Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт

Раимкулов жеңишке жетишти
Кыргызстандык мушкер Алмазбек Раимкулов көп жылдардан бери Америкада профессионалдык рингге чыгып жүргөнү баарыбызга маалым. Өткөн жуманын аягында Чикаго шаарында биздин мушкер мексикалык Лео Мартинес менен мушташып жеңишке жетишти. Алгачкы эле раунддан баштап Алмазбек рингде ким кожоюн экенин көрсөттү. Таамай согулган соккуларга чыдабаган Лео Мартинес 3 раундга араң чыдап, далысынан алган жаракатынан улам 4-раундга чыкпай койду. Ошентип кыргызстандык мушкер мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Эске сала кетсек, Алмазбек WBO рейтинги боюнча 9 орунда, IBF боюнча 13-орунда турат. Жалпысынан профессионалдык рингге 28 жолу чыгып, 26 жолу жеңишке жетишкен. Анын ичинде 14 үн накаут менен жеңген. Бир жолу жеңилүү жана бир жолу тең чыгуу бар.

Кыргыз спортуна көңүл бурула баштады
Мамлекеттик дене-тарбия, спорт жана жаштар саясаты комитетинин директору Александр Воиновдун айтымында кыргыз спортунун тарыхында алгачкы жолу Олимпиадага катышуучулар үчүн мыкты даярдыктар көрүлдү. Эми биз спортчуларыбызды аэропорттон тааный алат экенбиз. Алар үчүн атайын кийимдер, сумкалар жана башка керектүү формалар тигилип, баардыгынан улуттук оймо-чиймелерди, эн тамгаларды таба алабыз. Буга 1 миллион 362 миң сом акча сарпталган.
Ошондой эле өлкө башчысынын колдоосунда ар кандай спорттук мааракелер, жарыштар үчүн 17 млн сом акча бөлүнүп, баардыгы татыктуу деңгээлде өткөн.
Мурда белгилүү болгондой Олимпиадада алдыңкы 8 орунга ээ болгон спортчуларга атайын акчалай сыйлык белгиленген. Алтын медаль ээси 150, күмүш 100, коло 75 миң АКШ долларын ала алышат. Бул кадамга барыштын максаты спортчуларды шыктандырып, аягына чейин күрөштүрүү болгон.
Азырынча XXIX жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз Республикасынан 20 спортчу жолдомо алган.

Улуттук курама командада
жаңы машыктыруучу
"Дордой-Динамо" футбол клубунун генералдык директору, 60 жаштагы Борис Подкорытовго улуттук футбол командасын жетектөө боюнча Кыргызстан футбол федерациясынан сунуш келип түшкөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда Подкорытов мырза макулдугун берип, бир эле учурда эки жооптуу ишти алып кете алаарын айткан.

Болдыгин рекордду жаңыртты
Өткөн жума Кара-Сууда болуп өткөн "Жаштык-Ак-Алтын" менен "Алай" командаларынын оюну 2:1 эсебинде аяктады. Эки голду тең талаа ээлеринин чабуулчусу Евгений Болдыгин киргизип, жаңы улуттук бомбардир рекордун орнотту. Анын эсебинде Кыргызстан Чемпионаттарында дарбазага киргизген 219 топ бар.
Бул көрсөткүч өз карьерасын аяктаган Замирбек Жумагуловдукунан 1 топко көбүрөөк.
Ошол эле учурда Болдыгин Жумагуловду профессионалдык карьерада киргизген голдору боюнча да кууп жетүүдө. Учурдагы рекорд ээсинде 268 топ, "Жаштык- Ак-Алтындын" чабуулчусунда 256 топ бар.




Швейцария менен Австрияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа Чемпионатынын чейрек финалдык оюндары болуп өттү.
Алгачкы жолугушууда Базельде Португалия менен Германиянын улуттук командалары ойношуп, Германия 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Португалиянын башкы машыктыруучусу "Мен ишеничти актай албадым"- деп катуу өкүнүп жаткан учуру. Ал эми Германия жөнүндө айтсак, немистер эми чыныгы футбол көрсөтө башташты.
Кудайдын ыйык болгон жума күнү чемпионаттагы жалгыз мусулман өлкөсү Түркия көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган Хорватия менен ойноду. Оюндун негизги бөлүктөрү тең чыгуу менен аяктап, арбитр кошумча 2 бөлүктөн турган 30 мүнөттүк оюнга уруксат берди. Эки тарап тең болгон күч аракетин эсепти ачууга жумшап оюн аябай кызыды.
Акыркы мүнөттөрдө хорваттарды оомат коштогонсуду. Бирок, көз ачып жумганча түрктөр эсепти теңеп, хорваттардын жүрөгүнүн үшүн алды. Анткени, эсеп теңелгенден бир канча секунд өткөн соң арбитр ышкырыгын чалган болчу.
Андан соң кезек 11 метрлик топ тебүүгө келди. Адистердин айтымында бул учурда хорваттар өздөрүнө келе албай жаткан экен. Ошондой эле болду, түрктөр 3 мүмкүнчүлүктү тең пайдаланса, берки тарап 1 топту араң дарбазага жолдой алышты.
Кийинки оюнда Орусия менен Голландия кезигишти. Бул жылкы чемпионатта эң мыкты талапкер саналган Голландиядан орустар күчтүүлүк кылышты. Негизги бөлүктөр 1:1 эсебинде аяктап, кошумча берилген убакытта орустар дарбазага 2 топ жолдошуп, жеңишке жетишишти. Бул түнү Москвада элдин баары көчөгө чыгып, таң аткычакты майрамдап чыгышты. Мынчалык көп элди Москва Жеңиш майрамында да көрбөптүр. Эми Орусиянын башкы машыктыруучусун Голландияда "чыккынчы" аташууда. Анткени, башкы машыктыруучу голландиялык эле.




Кыргызстан футбол чемпионаты
Бул жылкы чемпионаттын эки алдыңкы Нарындын "Дордой-Динамо" жана Канттын "Абдыш Ата" командалары беттешип, жыйынтыгы тең чыгуу менен аяктады. Группалык тизмеде эки команда тең 6 оюндан 18 ден упай топтоп, биринчи келе жатышкан.
Бул оюнга мынча көп маани берилишинин себеби жеңген команда күмөнсүз группа лидери аталмак. Оюн абдан кызыктуу жана татаал болуп, негизинен топ талаа борборунда көп айланды. Ошондой эле эки тараптын тең дарбазаларында кооптуу кырдаалдар сейрек болду. Экинчи 45 мүнөттүктө "Дордойдун" машыктыруучусу 3 жаңы оюнчуну талаага коё берип, "Дордойдун" оюндун биринчи бөлүгүндө кетирген каталарын түзөлттү. Девид Тетте, Лутфуллаев, Березовский сыяктуу мыкты футболчулар дарбазага бир нече жолу топ жолдоп көрүштү, бирок эч биринин ооматы келбеди. Тең чыгуу эки тарапты тең канааттандырды.
Ишемби күнү "Шер" жана "Абдыш Ата" командалары ойношту. Учурдагы футбол күйөрмандарынын кызуу талкуу кылып жатканы да дал ушул жолугушуу болду. Группа лидери болуп келе жаткан "Абдыш Атаны" "Шер" 4:2 эсебинде утуп, өзүнүн тарыхында биринчи жолу жарым финалга чыкты. Эмки оюнда "Шер" Нарындын "Дордой-Динамо" командасы менен ойношу күтүлүүдө.
Ушул эле күнү Кант шаарында "Дордой-Динамо" менен "Кант-77" командалары ойношту. Көпчүлүк күткөндөй эле нарындыктар жеңишке ээ болушту. Болгондо да 5:0 эсебинде. Ощентип, Кыргызстандын сыймыгы болгон "Дордой-Динамо" жарым финалга чыкты.

Даярдаган Кожожаш










??.??