Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Бешене

Сезимимде сен деп жашайм жалгызым...
Бул дүйнөдө жалгыз сени эш тутуп жашаганымды билсең, менден өткөн бактылуу адам жок болоор эле. А бирок, сага байланып жашап жүргөнүмдү сездире албай түйшүктөнө берем жарыгым!
Сени сүйгөн жалгыз мен эле эмес, кечигип арзыган кийинки махабатың менен түбүлүк бирге бол садагам, - деп тилек кыла соңунда ичим жалынсыз түтөй, мындан башка амалым жоктой, заманам тарыла түшөт. Сенин бактың мен үчүн кол жеткис өтө бийиктей сезилет. Анан да ар качан жашоомо азык берген гүл азыктай сезе берем жалгызым...

Жамгыр терезе капкагыңды
Черткилеп
Көз алдыма сенин ичке моюнуң менен кеберсиген эриндериң анан да жарашыктуу ууртуңдан күлкүң арылбай турчу баягы секелек кыз тартыла берчү болду. Мына азыр да бүткүл оюмду топтоп, көз алдыма тартылган кош өрүм чачын байлаган сени элестете жүзүмө күлкү пайда болуп, боюмду түзөй таттуу кыялымдын таасирине бериле, турган ордумда селдейип жыгылып кете жаздадым.
Олда Кудай-ай, жүрөгүмдөн таптакыр чыкпай койдуң да!.. Сенин мендик эмес экениңди ойлосом каңырыгым түтөй берет. Ар дайым кыялымда сага жетип, ичимдеги бугумду таратып алгандай болом. Бирок, каптап кирген караңгы, кызарып баткан күндү жоготкондой сенден үмүт үзбөй карегим талыганча издей берем...
Эсиңдеби, экөөбүз тээ баёо балалык кездин онунчу классында сен биз окуган интернатка келип, дал мектептин босогосунда жолугуштук, жарыгым Дарыя. Биздин экинчи үй болгон жатаканада сен келгенден тарта тынч жаткан жаным түйшүктөнө берчү болду. Ошол түнү сырт көзгө сайса күрүнгүс болуп түнөрүп караңгы. Жамгыр сен жаткан бөлмөнүн терезе капкагын черткилеп жатты. А сен таттуу уйкуңдан тургуң келбегендей бөлмөңдүн жарыгы өчкөн. Кайдадыр алыс жактан күркүрөгөн чагылгандын дабышы сени таттуу уйкуңдан ойготту окшоду. Сен сеңселген чачыңды жайып, терезенин алдына келдиң. Сүйүнгөнүмдөн жамгырдан суу болгонум да эсимден чыгып, колумду жогору көтөрсөм, эликтин чаарчыгындай элеңдей коркуп кеттиң. Уйкулуу көзүң менен кайрадан жамгырлуу терезеден:
- "Сенби?" -дедиң жылаажындай назик үнүңдү акырын чыгарып шыбырай. Жабыккан жаанга мени жалгыз таштоого кудуретиң жетпеген өңдү зарыга томсоруп караган менин жаныма күттүрүп келдиң. Майдалап жааган ак жаан топурактай бизди бири-бирибизге жуурулуштуруп баратты. Өтмө катар суу болгонубузга кайыл болуп, ичтеги жалын сырткы муздактыкты сезбестен сенин назик илебиңден гүл азык алып, өзүмдү жыгач олтургучта эмес, көктөгү жупжумшак булуттун үстүндө түбөлүк кол кармаша экөөбүз сызып бараткандай сездим.

Сен да кеттиң, мени менен коштошпой
Экөөбүз бирге ээрчишип бассак, баары бизге суктанып карагандай сезилчү. Дарыя жанымда барда дүйнөм түгөлдөй оюмдан баары чыгып кетет. Биз күткөн акыркы коңгуроо кечеси кызуу жүрүп жатты. Аппапак көйнөгүңдү кийген сен жылмайсаң ууртуңдан күлкү төгүлүп, мага жомоктогу периштедей сезилдиң. Күтүрөгөн классташ балдардан сени коруй берип, ичимден улам кызганып, ызаланып да алдым. Музыка жайлап калганда көпчүлүктөн сени бөлүп алып, эч ким жок жерге алып бардым. Бийлеп жүрүп чарчаган окшойсуң, тыпыйган буттарыңды мага сунуп, бийик такаңды чечип олтурдуң. Сөздү эмнеден баштаарымды билбей кызганычымды ичиме ката албай колума тийген ичке чыбык менен туфлиңди ары-бери айландырып коём. Сен менин бала кыял жоругума таң калдың окшойт, колумдан талаша:
- "Келе эми, кетели" - дедиң колумдан алмакчы болуп. Ичке чыбык ийилип кетип колумдагы туфлийиң биз турган жерден алыс ыргып кетти. Күтүлбөгөн жерден сен ыйлап ийдиң, эмне жасап жибергениме өзүм да башым жетпей, күлөөрүмдү же сооротоорумду билбей, айлам кетип, кайра чыбыкка илип, алдыңа алып келдим...
Ооба, бул биздин эселек окуучулук күндөрдөн калган бактылуу көз ирмем. Ырас, экөөбүз андан кийин да кайра эле тентек балдардай болуп эң эле ынак элек. Анан эле капысынан сен билимиңди калаадан улантмакчы болгон оюңду ортого салдың. Тагдырдын буйругун ай, ордолуу Оштон билим алабыз деген аруу тилегибизди сенин ата-энеңдин койгон талабы ордунан чыгарбады. Эсимде ошол акыркы күнү сен мени менен да коштошпой кете берипсиң. Эсимде, куса болгонумдан жалынсыз түтөп, буулугуп ыйлаганым эсимден эч качан кетпейт.

Башкага жар болдуңбу?
Билинбей күндөр-күнгө алмашып, тогосу-тогосуна уланган чынжыр сымал чубуруп өтүп жатты. Сенин үнүңдү угууга зар болсом да бир ооз "кош" деп айтпаган сөзүңө арданып, жазып калтырган телефонуңа байланышпай жүргөм. Ошондой күндөрдүн биринде сенин үнүң телефондон жаңырды. Кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Толкунданганымдан сүйлөй албай, мукактанып көпкө турдум. Таарынычымды сагыныч үстөмдүк кылды, сенин айткан сөздөрүңдү угуп, шашылыш кеткениңди түшүндүм. Кийинки күндөрү күн санап келчү күнүңдү зарыга күтчү адат таптым. Ошондой сүйүктүүңдү күтүү менен алектенген кызыктуу күнүмдү бүлүндүргөн классташым Эркин болду. Ал да борбордон билим алып, жайкы эс алууга Дарыядан бир жума мурун эртерээк келген. Эркин Дарыяны:
"Коштошпой кеткени ырас, сени алда качан унутуп, өзү окуган окуу жайдан Көлдүк жигит таап алган!" - деген сөзү көңүлүмдү ирээнжитти. Ичимден бороон улуп турса да сыртка чыгара албай, ортодо чайналып турдум. Бирок, сени тосуп алууга аялдамага Эркин экөөбүз бардык. Аттиң, ошондогу тоңдугум, өзөгүм өрттөнүп турса да сени менен өтө суз учурашып, жадыраган сезимиңе суу бүрккөндөй болдум. Таң калыштуу Эркиндин алды-артыңа түшкөнүн карап туруп таң калсам да анын жалган сөздөрү кызганычымды күчөтүп, кесир пейилимден кайта албай койдум. Ошол суз жолугушуудан кийин артыңдан издеп да барбадым. Үмүтүңдү үзө албаган сен эки-үч ирет издеп келгениңди чогуу окуган Самарадан кийин уктум. Ал сен жөнүндө жазгырылма ушактын баары жалган экенин саймедиреп айтып берди. Муну укканда Эркинге жинденип кайрадан ишенчээк өзүмдү тилдедим. Акыркы жолу сени менен байланышкан чөнтөк телефонуңа чалсам, эркек кишинин үнү угулду. Эки анжы ойдо чайналып жүргөнүмдө сенин турмушка чыкканыңды алгач Эркин сүйүнчүлөдү... Өзүмө эмес, башкага жар болгонуңду элестетип көпкө ордуман козголо албай жаш балача өксүп ыйладым. Анан бир ой сезимимди серпип өттү, эселек менин жалгызым Дарыя, сен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашай бересиң каралдым...

Даярдаган
Чынара Абдраева




- Атым Элмира, сен деп эле кайрыла берсеңер болот, - дедим. Ал мени тике карады. Анын көздөрү кубулуп кадим Бахиддин жансыз көздөрүнө окшошуп баратты. Көзүм тумандай түшкөнүн баамдадым да көзүмдү жума калдым. Бирок Бахиддин элесинен баары бир кутула алганым жок. Анын башы Бакыттын башынан суурулуп чыгып, асманга көтөрүлүп, анан мени кармаган боюнча эле кайдадыр бир жакка сүйрөп баратканын сездим. Колум үзүлүп кетчүдөй ооруйт, коё беришин өтүнүп жалындым, бирок ал колумду бошотпой караңгы дүйнөгө алып кетип баратты. Эсим ооп баратканын бир билем. Бахид тоонун арасына ушинтип келип калган го деген ой көөдөнүмдү аралады.
Көзүмдү ачсам, жанымда өңү купкуу болгон Бакытты көрдүм. Ал эмне кылаар айласын таппай башымды кармаган боюнча туруптур. Анын кейпин көрүп күлкүм келди. Менин минтип күлүп атканыма да ал башында ишене албады. Байкашымача ортодон бир же жарым сааттай убакыт өткөн көрүнөт. Бакыт мени эс алдыра албай далайга убараланган окшойт, колунда суу болгон чүпөрөк. Мени көтөрүп жайык жерге жеткирип, чөпкө чыгарып жаткырып коюптур.
Анын мени көтөрүп ушул жерге келгени менен тиги чүпөрөк суулап келген убактысын кошкондо кеминде жарым саат керек деп эсептедим убакытты. Себеп дегенде сууга жетиштин өзү он мүнөттөй убакыт болсо келгени анысы мунусу менен ошол убакыт болот.
Мен суу чүпүрөктү башыма койгондо эс алган окшойм, себеби анын чуркап келгендеги демиккени басыла элек экен. Ал менин күлкүмдү көрүп сүйүнүп кетти.
- Сиз менин жүрөгүмдү түшүрүп койдуңуз. Эмне кылаарын билбей жерден чөп үзүп чайнай баштады. Мен өзүмдү ыңгайсыз сездим, бирок оору деген оору деген ойдо уялган жокмун. Түшүндүрүп коюуну туура көрдүм.
- Ушул оорунун айынан минтип мен сиз менен сүйлөшүп отурбаймынбы, -деп кобурадым.
- Бул оору менен тоо-таштын арасында жүрүш кыйын го. Өтө бийиктеген сайын аба суюлуп, башты айландырат. Сиз бийикке чыкпашыңыз керек экен. Бакыттын бул сөздөрү менин оорумду сезип калып менден качып жаткандай туюлду. Маанайым бузулду. Мени үйгө жеткирип коюшун өтүндүм. Ал каршы болгон жок. Тескерисинче менден эртерээк кутулууга аракеттенип жаткандай өтө тездик менен атын кармап келип мени ага мингизип, бат эле үйгө жеттик. Жеңем менин оорум кармаганын айттырбай түшүндү. Аттан антип-минтип үйгө киргенимче көлдөлөң салып, жаздык коюп, жатканга ылайыктап коюптур. Өзүмдү жакшы сезип турсам деле болбой Бакыт менен жеңем экөө колтугумдан алып, даяр орунга отургузушту.
- Эмне болду? -деди жеңем Бакыттан сурап. Ал толук түшүндүрө албай ийинин куушуруп койду. Жеңем самоорун көтөрүп чай койгонго кетти. Бакыт абдан билерман кишидей тамырымды кармады. Анын колу аркылуу мага белгисиз бир жылуулук өтүп турду окшойт, өзүм ага тартылып бараттым. Кучактагым, кучагына жашынгым келди. Ыйлап жиберчүдөй бүткөн боюм бошоп баратты. Канчалык билдирбейин десем да ал оюм сыртка билинип турду көрүнөт. Менин көңүлүм ага канчалык жакындаган сайын, Бакыт ошончолук кысылып, кичирейип кетти. Жигиттик кылып өткүрлөнбөгөнүнө, менден пассивдүүлүк кылганына куйкам курушуп, чаап жибергим келди. Түртүп жиберип жатып алдым. Ушунун баарын кылган Бахид деп ойлодум. Анын дубаланган курмасы болбосо, азыр Бакыт эркелетип, саамай чачымдан сылап отурмак деп ойлонуп, ошол күндү ушунчалык жек көрүп отурдум.
Айлам канча, тагдырыма жазган бул арманды кимге айтам. Бакытты канчалык жакшы көрүп жанымдан чыгаргым келбесе да, мындан башка аракет жасоого дарманым жок эле. Бакыт ушуну гана күтүп тургансып, жеңем койгон самоордон чай ичпестен бастырып кетти. Чай ичилип, бир сааттай уктагандан кийин кайрадан калыбыма келип, куландан соо болдум. Бакыт жөнүндө ойлонуп, аны таарынтып койгон жокмунбу деп ар бир кыймыл-аракетимди анализдеп көрдүм, бирок андай нерсе таба албадым.
Бакыт таарынып кеткен кишидей эртеси күнү да, ошол жума бүт бойдон келген жок. Сагына баштадым. Бассам-турсам бүт кыялым Бакыттын айланасында болуп, аны Бахид менен салыштырып, бардык учурда Бакытка артыкчылык берип, ага жолукпаган күндөрдү ушинтип өткөрдүм. Бакытты чындап сүйүп калганымды түшүндүм. Эми ушул сүйүүнүн тегерегинде көбүрөөк ойлончу болдум. Бир туруп Бакыттын үйүнө издеп барып, чакырып алып болгонун болгондой айтып бергим келсе, экинчи оюм анын тескерисинче чыгып тынч эле эч нерсе билдирбей шаарга кетүүмдү талап кылат. Анткен менен зарыккан күтүү тажатып жиберди да, байкемдин дүрбүсүн алып "жөн гана" билүүгө аракеттендим. Ага ыңгайлуу шылтоо табылды.
Шаарга дарычылыкка алып кеткенге ит мурундун ашын термек болдум. Бул шылтоом өзүмө жакты. Инилеримди ээрчитип, дүрбүнү алып айлана-чөйрө толук көрүнгөн кырга чыгып Бакытты карап көрүүнү чечтим. Алдыңа максат койгондон кийин анча-мынча кыйынчылык түккө турбай калат эмеспи. Аны көрүү шерденткендиктен көздөгөн жерге, коктунун кырына бат эле жеттим. Дүрбү салсам эч жерден көрүнбөйт. Биринчи дүрбүнү колума алганда эле Бакыт күлүп карап турчудай элестеген, бирок көз жеткен жердин баарын аңтарбайын эч жерден таба албадым. Ызам келди, жигит сыяктанып бир кайрылып келбегенине. Жалгыз болсом ыйлап иет элем, инилерим алаксытып, алар менен тамашалашып ойноп жанагы начар маанай кайдадыр жоголду.










??.??