Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Текебаев тегерек үстөл өткөрдү
Тегерек үстөлдө энергетика, азык түлүк коопсуздугу жана маалымат каражаттарынын абалы талкууланды. Биринчи маселе боюнча "Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов доклад жасады. Талкууга 50 чамалаш саясий жана жарандык лидерлер катышты. Уюштуруучулардын бири "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда тегерек үстөл өткөрүүнүн максаты ар кандай көз караштагы саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын формаларын издөө.

Баары кымбаттап, салык эле калды эле...
Жер салыгын 30%ке көбөйтүү дыйкандарга оорчулук алып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, жер салыгы менен кошо социалдык төлөмдөр да 30 пайызга аргасыз көбөйөт.Жогорку Кеңеш өткөн аптада жаңы Салык Кодексин кабыл алган. Ага президент кол койсо, кошумча нарк салыгы 20%дан 12%га азайып, анын ордуна дары-дармектерге, мүлккө салык киргизилет, жерге салыгы 30%ке көбөйөт. Бир катар жол, автоунаа, өзгөчө кырдаалдар сыяктуу тармактарга салыктар бириктирилет.

"Де-фактонун" жамааты сурак беришти
Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын билдиргени боюнча басылманын кызматкерлерин тергөөгө алышкан. Аны менен катар техникалык кызматкерлер да сурак беришти. Милиция кызматкерлери алып кеткен компьютерлер жана редакциянын башка жабдыктары качан кайтарылары азырынча белгисиз.
Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан "Де-факто" гезитине адамдын беделине шек келтирип, мыйзамды бузууга баргандыгы үчүн деген айып менен кылмыш иши козголуп, басылманын акыркы эки саны жарык көрбөй калган. Бир катар бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар муну сөз эркиндигине басым жасоо катары баалашууда.

Алгачкы чакан ГЭС 15-июлда ачылат
Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү долбоору дирекциясы 15-июлда алгачкы чакан ГЭСти расмий ачат. Дирекция жетекчисинин орун басары Эмил Алиевдин билдиргенине караганда, Ысыкатада 1,8 меговаттык чакан ГЭС ишке киришти. Аны курууга германиялык "Дойчебанк" 800 миң долларлык инвестиция берди. Аталган дирекция президент Курманбек Бакиев тарабынан Феликс Куловдун сунушунун негизинде түзүлүп, оппозициялык лидер жетекчиликке дайындалган.

Ысыккөл кинофестивалы өтөт
Аталган иш-чара быйыл сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу маданият жана маалымат министрлиги билдирүүдө. Маалыматка ылайык учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Фестивалды өткөрүүгө он төрт миллион сом каралган. Мындан тышкары маданият жана маалымат министри Султан Раев ушул тапта 2015-жылга чейин кыргыз киносун өнүктүрүү боюнча улуттук программа даярдап жаткандыгы айтылууда.

Бишкек-Балыкчы поезди каттай баштады
"Кыргызтемиржолу" ишканасынын маалымдаганы боюнча каттам жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу жандандырылды. Бишкек- Балыкчы каттамы Ысыккөлдө эс алууну каалагандардын жол түйшүгүн жеңилдетет, баасы автоунаалардын жол киресине караганда алда канча арзан, деп маалымдайт "Кыргызтемиржолу" АКнын басма сөз кызматы. Анда айтылгандай Балыкчыга Бишкектен чоң адамдар 70 сомго, жаш балдар 35 сомго жете алышат.
Мындан тышкары жакында Ташкент-Балыкчы поезд каттамы жүрө баштоосу күтүлүүдө. "Кыргызтемиржолу" ишканасынын маалыматы боюнча бул өзбек тараптын демилгеси менен ишке ашырылмакчы.

Түркия Кыргызстанга канча инвестиция берген?
Түркиядан келген инвестиция өндүрүш, курулуш материалдары, турак-жай курулушу жана азык-түлүк товарларын өндүрүү максаттарына жумшалган. Өкмөттүк маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алмашуунун көлөмү да жыл сайын өсүп баратат, өткөн жылы бул көрсөткүч 200 млн долларга жеткен.

Буудай аз айдалган
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, азык-түлүк жана нан коопсуздугун аныктоочу программа толук ишке ашкан эмес. Ага ылайык жалпы республика боюнча 399,5 миң гектар айдоо аянтына буудай себилүүгө тийиш болсо, буудай аянттары 392,8 миң га жерге айдалган. Буудай Жалалабаттын Алабука, Базаркоргон, Чаткал райондорунда, Таластын Бакайата, Манас, Чүй облусунун Ысыката, Москва райондорунда жетиштүү деңгээлде айдалбай калган. Ушул тапта Жалалабат, Ош облустарында буудай оруп-жыюуга даярдыктар жүрүп жатат, келерки айдын башынан тартып Чүй жана Талас облустарында да эгин оруп-жыюу өнөктүктөрү башталмакчы.




  Дүйнө дүбүрт

Кондализа Райс Ооганстан менен Пакистанды элдештиреби?
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс талибдерге Пакистан аймагында да артынан сая түшөөрү тууралуу Ооган бийлигинин билдирүүсүн даанышмансыздык деди. Райс мамлекеттик чегараларды өз ара сыйлоого эки мамлекетти тең чакырды. Ооганстан президенти Хамид Карзай өткөн аптада Эл аралык нормаларга ылайык коргонуу максатында мамлекет талибдерге каршы Пакистан аймагында да күрөшөөрүн айткан. Расмий Исламабад буга дароо жооп кайтарган. Бул аралыкта НАТО генералы Ооганстанда коопсуздукту сактоо үчүн 6 миң аскер керек экендигин билдирди.

Дүйнөдө мунайдын запасы канча?
Сауд Аравиясынын өнөр жай министри Али aл Науми энергетиктердин Жидде саммитинде ушинтип билдирип, мунайдын жетишсиздиги тууралуу маалыматты төгүндөдү. Науминин айтымында, Сауд Аравиясы күнүнө чийки мунай өндүрүүнү бир жарым эсеге көбөйтүп, 150 миллион баррелге жеткирүүнү көздөөдө. Мурдараак падыша Абдулла мунай баасы кызыл кулактардын жана отун салыгынын айынан өсүп жатат деген. Аталган саммитке 35 мамлекеттен жана мунай өндүрүүчү ири 25 компаниядан өкүлдөр катышууда.

БУУ Зимбабведеги кырдаалды талкуулады
Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун зимбабвалык оппозиция лидери Морган Тсвангираи 27-июндагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышуудан баш тартканына байланыштуу камтама болду. Тсвангираи азыркы президент баш болгон өлкө бийлиги өз атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, натыйжада шайлоочулар добуш бергенден" жалкып калды" деп айткан. АКШ жана Евробиримдик Зимбабвенин өкмөтүнүн аракеттерин сынга алды.

"Яблоко" партиясынын жетекчилиги алмашты
Либерал-демократиялык баалуулуктарды туткан оппозициячыл "Яблоко" партиясынын курултайы жекшембиде соңуна чыкты. Ал эми курултайдын ишемби күнкү отурумунда буга чейинки анын лидери Григорий Явлинский төрагалык кызматынан кетип, анын ордуна жетекчи болуп 45 жаштагы Сергей Митрохин шайланды. Митрохин 2005-жылы Маскөө шаарынын Думасына "Яблоко" партиясынын атынан депутаттыкка шайланган жана шаардык кеңеште өз партиясынын фракциясын жетектеп келген. "Яблоко" партиясы уюшулуп иштеп жатканына 15 жылдай убакыт болду. Ал эми партияга келсек, ал декабрда Орусиянын парламенттик шайлоосунда жеңилип, мандаттан куру калган. Соңку шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык стандарттарга жооп бербеди деп сынга алышкан.

Россиялык кеменин бортунан өрт чыкты
Жапан деңизинде жүргөн россиялык "Академик Хохлов" рефрижераторунун бортунда катуу өрт чыккан, деп билдирген жума күнү эртең менен Владивостоктогу деңиз куткаруу-координациялоочу борборунун өкүлдөрүнө таянуу менен Новости РИАсы. Алардын айтымында, өрт Түштүк Кореянын Уллында аралына жакын жерде жүргөн кезде машина бөлүмүнөн чыккан. Кеменин бортунда 25 мүчөсү жана 4 жүргүнчү болгон.

Фидель Кастро кубалык интернет-журналистиканы айыптады
Кубанын мурдагы президенти Фидель Кастро өзүнүн жаңы китебинде коммунисттик режимдин негиздерин бузгандыгы үчүн кубалык белгилүү интернет-журналистика Йоани Санчести айыптады, - деп билдирген Гардиан. Кастро 1993-жылы өзүнүн Боливияга визити жөнүндө баяндаган "Фидель, Боливия, дагы кимдир бирөөлөр" деген китебинде Санчестин ысымын эске түшүргөн эмес, бирок аны жаш кубалыктар кейите тургандыгын, алар негиздерди бузуу иштерин өздөрүнө алышып жана эски испандык метрополониянын неоколониялык басма сөзү аларга сыйлыктарды ыйгарып жаткандыгын түз белгилеген.

Индиядагы муссондондун кесепети
Индияда өлкөнүн чыгышындагы жана түндүк-чыгышындагы катуу суу каптоонун кесепетинен кеминде 30 адам курман болгон жана 300 миңден ашууну үй-жайынан ажыраган, деп билдирген Рейтер. Узакка созулган жаан Орисса, Батыш Бенгалия жана Ассам штаттарында кыйла аймактарды сууга бастырды. Баардыгынан көбүрөөк жапа чеккен Орисса штатында 300дөн ашуун кыштак толугу менен сууда калган.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ









??.??