Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Дүйнө жылдыздары

Атактуулардын ааламында
Эдди Мерфи
Тасмада ким гана болбосун күлкүнүчтүү кебетесине жок дегенде ар бирибиз бир жолу жылмайып алабыз. Көрөрмандарга жылуу маанай тартуулаган актёр Эдди Мерфи 1961-жылы 3-апрелде Нью-Йорк шаарында милициянын үйбүлөсүндө туулган. Эдди сегиз жашка чыкканда атасы кызматтагы кезинде кылмышкерлердин колунан каза таап, баланын андан аркы тагдырын апасы менен өгөй атасы колуна алат.
Мерфинин куудулдук жайы мектепте окуп жүргөн кезинен эле жакшы өнүгө баштаган. Сабак жагынан анча жакшы болбогондуктан эжей-агайлары урушаарда күлкүлүү окуя айтып же кайра мугалимдерин туурап, айтор классты кыраан-каткырыкка бөлөп, абалдан оңой кутулуп кете турган жөндөмдүүлүгү боло турган.
Мерфи он бешке чыкканда тамашакөйлүгүнүн аркасы менен көп акча табууга үлгүрөт, башкача айтканда телевидениеде "Субботный вечер" (Алтынчы күнү кечинде) деген тамашалуу берүүнү алып бара баштайт.
Белгилүү боло баштаган Мерфи алып баруучулук кесипке канааттанбай, өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүнү чечип, эң алгач "48 саат" деген киного тартылат. Абакка отуруп, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан, мыйзамды бузуп, бирок кийин көп жакшы иштерди аткарып элдин алкышын алган милициянын ролун комедия аралаш эң мыкты аткарган. Алгачкы ролу жакшы ийгилик алып келгенден кийин өзүн биротоло кино жаатында иштегенге чечим чыгарган.
1982-жылы "Поэздке в Америку" (Америкага саякат) киносу да жогорку билими жок актёрго жогорку ийгиликтерди алып келет. Ушул учурдан кийин өгөй атасы менен апасы үчөөнүн ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бул жагымсыз көрүнүш анын карьерасына да терс таасирин тийгизип, актёр жумушунан бир топ аксаган. Жети жыл убакыттан кийин гана эл күтүп сүйгөн жылмаюу, бакырайган көздөрдүн кайрадан сыналгыдан пайда болушу күйөрмандар үчүн жагымдуу жаңылык болду.
"Чокнутый профессор" киносунда башкы каармандын ролун чагылдырып, жети жылдан бери жоготкон убактысын, солгундай түшкөн ысымын кайрадан жаңыртып, "Жылдын эң мыкты актёру" деп табылат. Ал эми ал тартылган тасманы көрүүгө кинотеатрлардын эшигине чейин элдер тизилип, дээрлик бир жылга чейин өз популярдуулугун жоготпой келген. Ага удаа эле "Доктор Дулити" киносуна катышкандан кийин да андан кем эмес атак алып келет.
"Пожизненно", "Святоша" кинолору жумшагыраак айтканда көмүскөдө калган.
Карьерасынан айырмаланып актёрдун жеке жашоосу да бир топ ызы-чуу, күлкү менен коштолгон. Биринчи Трейси Эдмонс менен жылуу мамиледе жүргөн табиятынан тамашакөй Эдди андан бат эле тажап, фотомодель отуз сегиз жаштагы Николь Митчеллге баш кошот. Чогуу жашап 13 жыл бирге түтүн булатып жүргөн жубайлардын арасын "Spice Girls" тобунун солисткасы Мел Би аралап экөөнүн мамилесин бузуп, Эдди менен кол кармашып кеткенге үлгүрөт. Алгач жашоосу жомоктогудай сезилгени менен кийин гана катуу жаңылганын түшүнүп, бармагын тиштеген Эддиге Мел Би оозун ачырып боюнда бар экенин билдирет. Атайын тузагына түшүргөнүн түшүнгөн актёр баары бир Бини таштап кете алган эмес. Ошентсе да Мелдин ичиндеги баланын атасы экенинен күмөн санап ДНК га барып анализ тапшыруусун талап кылат. Дале үмүтү акталбаган Эдди Мелге баласы 18 жашка чыкканча ири суммадагы алимент төлөйм деген милдеттеме алып гана кутулган. Жемин жедирбеген Мел Би атайын Эддиге өчөшүп кеч төрөмөк болсо да атайын үчүнчү апрелге тууралап кызын кестирип алган.
Сүткө оозу күйгөн актёр айранды дале үйлөп иче албай дагы амалкөй айымга туш болуп, андан бир уулду болууга жетишет. Учурда Эдди 7 баланын атасы. Ал өз жеке жашоосуна төмөндөгүдөй мүнөздөмө берет: "Менин актёрлук кесибимдин бардык жерде бирдей тегиз пайдасы тиет. Менин аялзатынан жолум жокпу айтор, мага туш келген сулууларды мен алдап кутулууга арагасыз болом, антпесе алар мени алдап кетишет окшобойбу. Качан эл катары үйбүлө күтүп, жашоом бир нукка түшөт, ал мага али табышмак бойдон.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева




Виктория Дайнеко уюлдук телефонунан айрылды
Чырай жүздүү ырчы кыз Австрияга өзүнүн өлкөсүнүн футбол оюнчуларын колдоо максатында сахналаштары менен концерт койгонун кели барып телефонунан айрылган. Жеткизген автобуска телефонун калтырып сыртка чыгып кайра кирсе телефонун ордунан таппай калган. "Телефонумдан айрылып, оозу-мурдумду кесип, колу -бутумду жулуп кеткендей абалда калдым. Бир топ керектүү даректеримди да жоготтум. Бирок мен ага көп деле кайгырбайм, бул жашоодо мен үчүн кичинекей уюлдук телефон негизги нерсе эмес" -дейт өзүнө-өзү дем берген Вика.

Александр Асташонок аз жерден өлүмдөн калды
"Корни" тобу Американын Нью-Йорк шаарына гастролдоп барышып, аз жерден солистинен ажырап кала жаздашты. Тагыраак айтканда сахнада берилип бийлеп жаткан Александр Асташоноктун буту тайып жыгылып кеткен. Александрдын багына күйөрмандар залга жык-жыйма толгондуктан так алардын үстүнө барып кулаган. Мындай кокустукту Александр - Америкада мынчалык күйөрмандары бар экенин күтпөгөнүн, алардан сүрдөгөнү менен түшүндүрөт. Эгерде Асташонок күйөрмандырынын үстүнө эмес, жерге кулаганда арка моюну астында калмак тура.

Елки жаңы альбом
жаздырат
Өзгөчө стили, жүрүш-турушу, имиджи менен айырмаланып, кумдун үстүндөгү алтындай жылтылдаган Елкинин июнь айынын аягында жаңы альбомунун бет ачаары болот. "Ремикс" деген атта жарык көрө турган альбому он сегиз ырды камтыган, ичинде "Город обмана", "Девочка в Пежо", "Девочка студентка" "Мальчик красавчик"аттуу ырлары ремикс жана жөнөкөй эки түрдө жазылатган.

Валерий Леонтьев
жылаңачтанып…
Мукам үндүү ырчы Валерий Леонтьев жакында болуп өткөн фотосессиясында жарым жылаңач болуп сүрөткө түшүш керек болгондуктан, айланада толтура адамдар курчап турганына карабай тартынбастан чечинип, шымаланып иштей баштаган. Мындай күтүүсүз жагдай анын тобунда иштеген улан-кыздарга бир топ ыңгайсыздыкты жараткан. Алар ошол замат чечинүүдөн баш тартышып, бир топ убакытты алышкан. Ачуусу чындап келген Леонтьев кыйкырып-өкүрүп, бир сыйра урушуп бүткөндөн соң, аларга такыр эле жылаңачтанбастан, уяттуу жерлерин жаап турууга болоорун араң түшүндүрүп көндүргөн.
Сегиз сааттан ашык убакытты короткон окуучулары Валерий Леонтьевдин беш жылдык нервин жеген өңдөнөт.

Кристина Орбакайте
фестивалга кирген жок
"Кинотаврдын" он тогузунчу фестивалы быссымылда дегенде эле ызы-чуу менен башталды. Анткени "Любовь -марковь 2" тасмасынын башкы каарманы ырчы Кристина Орбакайтени бул фестивальга чакырмак тургай киргизишкен да эмес. Ызаланып, айласы кеткен ырчы имаратты айлана чуркап эмне кылаарын да билген эмес. Кыйын абалга туш болгон досун колдош үчүн кошо аталган тасманын продюсери жана Кристинанын жакын досторунун бири Александр Стриженов жана "Блестящие" тобунун экс-солисткасы Ольга Орлова жанынан чыгышкан эмес.










??.??