качышкан жок. Бек, тирүү суу жыланды чөнтөгүнө салып алып, партанын алдына таштай коюп же болбосо кыздардын мойнуна салып кыздарды бакыртып коркутуп эле жүрчү. Бек татынакай болгондуктан ага өзүнөн улуу кыздар ашык болуп, бизден кат бердиришчү. Кыскасы Бек мектептин көркү эле. 7-классында алдыңкы окуучулардын катарында Москвага жолдомо алып барып келген. Ар кандай кароо-сынактарда концертти өзү уюштуруп, өзү алып баруучу болот эле. Райондук, облустук конкурстарга барганда жеңишке жетишмейинче жаны калчу эмес. Ушунчалык намыскөй,зирек, бетке чабар тартынбаган үлгүлүү окуучу болчу.

Кудаш Байдалиев:

Бек бизге кат жазганды үйрөттү
- Бек экөөбүз жатаар маалда гана бөлүнбөсөк эртеден кечке бирге жүрчүбүз. Жогорудагы классташтарым Бек жөнүндө жетиштүү эле айтып берди окшойт. Эми мен аны мактаганды коюп, экөөбүздүн башыбыздан өткөн окуялардан айтып берейин. 7-классыбызда Токтогулга олимпиадага барып, кечинде мейманканага жатып калдык. Бир бөлмөдө кыздар, бир бөлмөдө балдар жатабыз. Кыздардын арасында Клара классташым да бар. Ошондо негедир уйкубуз келбейт. Анан Бек минтип сөз баштап калды: "Эй Кудаш, бизден чоң балдар, мисалы сенин акең деле биздей маалында кыздарга кат жазып, сүйлөшүп жүрбөдү беле. Жөн жүрө бербей биз деле кат жазбайлыбы, сенин жакшы көргөн кызың барбы?"-деди. А сеникичи десем, "бар меники,тиги кыздар жаткан бөлмөдө жатат" - деди. Уктамыш болуп жаткан балдардын баары тура калып, биздин сөздү коштоп кетишти. Көрсө, бардыгынын жакшы көргөн кыздары бар экен. Анан ким биринчи жазат, кимге жазабыз демей башталды. Бек ыр түрүндө кат жазат, мен аны үч бурчтук кылып бүктөйм. Ошентип ошол күнү 3-4 кызга кат жаздык. Эртеси күнү жаныбыздагы бөлмөдө жаткан Бек жакшы көргөн кызга барып, Клараны чыгарып бер десек, ал да чыгаралбайм деп оту күйүшпөгөн экөө дагы уруша кетти. Бас эми кете берели айылга барганда сүйлөшөсүң десем Бек "Жок мен бүгүн сүйлөшүшүм керек" деп көгөрүп туруп акыры башка бир кызды ортого салып сүйлөшүп жаны тынды. Ошентип кыздарга кат жазуу демилгесин биринчилерден болуп Бек уюштурган.
Бир күнү Бек келип "Эй досум сага бир кызды көндүрүп койдук, бүгүн саат сегизде үйүнө барып, сүйлөшмөй болдуң" дейт. Көрсө, Бек менин атымдан тиги кызга кат жазып, кат аркылуу 2 жума сүйлөшүп жүрүптүр. Бирок, мен барбай койгом. Андан кийин Бектин атынан мектептеги лидер кыздардын бирине кат жазып берип койдук. Сабак бүтүп эшикке чыгып баратсак эле тиги кыз жулкунуп келип, биз жазган катты айрып туруп Бектин бетине чачып жиберсе болобу. Эч нерсеге түшүнбөгөн Бек досум эмне кылаарын билбей элдиреп туруп калды. Анан биз иштин чоо-жайын түшүндүрүп Бекти араң жоошутканбыз.

Бек сүрөтчү болгондо…
- Бир жолу "а" класстын кыздары менен "Жаныш" деген жайлоого эс алууга чыктык. Бир эшекке жүгүбүздү артып алып 10 км дей жерге жөө чыгып барганбыз. Ошол кезде Бектин фотоаппараты бар болчу. Жайлоого жеткенден кийин курсагыбызды тойгузуп алып кооз жерлерге сүрөткө түшмөйдү баштадык. Сүрөткө түшкөн киши болуп шылтоо менен кыздарды кучактап, бетинен өөп өзүбүзчө жыргадык. Бек болсо сүрөтчү, мыйыгынан күлүп "чырк" эттирип коёт. Бир маалда фотоаппаратында плёнка жок экенин балдар байкап калып, бирок кыздарга айткан жокпуз. Максатыбыз эптеп эле кыздарды кучактап алуу. Бир топтон кийин Бек "келгиле эми мени да бирөөң тартып койгула, сүрөткө түшүп коёюн" деп билек түрүнө бир кызды жандап калды. Анан бир балабыз барып "ии, тургула тартам" деди. Биринчисин унчукпай эле тартты. Экинчисинде Бек дагы бир кызды кучактайын дегенде "эй досум плёнкаң түгөнүп калбадыбы" -деди. Буга жини келген Бек тиги баланы ары жакка жетелеп барып, "Жөн эле тарта бербейсиңби, өзүң түшсөң эле болдубу, дагы 2-3 кызды кучакташым керек эле" деп баштан ары бир койду. Ошентип Бек досум жайлоого сүрөтчү болом деп барып ойлогон оюна жетпей кайткан.

Керосин кошуп тамак жасап…
Дагы бир жолу 9-классыбызда ар бирибиз азык-түлүктү бөлүп алып, казан-аякты көтөрүп тоого барганбыз. Анда жалаң балдар элек. Тоого жетип үлпөттү баштадык. Негизи Бек экөөбүз тамак жасаганды жакшы көрчүбүз. Мен от жагып, казанды астым, Бек болсо картошка-пияз аарчыды. Бир маалда Бек тамак жасагысы келдиби айтор, сен тамактын майын аз куюп коюпсуң мен жасайм деп чоңдугуна салып тартып алды. Анан мен ушуга теңелбейин деп балык кармаганы көлгө кеттим. Көп өтпөй өзү Кудаш бери келсең деп кол булгалап калды. Келсем "Сен тамакка керосин куюп коюпсуң, керосин жыттанып жатат, ичип көрсөң"-деди. Сен кайсы майдан куйдуң эле десем тиги бөтөлкөдөгү майдан дейт. Ошону ачып көрсөк керосин экен. Анктени бир балабыз окшош эки бөтөлкөгө бирине май, бирине керосин куюп келген болчу. Ошону жыттап көрбөй тамакка кошкон Бектин айынан ачка калганбыз.

Тизелеп отуруп арзуусун айткан Бек Борбиев
- Анда 7-класстын окуучусу элек. Классташтар бир жерге отурушка барып аягында 3 кыз, 3 бала таң атканча ойнойбуз деп калып калдык. Бир маалда кызын ээрчитип алып Бек эшикке чыгып кетти. Арадан 2-3 саат өтсө да жок. Анан эмне болду экен деп кыжаалат болуп эшикке чыксак көрүнбөйт. Табалбай койдук. Бакырсак да уккан жок. Анан таң атайын дегенде кызын жетелеп кирип келди. Экөөнүн тең бети-башы кызарып, чачтарына чөп жармашкан. Анысы аз келгенсип Бектин эки тизеси жапжашыл болуп калыптыр. Өзү да ак шым кийип алган болчу. Анын бул кебетесин көрүп алып тизең эмнеге көпкөк болуп калган, каякта жүрдүңөр? -десек: "Жок, эч нерсе кылган жокпуз, беде талаада сүйлөшүп отуруп, уктап калыппыз" деп коёт. Классташ кызыбыз болсо уялганынан аркы бөлмөгө кирип, чыкпай койду. Азыр ойлосом ошондо тизеси менен чөгөлөп отуруп алып, жанагы кызга арзуусун айткан окшойт чиркин. Ошо кыз анын биринчи балалык сүйүүсү болгон. Андан кийин да далай кыздын жүрөгүнө кирип чыкты го Бек досум.

Даярдаган Ж. Калдарова










??.??





??.??