Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кумир менен баарлашуу

Кайрат Примбердиев:
"Арзуумду достукка
алмаштырбайм..."
Сахна чөйрөсүндөгү түйшүктөр өтө көп. Андагы татаал жолду басып, тайгак кечүүнү кечип, туруктуу жана татыктуу атка ээ болуу- өзгөчө татаал эмгекти талап кылат. Тереңден баам салып көрсөк, эл да өз күчү, өз үнү менен чыккан таланттарды баалап, көтөрүп алат тура.
Рубрикабыздын мейманы- Кайрат Примбердиев болуп, күйөрмандары менен жакындан таанышып, чер жазыша кең-кесири маек курган эле.


Бурул, 16 жашта:
- Кайрат, айтсаңыз, экинчи жолку жеке чыгармачылык концертиңизди качан көрө алабыз?
Кайрат: - Алгачкы чыгармачылыгымдагы тушоо кесүү концертим былтыр 1-2-ноябрда болгон.
Кудай кааласа, чоң даярдыктар менен күз айларынын биринде экинчи концертимди койсок деген максатыбыз бар.
Билесиздер, азыр "Концерт" десе эле көпчүлүгү кош көңүл, кайдыгер мамиледе болушат. Анткени, чынында эле коюлган концерттер эл көңүлүндөгүдөй, талапка жооп берээрлик болбой калат. Ошондон улам, мен сиздерге окшогон чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарымдын ишенимин актап, концертимди да жогорку деңгээлде өткөргүм келет. Дегеле, эки-үч жылдык ат үчүн эмес, ырчылык өнөрдөн мен түбөлүктүү ордумду, атымды тапсам дейм.

Анара, 20 жашта:
- "Түндүк-түштүк" маселеси бүгүнкү күндүн олуттуу, орчундуу көйгөйлөрүнөн болуп келет. Жаңыдан канат кагып, талпынып келе жаткан өнөр адамы катары буга кандай карайсыз?
Кайрат:- Негизи мен Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөм. Бирок, бир жашымдан тартып, Талас жеринде тарбияланып, өсүп-чоңойдум. Таластык классташтарым, досторум түштүктүктөрдү: "Оштуктар" деп калышса, аябай жаман болом. Анткени, ким эле болсун өзүнүн жердештери туурасында терс пикир уккусу келбейт да. Алакандай эл араздашып, эки жаат болуп бөлүнгөнүн туура эмес көрөм. Элдин биримдиги, ыймандын тазалыгы, жан дүйнөнүн актыгы- өлкөнүн социалдык абалын, руханий баалуулуктарын арттырып, байытып, өнүгүп-өсүүсүн шарттайт. Андыктан, бөлүнүүнү, чабышууну эмес, биригүүнү жана жарашууну ойлогонубуз абзел.

Токтокан, 18 жашта:
- Мусулман баласы катары намазга жыгылып, Куран окуп жүрөсүзбү?
Кайрат: - 9-классымдан тарта 11-класска чейин беш маал намазды үзбөй окучумун. Молдонун жардамчысы болуп, азан чакырып да калгам. Андан соң, мектепти бүтүргөндөн кийин дабатка да чыгып жүрдүм. Бирок, жан дүйнөм "Музыка" деп дегдеп, көңүлүмө тынчтык бербеди. Мен ыр дүйнөсүнө аралашуум менен көөдөнүмдөгү жалындаган көксөөмдү канааттандырып, андан ырахат алып жашаарымды түшүндүм. Менимче, дилиңде ыйман, жүрөгүңдө актык болсо, кандай кесипти аркалаба, баары бир өзүңдүн Адамдыгыңды, өз жүзүңдү табасың.
- Болочоктогу жубайыңыз кандай болсо деп ойлойсуз?
Кайрат: - Маанилүү суроо экен. Ойлондуруп койдуңуз… Негизи үй-бүлөлүк бакыт- ортодогу эки адамдын махабаты, сыйы аркылуу тургузулат, курулат. "Өмүрлүк жан шеригим жүзүнөн нуру төгүлгөн жылдыздуу, маңдайы жарык, ачык-айрым болсо" деп келем.
(Күлүп…) Анан албетте, тамакты да майын чыгара даамдуу, таттуу кылып жасай билгени жакшы.

Бурул, 16 жашта:
- Сулуулук - ырчылар үчүн канчанчы орунда турат?
Кайрат: - Ырчылык өнөрдө эки нерсе бири-бирин толуктап, жуурулушуп туруусу шарт. Биринчиси-талант, ал эми экинчиси-сулуулук. Булар артист үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Анткени, талантыңа, жөндөмүңө жараша канчалык жаркылдап-жайнап, сүйкүмдүү болуп турсаң, эл да сага ошончолук тартылат, арбалат, кызыгуусу артат. А эл сени канчалык сүйүп, урматтап турса, андан бетер сенин жылдызың жанат. Демек, биз үчүн сулуулук- башкы орунда турат.

Токтокан, 18 жашта:
- Мен Улуттук 1-каналдагы "Хит-Парад" телеберүүсүн таптакыр көрчү эмесмин. Кокусунан сиздин "Сагынганда" деген ырыңызды угуп калып, ошондон тарта аталган көрсөтүүнү үзбөй көрүп калгам. "Сагынганда" аттуу ырыңыз жаңырганда ичкен ашымды жерге коюп, укканга шашыламын. Мен ушундай сиздин өзгөчө күйөрманыңыз болом.
Кайрат: - Оо, кандай асыл жансыз. Сизге ырахмат! Жакшы сөзүңүз менен көңүлүмө гүл өстүрүп койдуңуз. А мен ырларым менен сизге кубаныч ыроолоодон тажабайм.
Анара, 20 жашта:
- Бир кезде Султан түшүнбөстүк кылып, продюсериңерден кетип, кайра кайтып келген. Анда сиз кандай абалда калгансыз? Сиз да дал ошондой кадамга барат белеңиз?
Кайрат: - Кандай десем… Султан менен чогуу окугам, классташпыз. Убагында анын терең ойлонбой кетирген катачылыгын мен деле туура эмес көргөм. Бирок, "Адашкандын айыбы жок, кайра кайтып келген соң" демекчи, ал өзүнүн жаңылыштыгын убагында сезип, туура жыйынтыкка келгени жакшы болду.
Жеке өзүмдү айтсам, менин андай кадамга баруума эч кандай себеп жок. Бардык ишти жигитчилик менен аткарганды жактырамын…

Айзирек, 18 жашта:
- Сиз бир кызды берилип сүйүп калдыңыз дейли. Бирок, ал кыз сиздин сезимиңизге каршы жооп кайтарды. Анда сиз аны менен жөн гана достордон болуп кала алат белеңиз?
Кайрат: - Жоок! Чыныгы махабатымды эч качан достукка алмаштыра алмак эмесмин. Ойлоп көрсөңүз, мен ал бийкечти катуу сүйсөм, тилекке каршы, ал мени жактыра албаса: "Бул баары бир мендик эмес!" деген ой мээмди жеп, "ооруп" калмакмын. Бирок, "Бардык дарттын дабаасы бар" демекчи, жүрөгүмдү өрттөгөн махабатымды унутуп, анын атын көңүлүмдөн өчүрүүгө аракет жасайт элем.

Перизат, 16 жашта:
- Ичимдикке кандайсыз?
Кайрат: - Ак моюндан алысмын. Антсе да өзүм ичпегеним менен башкалардын анда-санда орду-орду менен ууртап-татып койгонуна каршы эмесмин. Маселен, кимдир бирөөнүн туулган күнү болуп калды дейли. Баары эле дулдуюп, ичпей олтурса, майрамдын да шааниси кетет эмеспи. Андыктан, бир келген өмүрдө иччү жерден ичип койгон деле жөндүү.

Айзирек, 18 жашта:
- Чектен чыккан күйөрмандарыңыздын окуясына кабылдыңыз беле?
Кайрат: - Баткен облусунан Кызыл-Кыя шаарынан кызыктуу окуяга кабылганым эсимде. Султан экөөбүз элек. Топтошкон кыздар келип, бизди басып калышты. Менин колум кайрылып, бармагым басылып калыптыр. Ооруганына чыдабай: "Ай, колум!" деп кыйкырып жиберсем, кыздар колумду араң бошотушкан. Арасында берилип кучактаганы бар, кыялданып өөп жатканы да бар. Айтор, ушундай чаң-тополоң болгон. Бирок, аларды түшүнүп турдум. Анткени, алар бизди сыйлап, жакшы көрүп жатышканын байкадык.

Анара, 20 жашта:
- Издегениңиз?
Кайрат: - Менимче, ар бир адам жашоосунан бакытты издесе керек. Бакыттын ичинде эңсегениңдин баары бар эмеспи.
- Сагынганыңыз?
Кайрат: - Ажайып кооз дүйнө көрүнгөн бала чагымды сагынам.
- Адашканыңыз?
Кайрат: - Намаз окубай, үзүп койгонума өкүнүп калам.
- Табынганыңыз?
Кайрат: - Жараткан.
- Таарынганыңыз?
Кайрат: - Тагдырыма таарынбайм. Оор да, жеңил да жолду басып өтөбүз. Ага күйүнүп же таарыныч кылуунун кажети жок. "Эмне болсо да анын баары жакшылык үчүн!" деген сөздү туу тутуп жашайм!
- Тилегениңиз?
Кайрат:- Жараткандын ыраазычылыгына жетүү.

Бурул, 16 жашта:
- Кан досуңуз барбы?
Кайрат: - Чынын айтсам, ишенимдүү, жаныма жөлөк болоор, күйүмдүү кан досум жок.
- Кайсы бир интервьюңузда сахнадан бийлеп жатып, жыгылып кеткениңизди окуган элем. Ошол чынбы?
Кайрат: - Аа, андай болгон. Анда да Баткенге барып, концерт койгон элек. Уйкусурап, чарчап сахнага чыккам. Элдин дүркүрөтө кол чаап, коштогонуна толкунданып кетип, ырдап жатып, бийиктикке карай секиргенимде жыгылып түшкөм. Дагы жакшы жери, жыгылганда жер таянып калгам. Бактыма жараша, эл мени: "Кандайдыр бир трюк жасады" деп түшүнүп, ого бетер кол чаап, колдоп-коштоп, ыңгайсыз абалым билинбей калган эле.

Токтокан, 18 жашта:
- Сиз "Жоокер жылдыз" теле долбооруна катыштыңыз эле. Анда көпчүлүк учурларда ачууланып жүрчүсүз. Чын эле ачуулуусузбу?
Кайрат: - (Күлүп…) Жашоомдо андай мүнөздө эмесмин. Өзүңүздөр байкагандай, "Жоокер жылдыз" теле долбоорунда биз үчүн кыйын, оор сыноолор болду. Балким, ошондой кыйынчылыктарга туруштук бере албай, кээде ачууланып кетсем керек.

Уюштурган НУР- КЫЯЛ









??.??