Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Күлкүлүү өлүмдөр
Жеңүүчү
Италиянын тургуну жетимиш жаштагы Армандо Пинеми өзүнүн кошунасы менен узак убакытка чейин пикир келишпестиктерден улам экөөнүн ортосунда талаш-тартыштар болгон. "Жалгыз бактын көлөкөсүндөгү олтургучка алгач ким олтурат?" деген суроо коюшуп аны Армандо жеңип алат. Бакта жалгыз сайрандоону өзү улантмакчы болуп, шакка чыгып баратып капысынан кулап кетип, ошол боюнча ордунан турбай калат.

Тагдыр
Стивен Хаетт 32 жашында эң татаал операцияларды жасаткан. Анын ичинде ашказаны, боору, бөйрөгү жана узун ичеги уйку бези алмаштырылган. Стивен алты жылдан кийин олтургучка чыгып, лампочканы алмаштырам деп кулап түшүп, башынан алган жаракадан улам каза тапкан.

Бейажал чымын өлбөйт
Вьетнамдагы Хошинин шаарында 50гө жакын киши көпүрөнүн үстүндө таң калуу менен суунун шарын карап турушканда бир кыз өз өмүрүн өзү кыярында көпүрө сынып кетип, капилеттен баары дарыяга түшүп кетишкен. Шар суунун агымында көпчүлүк кызды куткарып калганы менен суунун тереңине кептелген тогуз адам бейажал каза болушкан.

Кубанычтуу өлүм
Нью-Йорктун тургуну Джуля Карсонду жүрөгү токтоп калуудан улам каза болду деген чечим чыгарышкан. Дарыгерлер сөөктү туугандарына тапшырууда ал эсине келип:
"Бул жерде эмне болуп жатат ыя?" -деп таң кала ордунан үшкүрө турганда, жанында кайгырып турган кызы катуу сүйүнгөнүнөн жүрөгү токтоп каза тапкан.

Эртеңки бактысыздыктан көрө
Наджиб Саади аттуу Сириянын тургуну 35 жаш курагында өзүн көпчүлүк арасында өзгөчө бактылуу сезип жашаган. Эң сонун кайталангыс бакытына чыдабай өз өмүрүн өзү кыйган. Саадинин соңку катында: "Мен ушунчалык чексиз бактылуумун, бирок, эртеңки бактысыз күндөрдү көрүүдөн корком" - деген сөздөрдү жазып калтырыптыр.

Аңгектен качса дөңгөккө
Бонндун тургуну Питтер Грубер искусство музейин тонойм деп казынага түн ката кирип, өзүнө зарыл болгон керектүү буюмдарын алып, сырттагы кандайдыр шыбыртты угуп тез көздөн далдоо болуп, качып чыгууну ойлойт. Шашкалактаган ууру караңгыда каалганын бурчундагы экспонаттын кылычына сайылып каза болот. Музейдеги сакталган кылычты сот куралы деп аташчу тура.

Сүйүүнүн кастыгы
Джейм Динарди 44 жашында Колумбиядан, Мэн штатына интернет аркылуу таанышуу катын жолдойт. Көп өтпөй өзүнө өнөктөш таап, түгөйү аркылуу аталган штаттын айымы менен сүйлөшүп калат. Кызыгы айым атайын көрүшүүнү каалабайт. Ортодон бир канча убакыт өткөндөн кийин Джейм айымдын үйүнө барып, сүйүүсүн далилдөө үчүн өз өмүрүнө өзү кол салып, бейтапканадан каза болгон.

Эргежээлдин бою узарганда
Египет өкмөтүнүн ишмери Адел Назим Джергез сегиз жыл эргежээл боюнун өсүшүн күткөн. Адел боюн өстүрүүчүлөрдүн катарына кирип, жыйынтыгын жыл санап күтөт. Сегизинчи жылдын аягында өз аты жөнүн бою өскөндөрдүн тизмесинен көрүп, жүрөгү токтоп каза болгон.

Сен мени жек көрсөң
Он жаштагы бала 38 жашка чыккан атасын куттуктоо үчүн акыркы калган торттун коробкасын сатып келет. Болбогон жерден чыр чыгарган атасы, "Калдыкты сатып келдиңби?" деп чыр салат. Эмоциялуу атасына баласы да жинденет. Торт кесүүгө даярданган бычакты көргөн атасы: "Эгер мени көргүң келбесе, колуңдагы менен ур!" -дейт өктөм үнү менен. Уулу атасынын айтканын жасайт. Соңунда атасы ооруканага түшүп кайтыш болот.

Байланыш түйүнүндөгү кагылыш
Пиво ичүүчү жайда ар дайым олтурган клиенттер үчүн атайын шаар аралык байланыш түйүнү орнотулган эле. Эзилише сүйүктүүсү менен сүйлөшүп жатканда учурда экинчи бирөөсүнүн чөнтөк телефонунун жагымсыз үнү чырылдап жатты. Алгач:
"Коңгурооңду кайра-кайра чырылдатпай өчүргүн!" -деп эскертти. Ал беш мүнөт мурун жакын адамына эрегишип трубканы көтөрбөй олтурган. Жинденген тиги адамдын сөзү ага эч таасир бербеди. Акырында тигинин чыдамы кетип пиво ичкен бөтөлкө менен капа болуп олтурган экинчи адамды башка чаап жиберди да соңунда милиция кызматкерлерине өзү кабарлады.

Плюшкин эс алат
Амигдалиа Бальтанын 86 жашында өз үйүндө ачкалыктан өлгөн өлүгү табылган. Изилдөөдө Бальтанын Грек аралындагы банкта анын эсебинде 350 000 фунт жана 150 алтын сувинери бар экен.

Даярдаган Ч. Абдраева