Сенин гезитиң!
№21, 24.06.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Атактуунун арзуусу

Орзубек Назаров, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Жүрөгүмдүн буйругу менен жашап келем"
Тагдырдын таш боор оюну
- Орзубек агай, биздин "атактуунун арзуусу" аттуу рубрикабызга кош келипсиз. Адегенде эле куулук-шумдукту билбеген, балдай таттуу балалыгыңыздагы арзууңузду айтуу менен бирге бүгүнкү маегибизди баштасак.
- Жакшы болот. Бала кезде аябагандай тентек элем. Бирок, өтө кыялкеч болчумун. Өзүм канаты ката элек балапан болсом да, кыялымда көптү самап, бийиктиктеги нерселерди элестетип, таттуу кыялдарга берилип, көпкө тунжурап отурчумун. Менин дагы бир кыялданган нерсем чоң автобустун айдоочусу болуу эле. Эң чоң автобусту айдап, каяккадыр алыс жактарга саякатка чыкканды самап, бийик тоолорду, көгүлтүр көлдөрдү, дүйнөдөгү эң кооз жерлерди көрүүнү аябай самачумун. Ал эми жан дүйнөмө таасир берип, менин арзуума татыган кыздар чынын айтсам бала күнүмдөн эле көп болгон.
- Сезимиме от жаккан селкилер көп болгон дедиңиз. А бирок, ошолордун ичинен кимиси жүрөгүңүзгө өтө жакын эле?
- Көп болгон десем көрүнгөн кыздарга жаш күнүнөн эле көз арткан неме экен деп ойлоорсуң, бирок андай эмес. Мен жогоруда айтпадымбы кыялкеч элем деп ошону менен бирге абдан сезимтал болчумун, жаратылышка жакын болуп, сулуулукка бериле суктангандардын катарын толуктачумун. Ошондуктан татынакай, сулуу перилерге болгон сезимим жаш күнүмдөн эле козголгон.
Бирок ал сүйүү сезимдери эмес, жөн гана аруу селкилерге көздүн гана махабаты тура, көрсө суктантып, таңдантат экен. Мен да ошол ажайып сулуу кымча бел кыздарды сыртынан гана жактырып, алардын сулуулугуна тамшанып жүрүпмүн.
- Сулуулардын сулуулугуна суктанып эле жүрдүңүзбү же бирөө жарым жаш, жалындаган жүрөккө сүйүү бүрктүбү?
- Сулуулардын сулуулугуна суктанып жүргөнүм менен алар менин сезимимди козгой алган жок.
- Роза гүлдөй буралган селкилер жүрөгүңүздү ээлей албаса "сүйүү" деген түшүнүктөн жок окшойт?
- Көзүм менен гана сүйүп жүрүп, чыныгы сүйүүгө да жолукканым бар. Оттой жанган жаштык, жүрөктү жандырган сүйүү менин да башымдан өткөн. Көбүнчө биздин мезгилде кечиндеси жаштар дискотекага барчубуз. Адаттагыдай эле бир кечте досторум менен бий аянтына бардым. Ал жерде желге ыргалган чачтарына кошо кымча бел кыз көзүмө чалынды. Чындыгында эле ошол кызды көргөндө жүрөгүм кулундай туйлап, карегим карегине кадалганда жан дүйнөмө кандайдыр бир мурун болуп көрбөгөндөй бир башкача сезим пайда болду.
Тааныша элек жатып эле өзүмдү башкача дүйнөдө жүргөндөй сезгеним кызык иш болгон. Сыртынан бийлеп жатканына тигилип карап турсам көлдө сүзүп жүргөн аккууну элестетип жүрөгүм алга сүрөдү. Бүт кайратымды чогултуп ал кыз менен тааныштым. Орус кызы экен. Аты Аня. Ошол орус кыз жан дүйнөмө бүлүк салып, мени сүйүүнүн кемесинде балкыткан. Аняга жолуккандан баштап, жашоом башка нукка өзгөрүп, сүйүү деген айтса сөз жеткис, караса көз жеткис ажайып керемет сырга байланып, сезимдердин сересинде алып учуп калдым.
Кызарып күндүн батышын чыдамсыздык менен күтөм. Күн уясына батып айлананы караңгылык каптаар замат Аня жашаган үйдүн айланасындагы карыган дарактын жанына жакындап, кай жерден карааны көрүнөт деп тикирейе көзүмдү ирмебей үйдүн каалга сына тигилем.
Канча жолу итин үрдүрүп, таң сөгүлгөнчө шамды айланган көпөлөктөй үйдүн айланасында тегеренип жүргөнүм эсимде. Жүрөгүмө сүйүү гүлүн ачкан селки кийин менин жубайым болуп чыга келди.
- Орус улутундагы кызга баш кошууңузга каршы чыккандар болгонбу?
- Жок, эч ким каршы болгон эмес. Чыныгы сүйүүмө жеттим. Очор -бачар түтүн булатып, үйбүлө түйшүгүн мойнума алып жашап калдым.
Бала-чакалуу болдук. Көрсө адамдын ортосундагы сезимди да көрөалбастык деген нерсе быт-чытын чыгарып, кол тийгис махабат сепилин урата алат тура. Ар кандай бут тосуулар, ушак-айыңдар биздин жашообузду, бекем шаарыбызды уратты десем болот.
- Бузулган шаарды кайра тургузганга аракет жасаган жоксузбу?
- Бузулган шаарды кайра тургузууга болот, а бирок үйбүлө шаарын өз калыбына келтирүү өтө аз кездешет. Айыккан нерсени козгобой койгонум дурус болчудай.
- Анда кеп оромун башка нукка бурсак. Кыргызда жакшы макал бар "Жаштын тилегин берет" деген ошол сыңары сиз жаш кезиңизде кыялдангандай көп жактарда саякатта болдуңуз, эл-жер көрдүңүз, сиз барган өлкөлөрдө жүрөгүңүзгө чалма ыргыткан айымдар болду беле?
- Жок. Сулуулугуна суктанып койгон учурлар кездешет, а бирок жүрөк кылын черткен айымдар болгон эмес. Мен өзүм жашоого түз көз карашта карайм.
Биринчи аялым менен жашаган учурларда ошону гана ойлоп, алыстан ат арытып, жол карытып, сагынычым ашып -ташып келчүмүн. Бирок тагдыр жолу тайкы экен экөөбүздү бир турмуш деген дайрага чогуу салган менен үйбүлө кайыгыбызды албуут шамал уратып, экөөбүздү толкун эки жээкке сүрүп чыгарды. Бул да болсо тагдырдын таш боор оюну окшойт.

Кароосуз калган
кезде жолуккан көгүчкөнүм…

- Сүйүктүүңүздөн ажыраган соң чыныгы махабаттан бактыңызды издедиңизби?
- Ажыраган соң сүйүү деген нерседен абдан көңүлүм калып, чүнчүп, "ээ койчу, сүйүү ушул болсо" деп кол шилтеп басып кеткен учурларым көп болгон. Бирок адам болуп жалган дүйнөгө жаралган соң жалгыздык да тажатат экен. Жалгыздык жанга батып жүргөн кезде азыркы жубайым Оксанага жолуктум.
- Экөөңөрдүн таанышууңарга эмне себеп болгон?
- Мен өзүмдүн жумуштарым менен борбор калаабыздагы шаардын чок ортосунан орун алган чоң сааттын жанында бирөөнү күтүп турганыма көп убакыт болгон. Мен күткөн киши келбегенине жиним келип, ары-бери басып турсам ушул Оксана аттуу айым да кимдир бирөөнү күтүп турган экен. Бирөөлөрдү күткөн экөөбүз таанышып, чогуу убакыт өткөрүп, өтөр-кетер сөздөрдөн сүйлөшүп калганбыз. Ошондон тарта мамилебиз келишип, жан дүйнөбүз бири-бирине тартышып, экөөбүздүн ымалабыз жакындаша баштады. Бара-бара жүрөктөгү тоңгон сүйүүлөр ээрип, үйбүлө шаарын тургузуубузга түрткү берди. Ошентип мен өз бактымды сааттын жанынан кезиктирдим.
- Сиздин эки жубайыңыз тең орус кыздары а, эмне үчүн өзбек же кыргыз кыздарына үйлөнүүнү эп көрбөгөнсүз, анын сыры эмнеде?
- Чынымды айтсам бул жөнүндө эч ойлонуп көрбөпмүн. Кыргызбы же башка улуттун өкүлүбү баары бир жүрөгүң сүйүп жашасаң ошол сенин утушуң, эч кимге алмашкыс бакытың деп айтаар элем. Ал эми жүрөккө буйрук бере албайсың да. Өзүнүн арзып сүйгөнүн табат эмеспи.
- Жүрөк сүйүүсүн тыңшабагандарга көз карашыңыз?
- Сүйүүсүз жашоо кызыксыз. Сен бирөөнү сүйүп турсаң же болбосо сени кимдир бирөө сүйүп, кадырлап-барктап турса, кандай керемет дээр элем. Ал эми жүрөк сүйүүсүн тыңшабай байлыкты сүйгөндөр көбөйгөн үчүн жашоодо өз бактысын таба албай адашкандар миңдеп саналат.
- Биринчи жубайыңызды да сүйүп баш кошконсуз, азыр аны эстеп жүрөгүңүз козголгон учурлар болобу?
- Жок. Тулпар тушунда күлүк күнүндө ар бир нерсе өз учурунда дейт эмеспи элибизде. Менин да сүйүүм, сезимим, бала кыял мезгилим Аня менен кеткен. Мен азыр аны эч качан эстебейм. Тоо башынан аккан дайра, кайра артка акпагандай аны эстебейм десем жаңылбасмын.
Азыр менин жүрөгүмдүн ханышасы Оксана аны ойлоп түбөлүк колубуз бирге кармашса экен деп Кудайдан тилейм. Ал менин кароосуз калган кайыктай кезимде жолуккан көгүчкөнүм. Жүрөгүмдүн ээси деп айта алам.
- Сүйүү барбы?
- Бар. Бар үчүн сен бар, мен бар, дүйнө бар. Сүйүүнү билбей жүргөн инсандар көзү ачык, көөдөнү сокур инсандар дээр элем.
- Сөзүбүздү аяктап жатып элиңизге каалооңуз.
- Ынтымак, токчулук, бейпилдик.
- Рахмат маегиңизге.

Альбина Калыкова










??.??